СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Органикалык химия №9

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Органикалык химия №9»

9- сабак

I.Сабактын темасы. Жыпар жыттуу углеводороддор (арендер). Бензолдун гомологтору

  1. Арендерге жалпы түшүнүк

Карбоциклдүү бирикмелердин курамы көмүртек, суутек элементтеринин атомдорунан турат. Бул бирикмелерде молекуласы туюк чынжырдан (шакектен) туруп, алардын молекуласындагы химиялык байланыштын мүнөзү өзгөчө.

Бирикмедеги көмүртек атомдору алты бурчтуу шакекти пайда кылышат. Мындай бирикмелер жыпар жыттуу же ароматикалык углеводороддор деп аталат. Молекулалары шакекти пайда кылып жагымдуу жытка ээ болгондуктан ошондой аталып калган. Мындай аталыш тарыхый мааниде, ал азыркы учурда дагы ошол аты сакталып, кийинки кезде көптөгөн карбоцикилдүү бирикмелер табылып жыты жок же жагымсыз жыттуу заттар болсо дагы ушул топтогу заттарга кошулуп окулушат

Молекуласынын курамында бензол шакекчеси же бензол ядросун камтыган көмүртек менен суутектин бирикмелери жыпар жыттуу углеводороддор деп аталат.

Жыпар жыттуу углеводороддор Эл аралык систематикалык (ИЮПАК) номенклатурасы боюнча арендер деп аталат. Арендердин башкы өкүлү бензол болот. Булардын жалпы формуласы С nН 2n – 6

1825 – жылы англиялык окумуштуу М.Фарадей таш көмүрдөн бөлүп алган.

1833 - жылы Э. Митчерлих бензой кислотасын акиташты катыштыруу менен ысытып, бензолду бөлүп алган. Ал алынган затты бензин деп атаган, андан кийин бензол деген атка ээ болгон. Э. Митчерлих бензолдун эмприкалык формуласын – С 6Н6 деп көрсөткөн.

Бензолдун түзүлүшү жана изомерлери

Бензолдун түзүлүшүн чагылдырган формуланы биринчи болуп немец химиги А. Кекуле (1865) сунуш кылган, ал төмөнкүдөй жазылат.Бензолдун молекуласынын түзүлүшү:

Бул формулада бирикменин курамындагы алты көмүртек атому өзү менен байланышкандан тышкары бирден суутек атомдоун кошуп алса, кезектешкен кош байланыштар аркылуу көмүртектин валенттүүлүгү толук байланышка катышканы көрсөтүлөт.

Жыпар жыттуу углеводородор дагы алкандар сыяктуу радикалдарды пайда кылышат. Бензолдун радикалы фенил болот. С6Н6 – бензол, С 6Н5 – фенил.

Бензолдун молекуласында ар бир көмүртектин 6-атому SP2 гибриддешүү абалында болот.

Кванттык механикалык теориянын негизинде электрондук булуттар, алардын ар кандай формалары бири- бири менен өз ара капталуусунун натыйжасында SP2 гибриддик электрондук булуттар келип чыгат. Алар мейкиндикте жайланышканда гибриддик алты көмүртек атомдоруунун электрондук булутчалары кайрадан өз ара капталышат.

Демек,жанындагы көмүртек атомдору жана суутектин атомдору менен үч

б-байланыштары менен байланышат. Натыйжада жалпак алты бурчтук бирикме келип чыгат. Көмүртектин алты атомунун бары С - С жана С – Н пайда кылган

б –байланыштары бир тегиздикте жатышат.

Көмүртектин атомунун дүүлүкөн абалында гибридге катышпаган 2р электрондук булуттары, тегиздиктеги б- байланышынын булуттарына перпендикуляр багытта жайланышат. Ушундай алты көмүртек атомунун 2р электрондук булуттары өз ара капталышат. Капталышкан электрондук булуттар шакек жайланышкан тегиздиктин астында жана үстүндө капталышат.

Эми электрондук 2Р z- булуттардын капталышын көрсөтүлдү.

Ушул электрондук булуттардын таасиринин натыйжасында көмүртек атомдорунун ортосундагы аралыктар 0. 154 нм ден 0,140 нм ге чейин кыскарат.

Гибриддешүүгө катышпай калган алты көмүртек атомунун 2Р электрондук булуттары өз ара гибриддешүүдөн үч π- байланыштарын пайда кылышат. Пайда болгон үч π- байланышынын электрондук булуттарынын жыштыгы алты көмүртек атомунда бирдей болушат.

Бензолдун молекуласындагы электрон тыгыздыгынын алты көмүртек атомуна бирдей бөлүштүрүлүшүн көрсөтүү үчүн анын түзүлүш формуласын жазууда алты бурчтук шакектин ичине тегерекче чийилип жазылат. Тегерекче (0) бензолдун молекуласындагы үч π- байланышынын электрондук булуттарынын тыгыздыгы бардык алты көмүртек атомдоруна бирдей дегенди көрсөтөт.


Бензолго окшош көп ароматикалык углеводороддор – бензолдун гомологдору белгилүү. Бензолдун молекуласындагы суутектин атомдору менен ар кандай радикалдар орун алмашканда бензолдун гомологдору пайда болот:


С6Н5 – СН3 С6Н5 – СН 2 – СН3 С6Н5 –СН2 – СН2 – СН3

Метилбензол(толуол) этилбензол пропилбензол


С 6Н4 (СН3 ) – диметил бензолдун изомерлери бар. Арендерге үч түрдүү изомер туура келет: орто – о, мета – м, пара – п изомерлер.

Бензолдун шакекчесинде метил тобу 1,2 – көмүртек атомунда удаалаш жайланышса, орто диметилбензол, метил тобу бирден көмүртек атомун таштап жайланышса 1.3 – метадиметил бензол, ал эми 1,4 көмүртек атомдорунда жайланышса, парадиметил бензол деп аталат.

Бензол чексиз углеводороддор менен дагы изомерди пайда кылат. Мындай арендердин жөнөкөй өкүлү винилбензол же стирол саналат.

С6Н5 – СН= СН2

Арендерди алуунун негизги булагы таш көмүрдү кокустоодон (көмүрдү абасыз жерде ысытуу менен ажыратуу) алынган таш көмүр чайырынан жана нефтини буулантып айдоодон алат.

Н.Д. Зелинский нефтиден алынган циклогександан бензолду бөлүп алган


3000 С, Рt

1. С6Н12 С 6Н6 + 3 Н2

3000 С, Рt

2. С 6Н14 С 6Н6 + 4Н2


С, 450-5000С

3 С 2Н2 С 6Н6


Бензолдун касиеттери


Физикалык касиети.

Бензол түссүз, мүнөздүү жыты бар суюктук, жытын жагым­дуу деп айтууга болбойт. Бензол суудан женил (тыгыздыгы 0,88 г/см3), кайноо температурасы 80,4°С, сууда эрибейт. Муздатканда ал оӊой тоӊуп, балкып эрүү температурасы 5,5 0 С болгон кристаллдык ак массага оӊой айланат.

Бензол сууда эрибейт, спирт менен эфирде эрийт. Бензол дагы эриткич. Майларды, чайырларды жана каучуктарды жакшы эритет. Бензолдун буусунун аба менен болгон аралашмасы жарылгыч касиетке ээ.

Химиялык касиеттери. Арендер чектүү жана чексиз углеводороддордон айырмаланышат. Бензолдун ядросу өтө бекем болгондуктан, аны менен байланышкан суутек атомдору орун алмашуу реакциясына катышат. Бензолдо орун алмашуу реакциясы алкандарга караганда жеңил жүрөт.

1.Орун алмашуу реакциясы. 1. Катализатордун – темирдин (Ⅲ) туздарынын катышуусу менен бензол орун алмашуу реакциясына катышып бромбензол алынат.


FeCI3 t0 C

С 6Н6 + Br2 С 6Н5 Br + HBr


2.Азот кислотасы менен бензолдун өз ара аракеттенишүүсүнөн, күкүрт кислотасы катализатор катарында катышуусу менен нитробензол алынат.


H 2 SO4 t 0 C

С6Н6 + HO- NO2 С6Н5 –NO2 + H 2O


Бензолго катализатордун катышуусу менен галогендүү углеводороддорду таасир этип, суутек атомун алкилдик радикал менен орун алмаштырууга болот

AICI3 t0

С 6Н6 + С 2Н5 С1 С 6Н5 – С 2Н 5 + НС1


2.Кошуп алуу реакциясы. Бензол кошуп алыш үчүн өзгөчө шарттар талап кылынат. Жогорку температура, басым, катализаторлор Ni, Pt, жарык менен нурлантуу ж.б. зарыл болот.

Ошентип катализаторлор Ni же Pt болуп жогорку температурада бензол суутекти кошуп алып циклогександы пайда кылат.


Ni t0 C

С 6Н6 + 3Н2 С 6Н 12 циклогексан


Циклогексан- түссүз, учма, бензиндей жыттанган, сууда эрибей турган суюктук.

Ультракызгылт – көк нур менен нурлантканда бензол хлор менен аракеттенишет да. гексахлорциклогексан (гексахлоран) алынат.

жарык

С 6Н6 + 3 С12 С6Н6 С1 6 гексахлорциклогексан



Кадимки шартта бензол кошулуу реакциясына кирбейт. Ал реакциялык аралашмага ургаалдуу жарык жиберүүнүн натыйжасында гана хлорду кошуп алат:


3.Кычкылдануу реакциясы. Бензол алкендерден айырмаланып кычкылдандыргычтарга

(КMnO4 ) өтө туруктуу, бензол ядросун буза албайт. Бензолдун гомологу толуол каптал тизмеги менен тез кычкылданат.Эритменин түсү өзгөрөт, толуолдогу метил тобу кычкылданып карбоксил тобун пайда кылат.


С 6Н5 – СН3 + 3О С 6Н5 – СООН + Н 2О


Бензол,анын гомологдору абада ыштуу жалын менен күйөт.


С 6Н6 + 15 О 2 12 СО 2 + 6 Н 2О


Арендердин колдонулушу.

Бензол боекторду, дары-дармектерди, жарылгыч заттарды, өсүмдүктөрдү коргоочу заттарды, пластмассаларды, синтетикалык булаларды алуу үчүн баалуу продукту болуп саналат. Бензол, толуол органикалык эриткичтер. Органикалык заттардын кээ бир туундулары өсүмдүктөрдү коргоо үчүн пайдаланылат. Мисалы, гексахлорбензол С6С16 менен кара көсөөгө каршы дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн дарылашат.