СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өспүрүм курактын психологиясы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Өспүрүм курактын психологиясы»

Тема: Өспүрүм курактын психологиясы

Тема: Өспүрүм курактын психологиясы

Өспүрү м деген ким?   Өспүрүм деген сөз - грек тилинен алынып кыргызчага которгондо өсүү, чоңойуу, жетилүү, алдыга жылуу, умтулуу, чектөөдөн чыгуу, бой жеткен деген маанилерди билдирет. Өспүрүмдөрдүн проблемасы психологдордун, педагогдордун, өкмөттүн алдында турган негизги, татаал проблемалардын бири. Бекеринен өспүрүм курак азыркы учурда өткөөл, чукул өзгөргөн, кыйын, кризистүү деген сөздөр менен мүнөздөлбөйт

Өспүрү м деген ким?

Өспүрүм деген сөз - грек тилинен алынып кыргызчага которгондо өсүү, чоңойуу, жетилүү, алдыга жылуу, умтулуу, чектөөдөн чыгуу, бой жеткен деген маанилерди билдирет. Өспүрүмдөрдүн проблемасы психологдордун, педагогдордун, өкмөттүн алдында турган негизги, татаал проблемалардын бири. Бекеринен өспүрүм курак азыркы учурда өткөөл, чукул өзгөргөн, кыйын, кризистүү деген сөздөр менен мүнөздөлбөйт

Өспүрүм балдардын күн тартибине өзгөчө көңүл бөлүү керек. Ал баланын нерв системасын ашыкча чарчап-чаалыгуудан сактайт. Өспүрүмдөрдүн күн тартибин сабактан тышкары спорт менен машыгууга, эс алууга убактысы жеткидей түзүү керек. Түнкү уйку 8—9 сааттан кем болбоо зарыл, өспүрүмдөргө телекөрсөткүчтү узак убакыт кароо, көп окуу зыян . Өспүрүм балдар . Буларга 12 — 13 жаштан 16 — 18 жашка чейинки балдар кирет. Физиологиялык жактан бул курак жыныс бездеринин жетилүү мезгили болуп саналат.

Өспүрүм балдардын күн тартибине өзгөчө көңүл бөлүү керек. Ал баланын нерв системасын ашыкча чарчап-чаалыгуудан сактайт. Өспүрүмдөрдүн күн тартибин сабактан тышкары спорт менен машыгууга, эс алууга убактысы жеткидей түзүү керек. Түнкү уйку 8—9 сааттан кем болбоо зарыл, өспүрүмдөргө телекөрсөткүчтү узак убакыт кароо, көп окуу зыян .

  • Өспүрүм балдар . Буларга 12 — 13 жаштан 16 — 18 жашка чейинки балдар кирет. Физиологиялык жактан бул курак жыныс бездеринин жетилүү мезгили болуп саналат.
Бул курактагы психология кандай өнүгөт? Өспүрүм куракта жаңы ар түрдүү фономендер, ар түрдүү жаңы белгисиз фактылар кездешет. «15 жашымда атамдын акылсыздыгына таң калсам, ал эми 20 жашымда атамдын өтө акылдуу болгонуна таң калгам: - деп жазган Марк Твен».

Бул курактагы психология кандай өнүгөт?

  • Өспүрүм куракта жаңы ар түрдүү фономендер, ар түрдүү жаңы белгисиз фактылар кездешет. «15 жашымда атамдын акылсыздыгына таң калсам, ал эми 20 жашымда атамдын өтө акылдуу болгонуна таң калгам: - деп жазган Марк Твен».
Ал эми “Өспүрүмдөрдүн инсандык структурасында бир дагы туруктуу, толук кыймылсыз эч нерсе жок. Анда бардыгы өзгөрөт, өтүп турат” - деп жазат, Л.С. Выготский Өспүрүм куракта көп сандаган аномалдуу касиеттер: кежирденүү, өз эркинчелик, бирөөлөрдү сындоо, өзүн коомчулукка карама-каршы коюусунатыйжаларынын кескин өзгөрүп кетерин турмуш өзү көрсөттү. Өспүрүмдөрдүн өздөрүн коомчулукка карама-каршы коюусун үй-бүлөдө, эмгек коллективинде тарбия иштеринин деңгээли аркылуу түшүндүрүүгө болот.
  • Ал эми “Өспүрүмдөрдүн инсандык структурасында бир дагы туруктуу, толук кыймылсыз эч нерсе жок. Анда бардыгы өзгөрөт, өтүп турат” - деп жазат, Л.С. Выготский Өспүрүм куракта көп сандаган аномалдуу касиеттер: кежирденүү, өз эркинчелик, бирөөлөрдү сындоо, өзүн коомчулукка карама-каршы коюусунатыйжаларынын кескин өзгөрүп кетерин турмуш өзү көрсөттү. Өспүрүмдөрдүн өздөрүн коомчулукка карама-каршы коюусун үй-бүлөдө, эмгек коллективинде тарбия иштеринин деңгээли аркылуу түшүндүрүүгө болот.
Өспүрүмдөрдүн бул учурдагы жеңил ойлуулук менен кылган мамилесинен кабылган суициддер: Суицид деген эмне? СУИЦИД - адамдын (кишинин) өз өмүрүн өзү кыйуусу. Ар кандай себептерден улам, адам бул дүйнөдөгү жашоосун токтотуу үчүн өз денесине ар кандай жол (физикалык, химиялык) жол жана ыкмалар менен оор, айыктыргыс зыян кылып, анын натыйжасында өлүмгө дуушар болуусу.

Өспүрүмдөрдүн бул учурдагы жеңил ойлуулук менен кылган мамилесинен кабылган суициддер:

  • Суицид деген эмне?
  • СУИЦИД - адамдын (кишинин) өз өмүрүн өзү кыйуусу. Ар кандай себептерден улам, адам бул дүйнөдөгү жашоосун токтотуу үчүн өз денесине ар кандай жол (физикалык, химиялык) жол жана ыкмалар менен оор, айыктыргыс зыян кылып, анын натыйжасында өлүмгө дуушар болуусу.
Расмий статистика боюнча, дүйнө жүзүндө жылына 12-17 жашка чейинки бойго жете электердин 14 пайызы өз жандарын кыйышат экен. Ал эми бул көрсөткүч Кыргызстанда деле кубанаарлык эмес. Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарышты
  • Расмий статистика боюнча, дүйнө жүзүндө жылына 12-17 жашка чейинки бойго жете электердин 14 пайызы өз жандарын кыйышат экен. Ал эми бул көрсөткүч Кыргызстанда деле кубанаарлык эмес. Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарышты
Чөйрө менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы конфликтердин негизги себептери, өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр  1. Өспүрүмдөрдүн сезимдериндеги кайдыгерлик, бөбөк учурунда өз энеси менен болгон терс эмоционалдык таасирлер, эмоционалдык сүйүү моделисиз жашоо кечирүүсү саналат. 2. Өспүрүмдөрдүн гармониялык өсүүсү бала менен эненин ортосундагы сүйүүгө жараша өрчүйт. Айрым балдар өз ата-энеси менен бирге жашаса да, күнүгө алардын салкын, кош көңүл, супсак мамилеге туш болуп жашагандыгы 3. Өспүрүмдөрдүн окуу иш-аракеттери. Өспүрүмдөрдүн бул багыттагы иш-аракеттери кенже мектеп жашындагы балдардан айырмаланат. Кенже мектеп жашындагы балдар бир мугалимдин колунан тарбияланып, бул курактагы балдарда мамилелердин көп спектри пайда болбойт .

Чөйрө менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы конфликтердин негизги себептери, өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр

  • 1. Өспүрүмдөрдүн сезимдериндеги кайдыгерлик, бөбөк учурунда өз энеси менен болгон терс эмоционалдык таасирлер, эмоционалдык сүйүү моделисиз жашоо кечирүүсү саналат. 2. Өспүрүмдөрдүн гармониялык өсүүсү бала менен эненин ортосундагы сүйүүгө жараша өрчүйт. Айрым балдар өз ата-энеси менен бирге жашаса да, күнүгө алардын салкын, кош көңүл, супсак мамилеге туш болуп жашагандыгы 3. Өспүрүмдөрдүн окуу иш-аракеттери. Өспүрүмдөрдүн бул багыттагы иш-аракеттери кенже мектеп жашындагы балдардан айырмаланат. Кенже мектеп жашындагы балдар бир мугалимдин колунан тарбияланып, бул курактагы балдарда мамилелердин көп спектри пайда болбойт .
4. Өспүрүм курактагы балдардын таануу процесстери. Эс. Өспүрүмдөрдүн эси кенже мектеп жашындагы балдардын эсине караганда өтө жакшы же бирдей деп айтууга болбойт. Бирок, абстрактуу маалыматтарды эске сактоо мүмкүнчүлүктөрү жогору болот. Материалдарды эске сактоо үчүн, ойлоо, аны уюштуруу, эске сактоо каражаттарына ээ болуу ыктары бир канча эсе жогору өнүккөн
  • 4. Өспүрүм курактагы балдардын таануу процесстери. Эс. Өспүрүмдөрдүн эси кенже мектеп жашындагы балдардын эсине караганда өтө жакшы же бирдей деп айтууга болбойт. Бирок, абстрактуу маалыматтарды эске сактоо мүмкүнчүлүктөрү жогору болот. Материалдарды эске сактоо үчүн, ойлоо, аны уюштуруу, эске сактоо каражаттарына ээ болуу ыктары бир канча эсе жогору өнүккөн
5. Механикалык эстин ордуна логикалык, ойлонулган эс келе баштайт. Кенже мектеп жашында маалыматтарды сөзмө-сөз жаттоого аракеттенишсе, өспүрүмдөр материалдын мазмунун аңтарып, өзү түшүнүүгө аракеттенишет. Ошондой эле материалды жаттаганда, эске сактаганда, зат менен заттын, кубулуш менен кубулуштардын ортосундагы татаал ассоциациялык байланыштарды эске алып, ошонун негизинде материалды өздөштүрөт.
  • 5. Механикалык эстин ордуна логикалык, ойлонулган эс келе баштайт. Кенже мектеп жашында маалыматтарды сөзмө-сөз жаттоого аракеттенишсе, өспүрүмдөр материалдын мазмунун аңтарып, өзү түшүнүүгө аракеттенишет. Ошондой эле материалды жаттаганда, эске сактаганда, зат менен заттын, кубулуш менен кубулуштардын ортосундагы татаал ассоциациялык байланыштарды эске алып, ошонун негизинде материалды өздөштүрөт.
Көңүл буруу. Өспүрүмдөрдүн көңүл буруусуна карама-каршы мүнөзгө ээ. Бир жагынан туруктуу, эрктүү көңүл буруусу жогорулайт. Экинчи жактан, өспүрүмдөрдүн импульсивдүүлүгү, өтө активдүүлүгү, терс таасирленүүсү алагды болууга, көңүл буруунун туруктуу эместигине алып келет
  • Көңүл буруу. Өспүрүмдөрдүн көңүл буруусуна карама-каршы мүнөзгө ээ. Бир жагынан туруктуу, эрктүү көңүл буруусу жогорулайт. Экинчи жактан, өспүрүмдөрдүн импульсивдүүлүгү, өтө активдүүлүгү, терс таасирленүүсү алагды болууга, көңүл буруунун туруктуу эместигине алып келет
Ойлоо. Кенже мектеп жашындагы балдардын ойлоосу өспүрүмдөрдүн ойлоосунун өнүгүүсүнө негиз түзөт. Ойлоо иш-аракеттеринде абстракттуулук жөндөмдүүлүктөрү өнүгүп барат. Конкреттүү – образдуу ойлоо менен абстрактуу ойлоонун ортосунда күрөш жүрөт, бирок абстрактуу ой жүгүртүү өнүгүү этабында турат. Өспүрүмдөрдүн ойлоосунун өзгөчөлүгү анын сынчылдыгында турат.
  • Ойлоо. Кенже мектеп жашындагы балдардын ойлоосу өспүрүмдөрдүн ойлоосунун өнүгүүсүнө негиз түзөт. Ойлоо иш-аракеттеринде абстракттуулук жөндөмдүүлүктөрү өнүгүп барат. Конкреттүү – образдуу ойлоо менен абстрактуу ойлоонун ортосунда күрөш жүрөт, бирок абстрактуу ой жүгүртүү өнүгүү этабында турат. Өспүрүмдөрдүн ойлоосунун өзгөчөлүгү анын сынчылдыгында турат.
6. Өспүрүм курагындагы балдардын инсандык касиеттеринин өзгөчөлүктөрү. Өспүрүм курактагы бала жалаң гана тирүү организм катары да калыптанат. Инсан катары калыптануусу айлана-чөйрөнүн таасирине, мектептеги окуутарбия ишинин деңгээлине, тарбиячылардын, коллективдин жетекчилигине көз каранды болот. Өспүрүмдөрдө дүйнөгө болгон көз караш, нравалык ишенич, принцип, идеялар, өзүн-өзү баалоо, ой жүгүртүүсү жаңы түскө, жаңы горизонтко көтөрүлүп, аларды инсан катары мүнөздөөчү касиеттерди жаратат
  • 6. Өспүрүм курагындагы балдардын инсандык касиеттеринин өзгөчөлүктөрү. Өспүрүм курактагы бала жалаң гана тирүү организм катары да калыптанат. Инсан катары калыптануусу айлана-чөйрөнүн таасирине, мектептеги окуутарбия ишинин деңгээлине, тарбиячылардын, коллективдин жетекчилигине көз каранды болот. Өспүрүмдөрдө дүйнөгө болгон көз караш, нравалык ишенич, принцип, идеялар, өзүн-өзү баалоо, ой жүгүртүүсү жаңы түскө, жаңы горизонтко көтөрүлүп, аларды инсан катары мүнөздөөчү касиеттерди жаратат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!