САБАКТЫН МАКСАТЫ Мамлекеттик билим берүү стандартына жана окуу программасына ылайык келиши Окутуунун үчилтик функциясы (окутуучулук, өнүктүрүүчүлүк, тарбиялоочулук) эсепке алынгандыгы Конкреттүү коюлгандыгы, окуучуларга түшүндүрүлгөндүгү жана алар үчүн ачык-айкын болушу САБАКТЫН МАЗМУНУ Сабактын максатына ылайык келиши Дидактикалык принциптердин (илимийлүүлүк, жеткиликтүүлүк, аң-сезимдүүлүк, удаалаштык, системалуулук ж.б.) ишке ашырылышы МЕТОДДОР ЖАНА ЫКМАЛАР Сабактын максатына, окуп үйрөнүүлүүчү материалдын мазмунуна ылайык келиши Окуучулардые өз алдынча иштөөсүнө түрткү бериши, салыштыруу, анализдөө, синтездөө, классификациялоо, жалпылоо, тыянак чыгаруу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталышы Окуучулардын иш-аракеттерин активдештирүүгө багытталышы ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУ ИШТЕРИН УЮШТУРУУНУН ФОРМАЛАРЫ Окуу иштеринин уюштуруунун жекече, жуптук, топтук жана фронталдык формаларын оптималдуу айкалыштырылышы Оң натыйжа алыш үчүн окуучулар өз ара кызматташа тургандай, бири-бирине жардам бергендей кырдаалдын түзүлүшү ОКУТУУНУН КАРАЖАТТАРЫ (КӨРСӨТМӨЛҮҮЛҮК) Сабактын ар түрдүү этапарында орду менен колдонулушу САБАКТЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО Сабак учурундагы окуучулардын иш-аракетинин жана алардын жетишкендиктеринин бааланышы Сабактын наыйжаларынын анын максаты менен салыштырылышы МУГАЛИМДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК МАДАНИЯТЫ ЖАНА ОКУТКАН ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА ДАЯРДЫГЫНЫН ДЕНГЭЭЛИ Окуучуларга жасаган мамилеси Сабакта өзүн алып жүрүүсү, сырткы көрүнүшү, сүйлөөсүнүн темпи, образдуулугу, эмоционалдуулугу ж.б. Өзүнүн предметин билиши КЛАССТАГЫ АТМОСФЕРА Ар бир окуучунун активдүү, өз алдынча болуусуна мүмкүндүк берүүчү шарттардын түзүлүшү Жооп берип жаткан окуучунун анын өздөштүрүү деңгээлине карабастан урматтоо менен, көңүл коюп угууга шарттардын түзүлүшү. Окуучуларды мугалимдин мактоо сөздөр, жылмаюу, далыга таптоо, башынан сылоо ж.б. менен кубаттоосу |