1. Кайсы вариант кыргыз тилинин семантикалык жол аркылуу байышына мисал боло алат?
A) котормо, жолдош, ишкер, сүткор
B) көргөзмө, солчул, көшөгө, борбор
C) дене тарбия, жол башчы, көркөм адабият, өнөр жай
D) кол жазма, лидер, көркөм чыгармачылык, өндүрүш
E) беш жылдык план, чабуул, журнал, класс
2. Кыргыз тилинин лексикасынын байышынын ички булактарына мисал кайсы вариантта берилген?
A) соода, кардар, чоро, дос
B) товар айлантуу, кыймыл инерциясы, беш жылдык план
C) авангард, автомобиль, кооператив, самолет
D) квартира, көпөс, кожоюн, роман, цех
E) танапис, кабылдама, чоор, боз үй
3. Кайсы вариант туура берилген?
A)“Агай бүгүн үйгө тапшырма бербеди”,- деди Акылай.
“Качан келдин?”, - деди Жоробай карыя
C)“Иш илгери. Жороке!”- деп бакырды алыстан.
D)“Сени биринчи кабатта байкең күтүп турат,”- деди аңгыча.
“Аттиң ушуну унутуп калганымды карачы? ”- деп байбиче өкүндү.
4. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумунда синтаксистик эки түгөй болот да, анын бири ......... сүйлөм, экинчиси ........... сүйлөм деп аталат.
Негизги, жардамчы
баш, багыныңкы
Жалаң, жайылма
Тең байланыштагы, багыныңкы
Багындыруучу, багыныңкы
5. Тилдик өзгөчөлүктү изилдей турган илимдин бир тармагы эмне деп аталат?
A) стилистика
B) лексикология
C) полисемия
D) лингивистика
E) диалектология
6. Кыргыз орфографиясында сөз мүчөлөрүнүн жазылышы кайсы принципке негизделген?
A) орфографиялык принцип
B) фонетикалык принцип
C) морфологиялык принцип
D) аффикцациялык принцип
E) синтаксистик принцип
7. Адамдын алтынын салмактаганча, акылын салмакта.
Асты сызылган сөз кайсы сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарды?
A) аныктоочтук
B) баяндоочтук
C) бышыктоочтук
D) толуктоочтук
E) чакчыл
8. Төмөнкү көп маанилүү сөздөр кандай жол менен пайда болгон?
Класс. 1. Мектеп бөлмөсү; 2. Окуучулардын топко бөлүнүшү (11-класс)
Ай. 1. Планета; 2. Он эки айдын бирөө.
A) метанимиялык жол
B) метафоралык жол
C) синегдохалык жол
D) семантикалык жол
E) синонимдик жол
9. М. Аузов Шекспирдин кайсыл чыгармасын казак тилине которгон?
A) “Текшерүүчү” B) “Азоого чалма”
C) “Флоттун офицери” D) “Любовь Яроваясын”
E) “Флоттун офицери”
10. Ш. Дүйшөев “Кыргыз республикасынын эл акыны” деген наамды кайсы жылы алган?
2002-ж
1996-ж
1987-ж
2006-ж
1991-ж
11. Түндө жаркып көрүнбөсө,
Жылдыз өлдү деп билем,
Кыргыз тили сүйлөнбөсө,
Кыргыз өлдү деп билем! Кимдин кайсыл чыгармасынан?
Ш.Дүйшөев “Кайдыгерлик”
Р.Гамзатов “Эне тилим”
Б.Сарногоев “Кыргыз тили”
А.Токтомушев “Эне тилим”
Э.Ибраев “Улут болсом тилим менен улутмун”
12. Абайдын армандуу алгачкы сүйүүсү болгон кыз ким жана экөө кайсы жерден таанышкан?
Карачач; жаштар чогулган оюн учурунда
Айгерим; шаан-шөөкөттүү көч учурунда
Тогжан; Тогжандын атасы Сүйүндүктүн үйүндө
Салтанат; өздөрүнүн үйүнө келген коноктордун ичинен
Абай өмүрүндө эч кимди сүйгөн эмес.
13. Роман-эпоп ея деп кандай чыгарманы айтабыз?
Эл турмушун кеңири чагылдырган бир китептен турган романды
Эл турмушун кенири чагылдырган эки китептен турган романды.
Эл турмушун кенири чагылдырган үч китептен турган романды
Эл турмушун кенири чагылдырган төрт же андан ашуун китептерден турган романды
Адабиятта роман- эпопея деген жанр жок
14. Дүйнө элдеринин адабиятынан “МАНАС”сыяктуу дагы кандай нукура элдик эпостор бар?
“Илиада”,”Одиссея”,”Согуш жана тынчтык”,”Абай жолу”
“Тынч Дон”,”Махабхарата”,”Дон Кихот”,”Калевала”
“Илиада”,”Одиссея”,”Махабхарата”,”Калевала”
“Алпамыш”,”Шах-намэ”,”Жолборс терисин жамынгын баатыр”,”Евгений Онегин”
“Козу Көрпеш”,”Баян сулуу”,”Кыз жибек”,”Анна Каренина”,”Бейпил Дон”
15. С. Байгазиев “Иниме кат” деген публицистикасында Момунбектин кандай кемчиликтерин белгилеп кетет?
Мерез, боору жок экендигин
Жөндөн жөн эле мылжыңдай берме адатын
Ашкере түнт, маңыроо экендигин
Мактаанчактыгын, ооз көптүрмө дартаңпоз экендигин
Ышкоолугун, өзүнө өзү ишенбөөчүлүгүн
11 класс. Жооптору:
C
B
A
B
E
B
B
A
B
D
E
C
D
C
E