Просмотр содержимого документа
«Өзбекстан республикасы»
Саламатсыңарбы балдар!
География
9-класс
Кара-Көл шаарынын Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүү мектебинин география мугалими Кудайбергенова Бегимай
Саякат
Сабактын темасы: Өзбекстан Республикасы
Сабактын максаты:
Өзбекстан Республикасы боюнча маалымат алышат.
Өзбекстандын чабарсын, калкын жана кен байлыктарын үйрөнүшөт.
Достукка, ынтымакка тарбияланышат.
Өзбекстандын географиялык абалы
КАЗАКСТАН
Чек арасынын узундугу 6221 чакырым
Жеринин аянты 447,1 миң км кв
ТҮРКМӨНСТАН
КЫРГЫЗСТАН
АЗИРЕТ-СУЛТАН ЧОКУСУ 4643,3 М
ТАЖИКСТАН
ООГАНСТАН
Климаты
- Климаты чукул континенталдык. январь айынын орточо температурасы +4 градустан -10 градуска чейин. Июль айынын орточо температурасы +22 градустан +32 градуска чейин.
1991-жылы 31-августунда Президент Ислам Каримовдун демилгеси менен Өзбекстандын көз карандысыздыгы жарыяланган. Ошол эле күнү Өзбекстандын Жогорку Кеңеши « Өзбекстан Республикасынын мамлекттик эгенмендүүлүгү жөнүндөгү Токтомун чыгарган. Эгемендүүлүк күнү 1-сентябрда белгиленет. Башкаруу формасы: Президенттик Республика Президенти: Шавкат Мирзиеёв Премьер-Министри: Абдулла Арипов Акча бирдиги: Өзбек суму UZS код 417 Мам. Дини: Динден тышкары
Калкы
Өзбекстан Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен калкынын саны боюнча биринчи орунду ээлеген республика. Калкынын саны 34 млн киши (2020-жылдын ) маалымат боюнча. Өзбекстанда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын орточо жыштыгы 1чарчы чакырымга 65,8 адам. КМШ өлкөлөр арасында 3-орунда Россия,Украинадан кийин.
Калктын улуттук курамы
- 2000-жылга карата калктын улут боюнча бөлүштүрүүсү
- өзбектер - 29 млн. 959 миң адам (калктын 88 %)
- орустар - 399 миң адам
- тажиктер - 299 миң адам
- казактар - 390 миң адам
- каракалпактар - 504 миң адам
- татарлар - 324 миң адам
- кыргыздар - 2,5 миң адам жана башка улуттар жашайт.
Өзбекстандын ири шаарлары
Нукус
Ташкент шаары
Наманган
Андижан
Фергана
Букар
Самарканд
Өзбекстан Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшү
- Анжыян облусу (2)
- Букар облусу (3)
- Жызак облусу (5)
- Кашка-Дарыя облусу (8)
- Навои облусу (7)
- Наманган облусу (6)
- Самаркан облусу (9)
- Сурхан-Дарыя облусу (11)
- Сыр-Дарыя облусу (10)
- Ташкен облусу (12)
- Баргана облусу (4)
- Хорезм облусу (13)
Каракалпакстан Республикасы 14
Ташкент борбор шаары 1
Чарбасы:
- Өзбектер байыртадан эле мээнеткеч дыйкан, багбан, чебер кол өнөрчү болгон. Дыйканчылыкта пахта, күрүч, жүзүм, мөмө-жемиш өстүрүшкөн, кооз жибек кездеме, килем токушуп айыл-чарба шаймандарын жасашкан. Мал чарбасында жибекчилик жана каракүл породасындагы койдун козусунан каракүл көрпөсүн өндүрүшөт.
Кен байлыктары
- Таш-Көмүр, нефть, алтын, жез жана түстүү металл кендери өндүрүлөт.
- Алтындын запасы боюнча дүйнөдө Өзбекстан ЮАР, АКШ, Россиядан кийин 4-орунду ээлейт, алтынды казып алуу боюнча КМШ боюнча 2-орунду ээлейт.
- Пахта жаатында дүйнөдө 5 өндүрүшчүлөрдүн катарына кирет. Кытай, АКШ, Индия, Пакистан жана Өзбекстан. Пахта буласын экспорттоодо АКШ жана Индиядан кийин 3-орунда турат.
- Урандын запасында Өзбекстан 7-орунда, Австралия, Казакстан, Россия, Канада, ЮАР, Украинадан кийин. Экспортто 3-орунда Казакстан жана Австралиядан кийин.
Бышыктоо: Тест иштөө ( онлайн ссылка кирип иштейбиз )
- https://videouroki.net/tests/744220657/
Үйгө тапшырма:
- Өзбекстанды ири шаарлары менен контур картага иштөө.
- Өзбекстан Республикасынын тарыхы боюнча эссе жазуу. ( маалыматты интернет булактардан издөө)