СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Paint графикалык редактору

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Paint графикалык редактору

Просмотр содержимого документа
«Paint графикалык редактору»

Датасы:______________ 1-2-группа

Датасы: ______________ 4-3-группа

Датасы: ______________ 6-5-группа


Сабактын темасы: Компьютердик графика. Paint графикалык редактору

Сабактын тиби: Билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар паинт графикалык редактордун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- программалар менен иштөөгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Компьютер боюнча практикум»

Ж.Исманалиев, К. Мурзакулов. Исфана 2010-ж.

Интернет булактары

Жабдылыштар: компьютер, сүрөттөр, доска, маркер

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: компьютердик сабак

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо;

  2. Жаны тема

  3. Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;

  4. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  5. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу паинт графикалык редакторду билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар паинт графикалык редакторду ачууну үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат

Окуучулар бири-биринен паинт графикалык редакторду үйрөнүшөт жана талкуулайт

паинт графикалык редактордун иштерин, элементтерин билишет


Креативдүү

Окуучулар паинт графикалык редактордун инструменттерин айырмалай алышат

Окуучулар паинт графикалык редакторунда сүрөт тартканды билишет

Окуучулар паинт графикалык редакторун турмушта колдоно алышат


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Компьютердин жөнөкөй программаларына кайсы программалар кирет?

  2. Paint кандай программа?

  3. Word Pad кандай программа?

  4. Калькулятор эмне үчүн колдонулат?

  5. Жөнөкөй программаларды кантип ачабыз?

Жаны тема:

Компьютердик графика слайддан түшүндүрүлөт.

Балдар биз силер менен өткөн сабактарда Paint графикалык редакторуну практикалык сабактардан таанышканбыз. Бул жөнөкөй графикалык редактордун жардамы менен кандай иштерди аткарабыз? Ким айтат?

Туура айтасыӊар, Paint графикалык редакторунун жардамы менен сүрөт тартабыз, ар кандай картинкаларды боёйбуз.

Паинт жѳнүндѳ дагы эмнелерди билебиз?

Paint- бул стандарттык программалардын составына кирген графикалык редактор.

Paint сүрөт тартууга ыӊгайлуу.

Paint түстүү жана ак-кара түстөгү файлдарды иштетет.

Компьютердик графиканы кандайчп түшүнѳбүз?

К омпьютердик графика – бул компьютердин жардамы менен түзүлүүчү жана иштетилүүчү графикалык сүрѳттѳрдүн ар кандай түрү. Графикалык редактор – бул картинкаларды, куттуктоо баракчаларды, жарнама кулактандырууларды, чакырууларды, докладдарга иллюстрацияларды жана башка сүрѳттѳрдү жаратуу үчүн арналган программа.

Стандартные (стандарттык) программалар тобунда Paint графикалык редактору жайгаштырылган.

Paintтин терезесин кантип ачабыз?

Пуск-программы-стандартные-Paint командаларын тандоо менен ачабыз.

Paint графикалык редакторун ишке киргизгенден кийин компьютердин экранында анын терезеси ачылат. Анын негизги элементтери сүрѳттѳ кѳрсѳтүлгѳн (45-сүрѳт).



Жумушчу аймак. Жумушчу аймак – силер сүрѳт тарта турган орун. Силердин сүрѳт кичирээк болуп, жумушчу аймактын бир аз бѳлүгүн ээлеши мүмкүн же абдан чоң болуп, анын кээ бир бѳлүктѳрүнѳ жетиш үчүн жылдыруу тилкелерин колдонууга туура келет. Paintтын негизги менюсунан Свойства (Касиеттери) пунктун тандап, жана анын жардамы менен жумушчу аймактын силерге керектүү ѳлчѳмдѳрүн орнотсо болот. Түс тандоо. Иштин кийинки кадамында эки түстү тандашат: - негизги түс – бул силер сүрѳт тарта турган түс; - фондук (жердик) түсү – бул ак жумушчу аймактын арт жагына салына тургандай түс. Ал Ластик (Ѳчүргүч) аспабын колдонгон учурда же башка бир жагдайларда кѳрсѳтүлѳт. Демейдеги учурда негизги кара түс жана фон үчүн ак түс колдонулат. Сүрѳтчүнүн аспаптары. Сүрѳт сабактарында силер карандаштарды жана боёкторду колдоносуўар. Ушуларга окшогон аспаптар графикалык редактордо да бар. Карандаш аспабы каалагандай сызыктарды жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Сызыктын жоондугун жана түсүн ѳз каалооңор боюнча тандасаңар болот.

Силер живопистин түрдүү техникасын имитация кылуучу тогуз ар түрдүү кѳркѳм кылкалемдерди (Кисти тобу) колдоно аласыңар. Маустун сол кнопкасын чыкылдатып аспапты тандап алат. Маустун курсорун жылдырып, аны жумушчу аймактын керектүү чекитине тургузат. Аспапты маустун (оң же сол) кнопкасы басылган абалда чоюп, жылдырып колдонушат. Туюк аймакты сырдаш үчүн Заливка (Толтуруу) аспабын колдонушат. Адегенде аспапты тандайт, курсорду тандалган аймакка тургузат, андан кийин (маустун оң же сол баскычы менен) чыкылдатат. Эгерде Карандаш, Кисть и Заливка аспаптары менен иштегенде силер маустун сол кнопкасын бассаңар, анда сүрѳттѳлүш негизги түс менен аткарылат. Эгерде оң кнопкасын бассаңар, фондук түс менен аткарылат.

Paint графикалык редакторунун мүмкүнчүлүктѳрү:

- сүрѳттүн түсүн жана сызыктардын жоондугун тандайт;

- атайын аспаптардын жардамы менен айлананы, тик бурчтукту жана башка фигураларды чийет; - туюк контурларды керектүү түс менен толтурат; - сүрѳттүн (фрагменттин) обочолонгон (бѳлүнгѳн) бѳлүктѳрүн ѳчүрѳт, кѳчүрѳт, кѳбѳйтѳт жана ѳзгѳртѳт; - сүрѳттѳлүштүн масштабын (сүрѳттѳлүштүн майда-чџйдє деталдарын иштеп чыгуу үчүн чоңойтот) ѳзгѳртѳт; - тексттик информацияны кошот; - акыркы иш-аракеттерди жоёт; Графикалык информацияларды киргизүү үчүн клавиатура, маус, сканер же графикалык планшет колдонулат.

Бышыктоо:

Б уга чейин ушул инструменттердин жардамында көптөгөн сүрөттөрдү тартканбыз.

Бүгүн силер менен үйрөнө турган темабыз ушул инструменттерди колдонуу менен өз фонтазияӊарды чагылдырып «сСүйүктүү жаныбарым», деген темада сүрѳттѳрдүн декалдары менен компьютерден Paint программасында сүрөт тартабыз.


Б илимин баалоо: Берилген суоолорго так туура, ой жүгүртүү менен жооп берип, оригиналдуу суроолорду берүүсүнө, аталган темалар боюнча кызыгуу менен сүрөт тартуусуна жараша бааланат.



Үйгө тапшырма: «Айыл ажары», «Алтын күз» темалар боюнча ойлонуу, жаны идеяларды табуу




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!