СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Параллелепипеддин көлөмү 5-класс

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Параллелепипеддин көлөмү 5-класс»

Предмет: Математика классы: 5 Мугалим: Зарипбек кызы Каухар

Сабактын темасы: Тик бурчтуу параллелпипед. Көлөм

Өтүү мөөнөтү: 27.12.24

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттарга жетет, эгерде окуучулар:

Билим берүүчүлүк:

Тик бурчтуу параллепипед тууралуу билишет. Көлөм тууралуу билимдерин бышыктоо менен тик бурчтуу параллелпипеддин көлөмүн табууну билишет.Өз алдынча ар кандай маселелерlи чыгара алышат.

  • Тик бурчтуу параллелпипед тууралуу билишсе;

  • Параллелпипеддин көлөмүн табууну билишсе;

  • Өз алдынча ар кандай мисалдарды чыгара алышса.

Өнүктүрүүчүлүк:

Ар кандай маселелерди чыгаруу менен алган билимдерин бышыктап, өркүндөтүшөт жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө карата көнүгүүлөрдү аткаруу менен алган билимин практикада колдонууга үйрөнүшөт.

  • Алган теориялык билимин практикада колдоно алышса;

  • Өтүлгөн тема боюнча өз алдынча мисал иштей алышса;

  • Алган билимин турмушта колдоно алышса.

Тарбия берүүчүлүк:

Ар кандай эсептөөлөрдү аткаруу менен окуучулар, тез, туура, так жазууга, иштөөгө жетишет жана өзүн өзү таза, тыккан алып жүрүүгө, өз оюн ачык айтууга жана билим алууга тарбияланышат.


  • Тез, туура, таза жазууга жана иштөөгө жетишишсе;

  • Сабакта өзүн таза, тыккан алып жүрө алышса;

  • Өз оюн ачык, даана айтышса;

  • Сабакка көңүл буруу менен карашса.



Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын формасы: Жекече, топ менен, жалпы

Колдонулуучу усулдар: Интерактивдүү метод

Колдонулуучу баалоо усулу: Сабакка активдүү катышуусу боюнча мугалим тарабынан баалоо

Колдонулган адабияттар: Окуу китеби С.К.Кыдыралиев, А.Б. Урдалетова, Г.М. Дайырбекова.

Сабактын жабдылышы: Ноутбук, проектор, экран (интер.доска) , алма, кагаздан жасалган параллелепипеддер, темага байланыштуу сайттар жана окуу куралдары



Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Убактысы

Компе тенттүүлүк

Баалоо


Негизги

Предметтик


Уюштуруу учуру

Саламдашуу, сабакка даярдык жүргүзүү, жагымдуу маанай түзүү.

Оюн ойноо:

Мугалим окуучулардын туулган күнүн табат.

1.Туулган күнүңдүн числосун 2 ге көбөйт

2.Келип чыккан санга 5 ти кош

3.Келип чыккан санга 50 нү көбөйт

4. Келип чыккан санга туулган айыңды кош.

М: 8*2 = 16; 16+5 = 21; 21*50 =1050; 1050+3=1053

1053-250=803 (8.03)

Алдын ала окуучуларды топко бөлүп алам.

Жакшы көргөн мезгили менен бөлүп алам.

Алтын эреже: https://prezi.com/view/dhIXaEg9m6H5zxBwCDgO


Сабакка даярданышат, бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат




2 мин

НК 3

ПК 1

ПК 2

“Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама


Үй тапшырмасын текшерүү:

Umaigra сайты аркылуу тапшырмаларды текшерем жана тапшырманын шарты боюнча алмалар менен баалаймын.




Үй тапшырманы текшеришет, туура болсо аламаларды алышат.


3 мин



“Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама

Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо

1.Тема жана максат менен таанышышат

2.Окуучулар менен бирдикте талкууланат

1.Көргөзмө боюнча ойлорун ортого салышат.

2. Мугалим менен бирдикте теманы коюшат

3 мин

НК 1

НК 2

ПК 1

ПК 2

ПК 3

ПК 4

Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар?

Жаңы теманы тууралуу зарыл маалыматтарыды берүү



b



h

a





Тик бурчтуу параллелепипеддин негизи, аянты S = ab формуласы менен аныкталган, тик бурчтук.

Тик бурчтуу параллелепипеддин

V көлөмү a узундугунун, b туурасынын жана h бийиктигинин көбөйтүндүсүнө барабар: V = abh

Тик бурчтуу параллелепипеддин көлөмү жана негизинин аянты V = Sh формуласы аркылуу байланышта.





Параллелепипед биздин турмушубузда:



Маселе



Өлчөмдөрү 20 см, 30 см жана 40 см болгон конистрге канча литр суу батат?

Чыгарылышы

Конистрдин көлөмү 20·30·25 = 15 000 см3.

Бир литр — бул бир дециметр куб: 1 л = 1 дм3

Бир дециметрде он см болгондуктан, 1 дм3= (10см)3= 10см·10см·10см = 1000см3. 15000ди 1000ге бөлүп, жообун алабыз: Конистрге 15 литр батат.

1.Жаңы маалыматты окуучулар кабыл алышат.

2. Окуучулар өз ойлорун ортого салышат










6 мин

НК 1





НК 2

ПК 1

ПК 3

ПК 4

Окуучуларга сыпаттама баалар берилет

Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбордук бөлүгү

Тик бурчтуу паралллепипед формасындагы бассейин куру үчүн узундугу 25 м, туурасы 6м, ал эми бийиктиги 3м болгон жерди казышты, канча куб метр жерди казып алышкан?



Узундугу 6 м, туурасы 5 м жана бийиктиги 3 м болгон бөлмөдө канча көлөмдө аба бар?





283.

Тик бурчтуу бассейинге 240 метр куб батат. Бийиктиги 2 метр экендигин билип, негизинин аянтын аныктагыла.

Чыгаруу:


240м 3 : 2м=120м 2. Жообу: 120м2.


284.

Тик бурчтуу коробканын көлөмү 500 см3. Негизинин аянты 250 см2 экендигин билип, бийиктигин аныктагыла.

Чыгаруу:


500см 2 : 250см 2 =2см Жообу: 2см





Окуучулар жогорудагы тапшырмаларды тандап алып, турмушта колдонуп жүргөн буюмдардын өлчөмдөрүн өздөрү эсептешип, көлөмдөрүн топ ичинде табышат, 3 топ ар кандай жол менен чыгарышат.

1 -топ формула менен

2-топ таблица менен

3-топ өлчөмдөрүнүн өз ара катышы аркылуу


(практика жүзүндө көрүшөт)

  1. Формула аркылуу чыгарышат

  2. Таблица аркылуу чыгарышат

  3. Өлчөмдөрүнүн өз ара катшы аркылуу табышат.


26 мин

НК 1

НК 2

НК 3

ПК 1

ПК 2

ПК 3

ПК 4

Мугалимдин алкыш сөзү

Азамат, Бали, Рахмат ж.б

Сабакты жыйынтыктоо

Баалоо

Теманы бышыктоо үчүн суроолор:

Wordwall сайтында түзүлгөн суроолорду берем.



Үй тапшырма:

286.

Окуучулар өз жөндөмдүүлүктөрү менен жазган иштерин жактап беришет жана суроолорго жооп беришет.





Үй тапшырманы алышат, күндөлүктөрүн толтурушуп өз бааларын коюшат

5 мин

НК 1

НК 2

НК 3

ПК 1

ПК 2

ПК 3

Мугалимдин алкышы ар бир окуучуну өзүнчө сыпаттама баалар менен баалайт.