СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пифагордун теоремасы (2-сабак)

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Пифагордун теоремасы (2-сабак)»

Сабак : Геометрия

8 -“Б” класс

Мугалим: Жусупова А.А.


17.12.2019

Сабактын темасы: Пифагордун теоремасы (2-саат)

Сабактын тиби: бышыктоо сабагы

Сабактын формасы: топто иштөө, жуп менен иштөө

Сабактын методу: бумеранг, ПТМТ – форма, суроо жооп

Сабактын жабдылышы : проектор, таблицалар, карточкалар, тик бурчтуу үч бурчтуктардын моделдери

Сабактын максаты:

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

1-топ. Пифагор жана анын мектебинин тарыхы боюнча маалымттарды сунуштайт(3)

2-топ. Пифагордун теоремасынын далилдөөлөрүнүн түрлөрүн сунуштайт

3-топ теореманын негизинде маселелерди чыгаруу

Тарбия берүүчүлүк максаты: 4-топ Пифагордун теоремасынын негизинде турмуш тиричиликте пайдаланышын далилдөө.

Күтүлүүчү натыйжа

Көрсөткүчтөр

  1. Пифагордун теоремасын өздөшүрүшөт

Натыйжага жетишет, эгер окуучу:

1)Пифагордун теоремасынын формулировкасын так айта алса;

2)эрежелерди пайдаланып мисалдар чыгара алса;

3)Пифагордун теоремасы тик бурчтуу үч бурчтук үчүн экендигин билсе;

4) кандай үч бурчтук тик бурчтуу болорун билсе;


2) Формуласын айтып ,жазып жана түшүндүрүп бере алат

1) Пифагордун теоремасын формула менен жаза алса;

2)тик бурчтуу үч бурчтуктун жактарын так аныктай алса;

3)тик бурчтуу үч бурчтуктун кайсы жагы белгисиз экендигин так аныктаса;

4) 2 катети аркылуу гипотенузаны тапканды биле алса;


3) Маселе чыгарууда колдонот

1) с2 = а2 + в2 формуласынан

а2 = с2 - в2 жана

в2 = с2 - а2 формулалары келип чыгарын билсе:

2) бул формулаларды туура колдоно алса;


3) сабакта тынч отуруп толук түшүнөт.

3)кунт коюп укса, жанындагыларга тоскоол болбосо,


2) көнүлүн топтой алса, бири бирине жардамдашса,

3) суроолорго жооп берсе.


Пифагордун теоремасын аныктай алышат


Катеттерин ,гипотенузасын таба алышат.

Сабактын этаптары


Окуучунун аракети

Компетенттүүлүктөр

Баалоо

Мугалимдин аракети

Негизги компетент

түүлүк

Предметтик компетент

түүлүк


Саламдашуу.

учурашат




Окуучулардын катышканын, сабакка даярдыгын тактоо.


Маалыматтык К.

1.Эсептөө,

2.Көрсөтмөлүү образдуу

ПК1


Жагымдуу жагдай түзүү

Окуучулар бири-бирине карап жылмайышат.Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт




I. Үй тапшырмасы бир жуманын ичинде аткарылган. Балдар өткөн сабакта топторго бөлүнүп, түрдүү тапшырма берилген. Ал тапшырмаларды электрондук почта аркылуу ар бир топ өз алдыңарча аткардыңар. Жана чогуу слайд даярдалган. Азыр топторго сөз берилет.

1-топ. Тарыхчылар. Өздөрүнүн Пифагор жана Пифагорчулар мектеби жөнүндө топтогон маалыматтарын презентация жасайт. 2-топ Изилдөөчүлөр да Пифагордун теоремасынын далилдениши боюнча топтогон маалыматтарын айтып беришет.

3-топ. Философтор Пифагордун теоремасынын чыгарылышын турмуштагы маселел менен чыгарышат.

4-топ. Архитекторлор Пифагордун теоремасынын турмушта кеңири колдонулуштары боюнча топтогон маалыматтарын айтып беришет, слайд боюнча

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү

ПК2

ПК3


II.4 топко ар бирине барабар бөлүктөргө бөлүнгөн жип, аркандар берилет.

Тик бурчтуу үч бурчтук түзүшөт

1) Пифагордун теоремасы кандай үч бурчтук үчүн экендигин айырмалай билишет

2) Группада балдар өз оюн, билгендерин ишендире алат

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү

ПК3


III. Практикалык иш.Топтордун ар бирине 3 төн 12 тик бурчтуу үч бурчтуктардын модели таратылат.


Ар бир топ өздөрү маселе түзүп, ченеп жана чыгарышат. Ар бир топ 3 төн маселе чыгарышат

Бул жерде жуп - жуп болуп аткарышат жана доскага жазып түшүндүрүп беришет

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү

ПК3

ПК1


IV. Окуу китеби боюнча көнүгүүлөрдү иштейбиз

7-9 – класстар

Геометрия окуу китеби боюнча 27-параграфтагы 14,15,16-көнүгүүлөрдү аткарышат.


Социалдык коммуникативдик

1. Пифагордун теоремасы кандай үч бурчтук үчүн экендигин айырмалай билишет

2. Группада балдар өз оюн, билгендерин ишендире алат

ПК1


V. Бумеранг.

Ар бир топ А4 баракка бирден же логикалык же предмет боюнча суроо жазып, саат жебеси боюнча башка топторго жылдырышат

Топтор алдына келген суроого жооп жазып дагы саат жебеси боюнча башка группага жылдырышат.

Улам жылып отуруп өздөрүнүн суроосу келгенде баракта жазылган жоопторду окуп талкуулашат.

социалдык –коммуникатив-

дик компетенттүү

лүк

Үй салганда колдонот

(жашоодо колдонулушу)

ПК4


VII. Сабакты жыйынтыктоо

Мугалим тапшырма берет

Окуучулар Пифагордун теоремасын айтышты, ойгонушту, ойлонушту, колдонушту, чыгарышты.

Окуучулар тапшырманы күндөлүктөрүнө жазышат


1-топ. Пифагор жана анын мектебинин тарыхы боюнча маалымттарды сунуштады

2-топ. Пифагордун теоремасынын далилдөөлөрүнүн түрлөрүн билишти

3-топ теореманын негизинде маселелерди чыгарышты

Тарбия берүүчүлүк максаты: 4-топ Пифагордун теоремасынын негизинде турмуш тиричиликте пайдаланышын далилдешти



VI. Окуучулардын билимин баалоо

Окуучулар күндөлүктөрүнө бааларды койдурушат



“5” - 3

“4” – 8

“3” - 5