SEA методу боюнча сабак өтүү.
Сабактын темасы: «Пифагордун теоремасы»
Окутуучу: Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-
педагогикалык колледжинин математика
мугалими- Нуруева Ж.Б.
Катышуучулар:
И.Арабаев атындагы колледждин
2-курсу. 13 студент, КАО мугалимдери,
тренингдин катышуучулары.
Өтүлгөн күнү: 29.04.15 1-сабак. 918 - 1024
Старттык эксперимент.
Байкоолор
Тик бурчтуу үч бурчтук көрдүм,
1-чи үч бурчтук көрдүм.
Тик бурчтуу үч бурчтук алды.
Ү
ч бурчтуктун бурчтарын бурчтук аркылуу белгилөөсүн көрдүм.
Тик бурчтуу үч бурчтуктун жактарына квадраттар тургузулган.
Үч бурчтуктун жактарына квадраттар тургузулду.
Үч бурчтуктун жактарына төрт бурчтуктар тургузулду.
Тик бурчтуктун ар бир жагына квадраттар коюлду.
Квадраттарды тик бурчтуу үч бурчтуктун катеттерине, гипотенузасына туура келгендей кылып жайгаштырды.
Үч бурчтуктун капталдарына тең болгон төрт бурчтуктар менен бириктирди.
Тик бурчтуу үч бурчтуктун гипотенуза, катеттеринин узундугу боюнча квадраттар жайгаштырылды.
Гипотенузага тургузулган квадрат, катеттерге тургузулган квадраттардын суммасына барабар.
Чоң квадрат кичине квадраттардын суммасына барабар.
Чоң жагына тургузулган квадрат, кичине жактарына тургузулган квадраттардын суммасына барабар.
Гипотенузага коюлган чоң төрт бурчтуктун үстүнө, кичине төрт бурчтук коюлду.
Кичинекей квадраты кыркып баштады жана бош калган орунга жайгаштарды.
Чоң квадратка кичине жана орточо квадраты беттегенде барабар болду.
Гипотенузага барабар болгон чоң квадраты өзүнчө алып жайланыштырсак. Ал квадратка орточо квадратты беттеп, кичине квадратты кесип жайгаштарды.
Чоң квадратка кичине жана орточо квадраттарды беттегенде барабар болду.
3.Башкы экспериментти кайталоо
(Доскага 2 окуучу чыгат. 1-си байкоолорду окуйт. 2-си көрсөтүп жаткан СЭ менен дал келсе Vбелгисин коёт. )
4.Тандалган байкоо
(Мугалим байкоолордон окшош болбогон, туура ,өзөктүү байкоолорду , этаптары боюнча тандалган байкоого алып өтөт) .
Тандалган байкоолорго - Б-1, Б-2, Б-3 деп маркер менен белгилейт.
5. Суроолор
(Мугалим тандалган байкоолордон суроолорду чыгарат)
1-суроо.
Тик бурчтуу үч бурчтуктун гипотенузасына тургузулган квадраттын аянты, катеттерге тургузулган квадраттардын аянттарынын суммасына барабар болобу?
2-суроо
Ар кандай үч бурчтуктун чоң жагына тургузулган квадраттын аянты, кичине жактарына тургузулган квадраттардын аянттарынын суммасына барабар болобу?
6. Божомолдор (Гипотеза)
(Студенттер берилген суроолорду жазып алышат . Суроолорго божомолдорун, ар бир суроого өзүнчө, карточкага жазышат. )
1-суроого
Тик бурчтуу үч бурчтуктун гипотенузасына тургузулган квадраттын аянты,
катеттерге тургузулган квадраттардын аянттарынын суммасына барабар болот.
Болбойт
Болот.
Болот. Мен бул нерсени 1-экспериментте көрө алдым.
2-суроого
Ар кандай үч бурчтуктардын чоң жагына тургузулган квадраттын аянты, калган эки жагына тургузулган квадраттардын аянтарынын суммасына барабар эмес.
Болобойт, себеби чоң квадраттын аянты кичине квадраттардын аянттарына барабар эмес.
Менин оюмча болбойт. Анткени квадраттарды тургузганда ашып калышы да мүмкүн.
Болбойт анткени тик бурчтуу үч бурчтук үчүн гана орун алат.
7.Эмне изилденет
(Студенттер божомолдорду жазып алышат. Мугалим студенттер менен бирдикте изилденүүчү нерсени аныктайт. Божомолдордон изилденүүчү нерсени чыгарат. Студенттер эмне изилденетти да жазып алышат.)
Тик бурчтуу үч бурчтуктун гипотенузасына тургузулган квадраттын аянты, катеттерге тургузулган квадраттардын аянттарынын суммасына барабар болорун аныктоо.
Ар кандай үч бурчтуктардын чоң жагына тургузулган квадраттын аянты, калган эки жагына тургузулган квадраттардын аянтарынын суммасына барабар болбой тургандыгын аныктоо.
(Мугалим божомолдорго маркеровка коёт. Г1,Г2 ..деп)
8. Аныктоочу эксперимент.
Группа 2 топко бөлүнөт. Мугалим топторго тапшырмаларын берет жана ошол тапшырманы аткаруу үчүн кандай куралдар керек деп сурайт. Керектүү окуу куралдарын берип, эсептөөлөр бүткөндөн кийин форматты түшүндүрүп, ошол формат боюнча презентацияга даярдануусун айтат)
1-топ
Түрдүү өлчөмдөгү тик бурчтуу үч бурчтук берилет.
Тик бурчтуу үч бурчтуктун жактары: а=9см, в=12см, с=15см
а=6см , , в=8см, с=10см
2-топ
Тең жактуу үч бурчтуктун жактары: а=в=с=9см,
Түрдүү жактуу үч бурчтук: а=5см, в=6см, с=7см.
Формат
Группа
Тандалган Байкоолор
Суроолор
Божомолдор
Эмне изилденет
Эксперименттер
А) керектелүүчү куралдар
Б) чиймелер, схемалар,
В) эксперименттин жүрүшү
Г) опыттардын түшүндүрмөсү
Д) опыттардын жыйынтыгы
7. Тыянак.
Жаңы билим (Мугалим окуучулардан сурайт. Эксперимент жана изилдөөлөрдү жүргүзүп жатып, тыянак чыгарып жатып, бүгүн кандай жаңы билимге ээ болдук деп ойлойсуңар деп сурап, кагазга жазып бергиле дейт жана жаңы билимге чаптайт.
эксперимент түрүндө көрүп, чын эле теориянын тууралыгына ынандык.
Тик бурчтуу үч бурчтуктун жактарына жайгашкан квадраттардын суммалары барабар экендигин билдим.
Тик бурчтуу үч бурчтуктун гипотенузасынын узундугуна барабар болгон квадратка, каттеринин узундугуна барабар болгон квадраттар туура келерин көрдүм жана билдим.
Изилдөөлөрдүн негизинде Пифагордун теоремасына келип калдык.
Жаңы метод аркылуу көп маалымат алдым.
Мына ошентип жогоруда жүргүзүлгөн эксперименттердин жыйынтыгы боюнча
Квадраттарды табуунун формуласы менен (S=а2) эсептөөлөрдү жүргүзүп,
Тик бурчтуу үч бурчтукта гипотенузага тургузулган квадраттын аянты, катеттерге тургузулган квадраттардын аянттарынын суммасына барабар болорун көрдүк.
S1=a2
S2=b2
S3=c2
М: a=9см, в=12см, с=15см болгондо S1=81см2, S2=144см2, S3=225см2 болду.
б.а. 225=81+144; 225=225
Демек, тик бурчтуу үч бурчтукта гипотенузанын квадраты катеттердин квадраттарынын суммасына барабар.
c2= a2+b2
Пифагордун теоремасы.
9. Колдонулушу. (даярдалган слайддар көрсөтүлөт)