Просмотр содержимого документа
«Пифагордун теоремасы»
Катаал (түз эмес) адырда транспорт каражатынын кыймылын башкаруу
Табият тартуулаган түз жана жалпак жерлерибиз (катмар) сейрек кездешет эмеспи. Сырткы катмарлардын басымдуу көпчүлүгү – ийри-буйру. Бул жаратылышынан эле эмес. Адамдын узак жылдан бери табиятка тийгизген таасиринен улам жаратылышта жасалма жол менен пайда болгондор да топтолуп калган. Бул жерде, албетте, жердин үстүӊкү катмары жөнүндө кеп болуп жатат, аны катаал (түз эмес) жер деп атоого көнүп калганбыз.
Мындай жерден өтүү зарылчылыгы жаралса, жол курушат. Бирок бардык эле жерде аларды куруу мүмкүн эмес, жана мунун кажети деле жок, баарынан мурда, экономикалык жагынан, ал эми мезгил-мезгили менен өтүш керек болот. Анын практикалык милдети мындай – аӊды, адырды, дөбөнү кантип ашып өтүп, кокту-колот, ойдуӊ-жерден кантип өйдө көтөрүлүү керек?
Мындай маселенин чечилишин, тактап айтканда, жардан жана дөбө аркылуу өтө ала турган универсалдуу транспорттук системаны ойлоп чыккыла. Ылдый түшүп-көтөрүлүү жана, тескерисинче, көтөрүлүп- ылдый түшүүнү камсыз кылуучу кыймылды. Транспорттун кыймылын кантип башкаруу керектигин дагы ойлонуп көргүлө, т.а. алардын ишинин ырааттуулугу кандай болушу керек жана кайсы техникалык каражаттар аркылуу ишке ашышы керек. Ылдый түшүп-көтөрүлбөй турган учурда, анча чоӊ эмес жарлар аркылуу өтүүгө жекече чечилиш сунушталышы мүмкүн.
Иштелмени иштеп чыгууга коюлган милдеттүү талап – аз кыймыл көбүрөөк орун алсын, транспорттун бир жерден экинчи жерге жүрүүсүн камсыздоочу, жана керек боло турган болсо, аларга көмөкчү болгондору болсун. Бул талап техникада универсалдуу мүнөзгө ээ – система аркылуу технология канчалык жөнөкөй жасалса, ал ошончолук ишенимдүү болот. Эгер кааласаӊар, транспорттук каражаттарды конструктивдүү аткаруунун бир нече вариантын жана алардын кыймылын башкаруу түзүлүштөрүн сунуштагыла. Аӊ-сезимдүү түрдө фантазияласаӊар да болот – тапшырмага карата жасалган мындай мамилени калыстар четке какпастан жактырат.
Ийгилик каалайбыз!