СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ПИЗА тест

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ПИЗА тест»

Тест

1. Сүрөттө парустуу кемени көрүп турасыздар.

Кайсы күч кемени кыймылга келтирет?

А) гравитациялык

Б) шамал

В) сүрүлүү

Г) магнетизм

2. Тарелканын сынышы

Салима апасына тарелкаларды дасторконго тизүүгө жардам берип жаткан. Ал кокусунан тарелканы колунан түшүрүп жиберди. Анын жерге кулашына эмне себеп болот?

А) магнетизм

Б) сүрүлүү

В) абанын каршылыгы

Г) тарелкалардын колду түртүүсү

3. Муз бөлүкчөсү

Стакандагы сууга бир бөлөк муз кошулду. Суудагы муздун абалын кайсы сүрөт эң жакшы көрсөтөт?

А)

Б)

В)

Г)



4. Суу тоңуу жана кайноо процессинде бир абалдан экинчи абалга өтөт. Бул процесстин кайсынысынын жүрүүсү үчүн жылуулук керек болот?

А) кайноо үчүн гана

Б) муздоо үчүн гана

В) эрүү жана тоңуу, бирок кайноо эмес

Г) эрүү жана кайноо, бирок тоңуу эмес

5. Азиза эрте менен сейилдеп жүрүп, тынч көлдүн үстүндө күндүн чыгышын карап отурат. Ал Күндү асманда жана көлдө көрдү. Эмне үчүн Азиза Күндү көлдөн көрдү?

А) Күн нуру көлдүн ошол бөлүгүн жылытат.

Б) Асман күн нурун көлгө тартат.

В) Күн нуру көлдүн суусунан чагылат.

Г) Булуттар көлдүн күн нурун чагылдырат.

6. Аракет жана күч

Мырзагүлдүн бир таразасы жана төрт кубиги бар (1,2,3,4). Кубиктер ар кандай материалдардан жасалган.

Ал бир эле учурда эки кубикти таразага коюп, төмөнкү натыйжаларды күзөтөт.

Мырзагүл 2-кубиктин массасы жөнүндө кандай тыянак чыгара алат?

А) Ал 1, 3-жана 4 кубиктерге караганда оорураак.

Б) Ал 1-кубикке караганда оорураак, бирок 3-жана 4-кубикке караганда жеңилирээк.

В) Ал 3-кубикке караганда оорурак, бирок 1-жана 4-кубикке караганда жеңилирээк.

Г) Ал 4-кубикке караганда оорураак, бирок 1-жана 3-кубикке караганда жеңилирээк.

7. Биздин күн системасындагы планеталар менен алардын жандоочуларынын (спутник) негизги айырмасы эмнеде?

А) Бардык планеталарда жашоо болушу мүмкүн, ал эми алардын жандоочуларында андай эмес

Б) Бардык планеталарда атмосфера бар, ал эми жандоочуларында жок

В) Бардык планеталар күндүн айланасында айланат, ал эми бардык жандоочулар планеталардын айланасында айланат.

Г) Бардык планеталар жандоочуларын айланат. Бардык планеталар жандоочуларынан чоңураак

8. Жибектин эки магнити (А жана Б) жана эки бирдей металл мыктары бар. Ал столдун үстүндөгү А магнитин мык магнитке тартылганга чейин жылдырды. Ал мык магнитке тартылгыча столдун үстүндөгү В магнитин жылдырды.

Ал А магнит мыкты 15см аралыктан тартылуусун, ал эми В магнит болсо мыкты 10 см аралыктан тарат турганын аныктаган.

Санжардын айтымында, эки магниттин тең күчү бирдей. Сиз бул ойго кошуласызбы?

Ооба

Жок

Жообуңарды түшүндүргүлө _____________________________________________________

_____________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

9.

Сүрөттө эки араба көрсөтүлгөн болуп, алардын ар биринде бирден магнит орнотулган. Арабаларды бири-бирине жакындатып, анан кое беришти. Арабалар менен эмне пайда болорун сүрөттөп бергиле.

(Жообуңузду түшүндүрүү үчүн сүрөт тартсаңыз же жазсаңыз болот)









10. Унаа консерва банканы тебелеп өтүп, аны толугу менен талкалап кеткен.

Банкадагы атомдордун абалына кайсы жооп туура келет?

А) Атомдор бөлүнүп кетет.

Б) Атомдор жалпайып калат.

В) Атомдор өзгөрбөйт.

Г) Атомдор башка атомдорго айланат.

11.

Жогорудагы сүрөттө айнек идиштеги электр коңгуроосу тартылган. Сүрөттө электр коңгуроосу күйгөндөн кийин чырылдаган үн угулуп жатат. Андан кийин айнек идиштен аба сордурулуп алынат.

Айнек идиштен аба сорулганда коңгуроонун үнү эмне болот? Жообуңарды түшүндүргүлө.

Жооп: ________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________











12.

Ысык күндө муздак сууну айнек кумурага куюшкан (1-сүрөт). Бир аз убакыт өткөндөн кийин айнек кумуранын сырткы бетинде суу тамчылары пайда болду (2-сүрөт).

Айнек кумуранын сырткы бетинде суу тамчыларынын пайда болушуна алып келген процессти түшүндүрүп бергиле.

Жооп: ________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________

13. Асан кумшекердин сууда эрүүсүнө температуранын тийгизген таасирин изилдөө максатында ар түрдүү температурада 1 литр сууда ээрүүсү мүмкүн болгон кумшекердин массасын ченеп, эксперимент жүргүзгөн. Андан кийин ал жыйынтыктарды графикке түшүрдү. Төмөнкүлөрдүн кайсы бири Асандын жыйынтыгын көрсөтүүчү график болушу мүмкүн?

А)

Б)

В)

Г)









14. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй үч бирдей лампочка батареяга туташтырылган.

Жебелер электр тогунун багытын көрсөтүп турат. Кайсы сүйлөм туура?

А) 1-лампадагы ток 2-лампадагы токтон чоң

Б) 1-лампадагы ток 3-лампадагы токтон чоң

В) 2-лампадагы ток 3-лампадагы ток менен бирдей

Г) 2-лампадагы ток 1-лампадагы ток менен бирдей

15. Кездеменин электр тогун өткөрөрүн же өткөрбөсүн аныктоо үчүн кайсы лабораториялык жабдуудан пайдаланса болот?

А) Вольтметр

Б) Жарык индикатору

В) Микрометр

Г) Үн индикатору


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!