Просмотр содержимого документа
«План "Персоналдык компьютердин программалык жабдылышы"»
3-сабак
Числосу__________________ 6- классы
Текшерген: окуу бөлүмүнүн башчысы: ___________
Сабактын темасы: Персонал компьютердин программалык жабдылышы. Системалык программалык жабдылыш
Сабактын максаты:
А.предметтик – персонал компьютердин программалык жабдылышы жана анын негизги топтору тууралу билишет;
Б.метапредметтик – персонал компьютердин системдик программалык жабдылышынын аткарган кызматтарын түшүнүшөт;
В.жеке инсандык – азыркы замандагы адам баласынын жашоосундагы компьютердин ролун түшүнүү; информациялык коопсуздуктун маанилүү багыты катарында вирустан коргонуунун маанисин түшүнүшөт.
Чечилүүчү окуу маселелери:
А.персонал компьютердин программалык жабдылышы тууралуу окуучулар маалымат алышат;
Б.системалык программалык жабдылыштардын түрдүү категориялары тууралуу түшүнүктөрдү системдештирет;
В.операциялык системаларды жана алардын аткарган функциялар менен таанышышат.
Сабакта карала турган негизги түшүнүктөр: программа;
программалык жабдуулар (ПЖ); системалык ПЖ; операциялык система; архиватор; антивирустук программа.
Сабакта колдонулуучу ИКТ каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиалык компьютер, экран; окуучулардын ПК.
Сабактын мазмунун баяндоо өзгөчөлүктөрү
Сабактын башталышында төмөндөгүлөр аткарылат:
1.§ 2 суроолору боюнча өтүлгөн материалдарды кайталоо;
2.үйгө берилген тапшырмаларды көз жүгүртүп текшерүү. Сабактын материалын «Компьютердин программалык жабдылышы» презентациясын колдонуу менен берсе болот (электрондук тиркемеде). Толуктоо максатында «Персонал компьютердин программалык жабдылышынын структурасы», «Системдик программалык жабдылыш», «Операциялык система» презентацияларын колдонгон ылайык.
Сабактын практикалык бөлүгүндө кандай антивирустук программа мектепте колдонулса ошол программа менен иштөөнүн төмөндөгү планын колдонуу сунуш кылынат:
1.антивирустук программаны жүктөө;
2.программа жүктөлгөндөн кийин негизги мүмунчүлүктөрү менен таанышуу;
3.антивирустун базасын жаңылоо функциясын ишке чегүү;
4.локалдык дискти, флешканы же тандалып алынган папканы сканерлөө жумуштарын аткаруу.
Үй тапшырмасы. § 2 параграфындагы 1–11-суроолорду жана тапшырмаларды аткаруу.
Компьютердик практикум
2-иш. Файлдарды түзөбүз жана сактайбыз.