1. КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛОО Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын 64-пункутунда төмөнкүдөй айтылат: «Форматтык баа берүү» [колдонмодо «калыптандыруучу баалоо»] материалды өздөштүрүшүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж. б.) эске алуу менен окуучунун өнүгүүсүн аныктоо, ошондой эле ийгиликтерге жетишүү үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында колдонулат. Мугалим форматтык баа берүүнү окутууну өз убагында коррекциялоо, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми окуучулар – алар аткарган иштин сапатын жакшыртуу үчүн пайдаланат. Окуучунун өнүгүүсү окуучу аткарган конкреттүү иштин негизинде билим берүү чөйрөсүнүн алкагында окутуу максаттарында түптөлгөн белгилүү натыйжаларга жетишүү катары аныкталат»1 . 1 Баалоо менен окутуу бири-бирине тыгыз байланышта. Баалоонун үч түрү бар: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта, бири-биринен көз каранды. Диагностикалык баалоонун натыйжасы болбосо, мугалим калыптандыруучу баалоону тийиштүү деӊгээлде колдоно албайт. Ал эми сабак учурундагы калыптандыруучу баалоонун сапаты жыйынтыктоочу баалоонун натыйжасына таасирин тийгизет. Баалоонун бул ырааттуулугун сактоо менен окутууда жогорку деңгээлге жетишүүгө мүмкүн. Аныктоочу (диагностикалык) баалоо Калыптандыруучу баалоо Жыйынтыктоочу баалоо Эмнени билдирет? Окуучулардын учурдагы компетентүүлүктөрүнүн калыптануу деңгээлин аныктоо (класстык журналга баа коюлбайт) Бул баалоо окутуу процессинде окуучунун жетишкендиктерине байкоо жүргүзүү, талдоо, оңдоп-түзөө, мында да баа коюлбайт Жыйынтыктоочу баалоодо мугалим окуучуга баа коёт Качан колдонулат? Теманын, бөлүмдүн алдында, чейректин, окуу жылынын башында, жаңы класс же окуучу менен иштеп баштаганда Сабак учурунда дайыма, үзгүлтүксүз жүргүзүлөт Теманын, бөлүмдүн, чейректин, окуу жылынын аягында Эмне үчүн колдонулат? Окуучулардын өздөштүрүү деңгээлин аныктоо жана мугалимге календардык, сабактык пландарын оңдоптүзөөгө, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет Окуучулардын жетишкендиктерине байкоо жүргүзүү жана окутуу процессин (сабактардын пландарын) ыңгайлаштыруу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк берет Окуучулар окутуу процессинде эмнелерди үйрөнгөнү жөнүндө маалымат берет 1 http://edu.gov.kg/ru/high-education/gosudarstvennyj-obrazovatelnyj-standart/ Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 5 Таблицада берилген баалоонун түрлөрү предметке же класска карабастан, ар бир сабактын бөлүгү болуп эсептелет. Диагностикалык баалоо – адатта окуу жылынын башында, теманы, бөлүмдү өтөрдүн алдында жүргүзүлөт. Даигностикалык баалоонун максаты – программа боюнча теманын, бөлүмдүн же предмет боюнча курстун башында окуучулар окутуу максаттарына карата салыштырмалуу кандай деңгээлде болгондугун аныктоо болуп эсептелет. Окутуу планына окуучулардын муктаждыктарына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү же окутуудагы, окуудагы кыйынчылыктарды алдын ала сезип, аларды жеӊип чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Адатта мугалимдер баалоону белгилүү мөөнөттүн ичинде окуучулар өздөштүргөн билимдердин деңгээлин аныктоо үчүн жыйынтыктоочу баалоону колдонушат жана ал белгилүү мөөнөттүн аягында, мисалы, теманы өтүп бүткөндөн кийин, чейректин же окуу жылынын аягында жүргүзүлөт. Мугалим жыйынтыктоочу баалоонун андан да жогорку натыйжаларына жетишүүнү пландаштырса, анда ага окутуу үчүн калыптандыруучу баалоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ашпозчу тамак жасап жатканда даамдаганы – бул калыптандыруучу баалоо, ал эми ошол тамактын ичилгени – бул жыйынтыктоочу баалоо. Калыптандыруучу баалоо окутуу процессинин УЧУРУНДА окуп билим алууга өбөлгө түзөт. 3 Калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат. 3 Окуучунун окуганын түшүнүүсү калыптандыруучу баалоонун түрдүү ыкмаларын колдонуу менен сабак учурунда бир нече жолу текшерилет. 3 Калыптандыруучу баалоо баа коюу үчүн эмес, окуу процессинде пайда болгон көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлөт. 3 Калыптандыруучу баалоонун натыйжалары мындан аркы окутууну пландаштыруунун каражаты болуп эсептелет. 3 Калыптандыруучу баалоонун ыкмаларынын ар түрдүүлүгү жана аларды ишке ашыруунун универсалдуулугу окуучуларды окуу процессине шыктандырган түрдүү сабактарды пландаштырууга өбөлгө түзөт. 3 Калыптандыруучу баалоо ар бир окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзөт. 6 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 2. КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУН КОМПОНЕНТТЕРИ Калыптандыруучу баалоо – бул мугалимдин күнүмдүк ишинде 5 компонентти пландуу жана системалуу түрдө колдонуусу2 : Жеке окуп үйрөнүү процессине окуучулардын активдүү катышуусу Өзүн-өзү жана бирин-бири баалоо Калыптандыруучу баалоо Окутуу процессин оңдоп-түзөө Окуучулардын шыктануусуна баалоонун тийгизген таасири Кайтарым байланыш Cхема 1. Компоненты формативного оценивания 2.1. ЖЕКЕ ОКУП-YЙР НYY ПРОЦЕССИНЕ ОКУУЧУЛАРДЫН АКТИВДYY КАТЫШУУСУ 2 П. Блэк, Д. Уильям. Кара куту: анын ичинде эмне бар? Окутуу-тарбиялоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу ыкмасы катары окуучулардын билимин баалоо. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 7 Окуучулардын активдүү катышуусунун бир нече багыты бар. Алар: ͳ билим алуунун максаттарын, күтүлүүчү натыйжаларды түшүнүүсү; ͳ окуучулардын баалоо критерийлерин билүүсү жана түшүнүүсү; ͳ мугалимдин окутуу ыкмаларын туура тандоосу. Окуучунун ар бир сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжаларын түшүнүүсү Сабактын максатын түшүнүү окуучунун активдүү катышуучу болуусуна шарт түзөт. Күтүлүүчү натыйжалардын туюндурулушу окуучуларга түшүнүктүү болушу керек, анткени бара-бара окуучулар күтүлүүчү натыйжаларды аныктоого катыша башташат. Мугалим күтүлүүчү натыйжаларды окуучуларга сабактын башында доскада, экранда, ватманда же башка жол менен көрсөтө алат, коюлган максаттар сабактын жүрүшүндө дайыма мугалимдин көз алдында болуп, ага жетүү деңгээлин текшерип туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Мисал. Мугалим өтүлө турган жомоктун «Эки бир тууган» аттуу аталышын доскага жазып, окуучулардан аны үн чыгарып окууну өтүнөт. Андан кийин окуучулар менен биргеликте сабактын күтүлүүчү натыйжаларын аныктайт: 1. Жомоктун мазмунун түшүнүү. 2. Суроолорго жооп берүү. 3. Эки каармандын мүнөздөрүн салыштырып, алардын окшош жактарын жана айырмачылыктарын аныктоо. Сабактын аягында мугалим күтүлүүчү натыйжаларга кайра кайрылып, окуучулар менен биргеликте коюлган максаттарга канчалык деңгээлде жетишкендиктерин текшерүүсү зарыл. Окуучулардын окуу процессине активдүү катышуусунун дагы бир маанилүү багыты – бул окуучулардын баалоо критерийлерин билип, түшүнүүсү. Критерийлерди иштеп 8 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо чыгуу – баалоо процессин ачык-айкын жана бардыгына түшүнүктүү болуусун камсыздайт. Аларды окуучулар менен биргеликте иштеп чыгуу – окуучулардын баалоого карата позитивдүү мамилесин калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Баалоо критерийлери менен иштөө методикасы төмөнкү тартипте жүргүзүлсө болот: 1. Баалоо критерийлерин иштеп чыгуу (мугалим өзү же окуучулар менен биргеликте). 2. Тапшырманы берер алдында окуучуларга критерийлерди берүү, зарылчылык болгон учурда мазмунун түшүндүрүү. 3. Окуучулардын тапшырманы аткарып жаткан учурда баалоо критерийлерине кайрылып туруусу. 4. Иш-аракеттин натыйжасын көрсөтүү (окуу, айтып берүү, суроолорго жооп берүү, презентация өткөрүү ж. б.). 5. Мугалимдин же окуучулардын иш-аракетин критерийлер боюнча (өзүн-өзү же бирин-бири) баалоосу. 1-мисал. Мугалим окуучулар менен бирге «Эки бир тууган» жомогун кайра айтып берүү критерийлерин аныктайт: 1. Логикалык ырааттуулукта тексттин мазмунун толук айтып берүү. 2. Түрдүү грамматикалык конструкцияларды колдонуу. 3. Сөздөрдү кыргыз тилинин нормаларына ылайык басым жана интонация менен туура окуу. 2-мисал. Мугалим окуучулар менен биргеликте «Окурман театры» көнүгүүсү боюнча презентация үчүн төмөнкү баалоо критерийлерин иштеп чыгат: 1. Текстти (интоннация, тыным, басым жана тыныш белгилерин сактоо менен) көркөм окуу. 2. Окууну мимика же жаӊсоолор менен коштоо. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 9 Башталгыч класстардын окуучулары үчүн колдонулуучу баалоо критерийлери 3–5тен ашпашы керек (критерийлер окуучулар үчүн түшүнүктүү болуусу шарт). Окуучулардын окуу процессине активдүү катышуусунун дагы бир багыты – бул мугалимдин окутуу ыкмаларын туура тандоосу. Мисал. «Эки бир тууган» жомогунун мазмунун окуучулардын толук түшүнүүсү үчүн мугалим «тыным жасап окуу» ыкмасын колдонот (текст менен иштөөдө «Окуганга чейин – Окуу учурунда – Окугандан кийин» стратегияларын колдонот, 5-модуль «Окуганын түшүнүү»). Сабак учурунда мугалимдин оюн, издеп-табуу, көйгөйлөрдү аныктап, чечүү ыкмаларын колдонуусу окуучулардын активдүүлүгүн арттырат. Анын натыйжасында билим сапатынын көрсөткүчтөрүнүн деңгээли жогорулайт. 2.2. ЗYН- ЗY ЖАНА БИРИН-БИРИ БААЛОО Баалоо көндүмү – окуучуларга окутуу процессинде үйрөтүлүүчү турмушта зарыл болгон, өтө манилүү көндүмдөрдүн бири. Калыптандыруучу баалоо бул көндүмдү билим берүүнүн сапатына таасир тийгизе турган негизги көндүм катары колдонууну талап кылат. Каталарды байкоо, иш-аракетке карата баалоо критерийлерин колдонуу, классташынын жообун угуу – абдан татаал, бирок окуучуга зарыл болгон көндүм болуп эсептелет. Баалоо ишмердүүлүгүнө болгон негизги талаптардын бири – бул окуучулардын өз натыйжаларын баалоо, каталарын байкоо жана түрдүү иштерге карата коюлган талаптарды билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу. Бул максатка жетүү үчүн өзүн-өзү жана бирин-бири баалоо ыкмаларын колдонуу шарт. 10 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо з н- з баалоо Өзүн-өзү баалоо – бул өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоп, талдоого багытталган процесс. Окуучунун өзүн-өзү баалоо көндүмү өз ишин бир катар критерийлер боюнча баалоонун негизинде калыптанууга тийиш. Аталган шартта гана окуучу өзүнүн ишин, ар бирине өзүнчө баалоо критерийи колдонулган, бир кыйла жөндөмдүүлүктөрдүн топтому катары көрө алат. Окуучу өзүнүн жетишкендиктерине өзү байкоо жүргүзө алат. 1-мисал. Мугалим «Эки бир тууган» жомогуна тиешелүү төмөнкү суроолорду алдын ала даярдап, кагазга жазып коёт. Жомоктун үзүндүсүн окугандан кийин суроолорду окуучуларга таратат же окуп берет, ар бир окуучу жоопторун өзүнө жазып алат. ͳ Окуя кайда болду? ͳ Бул жомокто ким же эмне жөнүндө баяндалат? ͳ Эмне үчүн _________ болду деп ойлойсуңар? ͳ Окуя мындан ары кандай уланат деп ойлойсуңар? ͳ Каармандар эмне болот? ͳ Бул үзүндүдө кандай ой камтылган? Андан кийин мугалим туура жоопторду көрсөтөт же окуп берет, ал эми окуучулар өз жоопторун салыштырып, баалайт. Ошол эле учурда мугалим окуучулардын жоопторун калыптандыруучу баалоонун «жол чырагы» ыкмасын колдонот. Бирин-бири баалоо Калыптандыруучу баалоо окуучуларга өтүлгөн материалды бири-биринин ишин баалоо аркылуу бышыктоого, бири-биринен үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дагы бир артыкчылыгы – бул башкалар аткарган иштин күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо аркылуу өзүнүн жетишүүсүн талдайт. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 11 Бирин-бири баалоонун түрлөрү: ͳ иштери менен алмашуу; ͳ атайын түзүлгөн план боюнча бири-бирин сурамжылоо; ͳ окуу көндүмдөрүн текшерүү; ͳ өз ара тапшырмаларды берүү. 2-мисал. Жуп менен окуу уюштурулат. «Окурман театры» көнүгүүсү үчүн иштелип чыккан критерийлер боюнча классташтар бири-биринин окуганын, «Эки жылдыз, бир каалоо» ыкмасынын негизинде баалашат. Бири-бирин баалоону тез-тез колдонуу сунушталбайт. Окуучулар арасында келише албастык туулушу мүмкүн, анткени баалоочулар кайтарым байланыш берүү учурунда ката кетирүүлөрү ыктымал. Жуптарды тез-тез алмаштырып туруу зарыл. 2.3. КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ Кайтарым байланыш – бул коюлган максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган иш-аракеттер, жагдайлар, суроолор жана маселелер тууралуу билдирүүлөрдү жана комментарийлерди алуу. Окутуу жана окуу процесси кандай өтүп жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берет, ар бир окуучунун билиминдеги жетишкендиктери жана жетишпегендиктери тууралуу маалымдайт. Кайтарым байланыш сый-урмат жана ак ниеттүү мамиледе жүргүзүлүп, окуучуларга туура жооп берүү жана каталарын оңдоо үчүн убакыт берилсе, окутуу жана окуу процесстеринин ийгиликтүү болуусун камсыздайт. Ал так, түшүнүктүү жана темага тиешелүү болуп, өз убагында өткөрүлүүсү зарыл. 8-модуль мына ушул «кайтарым байланыш» компонентине арналган. 12 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 2.4. ОКУУЧУЛАРДЫН ШЫКТАНУУСУНА БААЛООНУН ТААСИРИ Шыктандыруу – бул белгилүү максаттарга жетүүнү камсыздоо үчүн иш-аракеттерге түрткү берүү процесси. Ички умтулуу – бул жеке каалоолор жана муктаждыктардын негизинде умтулуу. Тышкы умтулуу – бул демилге берүүнүн (мактоо, баалар, ардак грамоталар ж. б. у. с.) түрлөрүн камтыган айлана-чөйрөдөгү факторлордун негизинде умтулуу Окуучулардын умтулуусун жогорулатып, шыктандыруу окутуу процессинде жүргүзүлүп турат. Ал түрдүү окутуу ыкмаларынын жардамы менен: балдардын окурмандык компетенттүүлүгүнө ылайык келген тексттерди тандоо, мугалимдин чыгарманы кызыктуу кылып сунуштоо жөндөмдүүлүгү аркылуу ишке ашырылат. Окуучунун ички умтулуусу узак мөөнөттүк жана натыйжалуу болуп эсептелет. Ал окуучунун сунушталган материалга сүӊгүп кирүүсүнө, негиздүү жооп берүүсүнө жана жогорку натыйжаларга жетишүүсүнө өбөлгө түзөт. Баалоо ишмердүүлүгүндө мугалим окуучунун предметти үйрөнүүгө карата ички умтулуусун калыптандырууну көздөөсү зарыл. Тышкы жана ички умтулуунун айкалышы мыкты натыйжаларга жетишүүнүн маанилүү шарты болуп эсептелет. Мугалим окуучуну шыктандыруу учурунда төмөнкүлөргө көңүл буруусу зарыл: 1. Сабак учурунда баалоо коркуу сезимин туудурбастан, окуп-үйрөнүүгө демилге берүүсү тийиш. Жыйынтыктоочу баалоо окуучулардын коркуу сезимин туудурары жашыруун эмес. Жазуу ишинин алдында мугалим ага карата колдонула турган баалоо критерийлерин айтып, түшүндүрүүсү зарыл. Анткени баалоо ачык-айкын жүргүзүлүп, окуучулар эмнелер баалана турганын билүүлөрү керек. 2. Мугалим кайтарым байланышты өз убагында өткөрүп, жетишкендиктерди, иштин жакшы аткарылган жактарын белгилейт. Андан кийин каталарды жоюу боюнча так, түшүнүктүү кеӊештерди жана аткарууга мүмкүн болгон сунуштарды берет. 3. Окуучуларга жоопту даярдоого убакыт берилет. Мугалим багыт берүүгө шашылбоосу тийиш. Мисалы, мугалим окуучуларга суроо бергенден кийин ой жүгүртүүгө 20 секунд убакыт берет, андан соң жооп берүүлөрүн өтүнөт. Эгерде суроо бир окуучуга берилсе, жоопту билген башка окуучулар айтпоосун өтүнүп, суроо берилген окуучуга жооп берүү мүмкүнчүлүгү берилүүсү кажет. Окуучу суроонун жообун билбесе, мугалим класстан жардам сураса болот. 4. Окуучулар менен жалпы класска тиешелүү көйгөйлөрдү талкуулоо жана келип чыккан кыйынчылыктарды чечүү жолдорун издеп табуу. Мисалы, жазуу ишин талдоо учурунда жалпы класс же бир нече окуучу бир эле тапшырманы аткарууда кыйналганы аныкталса, мугалим жалпы класс менен биргеликте келип чыккан көйгөйдү талкуулап, аны чечүү жолдорун иштеп чыгат. Көйгөйдү талкуулоодо мугалим кайсы окуучунун кыйыналып жатканын айтпайт. Мындай ыкма балдарга жаралган көйгөйдүн бир гана окуучуга тиешелүү эмес экенин билдирип, текшерүү иштерине карата коркуу сезимин жоёт. 5. Окуучуларды баалоо процессине тартып, өзүн-өзү жана бири-бирин баалоону колдонуу керек. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 13 6. Айрым бир окуучунун баалоо натыйжаларын жалпы класстын алдында талдоого болбойт. Классташтарынын алдында алсыз жактарын талдоо жана кемсинткен сөздөр окуучунун таанып-билүү процессине болгон кызыгуусун жоготот. Аткарылган иштин сапатын талкуулоо учурунда окуучуну кемсинткен жана анын аброюна шек келтирген сөздөргө мугалим жол бербеши керек. Кайтарым байланышты туура уюштуруу окуучунун мугалимге жана окууга болгон ишенимин арттырат. 7. Баалоодо алгач окуучунун ийгиликтерин белгилеп айтып, андан кийин гана көйгөйлүү нерселерди талкуулоо керек. Кайтарым байланыштагы терс баалоо окуучунун өзүнө эмес, анын ишине тиешелүү болуусу кажет. Анткени натыйжада окуучу өзүнүн жетишкендиктерин көрүп, жазуу иштерине болгон мамилеси оңолот. «Ката» сөзүн колдонбоӊуз, анткени ал окуучунун өзүнө болгон ишенимин төмөндөтөт. Анын ордуна «менин бир суроом бар», «менин оюмча, бул ишти мындан да жакшыртса болот», «мындан да жакшы аткарууга күчүң жетет» ж. б. у. с. сөздөрдү колдонсо болот. 8. Окуучу көйгөй пайда болгон учурда, ага жардам берилерине ишенүүсү зарыл. Окуучуга түшүнүксүз текстти же тапшырманы түшүнүүгө жардам берериӊизди билдириӊиз. Окуу процессинде кызыгуу абдан маанилүү орунду ээлейт. Адабий жана илимийпопулярдуу тексттерди окууга карата окуучунун ички умтулуусун калыптандыруу үчүн мугалим кызыктуу тексттерди, окутуунун жана баалоонун интерактивдүү ыкмаларын колдонуусу зарыл. 2.5. БААЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ОКУТУУ ПРОЦЕССИН О ДОП-ТYЗ 14 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Сабак учурунда мугалимдин ишмердүүлүгүн оңдоп-түзөөсү жана өнүктүрүүчү көнүгүүлөрдү колдонуусу окуучулардын жетишкендиктерин жогорулатууга жардам берет. Окутуу материалдарын түшүнүү деңгээлин жогорулатуу үчүн мугалим төмөнкү суроолорду коюш керек: ͳ Окуучулардын кимисине азыр өзгөчө көңүл буруу зарыл? ͳ Окуучулардын кимисине материалды түшүндүрүү үчүн башка ыкма, тапшырма же көнүгүү колдонуу зарыл? ͳ Кайсы окуучулар жаңы материалды өздөштүрө алган жок? Мисал. Мугалим окуучулардын бирин-бири баалоолоруна байкоо жүргүзүү менен («Окурман театры» көнүгүүсү) 25 окуучунун 10у өздөрүнүн сценарийлерин көркөм окуй албагандыгын, 7 окуучу окуу учурунда тыныш белгилерине көңүл бурбагандыгын аныктады. Натыйжада мугалим бул көнүгүүнү аткаруу үчүн төмөнкү кадамдардан турган даярдык иши талап кылынары жөнүндө тыянак чыгарды: 1. Мугалим окуучулар менен бирге «Окурман театры» көнүгүүсү үчүн белгиленген эки критерийди кайрадан карап чыгат. 2. Мугалим окуучулар менен биргеликте көркөм окуу учурунда тыныш белгилерин сактоо эрежелерин кайталайт. 3. Мугалим эки критерийди эске алуу менен окуучуларга текстти көркөмдөп окуп берет. 4. Окуучулар жуптарда ролдошуп окуйт. Окугандан кийин окуучулар бири-бирине эки критерий боюнча кайтарым байланыш берет. 5. Мугалим жогоруда белгиленген 17 окуучунун ишине байкоо жүргүзүп, окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган кошумча тапшырмаларды берет. Баалоо натыйжаларын эске алуу менен окутуу процессин оңдоп-түзөө процесси төмөнкүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизет: • окутууну уюштуруу формасына – мисалы, фронталдык окутуу формасын гана колдонбостон, топтук, жеке формаларын же аталган үч формасын тең колдонуу; • окутуу усулдарына жана ыкмаларына, окуучулардын маалыматты кабыл алуусунун түрлөрүнө (көрүү, угуу, сөз, кыймыл аркылуу, 1-модулду, «Тыбыштык кабыл алуу» караӊыз), темпераментине (сангвиник, флегматик, меланхолик, холерик), умтулуусуна жана даярдык деңгээлине жараша окутуу ыкмаларын тандаса болот; • сабактын этаптарына убакытты бөлүү – эгерде үй тапшырмасын текшерүү учурунда мугалим окуучулардын материалды жетишсиз деңгээлде өздөштүргөнүн аныктаса, өтүлгөн материалды түшүнүү деңгээлин жогорулатуу үчүн сабакты этаптарга бөлөт; • дифференцирленген тапшырмалардын деңгээли (мугалим окуучулардын даярдыгына, өз алдынчалыгына жана кызыгуусуна жараша мазмунду, окуу процессин жана андан алынган натыйжаларды дифференцирлейт); • тапшырмалардын же көнүгүүлөрдүн, мазмунун, көлөмүн окуучунун даярдыгына, өз алдынчалыгына жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнө жараша уюштуруу; • окуучулардын топторун кайрадан түзүү (топтор окутуу процессинде келип чыккан көйгөйлөргө жана алардан алынган натыйжалардын деңгээлине карай кайрадан түзүлүүсү мүмкүн). Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 15 3. САБАКТА КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУ КОЛДОНУУ Калыптандыруучу баалоо окутуунун максаттары жана сабактын этаптарынан күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруудан башталат. Сабактын этаптарын SMART критерийлерин3 эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталат. Мугалим күтүлүүчү натыйжалар менен окуучуларды тааныштыргандан кийин милдеттүү түрдө талкуулап, окуучулардын түшүнгөнүн текшерүүсү зарыл. Ал үчүн төмөнкү тактоочу суроолор колдонулушу мүмкүн: ͳ Сабактын аягында эмнелерди билип калат экенбиз? ͳ ... жөнүндө кандай жаңы нерселерди үйрөнөт экенбиз? Мугалим окутуунун максаттарын түшүндүргөндөн кийин дароо бир нече окуучунун жообун угат. Бул этапты экиге бөлсө болот: 1) окуучулардан күтүлүүчү натыйжаларды жуптарда талкуулоону өтүнүү; 2) бир нече жуптун жоопторун угуу. Сабактын ар бир этабында мугалим үзгүлтүксүз байкоо жүгүзүп, мезгил-мезгили менен суроо, тапшырма берүү аркылуу окуучулар коюлган максаттардан алыстабагандыгын текшерет. Түшүнбөй калган окуучулар болсо, мугалим аларга багыт берүү, башка окуучуларды талкууга тартуу, кайрадан түшүндүрүү же болбосо окутуунун башка ыкмасын колдонуу аркылуу жардам берип, окуу процессине катышуусун камсыз кылуусу керек. 3 S (Specific) – конкреттүү, спецификалуу; M (Measurable) – ченеле, өлчөнө турган; A (Achievable) – жетишиле, ишке ашырыла турган; R (Relevant) – тиешелүү; байланыштуу; T (Time-bound) – убактысы аныкталган. SMART критерийлери боюнча кененирээк «Балага багытталган окутуу» модулунан тааныша аласыздар. 16 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Бул этаптар үчүн эң натыйжалуу ыкмалар болуп «Кол ишараты», «Жол чырагы», «Калыптандыруучу тест», «Муштум жана манжалар», «Хор менен жооп берүү» ж. б. эсептелет («Калыптандыруучу баалоонун ыкмалары» бөлүгүн караӊыз). Калыптандыруучу баалоо окуу процессинде айрым окуучулардын түшүнбөөсүн же катышпоосун аныктап, алдын алууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, мугалим тапшырма/ суроо бергенде окуучулардын активдүү гана бир бөлүгү дайыма дароо жооп берүүгө даярдыгын көрсөтөт. Ошол эле учурда, калган окуучулар берилген тапшырманын/ суроонун жообун ойлонуп, табууга жетишпей калышат. Мугалим окуу материалынын негизги учурларына тийиштүү суроолор берилген убакта, мындай жагдайлардын алдын алуусу зарыл. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мугалим калыптандыруучу баалоонун «20 секунд», «Сыйкырдуу таякчалар» ыкмаларын колдоно алат. Окуучулар жооп берип жатканда алардын материалды түшүнгөнүн текшерүү үчүн калыптандыруучу баалоону колдонуу абдан маанилүү. Текшерүү үчүн мугалим «Эмнеге?», «Кантип?» ж. б. суроолорду колдонот. Бул суроолор окуучуну өзүнүн жообуна негиз табууга шыктандырат. Берилген суроолорго жооп берип жатып, окуучулар кетирген каталарын аныктап, оңдой алышат. Сабактын аягында окуучулардын түшүнгөндүгүн текшерүү – мугалим үчүн эң маанилүү этап. Алынган натыйжаларды талдоо төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт: ͳ окуу материалдарынын окуучулар үчүн оор бөлүктөрүн аныктоо жана аларды чечүү үчүн ишти тиешелүү түрдө пландаштыруу; ͳ айрым кыйналган окуучуларды же окуучулардын белгилүү бир тобун аныктап, алар менен өзүнчө иш алып барууну пландаштыруу; ͳ теманы улантуу же кайра башынан түшүндүрүү чечимин кабыл алуу. Бул маселени чечүү үчүн «Суроолор токтоочу жай», «Жыйынтыктоочу суроолор» ж. б. у. с. калыптандыруучу баалоонун ыкмаларын колдонуу зарыл. Үй тапшырмасын текшерүү, өтүлгөн теманы кайталоо учурунда калыптандыруучу баалоонун ыкмаларын колдонуу ар бир окуучунун окуу процессине (чыгарманы талкуулап, талдоого) сүӊгүп кирисүүнө олуттуу таасирин тийгизет. Окуучу жооп берип жаткан учурда анын түшүнгөнүн кайрадан текшерүү үчүн калыптандыруучу баалоону колдонуу зарыл. Бул максатта мугалим калыптандыруучу баалоонун бир кыйла түрүн колдоно алат: өзүн-өзү текшерүү, бири-бирин текшерүү. Муну аткарууда ишти текшерүүнүн критерийлерин окуучуларга милдеттүү түрдө көрсөтүү кажет. Сабактын бул этабында мугалим «Суроолор айлампасы», «Кар тобу», «Эки жылдыз, бир каалоо» ж. б. ыкмаларды колдоно алат. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 17 4. КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫН КАТТОО Калыптандыруучу баалоо окутуу процессинде жүргүзүлөт, бирок мугалим баа койбойт. Топ менен иштөө учурунда мугалим тапшырманы кандай аткарып жатышкандыгына байкоо жүргүзүү менен окуучуларды баалай алат. Төмөндөгү таблица окуу сабактарында окуучулардын жетишүүсү жөнүндө берилген маалымат чогултуунун мисалы катары берилет: Таблицада окуучулардын окурмандык компетенттүлүгүнүн калыптануу деңгээли менен чакан топтордо ишке катышуу деңгээли жөнүндөгү маалымат киргизилген. Чогултулган маалыматтын негизинде мугалим кийинки кадамын – кайтарым байланыш жүргүзүүнү жана өзүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ишке ашырат. Мугалимдер бул таблицаны өз сабактарынын күтүлүүчү натыйжаларына жараша, баалоо критерийлери менен көрсөткүчтөрдү(индикторлорду) каалаганындай ыңгайлаштырып колдонушса болот. Таблицанын, башкача айтканда, калыптандыруучу баалоо боюнча маалыматтарды топтоо бланкынын формасы модулдун 1-тиркемесинде берилди. 18 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Калыптандыруучу баалоо боюнча маалыматтарды топтоо бланкы Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 19 5. КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛОНУН ЫКМАЛАРЫ Калыптандыруучу баалоонун бир нече ыкмалары бар. Алардын жардамы менен мугалим окуучулардын окуу процессине катышуу жана түшүнүү деңгээлин текшере алат. Окуучулардын жоопторун кылдаттык менен талдоонун негизинде мугалимдер окуучулардын түшүнбөй калгандарын толуктап, артта калуусун жоюуга жардам бере алат. 5.1. А.КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУН ЫКМАЛАРЫ (аткаруу тартиби) Кар тобу Бул көнүгүү бөлүмдүн аягында же жаңы бөлүмгө өтөрдүн алдында окуучулар эменелерди үйрөнүп, билгендигин аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Кар тобу – окуучулардын буга чейинки билимдерин активдештирүүнүн же өтүлгөн материалдарды кайталоонун көӊүлдүү ыкмасы. Аткаруу тартиби Мугалим класстагы окуучулардын санына жараша барактарды даярдайт. 1. Теманын аталышын айтып, окуучуларга бул тема боюнча билгендерин (жекече) эстөөгө убакыт бериӊиз. 2. Мугалим окуучулардан жуптарда талкуулап, тема боюнча өтүлгөн материалдарды бири-биринин эсине салууларын өтүнө алат (жуптарда талкуулоо теманын окуучулардын эсинде калуусун камсыз кылат). 3. Ар бир окуучуга жарым барактан кагаз таратылып, бул тема боюнча билген ырастоолорун же фактыларын жазуу тапшырмасы берилет. 4. Жазып бүткөндөн кийин кагазды кар тобу сыяктуу тоголоктоштурушат. Үчкө чейин санаганда окуучулар «кар топторун» белгиленген жерге: доскага чийилген тегерекчеге, кутуга же чакага ыргытуулары зарыл. 5. Андан кийин окуучулар тегерек болуп туруп, бирден «кар тобун» алып, ичинде жазылгандарын кезек менен окушат. Ар бир жазуу окулгандан кийин мугалим окуучулардан ырастоонун же далилдин туура же туура эмес экендигин аныктоону сунуштайт. Бир «кар тобу» менен эле бир нече окуучунун пикирин билүү зарыл. Туура жазылган мисалдар бир баракка көчүрүлүп жазылат. (Мугалим бул учурда «Билем – билгим келет – билдим» схемасын да колдоно алат.) Тема боюнча туура эмес жазылган мисалдар болсо, катасын жоюу үчүн бул эң ыңгайлуу мүмкүнчүлүк. Кошумча вариант: бул көнүгүү ар бир окуучу кагазга тема боюнча суроо жазуу түрүндө дагы өткөрүлүүсү мүмкүн. «Кар тобун» алган окуучу анда жазылган суроого жооп берүүсү керек. Убакытты үнөмдөө үчүн жооптор жазуу түрүндө болот. 20 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Жол чырагы Окуучулардын түшүнүүсүн текшерип туруу үчүн мугалим ар бир окуучуга же ар бир топко төмөнкүдөй тегерекчелерди таратып бериши мүмкүн. Мугалим окуучуларга тегерекчелер эмне үчүн колдонуларын жана эмнени билдирерин түшүндүрөт. Мен бардыгын түшүндүм! Көбүн түшүндүм, бирок суроолорум бар! Түшүнбөй жатам, мага жардам керек! Аткаруу тартиби 1. Ишти аткаруу учурунда мугалим окуучулардан тегерекчелерди көрсөтүүнү өтүнөт. Тегерекчелердин кайсынысын көрсөтүү керектигин окуучулардын ар бири өзү чечет. 2. Кызыл тегерекче (лерди) көрсөткөн окуучу(лар)га мугалим жардам берүүсү тийиш. Мугалимдин жардамы багыт берүүчү суроо, эске салуу, үлгү же мисал түрүндө болуусу тийиш. 3. Андан кийин мугалим сары тегерекчелерди көрсөткөн окуучулар тапшырманы кандай аткарып жаткандыгын текшерет. Талап кылынса, аларга дагы кеп-кеңеш, суроо же комментарий түрүндө кайтарым байланыш берет. 4. Мугалим жашыл тегерекчелерди көрсөткөн окуучулардын ишине да байкоо жүргүзөт. Тапшырманы туура эмес аткаргандар болсо аларга да багыттама түрүндө жардам берет. Жооп барагы Жооп барагы – бул окуучулар адатта сабактын аягында толтура турган жарым барак өлчөмүндөгү карточка. Мугалим окуучуларга суроо берип, жоопторун карточкаларга жазып, кайра тапшырууну өтүнөт. Окуучулардын жоопторун талдап, мугалим кимиси теманы түшүнгөнүн, кимисине кошумча түшүндүрүү керек экендигин аныктайт. Бул ыкма мугалимге кийинки сабакты окуучулардын муктаждыктарына жараша ылайыкташтыруу (тиешелүү ыкмаларды тандоо, жеке тапшырмаларды даярдоо) мүмкүнчүлүгүн берет. Аткаруу тартиби 1. Негизги суроону аныктап алыӊыз. Окуучуларга ойлонууга убакыт бериӊиз. 2. Сабактын аягында суроону доскага жазыӊыз. Окуучулар жоопторун «жооп барагына» жазуулары үчүн 3–5 мүнөттөй убакыт бериӊиз. 3. Сабак аяктаганда окуучулардын «жооп барактарын» чогултуп алыӊыз. 4. «Жооп барактарын» окуп чыгып, эки топко: түшүнгөн окуучулардын барактарын өзүнчө, түшүнбөгөн окуучулардыкын өзүнчө бөлүӊүз. Талдоонун натыйжасын кийинки сабакты пландаштыруу үчүн колдонуӊуз. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 21 «Жооп барагы» сабак учурунда эң түшүнүксүз, чаташтырган көйгөйдү аныктоо үчүн ыкчам стратегия болуп эсептелет. Окуучулардан сабак учурунда пайда болгон такыр түшүнүксүз, чаташтырган суроону жазууларын өтүнүӊүз. Алардын жазгандарын талдоонун негизинде кийинки сабакта байкоо жүргүзүүнү жана/же кайра түшүндүрүүнү пландаштырыӊыз. Суроолор токтоочу жай «Суроолор токтоочу жай» ыкмасы – бул окуучулардын сабак учурунда пайда болгон суроолору жана идеялары үчүн алдын ала даярдалган жай. Мындай жайды уюштуруу үчүн тактанын бир бөлүгү, дубалга жабыштырылган ватман же стикерлер колдонулат. Бул «токтоочу жайга» окуучулар өз суроолорун, жардам берүү же кошумча практика боюнча өтүнүчтөрүн калтыра алышат. Ошону менен бирге, «Суроолор токтоочу жай» окуучулардын байкоолору, көз караш жана ой-пикирлери менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн да берет. Бул ыкма окуучулар кандай окуганын, алардын ой-пикирлерин, кандай кыйынчылыктарды сезгендерин билүү үчүн ченем-куралы катары кызмат кылып, көп убакытты талап кылбайт. Мугалим үчүн окуучулардын идеялары каралып чыгып, кийинки сабакта ал суроолорго жооп бериле тургандыгын ырастоо үчүн эң ыңгайлуу ыкма. Сыйкырдуу таякчалар Мугалимдер айрым бир окуучуларды кайра-кайра суроолорго жооп берүү үчүн чакыра беришкенин өздөрү да байкабай калышат. Мындай жагдай окуучулардын же байкоочулардын көзүнө дароо илинет. Кээ бир окуучулар муну билип туруп, мугалимдин суроосун укпай да коюшат. Мугалимге бул көйгөйдү чечүү үчүн окуучулардын аттары жазылган таякчалар жардамчы болуп, ар бир окуучунун сабакка активдүү катышуусун камсыздайт. Бул абдан жөнөкөй, бирок өтө натыйжалуу стратегия. 22 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Ар бир окуучунун атын таякчага жазып коюӊуз. Бул ишти окуучулар менен биргеликте аткарса болот. Таякчаларды стаканга же банкага салып коёсуз. Сабак учурунда мугалим суроо берип, идиштен бир таякчаны алып чыгат. АДЕГЕНДЕ суроо берүү керек, анткени суроонун алдында бир окуучунун аты аталып калса, башка окуучулар суроону укпай коюшат. Окуучу жооп бергенден кийин, анын аты жазылган таякча кайра идишке салынат. Эгерде мугалим таякчаны четке алып койсо, окуучу башка суроо берилбейт экен деп, сабакка көңүл бурбай калат. «Сыйкырдуу таякчалар» – сабак учурунда тапшырма берүү үчүн жакшы ыкма жана бардык окуучулардын катышуусун камсыздайт. Мугалим идиштен таякчаларды карабай туруп алып чыгышы мүмкүн. «Сыйкырдуу таякчаларды» текстти кезектешип окууда да колдонсо болот: биринчи, экинчи, үчүнчү, … болуп ким окуйт? 5.2. Б.КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ БААЛООНУН ЫКМАЛАРЫ (кыскача т ш нд рм ) 4 Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Жыйынтыктоочу суроолор Мугалим мезгил-мезгили менен окуучулардан төмөнкү тапшырмаларды аткарууну өтүнөт: • бөлүмдүн аягында түшүнгөн негизги ойду үч сүйлөм менен жазгыла; • ошол эле барактын артына – түшүнбөй калгандарын суроо же ырастама түрүндө жазгыла. 20 секунд Мугалим окуучуларга негизги бир суроону берип, ойлонууга 20 секунд убакыт берет. Бул ыкма окуучулардын баарына тереӊирээк ойлонуп жооп берүүсүнө жардам берет. Көп учурда мугалим суроо бергенден кийин дароо жооп алууга өтөт, адатта класста 4–6 окуучу гана тез жооп берүүгө даяр; мындай жагдай башка окуучулардын тереӊирээк ойлонуп жооп табуусуна тоскоолдук кылат5 . Эки жылдыз, бир каалоо Мугалим окуучуларга аткарган иштери менен алмашып, өнөктөшүнүн жазуу ишин текшерүүнү сунуштайт. Текшерүү учурунда окуучу өнөктөшүнүн ишиндеги критерийлерге жооп берген же өтө жаккан эки нерсени белгилеп, ар биринин жанына жылдыздын сүрөтүн тартат. Ошондой эле оӊдоп-толуктоону талап кылган бир учурун белгилеп, жанына сунушун жазат же оозеки айтат. Текшерүү аяктагандан кийин жуптар натыйжаларды өз ара талкуулашат, адегенде жакшы жактары – «жылдыздар» – айтылат, андан кийин «сунуш» айтылат. Жуптар өз иштерин кайтарып алып, сунуштардын негизинде, бөлүнгөн убакыт ичинде оңдой алышат. Кийинки баалоону мугалим жүргүзөт. 4 Адаптацияланган булактар: Lambert, K. OCPS Curriculum Services, April, 2012 and Dodge, Judith. 25 Quick Formative Assessments for the Differentiated Classroom. Scholastic, 2009. 5 Оценивание учебных достижений учащихся. Методическое руководство/Сост. Р. Х. Шакиров, А. А. Буркитова, О. И. Дудкина. – Б.: «Билим», 2012. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 23 Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Кол ишараты Баш бармак өйдө Баш бармак капталды көздөй Кол булгалоо же баш бармак ылдый Мен түшүндүм, түшүндүрө алам. Түшүнгөнүмө күмөнүм бар, толук түшүнүү үчүн мага кошумча жардам керек. Мен али түшүнгөн жокмун. Суроолор айлампасы Мугалим классты 4 окуучудан чакан топторго бөлөт. Ар бир топ үй тапшырмасы боюнча суроо даярдайт. Ага 1 мүнөт убакыт берилет. Мугалим суроолорду төмөнкү сөздөрдү катыштырып түзүүнү сунуштайт: кантип, ким, эмнеге, эмне болду, автор … кантип баяндады? Автордун … карата мамилеси кандай? Биринчи топ экинчи топко суроо берет, жооп берүүгө 2 мүнөт убакыт берилет. Жооп берген топ кийинки топко өз суроосун берип, иш ушундай ырааттуулукта уланат. Көнүгүү суроолордун баары берилип, биринчи топ жооп бергенде аяктайт. Үч мүнөттүк эссе Үч мүнөттүк эссе – бул 2–3 мүнөттүн ичинде жооп берүүгө мүмкүн болгон белгилүү максатты көздөгөн суроо. Окуучуларга өтүлгөн материалды маани берип түшүнүүгө жана үйрөнгөндөрү менен өз тажрыйбасынын ортосунда байланышты түзүүгө түрткү берген суроолорду колдонуӊуз. Окшоштуктар Окуучуларга окшоштуктарды аныктоо боюнча суроолорду берүү алардын түшүнгөнүн билүүгө жол ачат. Алар жаңы үйрөнгөндөрү менен мурдатан билгендеринин ортосундагы окшоштуктарды аныктоолору зарыл. Мугалим окуучуларга багыт катары төмөнкү сүйлөм түзүлүшүн колдонууну сунуштай алат: ААА… БББга окшош, анткени… Туура-туура эмес Мугалим окуучуларга белгилүү бир түшүнүк, принцип же процесс жөнүндө жалпысынан же алдын ала билүүгө мүмкүн болгон туура эмес маалымат берет. Мугалим окуучулардан берилген маалымат менен макул же макул эмес экендигин, анын себептерин түшүндүрүп берүүсүн өтүнөт. 24 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Маек Окуучулардын түшүнгөнүн жеке маектешүү же окуучулардын чакан топтору менен маектешүү аркылуу баалоо мүмкүн. Маектин алдында күтүлүүчү натыйжаларга шайкеш келген атайын суроолорду түзүп алыӊыз. Маек учурунда жоопторду кыскача жазып же сүрөт түрүндө белгилеп алыӊыз да, окутууну пландаштыруу учурунда колдонсоӊуз болот. Үч мүнөттүк тыным Үч мүнөттүк тыным окуучуларга тыным жасап, жаңы өткөн түшүнүк же идеялар жөнүндө ой жүгүртүү, буга чейинки билимдери менен байланыштыруу жана түшүндүрмө алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ой-пикирлерин же тактоочу суроолорду берүү үчүн мугалим окуучуларга төмөнкү алдын ала даярдалган конструкцияларды колдонууну сунуштайт: • Мен … карата өз мамилемди өзгөрттүм. • Мен … болгонун/экенин билдим. • Мен … таң калдым. • Мен … сездим. • Мен … байланыш түздүм. Муштум жана манжалар Мугалимге тез жана дароо баалоо керек болгон учурда «Муштум жана манжалар» ыкмасын колдонуу абдан ыңгайлуу. Мугалим окуучуларга суроо берип, түшүнүү деңгээлин манжалардын жардамы менен көрсөтүүнү сунуштайт. Окуучу 1 манжасын көрсөтсө, теманы түшүнбөгөнүн, кошумча маалымат жана жардамга муктаж экендигин билдирет. Эгерде окуучу жакшы түшүнө баштаса 3–4 манжасын көрсөтөт. Ал эми окуучу окуу материалын толугу менен өздөштүрүп түшүнсө, 5 манжасын муштумга түйүп көрсөтөт. Бул ыкманын жардамы менен мугалим окуучулардын материалды өздөштүрүү деңгээлин билип, окутууну тиешелүү түрдө ыңгайлаштыра алат. Портфолио Мугалим окуучунун портфолиосунун өнүгүүсүн текшерет. Портфолио – бул окуучунун аткарган маанилүү иштеринин арасынан кылдаттык менен тандалып алынган иштеринин топтому. Ар бир ишине аткарылган күнү белгиленет. Анын жардамы менен окуучунун белгилүү багыттарда, мисалы, окууда, жазууда ж. б. жетишкендиктеринин жогорулашы же өнүгүүсү аныкталат. Адатта портфолиого окуучу эмне үчүн дал ушул ишин тандап кошкону, көндүмдөрүнүн же жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүгүүсүн кантип чагылдырары тууралуу окуучунун жазуу түрүндөгү жеке ой-пикирлери киргизилет. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 25 Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Блиц-тест Блиц-тест – маалымат, түшүнүк жана белгилүү көндүм боюнча окуучулардын билимдерин баалоо үчүн колдонулган кыска тест. Жалпы эреже катарында, суроого эң мыкты бир жооп болуусу тийиш. Блиц-тестти төмөнкү формалардан түзүү мүмкүн: • Көп варианттуу жоопторду камтыган тест. • «Ооба же жок» тести. • Шайкештиктерди аныктоо тапшырмасы. • Кыска жоопту талап кылган суроо. Журналдагы жазуу Мугалим кыска жазуулар үчүн журнал ачат. Окуучулар теманы, жагдайды же сабакты түшүнгөндөрү тууралуу журналга кыскача жазышат. Жазылгандарды окуп чыгып, өткөн сабактын темасын окуучулар канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн билет. Хор менен жооп берүү Мугалимдин суроосуна окуучулардын баары бир убакытта хор менен жапырт жооп беришет. Ошондой эле окуучулар мугалим айтканды чогуу кайталоолору да мүмкүн. Бул ыкма окуучулардын ар бирин баалоо процессине катышууга шыктандырат. Спиннер Мугалим сүрөттө көрсөтүлгөндөй, жебеси менен спиннер жасап, анын бетин төрткө бөлөт. Бөлүктөр «Божомолдоо», «Түшүндүрүү», «Жалпылоо» жана «Баалоо» сөздөрү менен бегиленет. Адегенде мугалим спиннерди колдонуунун максатын түшүндүрөт; айландыргандан кийин жебе кайсы бөлүккө токтосо, окуучудан ошого ылайык жооп берүүнү өтүнөт. Мисалы, жебе «Жалпылоо» бөлүгүнө түшсө, мугалим окуучудан өтүлгөн материалдын негизги идеяларын айтып берүүнү өтүнүүсү мүмкүн. Кош тегерек Окуучулар эки катар болуп, тегерете – ички тегеректегилер, тышкы тегеректегилерге бетме-бет турушат. Ар бир жуптагылар бири-бирине алдын ала даярдалган суроолорду беришет. Тышкы тегеректеги окуучулар жылып, башкалар менен жуп түзүп, бири-бирине суроо берүүнү улантат. Окурман театры Мугалим окуучулардан тандалып алынган чыгарманын негизинде сценарий түзүп, оюн коюуну өтүнөт. Бир сүйлөм менен жалпылоо Мугалим окуучулардан өтүлгөн тема боюнча «ким, эмне, качан, кайда, эмнеге, кантип» деген суроолорго жооп берген жалпылоочу бир сүйлөм түзүп, жазууну сунуштайт. 26 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Бир сөз менен жалпылоо Өтүлгөн теманы жалпылоо үчүн эң ылайык болгудай бир сөз тандалат (же ойлонуп табылат). Мен-сен-биз Мугалим окуучуларга суроо берет. Ар бир окуучу өз жообун туюндуруп, жуптагы өнөктөшү менен алмашат. Мугалим каалаган окуучуларды чакырып, алар өз жоопторун жалпы класс менен бөлүшөт. Оозеки сурамжылоо __________ _________ эмнеси менен окшош/айырмаланат? __________________ мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кандай? _________________ башкача кантип көрсөтсө болот? _________________ негизги идеясы, накыл-насааты эмнеде? ____________ ___________________ кандайча байланышат? _______________________ мисал келтир. _________________________ эмнеси туура эмес? __________________ кандай корутунду чыгарса болот? Кайсы суроого жооп табышыбыз зарыл? Кайсы көйгөйдү чечүүбүз керек? ___________________ болсо, эмне болот? _________ баалоо үчүн кайсы критерийлерди колдонсок болот? __________________ кайсы далилдер туура экенин билдирет? Кандай варианттарды кароо зарыл? Орун ээле же төрт бурч Окуучулар өтүлгөн тема боюнча коюлган ырастоого өзүнүн жеке мамилесине жараша бурчтардан орун ээлешет: • 1-бурч: ырастоо менен толук макул; • 2-бурч: ырастоо менен макул; • 3-бурч: макул эмес; • 4-бурч: кескин түрдө макул эмес. Окуучулар тиешелүү бурчтардан орун алгандан кийин мугалим түрдүү ой-пикирлерди талкуулоону сунуштайт. Окуучуларга талкуу учурунда же анын натыйжасында башка бурчтан орун ээлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Түшүнүксүз Бул ыкма окуучулардын өтүлгөн материалды түшүнүү деңгээлин аныктоого жардам берет. Адатта, бул көнүгүүнү аткарууга 1 мүнөт убакыт берилет, бирок, мугалим коюлган суроого жооп даярдоо үчүн окуучуларга көбүрөөк убакыт берүүсү мүмкүн. Бул көнүгүү боюнча (адатта сабактын аягында же жаңы теманы өтөрдө) мугалим окуучуларга «Бүгүнкү сабактын кайсы бөлүгү түшүнүксүз болду?» – деген суроону берет. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 27 Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү 3-2-1 Жалпылоонун бул стратегиясы сабакты аяктоонун мыкты ыкмасы болуп эсептелет. Мугалим окуучулардан сабакта үйрөнгөн үч нерсени, алар үчүн кызык болгон эки нерсени жана суроо туудурган бир нерсени атап берүүлөрүн өтүнөт. Варианттар: • _____________________ортосундагы 3 айырмачылык; ___________ _____________ көрсөткөн 2 таасири; өтүлгөн тема боюнча мугалимге 1 суроо; • 3 маанилүү факт, 2 кызыктуу факт, 1 корутунду; • 3 негизги сөз, 2 жаңы сөз, ой жүгүртүүнү талап кылган 1факт. • текст боюнча 3 суроо (бейтааныш сөздөр, түшүнүксүз үзүндү же идеялар), текст боюнча 2 божомол (текст боюнча кийин эмне болору жөнүндө), күнүмдүк турмушта болгон нерселер менен 1 байланыш (окулган нерсе менен жеке тажрыйбасынын ортосунда байланыш түзүү). Тез жооп берүү Бул стратегия боюнча мугалим текстти окуганга чейин/окуу учурунда/окугандан кийин берген ачык суроосуна окуучулар 2–10 секунд ичинде жооп беришет. Өз сөзү менен айтып берүү Окуучулар мурунку сабакта өткөн тема боюнча негизги идеяны өз сөзү менен айтып беришет. Байланыш түзүүчү суроо Эки мүнөт ичинде окуучулар мурунку сабакта берилген негизги идеяларды эстеп, маанилүүлүк деңгээлине жараша кезеги менен аташат. Эки мүнөттө эстеген бардык нерселерин бир сүйлөм менен жалпылашат, жооп алгылары келген негизги бир суроону жазышат жана тема менен сабактын негизги максатынын ортосунда байланыш түзүшөт. Ликерттин шкаласы Мугалим талаш-тартыш жараткан 3–5 ой-пикир айтылат. Максаты – окуучуларга текстке маани берип түшүнүүгө түрткү берүү жана башка окуучулар менен талкууга тартуу. Бул шкала боюнча негизгиси – каармандарга, окуяларга, көйгөйлөргө ж. б. тиешелүү жалпылоолор эсептелет. Ал окуучуларга маалыматты талдоого, синтездөөгө жана баалоого жардам берет. Ликерттин шкаласындагы болжолдуу суроо: 1. Башкы каарман (аты) (кыймыл-аракетти) го мисал жасабашы керек эле). _________________________ Толугу менен макулмун. Макулмун. Макул эмесмин. Такыр макул эмесмин. 28 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Менде суроо бар, жообу кимде? Мугалим эки комплект карточкаларды даярдайт. Бир комплектте тема боюнча суроолор болот. Экинчисинде – ал суроолорго жооптор жазылат. Жооптор жазылган карточкалар окуучулар арасында же бир партага (эки окуучуга) бирден таратылат. Мугалим же окуучулардын бири суроону жалпы класска окуйт. Окуучулар карточкаларындагы жоопторду текшерип, кимде тиешелүү жооп болсо, окуп берет. Карточкалардын саны окуучулардын же парталардын (жуптардын) санына жараша болуш керек. Көрүү айлампасы Мугалим суроо же тапшырма берет. Окуучулар өз алдынча жок дегенде 3 ырастоочу ой-пикир/жооп жазуулары зарыл. Жооптор даяр болгондо окуучулар ордуларынан турушат. Мугалим каалаган тартипте окуучулардын бирин жообун окуп берүүнү өтүнөт. Эгерде окшош жооптор болсо, окуучулар өз карточкаларындагыларды чийип салышат. Жоопторунун баары чийилген окуучулар ордуларына кайра отурушат. Берилген жооптордун негизинде мугалим жалпы окуучулардын түшүнүп-түшүнбөгөнүн аныктай алат. Кезектешүү Чакан топтордо ар бир мүчөнүн ой-пикирин билип, маалымат топтоого багытталган көнүгүү. Мугалим суроолорду берет. Окуучулар кезектешип бир баракка жоопторду жазып, топтун кийинки мүчөсүнө өзүнүн жообун жазуу үчүн өткөрүп берет. Көнүгүү жооп баракчасы кайрадан биринчи окуучуга айланып келгенде аяктайт. Андан кийин топ жоопторду талкуулайт. Бир нерсе айтып берчи Окуучулар кезектешип чыгарманын же видеоматериалдын үзүндүсүн талкуулоодо лидердин ролун аткарышат. Лидер талкууну «... жөнүндө мага бир нерсе айтып берчи» деген сөз менен баштайт. Белги кой Окуучулар бул стратегияны маанилүү нерсени эстеп калуу үчүн колдонушат. Бул стратегияда тексттерге белги коюу үчүн стикерлер колдонулат. Өз оюӊду жаз Түшүнүүнү жазуу түрүндө текшерүү стратегиясы. Окуучулар толук эмес сүйлөмдөрдү өздөрүнүн ойлору менен толуктап жазышат. Алиппе Окуучулар төрттөн болуп топторду түзүшөт. Алардын бири «А» тамгасы, экинчиси «Б» тамгасы ж. б. у. с болушат. Окуучулардын ар бири өтүлгөн тема бонча ой жүгүртүп, сүрөт тартуу аркылуу өзүнүн чечмелеп түшүнүүсүн визуалдаштырат. Андан кийин ар бир топтон бир окуучу башкалар менен зигзаг түрүндө өз тобунун жооптору менен бөлүшөт. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 29 Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Сен мага, мен сага Мугалим менен окуучу тексттин үзүндүсүн үн чыгарбай (ичинен) окушат (текст аягына чейин окулбайт). Андан кийин окуучуларга китебин ачык калтырууга уруксат берилет, мугалим болсо китебин жабат. Окуучулар окулган текст боюнча мугалимге суроо беришет. Мугалим окуучулардын бардык суроолоруна жооп бергенге аракет кылат. Андан кийин окуучулар менен мугалим ролдору менен алмашышат – окуучулар китептерин жабышат, мугалим ачат. Көнүгүү окуучулар текстте андан ары эмне болорун болжолдоо үчүн жетиштүү маалымат топтогонго чейин улантылат. Андан кийин окуучулар текстти аягына чейин окушат. Б-Б-Б Окуучулар жалпы класс менен, чакан топтордо же өз алдынча мурун билгендерин, билгиси келгендерин, жаңы билгендерин талдашат. Негизги маалыматты жазуу үчүн таблица колдонулат. Андан кийин ар бир окуучу жаңы окуп-билгендерин жалпылап, чакан абзац жазат. Хор менен окуу Окуучулар негизги ойду чагылдырган үзүндүнү белгилеп, хор менен үн чыгарып окушат. Сократтын чөйрөсү Окуучулар бири-бирине тема же тексттин үзүндүсү боюнча суроо беришет. Суроо талкууланып, бир нече жооп алынгандан кийин кошумча суроолор берилет. Аталыш Өтүлгөн теманы чагылдырган бир аталыш ойлонуп табылат. Ал аталыш теманын/окуялардын негизги идеясын чагылдырууга тийиш. Катар сандар Окуучулар төрттөн болуп топторго бөлүнөт, топтун ар бир мүчөсүнө номер ыйгарылат. Мугалим суроо бергенде, балдар чогуу болжолдуу жоопту талкуулайт. Мугалим санды атаганда топтун тиешелүү мүчөсү даярдалган жоопту айтат. Галереяны кыдыруу А варианты. Окуучулар топторго бөлүнүп, тема боюнча идеяларын ватманга жазып, топтун презентаторун шайлайт. Топтун калган мүчөлөрү башка топторго өтүп, ал топтун презентаторуна суроолорду беришет. Мүчөлөр өз топторуна кайра келип, башка топтордо көргөндөрүн талкуулашып, зарылчылык болгон учурда жоопторун толукташат. Б варианты. Окуучуларга чоң өлчөмдөгү ватман жана фломастерлер берилет. Топтор өз идеяларын граффити түрүндө жазышат. Топтордун мүчөлөрү башка топтордун иштерин карап, өз жоопторун толуктай алышат. 30 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Бир суроо/бир комментарий6 Окуучулар тексттин үзүндүсүн окуп, бир суроо жана бир комментарий даярдашат. Ар бир окуучу бирден суроо жана бирден комментарий даярдайт. Андан кийин биринчи окуучу өзүнүн комментарийи менен бөлүшүп, суроосун кийинки окуучуга берет, ал окуучу жооп берип, өзүнүн комментарийи менен бөлүшүп, суроосун андан кийинки окуучуга берет. Кайра айланып кезек биринчи окуучуга келгенде, тексттин бир эле үзүндүсү боюнча түрдүү ой-пикирлерди билүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Эскертүү: Окуучулар жалпы класс менен же чакан топтордо иштей алышат. Реакция көрсөткүчү Окуучулар мугалим берген суроого реакциясын көрсөтүү үчүн карточкаларды/баракчаларды бир мезгилде көтөрүп көрсөтүшөт. Көрсөтүлгөн карточкалардын жардамы менен мугалим жалпы класс менен иштеп жаткан учурда айрым бир окуучулардын реакцияларын/жоопторун жеӊил аныктай алат. Карточкалар мугалим каалагандай түстө, формада ж. б. болуусу мүмкүн. Реакция көрсөткүчү жооп бергенге даяр айрым окуучуларды гана эмес, класстагы бардык окуучулардын катышуусун камсыздайт. «Ооба же жок» карточкалары «Ооба же жок» карточкалары – бул жооптор жазылган карточкалар. Мугалим окуучуларга алдын ала даярдалган экиден карточка таратат. Анын биринде «ооба», экинчисинде – «жок» деп жазылат. Мугалим суроо бергенде, окуучулар карточкаларынын тиешелүүсүн көтөрүп жооп беришет. Мугалим туура же туура эмес жоопторду дароо көрөт. Фактыларга чабуул Адегенде бул жалпылоочу көнүгүүгө жалпы класс сереп салат, андан кийин чакан топтордо же өз алдынча жеке аткарышат. Башында окуучулар тема боюнча топтук мээ чабуулуна катышып, топтордо темага байланыштуу фактыларды, окуяларды, идеяларды, концепцияларды, негизги идеяларды, принциптерди ж. б. аныктап, тизме түзүшөт. Алардын тизмелеринин негизинде жазуу түрүндө көнүгүүлөрдү иштеп чыкса болот. 6 Комментарий — бул бир нерсе тууралуу ой-пикир айтуу же эскертүү. Ушаковдун түшүндүрмө сөздүгүнөн алынды. Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 31 Ыкманын аталышы Кыскача түшүндүрмөсү Ким …, тап Алдын ала даярдалган суроолорду колдонуп окуучулар классты айланып, классташтарына суроо берип, жооп алганга 10 мүнөт убакыт берилет. Мугалим ар бир жооп ар башка окуучудан алынуусу зарыл экендигин түшүндүрөт. Окуучулардын бардыгы жоопторун жазгандан кийин, өз орундарына отурууну өтүнөт. Мугалим окуучулардан эмнени угуп, үйрөнгөндөрүн синтездеп, кыскача жалпылап жазууларын өтүнөт. Мындай жалпылоо окуучуларга маалыматты иреттеп, материалды эстеп калууга жардам берет. 32 Келгиле, окуйбуз! Калыптандыруучу баалоо 6. ТИРКЕМЕЛЕР 1-тиркеме. Калыптандыруучу баалоо боюнча маалыматтарды топтоо бланкы Классы: __________________ Күнү _________________ Баалоо индикаторлору Критерийлер