СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практика үчүн колдонмо

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

ПОВТАС адистигинде окуган студент-практиканттар үчүн колдонмо

Просмотр содержимого документа
«Практика үчүн колдонмо»

Иштеп чыккан: Математика жана информатика кафедрасынын доценти Раманкулов Мухамедназар, Өзгөн, 2012-жыл

ПОВТАС адистигинде окуган студент-практиканттар үчүн колдонмо

1. Практиканын максаты жана милдеттери

  • теориялык курстардан алынган билимдерди бышыктоо жана тереңдетүү;

  • компьютердик техниканын программалык жабдылышы менен таанышуу жана программаларды компьютерге орнотууну ишке ашыруу процессин өздөштүрүү;

  • персоналдык компьютерди ишке кийирүүнүн практикалык навыктарын алуу;

  • практикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү навыктарын алуу;

  • прикладдык программалар пакети жана сервистик программалар менен натыйжалуу иштөөгө үйрөнүү;

  • принтер жана башка компьютердин кошумча түзүлүштөрү менен иштөөнүн практикалык көнүмүштөрүнө ээ болуу.

2. Жумуш оруну жана убакыт нормасы

Практиканы өтөө мезгилинде студенттер үчүн жумуш оруну болуп компьютердик жана башка офистик техника менен жабдылган жумуш оруну эсептелет.

Убакыт практика өткөрүлүүчү мекеменин шартына ылайык бөлүштүрүлөт. Жумушчу орунда практиканттын иштөө тартиби ал мекеме (ишкана) менен таанышкандан кийин практиканын мекемедеги (ишканадагы) жетекчиси тарабынан аныкталат. Жумушчу орунда иштеген практикант эмгек тартибинин, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышына милдеттүү.

3. Практиканын мазмуну

  • Студент практиканы адистиктин окуу планындагы графикке ылайык өтөйт.

  • Практика мезгилинде ишкананын (мекеменин) өндүрүштүк мүнөздөгү иштери аткарылат.

  • Практикант компьютер менен иштөө ыкмаларына жана көнүмүштөрүнө ээ болуусу керек.

  • Практиканын жыйынтыгы боюнча отчет практика мезгилинде даярдалып, мазмундуу, сабаттуу жазылган болушу зарыл.

  • Отчетту жазуунун үстүнөн практикант системалуу иш алып барып, аны берилген тапшырмаларга ылайык практика бүткөн мезгилде даярдап бүткөрүүсү керек.

4. Күндөлүктү толтуруу тартиби
  • Күндөлүктөгү жазуулар практика өтөө графигине ылайык келиши керек.

  • Күндөлүк ар күнү толтурулуп, практиканын ишканадагы жетекчиси тарабынан аптасына бир жолудан кем эмес каралып, кол тамга коюлат.

  • Күндөлүккө практика мезгилинде компьютер менен аткарылган бардык иштер жазылат.

  • Күндөлүккө практиканын ишканадагы жетекчиси кол тамга койгондон кийин, мекеме жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлөт жана отчет жазылып практиканын окуу жайдагы жетекчисине тапшырылат.

5. Отчеттун мазмуну жана аны даярдоо

Отчет төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  1. мекеме (ишкана) тууралуу жалпы маалыматтар, технико-экономикалык көрсөткүчтөрү, структурасы ж.б.;

  2. мекемеде (ишканада) маалыматтар менен иштөөдө пайдаланылуучу компьютердик техниканын мүнөздөмөлөрү жана Microsoft Office пакетинин негизги прикладдык программалары тууралуу маалымат;

  3. аткарылган өндүрүштүк тапшырмалар (даярдаган файлдардын үлгүлөрү) боюнча мисалдар аркылуу түшүндүрмө жана колдонулган программалар жөнүндө маалымат;

  4. Жыйынтык. Практика боюнча ойлор, сунуштары жазылат.

Отчетко төмөнкүлөр тиркелет:

  • аткарган практикалык жумуштардын (иш-кагаздардын) үлгүлөрү;

  • компьютерге практикант орноткон программалар тууралуу маалыматтар;

  • күн сайын аткарылган иштер тууралуу маалымат (таблица 1);

  • мүнөздөмө.



Практикада күн сайын аткарылган иштер тууралуу маалымат (үлгү)

(практикант тарабынан толтурулуп, практиканын мекемедеги жетекчиси кол тамга коет)

Таблица 1

№№

Дата

Аткарылган иштердин кыскача мазмуну

Жетекчинин колтамгасы

1.




2.




...





Мүнөздөмөдө төмөнкү маалыматтар камтылуусу зарыл:

  • теориялык жана практикалык даярдыгынын дэңгээли;

  • аткарган иштеринин сапаты;

  • эмгек тартибинин сакталышы;

  • кемчилдиктери жана сын-пикирлер.

Мүнөздөмө жетекчинин колтамгасы жана ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Отчеттун титулдук барагынын үлгүсү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Өзгөн технология жана билим берүү институту




______________________________________________________________

(практика өткөрүлүүчү мекеменин аты)


_____________ группасынын студенти ____________________________________

(практиканттын фамилиясы,


______________________________________________________________________

аты, атасынын аты)


алгачкы кесиптик көнүмүштөрдү алуу

адистик профили боюнча

диплом алдындагы

(керектүүсүнүн асты сызылат)


практикасын өткөрүү боюнча


ОТЧЕТ





Окуу жайдан практиканын жетекчиси __________________________________________

(фамилиясы, аты)


Өндүрүштөн практиканын жетекчиси ___________________________________________

(фамилиясы, аты)


Практиканын мөөнөтү _______________________________________________________