СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Предметтик мугалимдердин методикалык күнү жөнүндө Ж О Б О

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Усулдук күн - бул окуу жүктөмүнүн шартына жараша, гимназиянын окуу процессин үзгүлтүккө учуратпагандай, окуучулардын жумалык окуу жүктөмүнөн ашпагандай түзүлүүсү керек.

Просмотр содержимого документа
«Предметтик мугалимдердин методикалык күнү жөнүндө Ж О Б О»



Предметтик мугалимдердин методикалык күнү жөнүндө

Ж О Б О

  1. Жалпы жобо



    1. Гимназиянын педагогикалык кызматкерлерине жалпы коллективдик макулдашуунун негизинде жуманын бир күнү усулдук күн катары берилет.

    2. Усулдук күн - бул окуу жүктөмүнүн шартына жараша, гимназиянын окуу процессин үзгүлтүккө учуратпагандай, окуучулардын жумалык окуу жүктөмүнөн ашпагандай түзүлүүсү керек.

    3. Усулдук күндү коюунун негизги максаты-мугалимдердин педагогикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, усулдук даярдыгын жогорулатуу үчүн мүмкүн болгон шарттарды түзүү.

    4. Усулдук күн - бул кошумча эс алуу күнү болуп эсептелбейт.



  1. Усулдук күндүн тартиби

    1. Усулдук күнү мугалимдер өз билимдерин өркүндөтүү менен алектенет

  • Мыйзам актылары жана билим берүү, тарбиялоодогу нормативдик документтер менен таанышуу;

  • Мектептин проблемалык тематикалык планынын үстүндө иштөө

  • Конкреттүү педагогикалык технологияны өздөштүрүп, өзүнүн шартына адаптациялоо

  • Жогоку педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү

  • Жаңы басылып чыгарылган илимий-педагогикалык адабияттар менен таанышуу

  • Өзүнүн предмети жана сабактан сырткаркы иштер боюнча методикалык материалдарды талдоо

  • Педагогикалык жамаат өз ара бири-бирине жардамдашуусу зарыл

  • Окуучулары үчүн жеке пландарды иштеп чыгуу

  • Китепканага баруу, лекцияларга катышуу, усулдук кабинетте иштөө.

    1. Педагогикалык кызматкерлер өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча тандап алган жеке темасынын үстүндө иштеген методикалык материалдарды жана темасынын үстүндө иштөөдөн келип чыккан күтүлүүчү жыйынтыктар боюнча маалыматты мектептин усулдук иштер боюнча директордун орун басарына көрсөтөт(кафедрадагы предметтик мугалимдер менен макулдашылган болуусу керек).

    2. Предметтик мугалимдин усулдук күндөгү милдети:

  • Мектептин алдын ала пландаган иш-чараларына, коомдук иштерине келүүсү жана катышуусу зарыл;

  • Зарыл шарттарда ооруп калган мугалимдердин сабактарын өтүүсү керек;

  • Мектепте классы менен бирдикте күзөттө(дежурстводо) туруусу керек



  1. Усулдук күндүн тартибин сактоону текшерүү

Усулдук күндүн тартибин туура колдонуу боюнча текшерүүнү мектептин усулдук иштер боюнча директордун орун басары жүргүзөт

    1. мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү боюнча иштерин текшерет

    2. мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү боюнча темасына жекече сунуштарды, багыттарды берет

    3. усулдук жумаларды(декадаларды), теориялык жана практикалык семинарларды уюштурат жана өткөрөт

    4. мугалимдердин жеке темасы боюнча план түзүүгө жардам берет

    5. Мугалимдердин чыгармачылык иштерин жана билимдерин өркүндөтүүнүн жыйынтык диагностикасын уюштурат жана чыгарат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!