Сабактын темасы:
- Кыргызстан айыл чарбасын коллективдештирүү жылдарында.
kozubaeva.kg
САБАКТЫН ПЛАНЫ
- 1929-жыл – “улуу бурулуштун “жылы.
- “ Кулактарды тап катары жоюу” саясаты.
- “ Туташ коллективдештирүү” саясаты.
- Кыргызстандын көчмөн жана жарым
көчмөн чарбаларынын отурукташуусу.
- Коллективдештирүүнүн жыйынтыктары.
kozubaeva.kg
1929-жыл – “улуу бурулуштун” жылы.
Дан өндүрүүнүн артта калышынын себептери:
- 1927-ж.күзүндө базарда жана дүкөндөрдө дан азыктарынын көлөмү кыскара баштаган;
- Дандын дүң жыйымы мурунку жылга салыштырганда 45 миң центнерге кыскаргандыктан баалар кескин жогорулаган;
- Эгинди мамлекеттик арзан баада сатуу дыйкандар үчүн пайдасыз болуп калган.
Кыйынчылыктарды баа коюдагы терең ойлонулган, тең салмактуу саясатты жүргүзүү жолу менен жоюга болмок.
kozubaeva.kg
1929-жыл – “улуу бурулуштун” жылы.
1929-ж. жайында Сталин “туташ коллективдештирнн” ураанын жарыялайт. 7-ноябрда “Правда” гезитине басылган “Улуу бурулуштун жылы” деген макаласында Сталин колхоздорго дыйкандардын негизги массасы, орто дыйкандардын кириши менен айыл чарбасын социалисттик кайра куруу “чечүүчү жеңишке” жетишти деп белгилеген.
И.В.Сталин
Бул мезгилде дыйкан чарбаларынын 6-7 пайызы гана колхозго кирген жана алардын үчтөн биринин көбүрөөгү кедейлер болгон.
kozubaeva.kg
1928-ж. январда партиянын Саясий бюросу колунда 30 тоннадан ашык “артыкбаш” эгини бар ири чарбаларга эрежеден тышкары акимдик кысым көрсөтүүгө болот деп тапты.
Өлкөдө азык-түлүк чачымы кайрадан киргизиле баштаган. Эми дыйкан өзүнүн артыкбаш эгинин да эркин сата албай, аны да мамлекеттик төмөнкү баада тапшырууга милдеттүү болгон. Эгерде дыйкан жогорудагы талаптарга баш ийбесе, ал кулак деп жарыялаган, өзүн сот жообуна тартып, эгинин конфискациялаган.
kozubaeva.kg
Жеке чарбаларды жоюу
Дыйкандарды коллективдүү чарбага бириктирүү
Коллективдеш-тирүүнүн максаты
Ири чарбалардын товар өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу
Айыл чарбага мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу
Индустриализацияга каражат алуу
kozubaeva.kg
“ Кулактарды тап катары жоюу” саясаты.
1929-ж.чейин Совет өкмөтү кулактарды чектөө саясатын жүргүзгөн.
Дыйкандардын жерлерин сатып алуунун эсебинен өз жерлерин көбөйтүү үчүн кулак чарбаларына уруксат берилген эмес, кулактарга жогорулатылган салыктар салынган, мамлекетке эгинди туруктуу баада тапшырууга тийиш болушкан, жумушчу күчүн жалдоого аларга чек коюлган.
Кулактарды чектөө саясаты алардын андан аркы өсүшүн токтоткон, бирок алардын чарбалык негиздерин жок кыла алган эмес, кулактарды жоюу ишке ашкан эмес.
kozubaeva.kg
1929-ж. 27-декабрда Сталин “Кулактарды тап катары жоюу” ураанын жарыялаган.
Ага ылайык кулактар менен бай-манаптар үч топко бөлүнгөн.
❶“ Контрреволюциячыл бай-кулак элементтери” кирген.
❷ Чоң байлар, манаптар, бай дыйкан- дар, уруу аксакалдары,таасирдүү дин кызматкерлери кирген.
❸ Калган бай-манап жана кулак чарбалары кирген, ал өз айыл-кыштак-тарынан башка жактарга көчүрүлгөн.
kozubaeva.kg
Өз жеринен ажыраган миңдеген адамдар беш жылдыктын курулуштарында бекер жумушчу күчү болгон.
Кыргызстандагы Ат-Башы, Георгиевка каналдары, Чөмүч плотинасы жана анын бойлорунда жайгашкан К.Маркс атындагы, “Жаңы-Жер”, “Жаңы Пахта”, Нижнечуйский” совхоздору ж.б.жерлерден келген “атайын көчүрүлгөндөрдүн” күчү менен курулган.
Ат-Башы каналы
Георгиевка каналы
kozubaeva.kg
“ Туташ коллективдештирүү саясаты”
- Кыргызстанда колликтивдештирүү 1933-жылы аяктоого
тийиш болгон;
- Колхоз кыймылынын башкы формасы – айыл чарба
артелине өтүү сунуш кылынган;
- айыл-кыштактарга эгин даярдоо үчүн жиберилгендерге
кошумча 25 миң жумушчуну моблизациялаган. Алар
“ жыйырма беш миңчилер” деп аталган. Кыргызстанга 219
киши келген;
- дыйкандарды колхоздорго киргизүү буйрук берүү,
мажбурлоо жолу менен жүргөн;
Кулакка тартуулар улантылган.
kozubaeva.kg
1931-1933-жж. ачарчылык
1931-ж. түшүм начар болуп, Сталин жеке менчик чарбалардын жана колхоздордун бардык эгинин жыйноого буйрук берген. Натыйжада ачарчылык башталган. Казакстандан 100миң, Сибирь тараптан 30миң адам ачарчылыктан жапа чеккен.
kozubaeva.kg
кыргыз эли үчүн зор п
Кыргызстандын көчмөн жана жарым көчмөн
чарбаларынын отрукташуусу.
1918-1928-ж.ж. кыргыз көчмөн чарбалары отрукташа баштаган. 20-жылдын аягында 42 миң чарба отрукташууга өткөн. 30-ж.башында отрукташа элек 85 миң көчмөн жана жарым көчмөн чарбалар калган.
1931-1940-ж.ж.көчмөндөрдү отрукташтыруу ишине дээрлик 44 млн.сом жумшалган. Бардык мүчүлүштүктөргө карабастан, отрукташтыруу кыргыз эли үчүн зор прогрессивдүү мааниге ээ болгон. Кыргыз эли азыркы цивилизация менен аралашууга мүмкүчүлүк алган.
kozubaeva.kg
Коллективизациянын негизги этаптары.
❶ 1929-ж. – “Улуу бурулуштун
“ жылы.
❷ 1930-ж. – “Кулактарды тап
катары жоюу” саясаты.
❸ 1930-ж. – “Туташ коллектив-
дештирүү саясаты”
❹ 1932-1933-ж.ж. Ачарчылык.
❺ 1940-ж.ж. Коллективдештир-
үүнүн аяктоочу этабы.
kozubaeva.kg
Коллективдештирүүнүн жыйынтыктары.
❶ Жеке дыйкан жана көчмөн мал чарбачылыгынын басымдуу көпчүлүгү коллективдүү чарбага бириктирилген;
❷ Коллективдештирүү негизинен зордоо ыкмаларын колдонуу менен ишке ашырылган;
kozubaeva.kg
Коллективдештирүүнүн жыйынтыктары.
❸ Жаңы түзүлгөн колхоздордун материалдык-техникалык базасын түзүүгө, кадрлар менен камсыз болушуна көңүл бурулбастан, анын бир гана формасына – айыл чарба артелине басым жасалган;
❹ 1933-ж.колхоздордун азык-түлүктү арзан баа менен мамлекетке милдеттүү түрдө берүүсү киргизилген;
kozubaeva.kg
Коллективдештирүүнүн жыйынтыктары.
❺ 1932-ж. СССРдин жарандарына берилген паспорт колхозчуларга берилбей калган.
❻ 1937-ж. 17-мартта кабыл алынган ылайык колхозчулар өз алдынча колхозду таштап кетүүгө тыюу салынган
❼ 1939-ж.колхозчулардын кайрадан короо-жайлары бир кыйла кесилип, уставда көрсөтүлгөндөн ашык мал колхозго алынган.
kozubaeva.kg
Тема боюнча суроолор
- 1929-жылды эмне үчүн “Улуу бурулуштун жылы” деп атаган?
- Эмне үчүн кулактар тап катары жоюлуш керек эле?
- Кыргызстанда кулактар кандайча тап катары жоюлган?
- Кыргызстанда колективдештирүү кандай жүргөн?
- 1932-жылдагы ачарчылыктын себептерин атагыла.
- Коллективдештирүүнүн жыйынтыктарына анализ бергиле.
kozubaeva.kg