СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Продуктивность экосистем, строение и функции

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Трофика и продуктивность экосистем, пространственное строение экосистемы, межвидовые и внутривидовые связи в экосистеме

Просмотр содержимого документа
«Продуктивность экосистем, строение и функции»

№ 2-лекция Экосистемалардын продуктивдүүлүгү,  түзүлүшү жана функцияларын аткарылышы

2-лекция

Экосистемалардын продуктивдүүлүгү, түзүлүшү жана функцияларын аткарылышы

План: 1. Трофика жана экосистемалардын продиктивдүүлүгү 2. Трофикалык чынжырчалар жана ажыроо чынжырчалары  3. Экосистеманын мейкиндик түзүлүшү  4. Башка экологиялык классификациялар жана организмдердин топтору  5. Экологиялык текче (ниша) 6. Экосистемадагы түр аралык жана ички түрдүк байланыштар
  • План:
  • 1. Трофика жана экосистемалардын продиктивдүүлүгү
  • 2. Трофикалык чынжырчалар жана ажыроо чынжырчалары
  • 3. Экосистеманын мейкиндик түзүлүшү
  • 4. Башка экологиялык классификациялар жана организмдердин топтору
  • 5. Экологиялык текче (ниша)
  • 6. Экосистемадагы түр аралык жана ички түрдүк байланыштар

2.1. Трофика жана экосистемалардын продиктивдүүлүгү

  • Бардык популяциялар азыктануу катнашында аткарган функцияларынан көз-карандылыкта үч негизги топко бөлүнүшөт: продуценттер , консументтер жана редуценттер .
  • Экосистемадагы ар бир биоценоз ушул үч трофикалык тортордун өкүлдөрүн өзүнө камтыйт, бул топтор түрдүү организмдердин популяцияларынын турат жана ар түрдүү түрдүк курамга ээ. Экосистемадагы (биоценоздогу) бирдей трофикалык функцияларды аткарган бардык организмдер белгилүү трофикалык деңгээлди түзүшөт (1-сүр.).
  • Продуценттер –автотрофтук организмдер (негизинен жашыл жаныбарлар), органикалык заттардын биринчилик продуктуларын пайда кылат.
  • Консументтер –гетеротрофтук организмдер (негизинен жаныбарлар), башка организмдердин органикалык заттарын керектөөчүлөр – өсүмдүктөрдүн (өсүмдүктөр менен азыктануучулар - фитофагдар) жана жаныбарлардын ( органикалык зат менен азыктангандар- зоофагдар).
  • Редуценттер –гетеротрафтук организмдер (бактерия жана козу карындар), акыркы деструкторлор, алардын жардамы менен органикалык бирикмелер жөнөкөй органикалык эмес заттарга – сууга СО 2 , Н 2 S жана түздарга ажырайт.

Жандуу организмдер төрөлөт, өөрчүйт жана көбөйөт. Мына ушул процесстердин жүрүшүндө алардын биомассасы өзгөрөт. Биомасса деп, ошол организмдердин денесинин салмагын түшүнүшөт: ал энергиянын же массанын бирдигине болгон катышы катары каралат (мисалы, Дж/м 2 ,  т/га). Коомчулукта биомассанын негизги үлүшү – биринчи продукценттер – өсүмдүктөргө туура келет. Автотрофтор тарабынан түзүлгөн биомассанын саны– биринчилик  продукция деп аталат. Мында биомассасын жалпы саны– дүң продукция , ал эми биомассанын өсүшү– таза продукция деп аталат. Энергиянын бир бөлүгү тиричиликти камсыз кылууга, өсүмдүктөрдүн дем алуусуна жумшалат жана коомчулук үчүн сарпталат. Дем алууга кеткен жоготуу дүң продукциянын 40-70 % чейин түзөт. Дүң продукция менен дем алуунун ортосундагы айырмачылык таза продукцияны түзөт. Мында ошентип, таза продукция–гететрофтордун керектөөсү үчүн жеңил болгон биомассаны өстүрүү ылдамдыгы болуп эсептелет.
  • Жандуу организмдер төрөлөт, өөрчүйт жана көбөйөт. Мына ушул процесстердин жүрүшүндө алардын биомассасы өзгөрөт. Биомасса деп, ошол организмдердин денесинин салмагын түшүнүшөт: ал энергиянын же массанын бирдигине болгон катышы катары каралат (мисалы, Дж/м 2 , т/га). Коомчулукта биомассанын негизги үлүшү – биринчи продукценттер – өсүмдүктөргө туура келет.
  • Автотрофтор тарабынан түзүлгөн биомассанын саны– биринчилик продукция деп аталат. Мында биомассасын жалпы саны– дүң продукция , ал эми биомассанын өсүшү– таза продукция деп аталат. Энергиянын бир бөлүгү тиричиликти камсыз кылууга, өсүмдүктөрдүн дем алуусуна жумшалат жана коомчулук үчүн сарпталат. Дем алууга кеткен жоготуу дүң продукциянын 40-70 % чейин түзөт. Дүң продукция менен дем алуунун ортосундагы айырмачылык таза продукцияны түзөт. Мында ошентип, таза продукция–гететрофтордун керектөөсү үчүн жеңил болгон биомассаны өстүрүү ылдамдыгы болуп эсептелет.
  • Өсүмдүктөрдөн айырмаланып бактериялар, козу-карындар жана жаныбарлар жөнөкөй химиялык заттардан өздөрүүнүн денесин түзүүгө жөндөмсүз келишет: бул үчүн аларга энергияга бай, татаал органикалык заттардын болушу зарыл. Алар энергияны өсүмдүктөр башка организмдер менен азыктануудан алышат, алар дагы өз кезегинде өсүмдүктөр менен азыктанышат жана азыктануу мүнөзү боюнча гетеротрофтор болуп калышат. Демек, алар өзүнүн денесин авторофтук организмдердин, ошондой эле автотрофтор менен азыктанган организмдердин эсебинен тургузушат. Аларды экинчилик продуценттерге киргизишет. Бул денгээлде түзүлгөн биомассанын саны, экинчилик продукция деп аталат.
  • Бул топтогу организмдерди экинчилик трофикалык денгээлчеге бириктиришип, консументтер деп аташат. Кээде консументтерди трансформаторлор же фаготрофтор (грек тил phogos-жегич, керектөөчү) деп да аташат. Гетеротрофтор негизинен, өлүк ткандардын ажырашынан пайда болот, органикалык заттарды синирүү жолу менен энергияны алган козу-карындар, бактериялар жана жаныбарлар аркылуу мүнөлдөлөт. Гетеротрофтордун жашоо-тиричилигинин жыйынтыгында пайда болгон жөнөкөй органикалык эмес заттар (бирикмелер) афтотрофтор тарабынан синирилет. Консументтер түрдүү биоактивдүү заттарды бөлүп чыгышат, андай заттар башка организмдердин өсүшүнө өбөлгө түзөт же эзет.
  • Бул топту бир нече катарга бөлүшөт: биринчи тартиптеги , экинчи тартиптеги жана башкалар (2-сүр.).
  • Экинчи тартиптеги консументтер-эт менен азыктанган жаныбарлар (зоофагдар) . Булар негизинен жырткычтар, фитофагдар менен азыктанышат. Алар аң улоого, олжосун кармай калууга жана кармап токтотууга ыңгайланышкан. Алардын ашказан тракты (жолу) аш кылуучу ферменттерди камтыйт, мындай ферменттер жаныбарлардын азык болуучу белокторун гидролиздөөгө жөндөмдүү келишет. Азыктануунун мындай түрүндөгүлөрдүн катарына мисалы, кан соргуч жарганатты жана сүлүктөрдү кошууга болот, алар шилекейи менен кошо кандын уюшуна каршы заттарды ( антикоагулянттарды) жана кан соргуч курт-кумурскалар менен муунак буттуулардагы – оорууну басандатуучу заттарды секреттөө жөндөмдүүлүгүнө ээ келишет.
  • Үчүнчү тартиптеги консументтерге , экинчи тартиптеги консументтер менен азыктанган жаныбарлар кирет. Мына ошентип, бул топко жаныбарлар менен азыктанган жырткычтар, ошондой эле мителик жашоо менен өмүр сүргөн түрдүү жаныбарлар кирет.
  • Кээде консументерди мындай тартиптерге бөлүшпөйт, жөн гана эсептөөнү жүргүзүшөт: биринчи трофикалык деңгээл- өсүмдүктөр , экинчи- биринчилик консументтер , үчүнчү- экинчилик консументтер (жырткычтар) ж.б. Практика жүзүндө консументтерди тартиптерге такай бөлүү анча деле каралбайт, себеби, аралаш азыктангандардын түрлөрү көп. Аларды бир эле убакта бир нече тартиптерге кошууга болот.
  • Биоценоздун экосистемада функцияларын аткарышын камсыз кылган үчүнчү топ-жашоо- тиричиликтин калдыктарын жана өлгөн организмдерди минералдык заттарга чейин ажыраткан организмдер редуценттер (ажыраткычтар). Органикалык заттардын минерализацияланышы рудуценттер менен гана ишке ашпастан (бактериялар, жөнөкөйлүүлөр, козу карындар), консументтер менен да – өсүмдүк менен жаныбарлар – метаболизм процессинин негизинде да ишке ашарын унутпоо керек. Алар минералдык туздар менен бирге айлана-чөйрөгө метаболизмдин акыркы продукциялары болуп эсептелген. Сууну жана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат.
  • Өлүк органиканын ажыроо процессинин биринчи катышуучуларына консументтердин тобу сапрофагдар эсептелет. Сапрофагдар өлүк органикалык затты бузушат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!