7-класс 03.02.2020
Тема:Программалык камсыздоонун классификациясы.
Сабактын максаты:1.Программалык камсыздоонун классификациясы жонундо маалымат алышат.
2.Программалык камсыздоо жонундо айтып бере алышат.
3.Жуптарда иштей алышат, техникалык коопсуз эрежелерин билишет.
Жаны теманы тушундуруу.:
Компьютердин узак убакытка сактоочу эс тузулушторундо сакталган программалардын жыйындысы анын программалык камсыздалышын тузот.
Буткул программалык камсыздоо уч топко болунот.
1.Системалык
2.Колдонмо
3.Программалоо системалары.
Компьютердин программалык камсыздалышында ансыз эч нерсе кылууга мумкун болбогон зарыл болук СИСТЕМАЛЫК ПК болуп эсептелет.
Колдонмо программалык камсыздоо.Колдонуучу программалоого кайрылбастан озунун информациялык маселелерин т-туз чечууго жардам беруучу программалар колдонмо программалар деп аталат.
Системалык программалык камсыздоонун башкы болугу адатта каттуу дискте сакталуучу операциялык система(ОС)болуп эсептелет.
Операциялык система-бул программалардын тобу.Алар:
1.аппаратуранын иштешин башкарат,эстин пайдаланышын козомолдойт.,программалардын сырткы тузулуштор жана б-бири менен болгон оз ара аркеттенишин камсыз кылат.(Сырткы тузулушторду башкаруу программаларын драйвер деп аташат.)
2.дискттеги маалыматтар менен иштоого ,б.а.очуруу,кочуруу,кошуу, ж.б.операцияларды аткарууга мумкундук берип,колдонуучу менен диалогду уюштурат.,о.э. ар турдуу колдонмо программаларды аткарат.
Операциялык системанын иши абдан коп,ал ар дайым иш абалында болот.Мис:бир колдонмо программаны аткаруу учун аны сырткы эстен издеп таап ,оперативдуу эстеги бош орунга жайгаштырат.,процессорго программаны аткарууга жуктойт,программаны аткарып жаткан машинаны бардык тузулушторунун ишин козомолдойт.