Сабактын темасы: Публицистикалык стиль
Сабактын максаты 1.Публицистикалык стиль жөнүндө билебиз. Публицистикалык стилде колдонулуучу тил каражаттарын, анын түрлөрүн, мүнөздүү белгилерин үйрөнөбүз жана анын колдонулуш чөйрөсү менен таанышабыз.
2. Публицистикалык стилдин түрлөрүн колдонууга көнүгөбүз.
3. Ата-Мекенди сүйүүгө,коргоого,жаратылышты сактоого, эне тилди урматтоого тарбияланабыз.
Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска, плакат, сүрөттөр, видеолор,смайликтер, таркатмалар,таблицалар ж.б.
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.
Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу учуру. Жагымдуу жагдай.(Риторикалык кайрылуу)
Сабактын жүрүшү: 2) Үй тапшырмасын суроо. Көркөм стиль, илимий стиль, расмий иш кагаздары стили
2) жаңы темага өбөлгө. ” Чачылган тамгалардан сөз куроо” куралган сөз аркылуу 3 топко бөлүнүшөт.
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Коомдогу актуалдуу маселелерди,көрүнүштөрдү чагылдырып,көпчүлуккө маалымат берүү максатында жаратылган чыгармалардын стили.Мындай чыгармаларда көбүнчө баарына түшүнүктүү, коомдук-саясий лексика колдонулуп,аларга –газета, журнал телевизор, радио жана интернеттен алынган кабарларды киргизүүгө болот.(интервью,макала, репортаж,очерк ж.б.)
Кайсылар кирет?
Газеттик-журналдык кабарлар,
Сын-макала,
Жаңылыктар,
Интервью,
Репортаж,
Портреттик очерк,
Макала.
Колдонулуш чөйрөсү:
.Газета-журнал басмаларында,
Радио уктуруу,теле көрсөтүүлөрдө,
Интернет булактарында,
Коомдук-саясий трибуналарда.
Журналисттер,акын-жазуучулар,саясий ишмерлер,публицисттер тарабынан коомчулукка жеткирилет.
Мүнөздүү белгилери:
Коомдук саясий сөздөр,
Алдыңкы идеяларга үндөө,
Алга жылууларга чакырык,
Эмоционалдык маанидеги агитациялык пропагандалык ураандар,
Тил каражаттары:
Лексикалык,морфологиялык синтаксистик тил каражаттары колдонулат б.а.
Синонимдер,неологиздер,каратма сөз,киринди сөз, терминдер,географиялык аталыштар, төл жана бөтөн сөздөр,илептүү сүйлөмдөр колдонулат.
Китеп менен иштөө:
37. Текстте көркөм стилдин элементтери барбы? Публицистикалык стилдин кандай белгилери орун алган?
«Келкел» романы — Токтогулга арналган бирден-бир прозалык чоң чыгарма. Токтогулдун жигиттик доорунан тартып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баяндалган бул чыгармада улуу акындын күрөшчүл, көңтөрүшчүл, ойчул жетик образы чагылдырылган, түзүлгөн. Токтогулдун өмүрү, образы романдын бүт өзөгүн түзүп, ошол замандын үмүтүн, күрөшүн, жеңишин, философиясын айкын көрсөтүп турат. Бул роман жеке автордун гана жеткилең ийгилиги болбостон, жалпы кыргыз адабиятынын чоң ийгилиги болоруна шек жок. (Т. Сыдыкбеков)
Экологияга ким кайдыгер? (видео көрсөтүлөт) Окуучулар көргөн видео боюнча ой-пикирлерин айтышат.
“Окуучуга кайрылуу” (ватсаптан келген окуучуга кат макала)
Окуучуларга кайрылуум !!!
Мен сөзүмдү кыргызымдын “Угам дегенге – санат бол, учам дегенге канат бол” – деген белгилүү сөзү менен баштагым келди. Балким ушул берген кеңешим аркылуу кайсы бир окуучунун келечектеги койгон кадамына чоң таасир берип, анын дүйнө карашына же коомчулуктагы салмактуу ордун табышына салым кошо алаар бекенмин деген үмүт менен жазып олтурам.
Келгиле жогорудагы “билимдин тазалыгы” деген темадан мурун ошол “билим” тууралуу ой толгоп көрбөйлүбү. Дегеле “билим” деген өзү эмне? Жөнөкөй гана беш тамгадан турганы менен биздин турмушубузда анын канчалык деңгээлде таасири бар? Ал бизге керекби, же жокпу? Кептин учугун ушул жерден түйгүм келди.
“Билим” – бул биздин жашообуздагы ар бир көз ирмемибиздин арасында керек болуучу суу менен абадай эле зарыл болгон – азык деп бааладым. – Бул азык кайсыл учурда, качан жана канчалык даражада керек? – Бул суроого жооп берүү үчүн күнүмдүк жашообузга назар салып көрөлүчү. Билим бул мамлекет башкаруусуна, диний дүйнө таанууга, келечектеги өсүп келе жаткан жаш муунду туура тарбиялоого, алардын коомчулуктагы салмактуу ордун табуусуна, ата – эненин, мугалимдин дегеле жашообуздун ар бир нерсесин баалап өтүүсүнө түшүнүк берүүчү, бизди жаныбардан айырмалап турган эң керектүү – дил азыгы. Бул азык бизге туулгандан баштап, акыркы сапарга кетээрибизге чейинки керек болуучу моралдык каражат. Ушул дил азыгын биз туура тамактангандай тартипте кабыл алып жатабызбы. Же кабыл алууда да кайсы бир заттын салымы керек бекен бизге? Мен ушул жерге бир аз токтолуп кетейин:
Урматтуу келечек ээлери, урматтуу окуучулар. Бүгүнкү күндө эмне үчүн билим сапатын жакшыртууда биз алсыздык кылып жатабыз. Бүгүнкү окуганың эртең жок. Талыкпай жаттаганың тилге чыкпай, ар бир иш аракетибиз жугумсуз болуп атат. Себебин айтайынбы урматтуу окуучум. Себеби: бизде “билимдин тазалыгы” жок болуп жатат. Эмне үчүн жылдан жылга классың көчөт б.а. тогуздан онго, ондон он бирге көчөсүң бирок билимиң көчпөй калып жатат. Ушуну бир аз болсо изилдеп көрдүңөрбү? Жок сен буга маани берген жоксуң. Ал эми мен изилдеп көрдүм. Мунун себеби: сен мектептеги ата-энеңден улук турган мугалимди сыйлабай жатасың. Мектепке мугалимди сагынып келбей жатасың. Агайыңды атаңдай, эжейиңди энеңдей сүйүп, кайгы-кубанычын тең бөлүшкөн бала боло албай жатасың мугалимге. Анын жашоосун жашооңо алып келип, кадамына кадамыңды, изине изиңди коё албай жатасың. Алтындай мугалимдериңди сагынып келүүнүн ордуна алардан качып калдың бүгүнкү күнү. Мына ушул жерде жатат билимдин жугумсуздугу. Сабакта отурганда мугалимдин сөзүн бөлүп, анын сөздөрүнө комментарий берип, сынап, керек болсо аркада отуруп алып, аны келеке кылгандыгың үчүн бүгүнкү күнү сенде билимдин тазалыгы жок болуп жатат. Бир улуу адамдан укканым бар эле “Биздин ата-энебизге кылган мамилебиз биздин жазган китебибиз экен, келечекте ошол китепти балдарыбыз бизге окуп беришет. Балдарыбыз туура окуп бериши үчүн ал китепти туура жазышыбыз керек турбайбы”- деп эсимди эки кылган болчу. Чынында келечектеги биз сый-урматка татыктуу инсан болуп жетилүүбүз үчүн, бүгүнкү коомчулуктагы ар бир инсанды сыйлай билели. Урматтуу окуучулар келгиле ушул билимдин тазалыгын жашообузга алып келүү үчүн аракеттерди баштайлы. Адегенде ата-энеңден улук турган мугалимдин баркын билели, аларды сыйлайлы, бизге ааламды таанытып, адам катарына кошкон бул инсандар чынында ата-энебизден улук турушат эмеспи. Баланы баккан менен тарбиялагандын айырмасын биз – качан ал чоңоюп коомго аралашканда билебиз дегендей. Ата-энебиз бизди бакса, тарбияны ушул алтынга алмаштыргас мугалимдерибиз берди. Алардын урматын ордуна коюп, бүгүндөн баштап, жоок бүгүн кеч калат экенбиз. Азыртадан баштап, аларды сыйлашты баштайлы. Мектепке аларды сагынып келели. Жашоосунун өмүр барактарын силер менен чогуу ачкан бул каухарлардын эмгегин эч унутбай билимдин тазалыгын жашообузга алып келели. Мен жогорудагы жазган сөздөрүмдү жөнөкөй гана ак баракка эмес, балким силердин жүрөгүңөргө жаздым деп ойлойм. Мен да инсанмын сөз арасында туура эмес сөз айтып, көнүл ооруткан болсом кечирим сурайм. Жана силер менен журналдын кийинки санынан дагы бир көйгөйлүү маселени чечүүдөгү биздин салымыбыз тууралуу маекке чакырып кетем. Журналдын эч бир санынан калбаганга аракет кылгыла, себеби бир эле маалыматтан артта калуу – бул улуу адамдардан бир кадам артта калуу менен барабар болот. Терең урматтоо менен силерди билимге гана эмес, балким чыныгы инсандуулукка тарбиялоого аракет кылган агайыңар Иса уулу Шүгүрбек .
Келечек шамы – билимдүү жаштардын колунда. Билим алуудан эч качан коркпо, качпа, тартынба, уялба жана эч качан тажаба!
Сабакты бышыктоо:
Интерактивдүү көнүгүүлөр (Окуучулар топтордо иштешет жана презентация жасашат)
1-топ ”Карылар үйүнөн репортаж” (интернет)
2-топ “Эл өкүлдөрүнөн бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелери боюнча интервью” (телевидение)
3-топ Газета бетинде берилген макала ( газета-журнал)
Дал келтирүү (Интерактивдүү доскада иштешет)
… … – билимдүү жаштардын колунда. Билим алуудан эч качан коркпо, качпа, тартынба, уялба жана эч качан тажаба!
... .. .... , урматтуу окуучулар! Бүгүнкү күндө эмне үчүн билим сапатын жакшыртууда биз алсыздык кылып жатабыз. Бүгүнкү окуганың эртең жок.
Азыртадан баштап, аларды сыйлашты баштайлы. Мектепке аларды сагынып келели. ... ... силер менен чогуу ачкан бул каухарлардын эмгегин эч унутпай билимдин тазалыгын жашообузга алып келели.
Жашоосунун өмүр барактарын, Урматтуу келечек ээлери, Келечек шамы
Мен жогорудагы ... ... жөнөкөй гана ак баракка эмес, балким силердин жүрөгүңөргө жаздым деп ойлойм.
Мен да инсанмын сөз арасында туура эмес сөз айтып, көнүл ооруткан болсом кечирим сурайм. Силер менен ... ... ... дагы бир көйгөйлүү маселени чечүүдөгү биздин салымыбыз тууралуу маекке чакырып кетем.
Баланы ... ... ... айырмасын биз – качан ал чоңоюп коомго аралашканда билебиз дегендей. Ата-энебиз бизди бакса, тарбияны ушул алтынга алмаштыргас мугалимдерибиз берди
жазган сөздөрүмдү, журналдын кийинки санынан,баккан менен тарбиялагандын
Алтындай мугалимдериңди ... ... ... алардан качып калдың бүгүнкү күнү. Мына ушул жерде жатат билимдин жугумсуздугу.
Сабакта отурганда мугалимдин сөзүн бөлүп, анын сөздөрүнө комментарий берип, сынап, керек болсо аркада отуруп алып, аны келеке кылгандыгың үчүн ... ... ... ... тазалыгы жок болуп жатат.
Бир улуу адамдан укканым бар эле: “Биздин ата-энебизге кылган мамилебиз -биздин жазган китебибиз экен, келечекте ошол китепти балдарыбыз бизге окуп беришет. Балдарыбыз туура окуп бериши үчүн ал ... ... ... керек турбайбы”- деп эсимди эки кылган болчу.
сагынып келүүнүн ордуна , бүгүнкү күнү сенде билимдин, китепти туура жазышыбыз
Кластер толтуруу
Кеп үлгүлөрү
Публицистикалык стиль газета-журналдарда, …, …, телекөрсөтүүлөрдө, өкмөт, … жетекчилеринин … колдонулат.
Публицистикалык стилдин милдети — коомдук турмушта, саясий чөйрөдө, … …
… синонимдер, неологизмдер, сырдык сөздөр, жөнөкөй, татаал сүйлөмдөр, каратма сөз, киринди сөз, төл жана бөтөн сөздөр пайдаланылат.
Сабакты жыйынтыктоо:
Жыйынтыктоо үчүн суроолор:
Публицистикалык стиль деген эмне?
Публицистикалык стиль кайда колдонулат?
Публицистикалык стилдин мүнөздүү белгилери кайсылар?
Публицистикалык стилдин түрлөрү кайсылар?
Үйгө тапшырма:
«Азыркы мезгил жана биздин жашоо» деген темада чакан макала жазгыла.
Окуучулардын билимин баалоо: