Просмотр содержимого документа
«Пунктуация. Тыныш белгилер»
Кыргыз
тили
4-чейрек
Мугалим: Алыбаева А.Т.
Маанайыңар жакшыбы ?
Сабактын темасы:
Пунктуация.
Тыныш белгилери жана аларды коюунун эрежелери
Сабактын максаты:
1. Тыныш белгилер, аларды коюунун принциптери менен таанышуу;
2. Ой жүгүртүүсүн, кабыл алуусун, эске тутуусун калыптандыруу;
3. Тыныш белгилерин туура коюу эрежелерин билип, турмушта колдонуу;
Адамдар өзүлөрүнүн ой-пикирин, чындыкка карата болгон ар түрдүү мамилесин башка бирөолөргө жазуу аркылуу толук, түшүнүктүү, так, ачык-айкын жеткирүудө тыныш белгилерине зор роль таандык. Тыныш белгилери жазуу турундо берилген кептин байланыштуу бөлүкчөлөргө болүп, алардын чегин ажыратып, айтылуучу ой-пикирге ачыктык-тактык киргизет.
Ошондой эле ар түрдүү ички сезимди окуучуга толук жеткирүү жана ага туура түшүнүүгө жардам берет. Тилдик каражаттар аркылуу берилүүчү маалыматка кошумча маани киргизет.
Жазуу жүзүндөгү ой-пикирди байланыштуу бөлүкчөлөргө ажыратуу, алардын ортосундагы өз ара маанилик байланыш, катышты жана ар түрдүү кошумча маанилерди билдирүүчү, аларды окуучуга ачык, так жеткирүүчү графикалык белгилер тыныш белгилери деп аталат.
Ал эми тыныш белгилерин колдонуу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы пунктуация деп аталат.
Тыныш белгилерин коюунун принциптери
Сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшүнө;
Сүйлөмдүн маанисине;
Кептин интонациясына.
Тыныш белгилер
Чекит (.), суроо белгиси (?),
илеп белгиси (!),кош чекит (:),
көп чекит (...),үтүрлүү чекит (;), сызыкча (-), тырмакча (« »),
кашаа( ), үтүр (,).