Просмотр содержимого документа
«Пунктуация тыныш белгилери»
Термечикова Нарынкан
Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы Тыныш белгилери
Чекит белгисинин коюлушу
1. Жай сүйлөмдөрдөн кийин: Жай мезгили келди.
2.Инициалдардан кийин: Б.Борбиев, Ч. Айтматов
3. Айрым кыскартылган сөздөрдөн кийин: ж.б. к.а.
4. Номерленген катарда,сандан кийин: 1. Киришүү
Суроо белгисинин коюлушу
Аман-эсен жатасыңарбы?
Кандай келдиңер?
Бул ким?
Жеттиңерби?
Суроолуу сүйлөмдөн кийин коюлат
Илеп белгисинин коюлушу
Илептүү сүйлөмдүн аягында
Буйрук сүйлөмдүн аягында
Ураан –чакырыктын соңунда
Каратма же сырдык сөздөр күчтүү сезим менен айтылганда
Эрте келсең болмок!
Жумушка кечикпей кел!
Жашасын, Кыргызстан!
Баракелде! Бали! Бах! Айнура! Апаке!
Үтүр белгисинин коюлушу
Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына
Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн арасына
Чакчыл түрмөктөрдүн эки жагына,башына же аягына
Айгул, Асыл, Рахат ээрчишип кирип келишти.
Сабак башталды, окуучулар келе элек. Таң атса да, уйку кана элек.
Дептерин жоготуп жиберип, Асан абдан капа.
Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдун эки жагына же башына
Каратма, киринди сөздөрдүн эки жагына же башына
Биздин, окуучулардын, максаты жогорку упайга жетишүү.
Апа,сизди сагындым. Алар келбейт окшойт,кыязы.
Машыгуу иштери Сүйлөмдүн керектүү жерине тыныш белгисин койгула!
- Балдар тынч отургула Алга Биздин сүйүктүү команда
- Күн буркөлүп турат жаан жаайт окшойт. Кана балдар айткылачы туура болдубу
- Жамал эже сизге суроо берүүгө мүмкүнбү Эх чиркин керемет жер экен.
- Окууга кечигип Асан мугалимден тил укту. Ушул суроолорго мүмкүн сен жооп берерсиң.
- Каныбек тоо боорунда таягына сүйөнүп айланага көз чаптырып турат.
- Мунун ичи тар көрө албас кара мүртөз сапаттарын байкабапмын.
- Тынч отур Доскага чык Балдар тапшырмага көңүл бургула.
- Аларды мекен сакчыларын ар дайым урматтоо керек.
- Керемет жаратылыш бизде Кыргызстанда. Мен аны байкемди абдан сагындым .
Кош чекит белгисинин коюлушу
Саламатта калгыла!