СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Расмий жана расмий эмес иш кагаздары. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Расмий жана расмий эмес иш кагаздары.  (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Расмий жана расмий эмес иш кагаздары. (5-класс)»

Сабактын темасы: РАСМИЙ ЖАНА РАСМИЙ ЭМЕС

ИШ КАГАЗДАРЫ

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар расмий жана расмий эмес иш кагаздары боюнча түшүнүк ала алышат.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучулар расмий жана расмий эмес иш кагаздарынын түрлөрүнүн (арыз, кулактандыруу, чакыруу) жазылыш өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт;

Тарбия берүүчүлүк максаты: окуучулар бири-биринин оюн угуп, сы- лык, маданияттуу болууга тарбияланышат;

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...

а) расмий жана расмий эмес иш кагаздары жана анын түрлөрү боюнча түшүнүк ала алышса;

б) расмий эмес иш кагаздары жана анын түрлөрүнүн (арыз, кулактан- дыруу, чакыруу) жазылыш өзгөчөлүктөрүн үйрөнсө;

в) бири-биринин оюн угуп, сылык, маданияттуу боло алышса.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

    • расмий жана расмий эмес иш кагаздарына кайсылар кирерин билет;

    • расмий эмес иш кагаздарын жазуу талаптарын өздөштүрөт.

Кептик компетенттүүлүк:

    • орфографиялык жактан сабаттуу жаза билет;

    • расмий эмес иш кагаздарын турмушунда колдоно алат.

Маданий компетенттүүлүк:

    • тил аркылуу иш кагаздарынын түрлөрүн билет:

    • арыз, чакыруу, кулактандырууну расмий эмес иш кагазы катары таа- ныйт;

    • жолдоштору менен жакшы мамиледе болот. Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы. Сабактын методу: проблемалык метод.

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, ватман, маркер.

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу. 2) Өтүлгөн теманы кайталоо:

    • Биз ой пикирибизди эмнелер аркылуу башкаларга түшүндүрөбүз?

    • Кептин түрлөрү канчага бөлүнөт?

    • Ар бир кептин түрлөрүнүн аныктамасын атап бергиле.

Жаңы тема:

Адамдардын күндөлүк турмушунда, административдик башкаруулар- да, мамлекеттик мекемелерде, ишканаларда колдонулуучу документтер (жазуу үлгүлөрү) расмий иш кагаздарына кирет. Иш кагаздарынын мын- дай түрлөрүнө Жарлык, Жобо, Мыйзам ж. б. кирет.

Расмий эмес иш кагаздары атайын үлгүлөрдүн негизинде же белгилүү бир формага салынып жазылат. Алардын айрымдары мекеме, уюмдар та- рабынан жүргүзүлсө, кээси жеке адамдар тарабынан да аткарылат.

10

Расмий эмес иш кагаздарынын ар бири белгилүү бир иш-чараларга багытталып, калыпка салынган үлгүнүн негизинде ишке ашырылат.

Төмөнкүдөй талаптар коюлат:

  • диалектилик сөздөрдү колдонбоо;

  • көркөм сөз каражаттарын ыксыз пайдаланбоо;

  • айтылуучу ойдун тактыгы жана ачыктыгы.

Расмий эмес иш кагаздары – жөнөкөй формада жазылган, бир меке- менин ички талаптарын камсыз кылуу үчүн колдонулган иш кагаздары. Буларга: арыз, кулактандыруу, чакыруу кирет. Мисалы: Арыз – уюмдун жетекчисине ошол эле же башка уюмдун мүчөлөрү тарабынан сунуш, су- раныч, өтүнүч арыздануу мазмунунда жазылат.

Адам ишмердигинде арыздын көптөгөн түрлөрү колдонулат. Бирок айрым арызды кошпогондо, алардын дээрлик бардыгы бирдей реквизит- терге ээ. Аны төмөнкүдөй схема менен көрсөтөбүз:

Бул реквизиттер төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. реквизитте мекеменин аталышы, жетекчинин кызматы жана аты- жөнү жазылат. Жетекчинин аты жана атасынын аты кыскартылат, фамилия- сы толук көрсөтүлүп, ал барыш жөндөмөгө келтирилет: А. К. Жолдошевге

  2. реквизитте арыздануучунун каерде, ким болүп иштери, же каерде жашары, аты, атасынын аты жана фамилиясы көрсөтүлүп, фамилия чы- гыш жөндөмөгө келтирилет: А. К. Базарбаевден

  3. реквизитте иш кагазынын аты жазылат: арыз деп.

  4. реквизит – текст. Ал абзац менен башталып жазылат. Арыздын текстти түшүнүктүү, так жана кыска болушу талап кылынат. Зарыл болсо, бир канча абзацка бөлүнүп жазылышы мүмкүн.

  5. реквизитте арызга тиешелүү тиркемелер берилет.

  6. реквизитте арыз жазылган дата алты цифра менен же цифра-сөз ме- нен көрсөтүлөт.










1

2

3

4

5

6

7

8

9








9.10.17. же 2017-жылдын 9-октябры

  1. реквизитте арыздануучунун аты, фамилиясы көрсөтүлөт. 6–7–8-реквизиттер бирдей деңгээлде жазылат.

  1. реквизитте мекеменин айрым тиешелүү кызматкерлеринин арыз менен таанышкандыгы жөнүндө, арыздын текстинин мазмунуна карата пикирлерин туюнткан визалары коюлушу мүмкүн.

  2. реквизитте арыздын индекси белгиленет. Арыздын түрлөрү өтө көп. Мисалы:


Ысык-Көл областынын Тоң районун- дагы К. Салиев атындагы орто мектептин директору А. К. Жолдошевге Коңур-Өлөң айылынын тургуну

А. К. Базарбаевден

арыз

Башка мектепке которулгандыгына байланыштуу уулум Базарбаев Айдар Кадыровичтин өздүк делосун берүүңүздү өтүнөм.

9.10.17 колу: А. К. Базарбаев

Кулактандыруу

Кулактандыруу – бул мекеменин жана уюмдун жамаат мүчөлөрүнүн кандайдыр бир иш-чараны өткөрүү жөнүндө жарыя кылуусу. Ал оозеки жана жазуу жүзүндө болот.

Кулактандырууда иш-чаранын (жолугушуунун, чогулуштун) өткө- рүлгөн күнү, орду жана убактысы көрсөтүлөт.








1

2

3

4

5

6

Аны төмөнкүдөй схема менен көрсөтөбүз:




Бул маалымдаректер төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. Иш кагаздын аты (Кулактандыруу);

  2. Текст;

  3. Өткөрүү убактысы;

  4. Кошумча маалыматтар;

  5. Өткөрүлүүчү орду;

  6. Бул иш-чараны өткөрүүчү же мекеменин аты.

Үлгүсү:

Кулактандыруу

2017-жылдын 2-октябрында саат 14:00 дө Т.Сатылганов атындагы окуу тарбия комплекс гимназиясынын 5-классынын окуучуларынын «Му- галим мөмөлүү дарак» аттуу адабий кечеси өткөрүлөт.

Уюштуруу комитети

Чакыруу

Чакыруу каты чогулушка, салтанаттуу жыйынга белгилүү адамдарды чакыруу үчүн жиберилет.

Чакыруу катынын негизги реквизиттери:

  1. Катты алуучунун иштеген мекемеси: кызматы жана аты-жөнү;

  2. Каратма сөздүү жазылат;

  3. Текст;

  4. Катты жиберген мекеме жетекчинин кызматы жана аты-жөнү; Чакыруу катынын үлгүсү төмөнкүдөй болот.

Чакыруу

Урматтуу Акылай апа, Турар ата!

Сиздерди «Тил-жүрөктүн ачкычы» аттуу адабий кечебизге чакыра-

быз.


Кече 2017-жылдын 23-сентябрында саат 13:00 дө мектепте өткөрүлөт.

5-класстын окуучулары

Тактама – окуучунун, кызматкердин, студенттин окуусу же аткарган

кызматы тууралуу талап кылган жерге жазылат.

  1. Мекеменин аталышы, тактама (справка) талап кылынган адамдын аты жөнү толук жазылат;

  2. Анын иштегендиги же окугандыгы тууралуу толук маалымат бе- рилет;

  3. Тактама (справка) берген мекеменин жетекчисинин аты-жөнү жа- зылып, колу коюлат.

Мектеп окуучусуна берилген тактаманын (справка) үлгүсү:

Бишкек шаарындагы №69

окуу-тарбия комплекс-гимназиясы Тактама (справка)

Берилет бул тактама (справка) Асанов Акмат Асановичке, ал Бишкек шаарындагы №69 ОТКГнын 5-классында окугандыгы анык.

Тактама талап кылынган жерге көрсөтүү үчүн берилди.

69 ОТКГнын директору: С. Т. Атаева

Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар топторго бөлүнүү менен төмөнкүдөй тапшырмаларды аткара алышат:

    1. топ үчүн: 57-көнүгүү. Мектеп директорунун наамына экскурсияга баруу жөнүндө арыз жазышат.

    2. топ үчүн: 58-көнүгүү. Чакыруу кагазынын түрүн (жолугушуу ж. б.) жазышат.

    3. топ үчүн: 59-көнүгүү. Класстын чогулушу, ар кандай конкурстар боюнча кулактандыруу жазышат.

Топтор өз алдынча иштеп жатканда, мугалим доскага туура эмес жа- зылган арыз, кулактандыруу жана чакырууну атайын таблицага илет.

Арыз

Мен 5-класста окугам. Азыр башка мектепте окууну улантып жатам. Ошондуктан деломду бериңиздер.

(колу) Асанов

Чакыруу Сизди жолугушууга чакырабыз.


Кулактандыруу

Мектепте «Кана эмесе, кыздар» конкурсу өткөрүлөт. Кечикпей келгиле.

Уюштуруучулар.

Ар бир топтон окуучулар чыгып, берилген тапшырма боюнча жоопторун айтышат. Калган окуучулар кемчиликтерин толукташат.

Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар доскада илинген арыз, ку- лактандыруу жана чакыруунун тексттери менен таанышып, каталарын оңдоп чыгышат. Ошону менен бирге эмне үчүн андай жазылуу керектигин түшүндүрүшөт.

Алган билимди бышыктоо үчүн суроолор:

  • расмий иш кагаздарына кайсылар кирет?

  • расмий эмес иш кагаздарына кайсылар кирет?

  • арыз кандай учурда жазылат? Аларга коюлуучу талаптар кайсы?

  • кулактандыруу кандай учурда жазылат?

  • тактама деген эмне? Ал кандай учурда жазылат?

Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!