СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Растрдык жана вектордук графика.

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты :  

Билим берүүчүлүк: Компьюетердик графика боюнча жаңы түшүнүктөрдү берүү, компьютердик графиканын түрлөрүн берүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Компьюетердик графика боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү. Окуучулардын акылын, ой жүгүртүүсүн өстүрүп, өз алдынча иштөөсүн өркүндөтүү.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды бири – биринин  оюн  баалуу деп эсептөөгө үйрөтүү, окуучулардын информатика илимине болгон кызыгуусун өркүндөтүү.

Просмотр содержимого документа
«Растрдык жана вектордук графика.»

Бекитилди ____________

Датасы _______________

Класс _______________


Сабактын темасы: Растрдык жана вектордук графика.

Сабактын максаты : Билим берүүчүлүк: Компьюетердик графика боюнча

жаңы түшүнүктөрдү берүү, компьютердик графиканын түрлөрүн берүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Компьюетердик графика боюнча

түшүнүктөрүн кеңейтүү. Окуучулардын акылын,

ой жүгүртүүсүн өстүрүп, өз алдынча иштөөсүн өркүндөтүү.


Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды бири – биринин оюн баалуу деп эсептөөгө үйрөтүү, окуучулардын информатика илимине болгон кызыгуусун өркүндөтүү.


2. Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп үйрөнүү.

3. Сабактын максаты: Компьютердик графика жөнүндө түшүнүгүн

кеңейтүү.

4. Сабак өтүүнүн методу: Интерактивдүү.

5. Сабактын жүрүшү:

5.1. Саламдашуу, сабакты уюштуруу.

5.2. Үй тапшырмаларын текшерүү.

Компьютердик графика

ЭЭМдин экранында сүрөттөр кантип пайда болот? Компьютер түрдүү ишти конкреттүү программалар аркылуу аткараарын жана ал программалар конкреттүү информацияны иштете тургандыгын силер жакшы билесиңер.

Алгачкы компьютерлер илимий жана өндүрүштүк маселелерди гана чечүү үчүн пайдаланылган. Адатта андай эсептөөлөрдүн натыйжасы кагазга басылган сандардын узун колонкалары болгон. Адамдар алынган натыйжаны жакшыраак түшүнүү үчүн кагаз, карандаш, сызгыч жана башка чийме куралдары менен графиктерди, диаграммаларды, эсептелген конструкция-лардын чиймесин сызган. Башкача айтканда, адамдар графикалык эсептөө-лөрдүн натыйжаларын иргеп иштөөнү кол менен жүргүзгөн. Мындай натыйжалар графикалык түрдө көрсөтмөлүү жана түшүктүү болот.

Машинага графикалык иштетүүнү тапшыруу идеасы тез эле пайда болгон. Адегенде программистер сүрөттү символдук басып чыгаруу режиминде алууну үйрөнүшкөн. Кагаз барактарда символдордун (чекиттер, жылдызчалар, кошуулар, тамгалар) жардамы менен мозаиканы элестеткен сүрөттөр алынган. Функциялардын графиктери, суюктук жана газ агымдарынын сүрөттөлүштөрү, электр жана магнит талааларынын сүрөттөлүштөрү ушундайча даярдалган.

Компьютердик графика – бул биз монитордон көрүп турган сүрөттөлүш. Бул сүрөттөлүш өңдүк мейкиндик, өңдүк профилдер жана өңдүк маалымат менен башкарылат. Графиканын эки түрү бар: растырдык жана вектордук.

Растырдык графика көбүнчө сүрөт тармагында колдонулат. Бул графика майда чекиттерден турган графика, өзүнүн ченемдик көлөмүндө жакшы, так көрүнөт, бирок көлөмүн чоңойтууда сапатын жоготуп коёт.

Вектордук графика чоң масштабдагы стендтерди, жарнамаларды чыгарууда колдонулат. Анткени бул графиканы жүздөгөн эсе чоңойтсок дагы өзүнүн сапатын сактай алат. Бул графика сызыктар жана ийри сызыктардын жардамы менен түзүлөт.

Компютердик графика азыр ар кайсы тармактарда колдонулат, ошондуктан атайын программалык пакеттер колдонулат. Графиканы биз мейкиндикте жана тегиздикте түзө алабыз жана көрө алабыз.


Компьютердик графикада негизги төмөнкү кеңейтилиштер колдонулат:








Баалоо: Үй тапшырманы аткаргандыгына жана сабакка катышуусуна карай.

Үйгө тапшырма: Өтүлгөн материалды окуп, жаңы түшүнүктөр боюнча өз

алдынча изилдеп келүү.