| Слайд – ар бир органдын түзүлүшү боюнча коюлат. 1-мурун көңдөйү 2-коко,кекиртек 3-өпкө Биздин жашообуз дем алуудан башталат. Балдар көңүлүңөрдү кийинки видеороликке бурамын. Абдан маани берип көрүшүңөрдү суранар элем. Слайд (сууда сүзгөндөр) Бул видеодо спорттун кайсы түрүн көрдүңөр? Эмнени байкай алдынар? Спортчулардын дене түзүлушү кандай эле? Слайд ( өпкөнүн тиричилик көлөмү) Өпкөнүн көлөмүн өлчөөчү аппарат – Спирометр. Спирометр аркылуу 2 адамдын өпкөсүн анализ кылышкан 1-адамдын 3000 мл дени сак 2-адамдыкы 1500 мл бранхионадык астма менен ооруган. Эксперимент : Окуучулар терең дем алып шарды үйлөйт. Карагылачы балдар класста кимдин шарынын көлөмү чоңураак. Демек спорт менен машыккан адамдардын өпкөсүнүн көлөмү салыштырмалуу чоңураак болот. 6-8000 мл чейин болот. Сууда сүзгөндө негизинен суунун астыңкы бөлүгүндө убактысын көбүрөөк өткөрөт. А эмне үчүн бизде андай жөндөм жок? Эксперимент: Пластилин менен иштөө: Балдар пластилинди тоголоктоп диск сыяктуу жасайбыз. Бул эмнеге окшошту балдар? Туура эритроциттерге,кан денечелерине. Кандын негизги функциясы кандай эле, транспорттук э, кычкылтекти ташуу. Демек спортчулардын суу астында көпкө жүрүшүнүн себеби эритроциттердин аянтына көлөмүнө жана санынын көптүгүнө байланыштуу. Эсперимент : балдар эми силер менен кандын составындагы кычкылтекти ченейбиз. бул аппарат пульс оксиметр деп аталат. 95-100 норма, 90 төмөн болсо кычкылтек жетишсиз-гипоксия деп алат. Азыр бир окуучуну ченеп көрөбүз. Ченеп бүткөн соң маска тагып коюлат. Эксперимент : балдар алдыңарда картошка турат. Ошол картошкага перикс водороддон тамчылатабыз. Эмнени байкадынар? Картошкада ак көбүктөр пайда болду. Бул жерде перикс водород картошка үчүн уу болуп саналат. Эритроциттер үчүн коопту нерсе эмне болушу мүмкүн? Спирттик ичимдиктер, тамеки, ар түрдүү суусундуктар. Эгерде эритроциттер өлсө кычкылтектин нормада ташылуусу бузулат. |