СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Рефлексия -деген эмне?

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар бир адамдын турмушунда өзү жөнүндө, өзүнүн жашоо принциптери, өзүнүн жеке сапаттары, өзүнүн мүнөзү жана ушул абал башка адамдарга кандай таасир эте тургандыгы жөнүндө ойлогон абал болот. Адам, анын тиги же бул кылык-жоругу, оюу, башка бирөөгө мамилеси чындык эмне калп эмне дегенди чечүүгө аракеттенип далилдеген же жокко чыгарган аргументтерди издейт. Бул издөө ички сүйлөшүү деп аталган процессте жүрөт.

Просмотр содержимого документа
«Рефлексия -деген эмне?»

Рефлексия деген эмне?

Ар бир адамдын турмушунда өзү жөнүндө, өзүнүн жашоо принциптери, өзүнүн жеке сапаттары, өзүнүн мүнөзү жана ушул абал башка адамдарга кандай таасир эте тургандыгы жөнүндө ойлогон абал болот. Адам, анын тиги же бул кылык-жоругу, оюу, башка бирөөгө мамилеси чындык эмне калп эмне дегенди чечүүгө аракеттенип далилдеген же жокко чыгарган аргументтерди издейт. Бул издөө ички сүйлөшүү деп аталган процессте жүрөт.

Өзүңдөн сура

  • Мен эмне кылып жатам?

  • Мен муну кантип жасап жатам?

  • Эмне үчүн жана эмнеге мен муну жасап жатам?

  • Мен эмнени түшундүм?

  • Эмне үчүн мен так ушундай түшүндүм?

  • Мен эмнени түшүнгөн жокмун?















Өзүң менен өзүң болгон же өзү ойлоп элестеткен бирөө менен болгон ички диалог, адамга өзүн күзгүдө карагандай өзүнө карата изилдөөчүнүн позициясына турууга мүмкүнчүлүк берет. Өзү мене өзү сүйлөшкөн ички диалог – бул рефлексиянын өзү. Рефлексия түздөн-түз маанисинде (латын тилинен reflexio) – бул чагылдыруу. Эгерде өзүңдүн ички абалыңды белгилөө үчүн метафора менен колднсоң, анда күзгүнүн образын колдонсо болот. Сырткы байкоочунун көз карашы боюнча, “күзгүнүн астында” позициясы өзүңдү сырттан көргөнгө мүмкүндүк берет. Баарлашууда рефлексияга болгон жөндөмдүүлүк баалуу. Рефлексиянын аябай маанилүү тармагы – ойлонуу процесстери, аны бекеринен кээде ойлонуу жөнүндө ойлонуудай аныкташат.

Талдоо” – “өзүн-өзү талдоо” – “рефлексия”

Салыштыруу үчүн параметрлер

Талдоо

Өзүн-өзү талдоо

Рефлексия



Мааниси

Сабактын милдетин аныктаган методикалык жана дидактикалык жана башка өзгөчөлүгүн табуу, тиги же бул педагогикалык позициянын (концепциянын) негизинде окуу процессиндеги ролу жана жыйынтыктоосу.

Сабакта мугалимдин же окуучунун өзүнүн ишмердүүлүгүн жана өзүнүн аракетин талдоо.

Чечүү жолдорун издөө менен окуу көйгөйлөрун чечүү жолдору.

Максаттары жана милдеттери

Окутуу процессинин модели, ячейкасы катары, сабактын мазмунун жана түзүлүшүн баалоо жана табуу.

Өзүн-өзү талдоо субьектисинин өздүк педагогикалык же окуу ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн табуу, окуунун же окутуунун колдонулган ийгиликтүү методдорун табуу, алынган жыйынтыктарды белгилөө, коюлган максатка жана пайда болгон жагдайга алардын туура келишин далилдөө.

Чындыгында сабакта эмне болуп жаткандыгын аныктоо; Болуп жаткан нерсенин ойлонуу талаасын аныктоо жана белгилөө.

Рефлексиянын ролу

Мугалимдин тажрыйбасы

(сабак берүү, теориялык билим, кесиптештери жана окуучулар менен баарлашуу тажрыйбасы ж. б.)

Рефлексия

(өзү менен өзүнун ички диалогу, суроолорго жооп, өзүн-өзү талдоо, жеке ишмердүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүү)

Жыйынтык: милдеттин коюлушу

















Кесиптик өнүгүү

(ишмердүүлүктү өздүк маани менен толтуруу; маселени чечүү; алдыңкы идеяларды жана баалуулуктарды калыптандыруу)

Жыйынтык: сабак берүүнүн сапатынын өзгөрүүсү, установкалардын өзгөрүүсү; ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу















Мугалимдердин өздөрү рефлексия жөнүндө жеке түшүнүгүн түз жана образдуу аныктамада түзүшөт. “Рефлексия – майдалоо, өткөрүү, укканды, көргөндү, окуганды жана башка маалыматты өзүң аркылуу которуу”, “Рефлексия – жеке тажрыйбаңа көз жүгүртүү жана жаңы идеяларды пландаштыруу”, “Рефлексия – окуучунун дагы жана мугалимдин дагы ишмердүүлүгүн өзүн-өзү талдоосу. Кечээ эмне пландаштырдыңар? – деген суроонун үстүндө талкуулоо, ой жүгүртүү. Бүгүн эмне болду? Кантип колдоном, эртең аракет кылам? Өзүн-өзү баалоо”, “Рефлексия – бул ой жүгүртүү, өзүнүн суроосуна өзү жооп берүүсү”, “Рефлексия – бул артка кайтуу, өзүнүн ишине “кылчактоо”, минустар тууралуу ой жүгүртүү”, “Бул кадрларды кайтадан буроо, иштин деталдарына жана моменттерине токтолуу”.

Мугалимдин кесиптик өнүгүүсүндө рефлексиянын ролун схемадан көрсөтсө болот.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!