Просмотр содержимого документа
«Реостаттар жөнүндө түшүнүк»
ЖАЛАЛ – АБАД ОБЛУСУ Аксы району Нарын айылы №42 Т.Сатылганов мектеби. 8-класс
Физика мугалими Кулматова Бурулсун
Сабактын максаты:
Билим беруучулук: Реостат жонундо толугу менен тушунук алышат .
Онуктуруучулук: Жаны тушунук алуу менен ой жугуртуусу осот, жаны ачылыштарды ачууга кызыгуусу артат.
Тарбия беруучулук: Алган билимин турмушта пайдалана билууго, ар кандай буюмдарды аздектоого тарбиялоо
Кундолук турушубузда ток кучун бирде азайтып, бирде кобойтуп турууга туура келет.
Чынжырдагы ток кучун каршылыкты озгортуу менен жонго салып туруучу курал реостат деп аталат.
Реостат (гр.rheos –агым жана states -кыймылсыз) – Электр тизмегиндеги токту жонго салуучу аппарат.
Жонокой реостат катары узундугун озгортуп турууга ынгайлашкан зымды алса болот. Ал зымдын салыштырма каршылыгы чон болууга тийиш. Бул максатта никелин же нихром зымдары пайдаланылат.
Колдонууга ынгайлуу реостаттардын бири – жылдыргычтуу реостат.
Бул реостатта керамикадан жасалган цилиндрге никелин зымы тыгыз оролгон. Зымдар бири – бирине тийишип турганы менен токту откорбойт. Анткени зымдар ток откорбос материал (окалин ) менен капталган.
Оромдордун устундо металл озокчо бекитилген. Ал боюнча метал пластинка жылып журот. Пластинкалар оромдордун эки капталына кысылып тийип турат. Пластинка менен оромдордун зымдарынын тийишкен жеринде сурулуунун натыйжасында окалин изолятору сыйрылып тушот. Чынжырдагы ток оромдордон жылып журуучу пластинкага, пластинкадан озокчого, андан 1- клеммага берилет. 1 жана 2-клеммалар аркылуу реостат электр чынжырына бириктирилет.
Жылып журуучу пластинканы озокчо аркылуу кыймылдатып зымдын узундугун узартып же кыскартса болот. Откоргуч узарганда, анын каршылыгы да кобойуп, ток кучу азаят. Ал эми откоргуч кыскарганда, каршылыгы кичирейип, ток кучу чоноет. Демек, чынжырдагы ток кучу жонго салынат.
Сабакты бышыктоо:
Уй тапшырма:
Китептен Реостаттар деген теманы окуп келуу.