Россия - аянты боюнча жер шарындыгы эң чоң өлкө. Европанын, Чыгыш Азиянын түндүк бөлүктөрүн ээлейт. Чек арасынын жалпы узундугу 60 мин км. Дүйнөдө бир дагы өлкө мынчалык узундуктагы чек арага ээ эмес. Чек арасынын басымдуу бөлүгү деңиз жээктери менен өтөт: түндүгүндө Түндүк Муз океандын ,чыгышында Тынч океандын деңиздери , батышында Балтика, туштүгүндө Кара, Азов жана Каспий деңиздери менен чулганат.
Россия - башкаруусу республикалык формадагы федерациялык мамлекет. Администрациялык -аймактык түзүлүшү боюнча Россия Федерациясы 88 бирдей укуктуу субьекттерден турат анын ичинде 20 автономия республикасы, 7 край, 48 облус, 1 автономия облусу, 9 округ. федерация маансиндеги эки шаар - Москва жана Санг-Петербург бар.
Россия ири өнөр жайлуу илимий жана агрардык мүмкүнчүлүгү чоң , жаратылыш ресурстарына бай индустриялуу агрардык өлкөазыркы учурда ал рыноктук социялдык багытты көзөгөн экономикага өтүп жатат. Россия Федерациясында минералдык отундун бардык түрү, биринчи кезекте нефть жана жаратылыш газы өндүрулүп алынат.
Россиянын аймагынын жаратылыш шарттарына жараша дыйканчылык менен мал чарбасына зоналдуулук мүнөздүү. Мисалы тунра менен токойлуу тундрада чарбанын негизги адистешүүсү -бугучулук, аңчылык жана балык уулоо. Түштүк жагында дыйканчылык ( зыгыр, кара буудай, сулу, арпа өстүрүү) өнүккөн.
Росссиянын темир жолунун узундугу 85 миң км, автомобиль жолунуку -738 миң км, ички суу жолдорунун узундугу 102 миң км, булардан башка аба жолдору, нефть жана газ куурлары жана электр тогун өткөрүүчү зымдар өлкөнүн транспорт системасын түзөт.