СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабак иштелмеси

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын иштелмеси : 8-класс Темасы:Сүйлөмдүн мүчөлөрү боюнча маалымат

Просмотр содержимого документа
«Сабак иштелмеси»

Сабактын планы.

Кыргыз тили. 8 класс.

Сабактын темасы: Сүйлөм, анын негизги белгилери.Жай, суроолуу сүйлөм

Сабактын максаттары:

Сабакта күтүлүүчү натыйжалар

Көрсөткүчтөр

Кептик-катнаштык компетенттүүлүктөрү:

Окуу: Текстти угуп, түшүнөт жана текст боюнча тийиштүү тапшырмаларды аткара билет.

Тексттин мазмуну боюнча продуктивдүү жана репродуктивдүү суроолорду туюнтуп, угулган тексттин мазмуну боюнча өз пикирин айта алат.

Угуу: Көркөм тексттин негизги мазмунун түшүнөт. Жай суроолуу сүйлөмдөрдү угуп, алардын негизги мазмунун түшүнөт.Угуп түшүнүү көндүмдөрү өсөт.

Сабакта фильмдин фрагментин көрүп, угуп, суроолорду угуп, аларга жооп берет, башкалардын айтканын угуп, түшүнүп, өзү улап сүйлөп кете алат.

Сүйлөө: Уктурулган материал боюнча аңгеме куруп, сүйлөй алат. Адептик кеп үлгүлөрүн колдонуп, макулдугун / макул эместигин билдире алат.

Сабактаталаш-тартышка кошулуп, берилген тема боюнча өзүнүн көз карашын ар бир окуучу 3-4 репликага чейин жактай алат.

Жазуу: Сабакта жазуу көндүмдөрүнө ээ болот.

Мурда өздөштүргөн орфографиялык көндүмдөрүнө таянып, суроолуу сүйлөмдөрдү түзүп жазат, көнүгүүнү өз алдынча аткарып, калтырылган сөздөрдү толтурат.

Тилдик компетенттүүлүктөрү:

Тил бирдиктерин түшүнөт жана кепте тилдин грамматикалык эрежелерине ылайык колдоно билет.

Сүйлөмдөрдү туура түзөт, туура сүйлөйт. Башкалардын каталарын билип, оңдойт.

Социомаданий компетенттүүлүктөрү:

Сабактагытеманын алкагында кыргыз элинин кептик этикетин, маданиятын билет. Өз өлкөсү, анын маданияты тууралуу өздөштүргөн тилдик жана катнаштык билгилигинин чегинде айтып бере алат. Өз оюн бекемдөө үчүн кебинде макалдарды колдоно билет.

Элдик үрп-адаттарды түшүндүрөт: меймандостук, саламдашуу адеби, улууларды сыйлоо ж.б Элдин ынтымагы, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги жөнүндө сабакта ой бөлүшөт.. Кебинде макалдарды колдонот.


Сабактын ресурстары: ОТК – “Курманжан датка” көркөм фильмден фрагмент, слайд.

Сабактын жүрүшү:



  1. Сабактын киришүү бөлүгү.

Сабакта угуп түшүнүүгө, сүйлөөгө, жазууга, окууга көнүгөбүз. Сабакты “акылдуу ойлордон” баштайбыз. Айтылган акылдуу ойлорго макул же каршы болуп, өз көз карашыбызды билдирип, суроо – жооп жүргүзөлү. Келгиле, мен “датка” деген сөздү сунуштайын. Акылдуу ойлорду ушул сөздүн тегерегинде курабыз. “датка” деген сөз силерде кандай ассоциация жаратса, силер ошол сөздөрдү айтасыңар.

Алай канышасы

Курманжан

Алымбек

датка


XVIII - XIX кылым

башкаруу



Сабактын негизги бөлүгү

Фильмден үзүндү көргөндө жаңы сөздөрдү угасыңар. Алар менен таанышкыла.

Бар болуңуз, бегим.

Арыбаңыз, аксакал.

Арыбаңыз, кан ага!

Бар бол, даткам.


– Кыргыздар мурун ушинтип учурашчу.


датка – аскердик чин

Аттарын алгыла. – Конокту аттан түшүрөт, атын алып байлайт.

туугандар – кыргыздар бири-бирине ушинтип кайрылат.

Кел,иним, төргө өт. Алыс жолдо кыйналбай, аман-эсен келип алдыңарбы? Бала-бакыра, мал-жан, эл-журтуңар эсенби? – Алыстан келген адамдын ал-жайын ушинтип сурайт.

Келген жөнүмдү айтайын. – Эмне үчүн келген себебин айтат.

Көздөн учкан туугандар – “көрсөм”,- деп каалаган туугандар

Чериңди жазып кет – көңүл ачып, сүйлөшүп отурса, сагынычы кетет.

Черди той жазат. – тойдо көңүл ачылат, чер жазылат.

Той бүткөнчө – той бүткөнгө чейин

Сөз түйүнүн чечербиз – көпкө сүйлөшүп отуруп, баарын чечет.

Бүткүл Анжыяндык кыргыздар – Алымбек датка түндүккө түштүк элинин атынан кайрылган. (1876-жылы Түркестандын Фергана областы катары Россиянын курамына кошулган. Ага чейин кыргыздар Кокон кандыгына баш ийишкен.)

Ынтымак-тилеги жазылган – кыргыздар өз каалоосун билдирген

Убада, шерти ушунда – эл биригүү үчүн Жантай канына ишенип, сөз берген

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгар- – ынтымактуу болуу

Жалпы журтту чогулт- – элди чогултуу

Улуу жыйын куралы деп – жыйналып, Курултай өткөрүү

Милдет – иш, тапшырма

Мойнубузга милдет алдык – биз өзүбүз башыбыз менен жооп беребиз

Калган милдет сенде – биздин ишибизди улант, бизден кийин сен жооп бересиң.

1-көнүгүү. Сөз айкаштарды бүтүргүлө. Оозеки сүйлөм түзгүлө.


Бар

кол

Аттарын

баш

Төргө

болуңуз

Аман-эсен

алгыла

Мойнубузга

жөнүм

Келген

өт

Бир жакадан

милдет

Бир жеңден

келдиңерби

Бала-

учкан

Көздөн

жазып кет

Чериңди

бүткөнчө

Черди

бакыра

Той

той жазат

Сөз

кыргыздар

Анжыяндык

түйүнү



  1. Фильмден үзүндү көргүлө. Текстти көңүл буруп, уккула. Алымбек датка кайда келди? Эмне үчүн?

  2. Дагы бир жолу уккула. Угуп жатып калтырылган сөздөрдү толуктап жазгыла.


  • Отурасыңарбы, туугандар?

  • _________________ , бегим.

  • ______________, аксакал. Жакшы турасыңарбы?

  • Ой, аттарын _________________.

Алымбек:

  • __________________, кан ага!



Жантай кан:

  • О, бар бол, даткам. Кел иним, ______ өт. Алыс жолдо кыйналбай, ____________ келип алдыңарбы? Бала-___________ , мал-жан, эл-журтуңар ____________?



Алымбек:

  • Кан ага, келген жөнүмдү айтайын.



Жантай кан:

  • Сен ______________________ туугандарыңа келдиң. Чериңди жазып кет. Черди ___________ ________. А той бүткөнчө жай олтуруп, сөз түйүнүн ____________.


  • ...Мыкты уулуңуз бар экен.

  • Кан агаңар көптөн бери сыркоолоп жатты эле. Көңүлүн көтөрүп, сакайтып койдуңар.



Алымбек:

  • Кан ага, мында бүткүл Анжыяндык ______________________ ынтымак-тилеги жазылган, убада, шерти ушунда.



Жантай кан: (Шабданга)

  • Шабдан, уулум, заман чаташып, кыйын өлкөлөр туш-туштан кысып, эл-жерибиз тарып бараткан чакта, бир жакадан _______, бир жеңден _______ чыгарып, ынтымагыбызды бекемдейли. Жалпы журтту чогултуп, улуу жыйын куралы деп, Алымбек агаң экөөбүз мойнубузга _________ алдык. Калган милдет сенде, уулум.



Алымбек:

  • Уруксат болсо биз кайталы, кан ага.



Жантай кан:

  • Уулум силерди кечмекке чейин узатып коёт.



Алымбек: (Шабданга)

  • Ат күлүгүн сынашпайлыбы, _____________.



Шабдан:

  • Сынашса, сынашалы, _____________ .

4. Туурасын ооба, катасын жок менен белгилегиле. ооба, жок

Алымбек датка Жети-Өгүзгө эс алууга, саякаттап келди.



Алымбек датка Жети-Өгүзгө тойго келди.



Алымбек датка Анжыяндык кыргыздардан кат алып келди.



Алымбек датка тойдо чер жазды.



Жантай кан аны жакшы тосуп алды.



Жантай кан той өткөрдү.



Алымбек датка менен Жантай кан – туугандар.



Той бүткөнчө Алымбек датка менен Жантай кан чер жазып сүйлөштү.





5. Суроолорго жооп бергиле.

  • Алымбек датка ким болгон? Ал жөнүндө айтып бергиле.

  • Бул кайсы мезгил?

  • Алымбек датка түндүктөгү кыргыз туугандарына эмне үчүн келиптир?

  • Ал келген максатына жеттиби?

  • Жантай кан уулуна кандай милдет тапшырды?

  • Шабдан аны аткара алабы?

  • .....


III. Бышыктоо.

  1. Текстти акыркы ирет угуп, тесттин тапшырмаларын аткаргыла.


Тестти аткарууга нускама

тапшырмалардын саны: 5

Тапшырма аткарууга: 5 мүнөт.

Ар бир тапшырмага бирден туура жоопту белгиле.


  1. Алыстан келген конок ....

а) өзүнүн атын өзү байлайт.

б) өзү биринчи учурашат.

в) учурашпайт.

г) чарчадым дейт



2) Көздөн учкан туугандар – бул ...

а) көптөн бери сагынган

б) көзүнө көрүнбөгөн

в) алыстан учуп келген

г) “көрсөм”,- деп каалаган


3) “Мында бүткүл Анжыяндык кыргыздардын ынтымак-тилеги жазылган.”


а) Анжыяндык кыргыздар ынтымаксыз болушкан.

б) Түндүктөгү кыргыздарга Анжыяндан узун өмүр, ынтымак тилешет.

в) Анжыяндык кыргыздар биригүү үчүн документ жазышкан.

г) Түндүктөгү элге Анжыяндан салам кат жазышкан.


4) Алымбек датка .... келди.

а) тойго

б) саякатка

в) эс алууга

г) элчиликке


  1. Шабдан ким болгон?

а) Шабдан – кыргыз элинин баатыры, мамлекеттик ишмер, манап.

б) Шабдан – Жантай кандын уулу, келген конокторду узаткан баласы.

в) Шабдан – Шабдан Кожобаев – кыргыз эстрада жылдызы.

г) Шабдан – Эрнист Абдыжапаров тарта турган фильмдин аталышы.


2. Диалогду аткаргыла.

3. Диалогду өзгөрткүлө. Сабактагы Казакстандан келген конокторго кайрылып, ал-жайын сурагыла.

IV. Үйгө тапшырма берүү: Үйдөн өз алдыңарча “Бир жакадан баш, бир женден кол чыгар”,- деген темада текст түзүп келгиле. Текст сегиз – он сүйлөмдөн болсун. Бүгүнкү сабактагы сөздөрдү катыштыргыла.


V. Окуучуларды баалоо.




Сабакка №1 тиркеме.

Фильмден сабакка алынган фрагменттин тексти:


  • Отурасыңарбы, туугандар?

  • Бар болуңуз, бегим.

  • Арыбаңыз, аксакал. Жакшы турасыңарбы?

  • Ой, аттарын алгыла.

Алымбек:

  • Арыбаңыз, кан ага!



Жантай кан:

  • О, бар бол, даткам. Кел иним, төргө өт. Алыс жолдо кыйналбай, аман-эсен келип алдыңарбы? Бала-бакыра, мал-жан, эл-журтуңар эсенби?



Алымбек:

  • Кан ага, келген жөнүмдү айтайын.



Жантай кан:

  • Сен көздөн учкан туугандарыңа келдиң. Чериңди жазып кет. Черди той жазат. А той бүткөнчө жай олтуруп, сөз түйүнүн чечербиз.


  • ...Мыкты уулуңуз бар экен.

  • Кан агаңар көптөн бери сыркоолоп жатты эле. Көңүлүн көтөрүп, сакайтып койдуңар.



Алымбек:

  • Кан ага, мында бүткүл Анжыяндык кыргыздардын ынтымак-тилеги жазылган, убада, шерти ушунда.



Жантай кан: (Шабданга)

  • Шабдан, уулум, заман чаташып, кыйын өлкөлөр туш-туштан кысып, эл-жерибиз тарып бараткан чакта, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымагыбызды бекемдейли. Жалпы журтту чогултуп, улуу жыйын куралы деп, Алымбек агаң экөөбүз мойнубузга милдет алдык. Калган милдет сенде, уулум.



Алымбек:

  • Уруксат болсо биз кайталы, кан ага.



Жантай кан:

  • Уулум силерди кечмекке чейин узатып коёт.



Алымбек: (Шабданга)

  • Ат күлүгүн сынашпайлыбы, баатыр.



Шабдан:

  • Сынашса, сынашалы, даткам.










Сабактын планы.


Алгебра . 8 класс.


Сабактын темасы: Мисалдар иштөө.


Сабактын тиби. Алган билимдерин бышыктөө.


Сабактын ресурстары . Тест . ТСО.Көрсөтмө куралдар.


Сабактын жүрүшү.


1).Жагымдуу маанай уюштуруу.


Оюн. Кутучада мен сүйгөн окуучунүн сүрөтү.


2).Отүлгөн тема боюнча суроо-жооп.


3).Өз алдынча иштөө.Тест сурооларына жооп табу. ТСО дан пайдаланылыт.


4).Үй тапшырмаларын текшерүү.( оозеки ).


5).Жаны тема.



482-мисал. Сандарды салыштыргыла.

2). 1.03 жана 1.0(3) 4).3.7(2) жана 3.72

1.03= 1.03000.... 1.0(3)=1.03333...

1.03 1.0(3)

4 ).3.7(2)= 3.7222... 3.72=3.72000...

3.7(2) 3.72

6).Оюн. Фигураларды сызуу.

483-мисал. -8 . – 16. -3 . -5.2 .12 . 7 .0 . 1 9 . 1 сандары берилген.

1). 12 . 1 2). -8 . - 16 . -3 . 12 .0 . 1

3). -8 . 16. -3 . -5 2 . 12 . 0 . 1 9 . 1 .

486.Төмөнкү сандар кандай удаалаш бүтүн сандардын ортосундо камалган.

1). 8 3) . 27 5). 200



4 = 2 25 = 5 196 = 14

9 = 3 36 = 6 225= 15

2 8 3 5 27 6 14 200 15

7). Оюн . Акылдуу саябан .

8). Өз алдынча иштөө.



9) Үйгө тапшырма . 482- (1.3). 487-мисалдар.

10).Окуучулардын билимин балоо.