СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабак иштелмеси

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабак иштелмеси»

Геометрия 8- класс

Мугалим: Орозова М.

Сабактын темасы: Тик бурчтуу үч бурчтуктун тригонометриялык функциясы. Мисал иштөө.

Сабактын максаты:

Тик бурчтуу үч бурчтуктун тригонометриялык функциясынын аныкталышы.

Сабактын милдеттери:

  • Когнитивдик- Тик бурчтуу үч бурчтуктарды чыгаруу. Пифагордун теоремасын колдонуу.

  • Жүрүм турумдук- Эки элементи берилсе калган элементтерин табууну, мисал иштөө менен үйрөнүшөт.

  • Баалуулук- Тик бурчтуктун катеттерин гипотенузасын, бурчтарын табууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди берүү.

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

Сабакта колдонулуучу ресурстар: Окуу китеби, карточкалар, сызгыч ж.б.


Негизги компетенттүүлүктөр:

Маалыматтык: а жана в катетин, с гипотенузасын α, β табууга маалымат.

Социалдык: Белгисиздиктерди табуу, өз билимдерин өркүндөтүү, мисалдар иштөө.

Өз ишин уюштуруу, көйгөй лөрдү чечүү: Өз алдынча көнугүүлөрдү иштөө бурчтарды табуу.

Көрсөткүчтөр:

  1. Берилди а жана в катети с=? β =? sin α=?

  2. Берилди с-гипотенуза, а катет =а/с β =90◦ - в=с*соs

  3. Берилди с- гипотенузасы тар бурчу берилген с=а/ в=с* соs

  4. Берилди с- гипотенузасы тар бурчу берилген с=а* в=с* соs β =90◦-

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Баалоо

Уютуруу

Саламдашуу

Жоктоо

Жагымдуу маанай түзүү (Силер утулуп калдынарго)

Саламдашуу

түзүү (Силер утулуп калдынарго)


Үй тапшырмасын текшерүү

Карточкалар аркылуу суроо берүү

Суроолорго ооз эки жооп берүү




Жаңы тема





Мисал иштөө

Маалыматты көрүү жана угуу

Мисал иштөө




Бышыктоо


Мисал чыгаруу


Мисал чыгаруу


Баалоо



Көрсөткүчтөрдүн жана үй тапшырмасынын негизинде

баалоо.


Көрсөткүчтөргө жооп берүү




Үйгө тапшырма берүү.

Мисал иштөө

Мисал иштөө






1-аныктама. Тик бурчтуу үч бурчтуктун тар бурчунун синусу деп, ошол бурчтун каршысындагы катеттин гипотенузага катышына айтылат. α бурчтун синусу sinα сыяктуу белгиленет жанa «синус aльфa» деп окулат. Аныктама боюнча: a c sin α = . 2-аныктама. Тик бурчтуу үч бурчтуктун тар бурчунун кoсинусу деп, ошол бурчка кыналган катеттин гипотенузага катышына айтылат. α бурчтун кoсинусу cosα сыяктуу белгиленет жанa «кoсинус aльфa» деп окулат. Аныктама боюнча: b c cos α = . 3-аныктама. Тик бурчтуу үч бурчтуктун тар бурчунун тангенси деп, ошол бурчтун каршысындагы катеттин бурчка кыналган катетке катышына айтылат. α бурчтун тангенси tgα сыяктуу белгиленет жанa «тангенс aльфa» деп окулат. Аныктама боюнча: a b tgα = . 4-аныктама. Тик бурчтуу үч бурчтуктун тар бурчунун котангенси деп, ошол бурчка кыналган катеттин каршысындагы катетке катышына айтылат. α бурчтун котангенси ctgα сыяктуу белгиленет жанa «котангенс aльфa» деп окулат. Аныктама боюнча: b a ctgα = . Тик бурчтуу үч бурчтукта катет гипотенузадан кичине болгондуктан, тар бурчтун синусу жанa кoсинусу бирден кичине болот. Тик бурчтуу үч бурчтукта катеттер өз ара барабар, бири экинчисинен чоң же кичине болушу мүмкүн. Ошондуктан тангенс жанa котангенстин маанилери 1 ден кичине, 1 ге барабар жанa 1 ден чоң болушу мүмкүн. Mаселе. ABC үч бурчтугунда ∠C=90°, AB=10 cм, BC=8 cм, AC=6 cм (2-сүрөт). A бурчтун тригонометриялык функцияларынын маанилерин тап. C 2 A B b=6 cм a=8 cм c =10 cм http:eduportal.uz 37 Чыгаруу. Аныктама боюнча: 8 10 sin 0,8 BC AB A = == ; 4 3 84 1 633 tgA = == 1 ; 6 10 cos 0, 6 AC AB A = == ; 3 4 6 3 8 4 ctgA = == 0, 75 ; Жообу: sinA=0,8; cosA=0,6; = 1 3 tgA 1 ; ctgA=0,75. N 3 M K Билип койгон пайдалуу! «Синус» термини латин тилинен алынган болуп, «ийилүү» деген маанини билдирет. «Тангенс» термини латин тилинен которгондо «жаныма» деген маанини билдирет. «Koсинус» жанa «котангенс» терминдери «complementi sinus» жанa «complementi tangens» – «толуктоочу синус» жанa «толуктоочу тангенс» терминдеринин кыскартмаларынан турат.    ? M L 4 N Суроо, маселе жанa тапшырмалар 1. 1) Тик бурчтуу үч бурчтуктун жактарынан кандай катыштарды түзүүгө болот жанa алар кандайча окулат? 2) Тик бурчтуу үч бурчтукта тар бурчтун синусу, кoсинусу, тангенси жанa котангенси деп эмнеге айтылат жанa алар кандайча белгиленет? 2. Ар бир бөлчөк аныктама боюнча K бурчтун кайсы тригонометриялык функциясын туюнтат (3-сүрөт): a) KN KM ; б) MN KN ; в) MN KM ; г) KN MN ? 3. ∠ABC дa ∠C=90°, AB=6 cм, BC  =  5 cм, AC= 11 cм (1-сүрөткө к.). A жана B бурчтардын синусу, кoсинусу, тангенси жанa котангенстеринин маанилерин тап. 4. Тик бурчтуу үч бурчтукта тар бурчтун синусу: a) 0,98; б) 2 ; в) 5 2 − ге барабар болушу мүмкүнбү? 5. Тик бурчтуу MNL үч бурчтугунда 24 25 sin N = ке барабар. Бул барабардыктан үч бурчтуктун кайсы жактарын табууга болот (4-сүрөт)? 6. MNL үч бурчтугунда ∠L=90°, MN=13 cм, ML=12 cм, NL=5 cм (4-сүрөт). M бурчтун синусу, кoсинусу, тангенси жанa котангенсинин маанилерин тап . 7. ABC үч бурчтугунда ∠C=90°, AB=17 cм, BC=8 cм, AC=15 cм. A жанa B бурчтар синусу, кoсинусу, тангенси жанa котангенсинин маанилерин тап.