СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

3-класстын математика сабагынын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмеси»

Сабактын темасы: Тамгалуу туюнтмалардын маанилерин табуу (3-класс)

Максаттары

Көрсөткүчтөр

Күтүлүүчү натыйжалар

А. Тамгалуу туюнтманын маанисин табуу эрежесин билишет. Үлгүгө таянып, маанисин түшүнүшөт

  • Тамгалуу туюнтманын маанисин табуу эрежесин билсе

  • Алгоритмди колдонуп туюнтманын тиешелүү маанисин таба алса

  • Маселелерге туюнтма түзүп чыгара алса

  • квадраттын периметрин таба алса

  • квадраттын аянтын таба алса

3.7.2.4 Тамганы камтыган туюнтманын маанилерин табууга мисалдарды аткарат

3.6.1.7 Татаал маселелерди жалпы туюнтма түзүп чыгарат


Б.Эрежеге таянып, туюнтмалардын маанилерин табышат. Маселелерди туюнтма түзүп чыгарышат. Квадраттын периметрин, аянтын тамгалуу туюнтма түзүп, маанисин эсептешет.

В.Тактыкка, байкагычтыкка көнүгүшөт.



Предметтик компетенттүүлүктөр

Математикалык жаӊы маалыматтарды таанып билүү, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компетенттүүлүгү (К1)

Математикалык түшүнүгүн тереӊдетүү жана бышыктоо компетенттүүлүгү (К2)

Сабактын тиби: аралаш сабак

Сабактын усулу: аз-аздан изденүү, анализ, проблемалык

Көрсөтмөлүүлүк каражаттары: плакат (алгоритм жазылган), эстафета оюнуна даярдалган карточкалар, 3түстөгү тегеректер (ар биринде)

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убактысы

Мугалимдин ишмердиги

Окуучулардын ишмердиги

ПК, НК

Баалоо техникасы, комментарийлер

Уюштуруу

3мүн

Саламдашуу. Класста жагымдуу маанай түзүү.



Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү

Саламдашышат. Бири-бирине жагымдуу сөздөрдү айтышат: мен сени көргөнүмө кубанычтамын. Бүгүн күн аябай жакшы...

Математика боюнча окуу китебин, дептерин, күндөлүк, калем, калемсаптарын алгандыгын көзөмөлдөө.


Муз жаргыч колдонулат


Үй тапшырмасын текшерүү

2мүн

Үйгө тапшырма кайсы мисалдар болгон?


408-мисалдын жообу канча чыкты?








408-409-мисалдар

R=3см S=28( )



Суроо-жооп




409-мисалчы?


m+12, m=20,25,30

20+12=32

25+12=37

30+12=42



Дептерлеринен үй тапшырмага көз салып чыгуу

Максат коюу

2мүн

  • Биз силер тамгалуу туюнтмалардын маанилерин табуу темасын өтөбүз.

  • Бүгүн, силер тамгалуу туюнтманын маанисин табуу эрежеси менен таанышасыңар. Маселелерге туюнтма түзүп чыгарсыңар. Квадраттын аянтын, периметрин табасыңар. Тез эсептөө оюнун ойнойсуңар!










Окуучулардын ишин актуалдаштыруу

3мүн

  • Дегеле, тамганы камтыган туюнтма деген эмне?

  • Мисал келтиргиле

  • Дагы кандай туюнтманы билебиз?

  • Азаматсыңар!

  • Аларга мисал келтиргилечи

  • Бул туюнтмалардын айырмачылыгы эмнеде?


  • Тамганы камтыган эмнеге келтирилет экен?

  • Сан, тамга жана амалдар катышкан математикалык жазылыш

  • 7+а, 8 – в, (а+в)*3...

  • Сан туюнтмасы


  • 7+5, 6 – 5, 8:4, ...

  • Сан туюнтмасы – сандар жана амалдардан, тамганы камтыган – сандар, амалдар, тамгалар

  • Сан туюнтмасынын маанисин табууга



Жаңы материалды түшүндүрүү

5 мүн

  • Келгиле, плакаттагы жазууга көңүлүнөрдү бургула

  • Тамганы камтыган туюнтма жана ал тамганын мааниси да берилиптир

  • Эрежени окугула



  • Андан кийин эмне кылуу керек?


  • 850саны –тамга камтыган туюнтманын берилген мааниси үчүн табылган маани б.с.

  • Башка мааниси болушу мүмкүнбү?


  • Анда бир нече мааниси болсо, эмне кылуу керек экен?





  • Тамганын маанисин туюнтмага коюп, көрсөтүлгөн амалды аткаруу керек. Анда туюнтма 365+485 түрүнө келет.

  • Мамыча түрүндө кошуу керек экен.

  • Натыйжада, 365+485=850



  • Болот, а нын ордуна башка сандар болушу мүмкүн

  • Тамганын бир нече мааниси болсо, ар бири туюнтмага коюлуп, айрым-айрым эсептелинет













НК1

Плакат илинет доскага












Светофор техникасы

Бышыктоо

21 мүн

411-мисал.

Мисалдын берилишинен эмнени байкадыңар?


Үлгүгө карап түшүнүп, экинчи маанисин тапкыла






412-маселенин шартын окугула

  • Маселе эмне жөнүндө экен?


  • Эмне берилиптир?




  • Эмнени табуу керек экен?



413-маселенин текстин окуп чыккыла.

Бул маселе эмне жөнүндө экен?

Эмне берилиптир?

Эмнени табуу керек?





Эстафета оюнун ойнойсуңар.

Отурган ордуңар боюнча 5 катар жарышат. Кайсы катар карточканы тез жана туура толтурса, утуш ошолордуку!

415-мисал

  • Квадраттын жагы берилиптир, аны кайсы тамга менен белгилейбиз?

  • Эмнени табуу керек экен?

  • Формулаларын жазгыла



Тамганы камтыган туюнтма жана тамганын 500, 3000 маанилери берилиптир

k – 25, k=3000

3000

-

25

2975

3000 – 25=2975


(О-1) маселенин текстин окуйт

  • Байпактын баасы, сарпталган акча, эне байпак сатып алат

Сатып алды:

2жуп байпак – 3сомдон

5жуп байпак – 2сомдон

Калды – 15сом

Канча акча бар эле?

Жообу: Эненин 31 сом акчасы бар эле.


  • Жандыктар жөнүндө

К ой – 536

?

Э чки – 534кө аз

536+(536-534)=538

Жообу: кыштоого бардыгы 538жандык айдап келишкен.

5*5 9*5 9*4 8*7 6*6

7*9 4*3 49:7 25:5 56:8

45:9 63:9 63:7 27:9 56:7

45:5 18:2 18:9 3*4 27:3



,

Квадраттын периметрин жана аянтын










ПК1











ПК2




ПК2






НК2

Түшүнүүнүн жаңылыштыгын текшерүү








Өз алдынча аткарышат










Кол коңгуроосу







Карточкалар таратылат

Жыйынтыктоо

5мүн

Балдар, бүгүнкү сабакта силер менен эмнелерди үйрөндүк?


Дагы эмнелерди аткардык?



Силерге сабак эмнеси менен жакканын таратылган стикерлерге жазабыз жана доскадагы даракка алып келип жабыштырабыз


Тамга камтыган туюнтманын маанисин табуу эрежесин

Маселелерге туюнтма түзүп чыгардык

Квадраттын аянтын, периметрин таптык

Бири-бирибиз менен жарыштык


Күтүү дарагы

стикерлер

Тапшырма

2мүн

Үйдөн 416,417-мисалдарды чыгарып келесиңер.

416-мисалда тамганы камтыган туюнтма берилиптир, анын 2 түрдүү мааниси үчүн тиешелүү маанилерди табууну билесиңер, ошол боюнча чыгарасыңар

417-мисал болсо, оозеки эсептейсиңер, кайсы касиетке таянып жыйынтык алынаарын байкап келгиле

Тапшырманы күндөлүктөрүнө белгилешет. Тапшырманы аткаруу жолдорун түшүнүшөт.



Баалоо

2мүн

Сабактын көрсөткүчтөрүнө таянып, окуучулардын аткарган иш-аракеттерине анализ жасалып баа коюлат

Күндөлүктөрүнө алган бааларды койдурушат