Cандар катышкан макал-лакаптар жана накыл сөздөр
Билеги күчтүү ….. ж ыгат,
Билими күчтүү ….. жыгат.
….. бири кыдыр.
Эр ортону ….. жаш.
….. кол тең эмес.
…..-байлык ден-соолук,
…..-байлык ак жоолук.
….. уйдун мүйүзү сынса, ….. уйдуку зыркырайт.
….. өлчөп бир кес.
Айдаганы ….. эчки ышкырыгы таш жарат.
Жалгыз бээлүү жан сактайт,
….. бээлүү эл сактайт.
Кыздын ….. чачы улуу.
Жигитке ….. өнөр аздык кылат.
….. сомуң болгончо, ….. досуң болсун.
Атаң ….. чыкканча алдап-соолап күчүн ал.
Жаман деген … ат бар жууса кеткис.
Жакшы деген … ат бар кууса кеткис.
Кызга ….. үйдөн тыюу.
Арачыга …. таяк.
Аталаштан ….. болгончо, энелештен …бол.
Уй сойсоң ….. күн үйүңө жолобо,
Жылкы сойсоң….. күн үйүңдөн чыкпа.
….. күнгө ээси бербейт,
….. күндөн өгүз өлбөйт.
Кыңыр иш ….. жылдан кийин билинет.
….. ала болсоң алдыңдагыны алдырасын,
….. төп болсон төбөңдөгүнү аласың.
Жакшы атка ….. камчы,
Жаман атка ….. камчы.
….. жылда эл жаңы.
Аскар, аскар, аскар тоо,
Аягы барып чап болот.
Атадан ….. болсо да,
Сыйлашпаса жат болот.
….. бири жок, уй байлаарга жиби жок.
Базарда ….. киши бар ар ким көңүлү сүйгөнүнө салам берет.
Айла ….., акыл ……
Жарды бай болсо, ….. жыл жардылыгын коё бербейт.
Бай жарды болсо, ….. жыл байлыгын коё бербейт.
Атадан ….. болсо да, ар жалгыздык башта бар.
….. –миңге, …..-түмөнгө.
Cандар катышкан макал-лакаптар жана накыл сөздөр
Билеги күчтүү бирди ж ыгат,
Билими күчтүү миңди жыгат.
Жетинин бири кыдыр.
Эр ортону элүү жаш.
Беш кол тең эмес.
Биринчи-байлык ден-соолук,
Экинчи-байлык ак жоолук.
Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдуку зыркырайт.
Жети өлчөп бир кес.
Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат.
Жалгыз бээлүү жан сактайт,
Эки бээлүү эл сактайт.
Кыздын кырк чачы улуу.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болсун.
Атаң алтымышка чыкканча алдап-соолап күчүн ал.
Жаман деген бир ат бар жууса кеткис.
Жакшы деген бир ат бар кууса кеткис.
Кызга кырк үйдөн тыюу.
Арачыга алты таяк.
Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
Уй сойсоң үч күн үйүңө жолобо,
Жылкы сойсоң жети күн үйүңдөн чыкпа.
Эки күнгө ээси бербейт,
Бир күндөн өгүз өлбөйт.
Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет.
Алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасын,
Жетөөң төп болсон төбөңдөгүнү аласың.
Жакшы атка бир камчы,
Жаман атка миң камчы.
Элүү жылда эл жаңы.
Аскар, аскар, аскар тоо,
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсо да,
Сыйлашпаса жат болот.
Он экинин бири жок, уй байлаарга жиби жок.
Базарда миң киши бар ар ким көңүлү сүйгөнүнө салам берет.
Айла алтоо, акыл жетөө.
Жарды бай болсо, үч жыл жардылыгын коё бербейт.
Бай жарды болсо, үч жыл байлыгын коё бербейт.
Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар.
Бирдики–миңге, миңдики-түмөнгө.