СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мамлекеттик тил боюнча сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмеси»

« Тил байлыгы-эл байлыгы»

  1. Кыргыз тилинин гимни.

  2. Мугалим: Урматтуу агай-эжейлер жана окуучулар! Бүгүнкү5-класстын окуучулары менен бирдикте Мамлекеттик тилдин 30жылдыгына карата «Тил байлыгы-эл байлыгы» деген теманын негизинде өтүлө турган кечеге кош келиңиздер.

Мындан туура 30 жыл мурун т.а 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынган. Ошол күндөн тарта биз малекеттик тил кунун майрамдап келе жатабыз.Республикабыздын бардык аймактарында 3 айлык жарыяланып, ошонун негизинде ушундай кече, сынак, ж.б иш чараларды өтүп жатабыз.

3. Доклад « Мамлекеттик тил-биригүүнүн данакери»

Кыргыз тили-элибиздин эң башкы эн белгиси.Кыргыз тили болгон үчүн кыргыз деген эл, кыргыз мамлекети жашап келүүдө. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин мамлекеттик символикаларыбызды: Туубузду көтөрүп, имнибизди ырдап, Гербибизди кабыл алдык. Элибизди башка элдерден айырмалап келген, улутубуздун улуттугун сактап жана ташка тамга баскандай айырмалап келген-кыргыз тилибиз. Эгерде түптүү, уюткулуу элибиз болбогондо, анда Кыргыз Республикасы деген мамлекет да, кыргыз эли да болмок эмес.



4.Биз Манас айтпай кыргыздын кылымдык тарыхын, тилин, дилин, каада-салттарын айта албайбыз.

Хор «Манас»



5.Көркөм айтуу: А.Токтомушев «Эне тилим»

Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим

Кылымдан азиз энем күткөн тилим.

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда,

Жаралып,жаным менен бүткөн тилим



Сүйүктүү, татынакай сулуу тилим,

Мээримдүү, жүрөгүмө жылуу тилим.

Ширелген жакут менен көркү чексиз,

Тамшанткан, такылдаткан балдан ширин.



Тилине кулдук кылам, энем, атам!

Кечиргин, мен тараптан болсо катам.

Сен сүйгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде,

Кубултуп, безеп ырдап келе жатам

Айтыш:

Дүйнө жүзүндө эки гана нерсе элде кездешкен көркөм өнөр. Бул-төкмөлүк. Ал кыргыз эли менен казак элинде кездешет экен..Улуу өнөрдү уларча жок кылбай аздектеп келе жатабыз. Кезекти төкмө ырчыларыбызга берели.

Кыргыз бийи:

Тал чыбыктай ийилген,

Кызы сонун кыргыздын.

Тамшандырган көргөндү,

Бийи сонун кыргыздын- деп кезекти бийчи кыздарыбызга берели

Көрүнүш : «Оп майда»

Кыргыз эли мал чарбачылык менен бирге жер айдап, эгин себишкен. Алар таман акы, маңдай терлерин ырга кошушкан. Алсак, кыргыздардын жерге, түшүмгө болгон мамилеси «Оп майда» аттуу ырларында баяндалган.

Улуттук оюндар: «Тогуз коргоол», «Беш таш»оюну.

Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес өздөрүнө тиешелүү болгон улуттук оюндары бар. Атап өтсөк толтура. Ошолордун ичинен бир-экөөнү атасак.

«Беш таш»- көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Муну ойногондо 2ден көбүрөөк кыздар катышат. Оюнга катышкандардын бирөө колундагы таштарды жерге чачат.Арасынан бир ташты алып, аны жогору ыргытып, ал жогорудан келгиче жерден бир таш алып, ыргытылган ташын тосуп алат.Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден , үчтөн, акыры төртөөнү чогу бир жолу алып утат.

«Тогуз коргоол» оюнунун эрежелери :

Тогуз коргоол-кыргыз элинин улуттук акыл оюну. Атайын жасалган тактада 2 адам ойнойт. Такта 18 үйдөн жана 2 казынадан турат. Ар бир оюнчуга 9 үй, 1 казына таандык. Эгерде үйлөрү солдон оңгө карай 1ден 9га чейинки сандар менен белгилесек, анда ал сандарга туура келген үйлөрдүн аттары төмөнкүдөй болот: 1-үй-куйрук,2-үй- ат өтпөс, 3-үй-текилдек,4-үй-далы, 5-үй-бел,6-үй-ак колтук,7-үй-эки тишти, 8-үй-көк моюн, 9-үй-ооз. Тогуз коргоол оюну көп жабдууларды талап кылбайт. Оюнга бардыгы 162 коргол керек. Ар бир оюнчу жеңип чыгыш үчүн 81ден коргоол жыйноого умтулат. Жүрүш чучукулак аркылуу аныкталат.

Жыйынтыктоо:

Хор «Ата Мекеним»