СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын иштелмеси

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын иштелмеси»

              Тема: Клетка-тирүү организмдердин тиричилик бирдиги


Сабактын максаты: Жалпы тирүү организмдердин классификациясын билишет. Клетканын түзүлүшүн өсүмдүк менен жаныбар клеткасын салыштырып талдашат. Клетканын органоиддеринин функциясын анализдешет.


Сабактын жабдылышы: Биология окуу куралдары, окутуунун техникалык каражаттары, микроскоп, натуральдык каржаттар, туруктуу жана убактылуу микропрепараттар, клетканын түзүлүшү боюнча модельдер, муляждар, торса, рельефтүү таблица, таркатылуучу материалдар; маркерь, липучка, стикер, флипчарт, ж.б. 

Сабактын жүрүшү: Чакыруу баскычы.


Сабакта каралуучу маселелер

Сабактын каралуучу маселелерине карата критериялар

Сабакта каралуучу маселелерди ишке ашыруучу тапшырмалар

1.Жалпы тирүү организмдердин уюштуруулу деңгээли

2.Клетканын түзүлүшү

3.Клетканын органоиддери түзүлүшү, функциясы

-Жалпы тирүү организмдердин уюштуруу деңгээлин билсе

-Клетканын түзүлүшүн талдай алса

-Клетканын органоиддерине анализ жүргүзсө

-Жалпы тирүү организамдерди классифиакиялагыла(15м)

-Клетканын түзүлүшүнө кроссворд иштегиле(20м)

-Клетканын органоиддеринин аткарган функциясын анализдегиле(15м)

Мугалимдин сабакты уюштуруусу: Мугалим доскада теманы жазат да тема боюнча бир канча суроолор менен студенттерге кайрылат.

  1. Жалпы тирүү организмдерге  эмнелер кирет?

  2. Тирүү организмдердин эң кичине бирдиги эмне?

  3. Эң кичине бирдик клетка болгон боло анын кандай органоиддери бар?

Жогорудагы суроолорго студенттер жооп бере башташат жана буга чейинки билимине таянып аргументтерди келтиришет. Мугалим студенттердин жазганын тизмелеп доскага жазып чыгат.

Мындан соң мугалим студенттерге кайрылат. Балдар силер бугунку темабыз клеткага байланышкан көп малыматтарды билет экенсиңер эми анда төмөндөгүдөй электрондук варианттагы Learning appss программасында түзүлгөн тирүү организмдердин классификациясы боюнча викторина тапшырмасын аткаргыла ал үчүн төмөндөгү ссылка аркылуу киргиле.


https://learningapps.org/watch?v=p6jb7x4c24 


Студенттер электрондук тапшырманы аткарып бүткөн соң, кайрадан студенттерге кайрылып кана балдар электрондук тапшырманы иштеп жатып эмнени байкадыңар деп кайрадан суроолорду берип кайрылат.

  1. Эмне себептен козу карындар өсүмдүктөрдүн катарында эле окулбастан өзүнчө топ катары каралат?

  2. Вирустардын жаратылыштагы орду кандай?

  3. Бактериялардын адамдын жашоосундагы пайдасы эмне? деген сыяктуу ж.б. бир нече суроолор менен кайрылат.

Сабакта каралуучу экинчи маселе боюнча. Мугалим студенттерде мини лекцияны бачндама жасайт. Жаратылышта баардык организмдер клтекадан түзүлөт. Клетка тирүү организмдердин эң кичине бирдиги. Клетка тканды түзөт, ткань органды түзөт, орган органдар системасын түзөт, органдар сисмтемасы бир бүтүн организмди түзөт. Бул боюнча өсүмдүк ткандары боюнча төмөнкү тесттик тапшырманы аткаргыла.


https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf3P9Ef4KAqrwo5cdW8vvIhl0OYbfPzBYCQXWfb_SkdQX9glw/viewform?usp=sharing 


 Студенттер тесттик тапшырманы аткарышат жана бардык тирүү орагнизмдер клеткадан тураардыгын жана клетка тканды түзөөрдүгүн талдашат. Мугалим кайрадан студенттерден сурайт өсүмдүк клеталарын түзүп туруучу кандай ткандын түрлөрүн билдиңер? Студенттер жооп беришет: механикалык, жабуучу, өткөрүүчү, негизги жана пайда кылуучу ткандарды түзөөрүн билдик өсүмдүк клеткалары. Мындан соң студенттерге экинчи электрондук тапшырманы жөнөтөт.


https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdx3VpqL1zx_CFWu8X-QyuUHEmOjGuIkMkrKA1DeKrq0e-Raw/viewform?usp=sharing


Студенттер тесттик тапшырманы аткарышат. Мугалим студенттреден сурайт. Жаныбар клеткасында эмне өзгөчөлүк бар жана жаныбарлар фотосинтез жүргүзбөгөндүктөн кайсы органоид жаныбар клеткасында болбойт? деп суроо узатат. Студенттер жооп беришет бардык жашыл өсүмдүктөр фотосинтез жүргүзгөндүктөн өсүмдүк клеткасында пластида бар ал эми бул пластида жаныбар клеткасында болбойт, бир гана бир клеткалуу жашыл эвгленада кезигет.

Мугалим студенттрге кайрылат силер балдар тирүү организмдердин классификациясын билдиңер, тирүү организмдер эң кичинекей бөлүкчө клеткадан тураарын түшүндүңөр жана өсүмдүк клеткасы менен жаныбар клеткасын анализдедиңер эми органоиддерининин кызматын үйрөнгүлө деп кийинки кроссворд электрондук тапшырманы жөнөтөт.


    https://learningapps.org/watch?v=pusatbda324 


жана бул тапшырманы аткарган соң студенттердин ээсине көбүрөөк иңдириш үчүн кийинки wordwall программасы менен түзүлгөн кийинки тапшырманы жөнөтөт

    https://wordwall.net/ru/resource/69720240 

 Бул тапшырманы бир нече түрдүү: викторина, анаграмалар менен иштеп органоиддер жөнүндө кеңири мааламат алышат жана сабактын аягында мугалим видиослайддар аркылуу тоолук түшундүрмө берет жана студенттерди баалайт