СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын планы Кыргыз тили

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сабактын планы Кыргыз тили»

23-сентябрь мамлекеттик тил күнү

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн негизги уңгусунун бири катары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин бардык чөйрөлөрүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө иштейт.

Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.

Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет.

Мамлекеттик же расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт.

(КР 2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилдин иштеши жана конституциялык статусун колдоо үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзөт, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилди окутуу боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алат жана каржылайт.

3-статья.

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасындагы улут аралык мамилелердин да тили болуп эсептелет.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 29 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. 

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат. 

Биздин редакция дагы жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт. 

Мамлекеттик тилди окутуу үчүн, мамлекеттик идеология керек” 

Бардыгыбыз билгендей, мамлекеттик тил бул-мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү түрдө колдонулуучу тил болуп эсептелет.

Ушул мамлекеттик тилге, мамлекеттик идеология керек деген оюн, бизге филология илимдеринин доктору, профессор Сүйүнбек Ибрагимов билдирип, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө, аны окутуу үчүн атайын программалардын иштелип чыгуусу керектигине токтолду.

-Азыркы мезгилде, кыргыз коомчулугунда кыргыз тилин эки түрдүү багытта окутуу зарылчылыгы бар. Биринчиси, кыргыз тилин кыргыз калкынын эне тили катары окутуу керек болсо, экинчиси, кыргыз тилин КРдин мамлекеттик тили катары үйрөтүү. 

Албетте, кыргыз тилинин илимий-практикалык жыйындарын өткөрүп, аны эл ичинде жайылтуу, башка элдерге кыргыз тилинин артыкчылыгын үйрөтүү бул өзүнчө маселе. Бул, кыргыз тилчилеринин, адабиятчыларынын, тарыхчыларынын жалпы эле гуманитардык багыттагы интеллигенциянын жана кыргызды улут катары барктап, ошону аздектеп келе жаткан элдин максаты, жоопкерчилиги. 

Экинчи маселе болсо, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу. Бул негизинен мамлекеттик документтерди кыргыз тилинде иштетүү, мамлекеттик иш-кагаздарын кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрү менен башка элге жеткирүү деген сөз. Ошондуктан, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам интерпретацияга муктаж. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушу дегеним бул, ошол кызматта иштеп жаткан, кыргыз эли менен, күндөлүк чыгып турган иш-кагаздар менен иштей турган адамдар кыргыз тилинин мамлекеттик деңгээлде колдонуло турган сөздөрүн, терминдерин, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрүн билүүсү, үйрөнүүсү керек. 

Мисалы, КРдин жараны, бирок кыргыз болбосо дагы, кыргыз элинин алдына чыгып сүйлөөсү үчүн өзүнүн кесибине тийиштүү сөздөрдү тандап, сүйлөй ала тургандай болуусу керек. Эгерде, юридикалык тармактын өкүлү болсо, ошол сот-прокуратуранын тилин үйрөтүшүбүз керек, же болбосо, финансы темасында элге кайрылуу кыла турган болсо, анда ошо эсеп-чотко тиешелүү терминдерди билүүсү зарыл. Ал эми, маданият тармагындагы кызматкер болсо, анда кыргыз маданиятынын “Манас” баш болгон жетишкендиктерин башка элге түшүндүрүп бере тургандай тийиштүү сөз, сөз айкаштарын, фразеологизмдерди билүүсү шарт. 

Мына, эгерде кыргыз тилин мамлекеттик тил катары ушундай тартипте окутсак, кыргыз тили кандайдыр бир жагымдуу кабыл алынаар эле. Аны мамлекеттик тил катары окутканда экинчи жактын кыргыз тилине болгон сүйүү сезимин дагы кошо козгошубуз керек. Ошондуктан, менин жеке оюмда, бизге мамлекеттик тил жөнүндө өзүнчө бир идеология керек. Ошол мамлекеттик тилди окутуунун маселелери боюнча кеңири түшүндүрүп бере ала турган, кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу үчүн атайын кандайдыр бир багыт берген программалар иштелип чыгуусу учурдун талабы. 

Мамлекеттик тил дегенден кийин, ошол тилди кызмат даражасында, бийлик даражасында, эл аралык даражада жана элдердин ортосундагы мамиле маселесинде колдоно турган атайын терминдер, сөз айкаштары, сүйлөмдөрдү үйрөтүү зарыл. Мына, ушуларды эске алып, ошонун негизинде окутуу керек. 

Учурда болсо, кыргыз тили менен мамлекеттик тилдин окутулушунда эч бир айырмачылык жок. Бирок, мен жогоруда айтып кеткендей экөөнү окутууда айырмачылыктар болуусу керек деп айтаар элем. Мамлекеттик тилди окутуу үчүн, мамлекеттик идеология керек. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы Улуттук тил комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык юбилейи менен куттуктап, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилгенин эске салды. 

Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди. 

Бүгүнкү күндө республика боюнча “Кыргыз тесттен” жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөндүгүн белгиледи. Алыскы региондордогу кызматкерлерди тесттен өткөрүү үчүн, атайын көчмө станциялар дагы өз ишин улантып жатканын кошумчалады.

Улуттук тил комиссиясы, сентябрь айында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу “Эне тил жана Айтматов” аталыштагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялагандыгын билдирди. Мамлекет башчысы бул иш-чараны колдой тургандыгын баса белгилеп, “Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүүгө, жазуучунун чыгармаларын жайылтууга арналган жакшы саамалык” – деген, оюн билдирди. 

Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке чейинки жана башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселесин козгоп, жеткинчектер үчүн окуу китептерин басып чыгарууда “Байчечекей” бөбөктөр журналынын практикасын колдонуп, аны расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады.

     

Сөз

Биздин элде баалайт сөздү башынан

Бир сөз үчүн түшүп берген атынан.

Бир сөз үчүн бирин-бири чабышкан

Бир сөз үчүн бир туугандай табышкан.

Кан майданда Мекен деген сөз үчүн

Кайран кырыз,кайран үрөп,өз күчүн,

Аткармакка тууган элдин тилегин,

Тайманбастан окко тосту жүрөгүн

(А.Кадыров)


Эне тилим

Отко салсаң,чокко салсаң күйбөгөн

Жоголгон жок,кеткени жок,дүйнөдөн

Эне тилим нечен тилим карыткан

Ушул тилде бабам Манас сүйлөгөн.


Турган чакта жергебизде аш толуп,

Эне тилим жадырасын жаз болуп.

Эгерде ким эне тилин жерисе,

Катып калсын ,кыймылдабай таш болуп.

(Д.Юсупов)


Эне тилим- канатым

Тилиң барбы журтсуң,элсиң,пендесиң,

Тагдырыңды ,тарыхыңды жиктеген.

Бул жарыкта тилсиз болсоң айла жок,

Бир макулуксуң жан ачыта тиктеген.


Менин тилим-күч канатым,кут тилим.

Манас бабам жар чакыра сүйлөгөн

Бул жашоонун бүтпөс ыры сыяктуу,

Бүт өмурдө төл тилимди үйрөнөм.

(Т.Жороев)


Эне тилим түрк тилдердин ичинен

Эн байыркы,эң байыркы бабасы.

Ушул тилде бүт дүйнөнү таңдатып,

Айтышууда күнү-түнү “Манасты”

Элди эл кылып турган анын тили (Ч.Айтматов)


Эне тилим,эне сүтүм таалайым.

Ачып турган ак калпагым маанайым.

Кылымдардан кылымдарга кыялбай.

Сен оркундөп өсүшүңдү каалаймын.


Узун тартып өмүр көчтүү кербениң

Канча кылым карытканын билбедимэ

Жашоосунда тынчтык болуп элимдин,

Токтобосун чубай берсин кербениң.


Тоого тоолор курамалап курашып,

Узун тартып улумалап улашып.

Алда кайдан кебез тартып келаткан,

Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.


Улуу куштун уясы тоо боорунда,

Деген нуска көңүлүмдү котөрөт.

Асабаңды котөр кыргыз өйдөгө,

Тоо бүркутү сен эмеспи көкөлөп.


Тил жөнүндө макалалар

Эне тилим эчен кылым карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.


Тилиң барда дүйнонү кезсең болот

Ким экениң өзүңдү сезсең болот.


Илим менен билимге көпүрө- тил,

Көкөлөткөн адамды тили деп бил.


Тили жоголгон журттун өзү да жоголот.


Эне тилим-эне сүтүм,бакытым.

Эне тилим-түгөнбөгөн байлыгым.


Тил-акыл таразасы,жүрөктүн ачкычы.


Тил – ойдун сандыгы. Эне тилдин ээси – тил.


Тил чебери китептен,кыймыл чебери спорттон.


Эне тилди билбегениң,өз элиңди сүйбөгөнүң.


Мен-кыргызмын,мен ошого мактанам,

Кыргыз тилин кылымдарга сактаган.


Тил көпүрө илим менен билимге

Тил адамга кубаныч берет күнүгө.

Тил адамды бакыт,даңкка жеткирет

Тил адамды шорго салат өлтүрөт.

Сөздүн оту да бар,музу да бар.

Сөздүн балы да бар тузу да бар.

Балдай сөз учурунда супсак келип,

Болуп калат бир татым тузга да зар.(Абу Шүкүр)





Тил жөнүндө накыл кептер

Тил-ойлонуунун куралы.Тилге женил-желпи мамиле жасоо жок.


Улуттун тили дайыма элдин уллук руху менен тыгыз байланышта(Л.Н Толстой)

Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы (Н.М.Карамзин)

Тил аң-сезим сыяктуу эле эң байыркы болуп эсептелет.

Тил-достуктун,макулдашуунун эн мыкты ортомчусу.

Чет тил бул-жашоо үчүн болгон күрөштө бизге курал (К.Маркс)

Кимде ким чет тил билбесе,ал өз эне тилин да жакшы билбейт.(И.Гете)

Көп тил билүү -демек бир кулпуга түшө турган ачкычтуу болуу (Ф.Вольтер)

  Тирүү жанга эки нерсе керектир,

Бири-тили,бири- дили ак көңүл.

Ар улуттун улуттугун аныктаар,

Тил-деген бул-

Метрикасы улуттун (Э Ибраев)

Дүйнөдөгү бардык элдин

Ыйык көргөн тили бар.

Ошол тилди сыйлаш үчүн,

Опол тоодой дили бар.


Эне тилдин тагдырына жаны ачып.

Эне тилдин тазалыгын талашып.

Тилдин тилге тийбестигин залалы

Чыңгыз ага түшүндүрдү жаны ачып.













































2021-2022-окуу жылына крата “Кой-Таш” орто мектебиндеги окуп жаткан бардык класстар жана класс жетекчилер боюнча

м а а л ы м а т

Классы

Жалпы саны

Класс жетекчиси

Эскертүү


1

Даярдоо

классы


13/5


Жалилова Зийнат


2

1-класс

18/7

Паизова Махарам


3

2-класс

18/10

Набиева Кызжибек


4

3-класс

21/7

Кадырова Шарапат


5

4-класс

15/8

Идирисова Марзия


6

5-класс

14/6



7

6-класс

13/6



8

7-класс

10/4

Абдиллаева Гулмира


9

8-класс

13/6

Досова Курсанай


10

9-класс

15/4

Акматов илияс


11

10-класс

10/5



12

11-класс

13/7

Жамилова Фарида



Жалпы:12

173/75

160/70








Түзгөн ОББ: Токсонбаева Б.С.















КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Урматтуу “Кой-Таш” орто мектебинин мугалимдери,август отчетун 1жаштан 17 жашка чейинки окуучулардын тизмесин тактоо керек. Класс жетекчилер класс боюнча,микроучасткадагы мугалимдер участка боюнча тактап бериңиздер.

Эскертүү: тапшыруу мөөнөтү 9-10-август.

6.08.2021-жыл.



ОББ: Токсонбаева Б.





















2021-2022-окуу жылында “Кой-Таш” орто мектебинин мугалимдеринин сабактарын бөлүштүрүү боюнча маалымат

Мугалимдердин

тизмеси

Жумалык жүктөмү

Окуткан предмети

Окуткан

классы

1

Абалов Н.

6саат

Кыргыз тили жана адаб.

7-класс

2

Токсонбаева Б.

16 саат

Кыргыз тили жана адаб.

6-9-11-кл.

3

Эшбаева Ш.

17саат

Кыргыз тили жана адаб.

5-8-10-кл.

4

Жапаров А.

24 саат

Орус тили жана адаб.

5-11-кл.

5

Улукбек кызы М.

24саат

Англис тили

3-11-кл.

6

Досова К.

21саат

Тарых,адам ж-а коом

5-11-кл.

7

Сыдыков С.

16 саат

Математика,алг.геом.

5-7-8-10-кл.

8

Жамилова Ф.

15 саат

Алгебра,геометрия,

физика

6-9-11-кл.

9

Кубанычбек кызы З.

15саат

Информатика,физика

5-10-кл.

10

Акматов И.

19саат

Биология,химия,таб.

таануу

5-11-кл.

11

Абдиллаева Г.

17 саат

География,көркөм өнөр,эмгек,чийүү

5-11-кл

12

Жапарова Р.

7саат

Музыка

1-7-кл.

13

Досатов Ж.

18саат

Дене тарбия,АЧД

5-11-кл.

14

Идирисова М.

20саат

Башт.кл.4-класс

4-кл.

15

Кадырова Ш.

19сааь

Башт.кл.3-класс

3-кл.

16

Набиева К.

19саат

Башт.кл.2-кл.

2-кл.

17

Паизова М.

16саат

Башт.кл.1-класс

1-кл.

18

Жалилова З.

15саат

Башт.кл.Даярдоо кл.

Даярдоо кл

19


12саат

Башт.орус тили

1-4-кл.

Түзгөн ОББ: Токсонбаева Б.









































«МАКУЛДАШЫЛДЫ»

Лейлек РБББ башчысы :

__________У.И.Жеемуратов

«_____»________2021-жыл.





“Кой-Таш” орто мектебинин педагогикалык Кеңешмесинин 2021-жылдын 23- августундагы №1 токтому менен бекитилди





Директор: Н.К.Абалов























“Кой- Таш” орто мектебинин 2020-2021- окуу жылы үчүн түзүлгөн жалпы иш планынын

М А З М У Н У

1) Өткөн окуу жылындагы окуу-тарбия иштерине педагогикалык тандоо жана жаңы окуу жылындагы алдыдагы милдеттер.

2) “Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы.

3) Педагогикалык кадрлар менен иштөө,алардын кесиптик чеберчилигин көтөрүү жана мугалимдерди аттестациядан өткөрүү.

4) Окуу-тарбия иштерине жалпы жетекчилик кылуу .

5) Мектептеги окуу-тарбия иштерине ички көзөмөл жүргүзүү.

6) Ата-энелер менен иштөө,коомдук жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен болгон байланыш,мектеп Кеңеши жана камкордук кеңеши менен кызматташып иштөө.

7) Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана чарбалык иштерди жүргүзүү.



  1. Өткөн окуу жылындагы окуу-тарбия иштерине педагогикалык талдоо жана жаңы окуу жылынын алдындагы негизги милдеттер

“Кой-Таш” орто мектебинде өткөн 2019-2020-окуу жылында 18 мугалим 140 окуучуга билим-тарбия берди

Өткөн окуу жылындагы окуучулардын класстар боюнча курамы

Класстар


Класстар-дын саны

Окуучулар

Анын ичинен кыздар

1

Даярдоо

1

20

10

2

1-класс

1

20

8

3

2-класс

1

13

7

4

3-класс

1

14

6

5

4-класс

1

12

6


0-4-класстар

5

79

37

6

5-класс

1

10

4

7

6-класс

1

12

5

8

7-класс

1

14

4

9

8-класс

1

9

4

10

9-класс

1

16

7


5-9-класстар

5

60

24


Жалпы:





0-9-класстар

10

140

61

“Кой-Таш” орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысынын 2020-2021-окуу жылына карата

ИШ ПЛАНЫ

1.Окуу процесси.

2.Сабактардын жадыбалын түзүү

3.Мугалимдердин тарификациясын тузүү

4. Предметтик мугалимдерге окуу материалдарын тандоодо,текшерүү иштерин уюштурууда ,тексттик тапшырмаларды өткөрүүдө жана алардын жыйынтыгын чыгарууда жардам берүү.Учурдагы зарылчылыкка карай жадыбалга озгортүүлөрдү киргизүү.

5.Былтыркы жылдагы билим берүү процессине анализ жасоо,анын негизиндеар бир мугалимдин ишине жекече көзөмөл жүргүзүү.

6. Ар бир чейректе 1 жолу усулдук бирикмелердин башчылары менен бирге жалпы орфографиялык талаптардын жана үй тапшырмалардын көлөмүнүн талапка ылайыктуулугун тактоо максатында окуучулардын айланма дептерлерин текшерүү.

7.Предметтик ,башталгыч класс мугалимдери тарабынан класстык журналдардын жүргузүлүшүн,алардагы күндөлук ,чейректик жылдык баалардын коюшулушун негиздүүлүгүн айына бир жолу текшерип туруу.

8. Мектеп китепканачысы менен бирге мектеп окуучулардын жана мугалимдердин программалык жана усулдук материалдар менен камсыздоо үстундө иштөө.

9. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.сабактардан жетишпей калуунун алдын алуу, таланттуу жана начар окуган окуучулар менен өз алдынча иштөө.

10.Жаш мугалимдер менен жекече иш алып баруу. Мугалимдердин курстан өтүүсүн уюштуруу.

11. Предметтик мугалимдер менен биргеликте мектептик олимпиадалык топтор менен иштөөнү уюштуруу ,жадыбалын түзүү жана иш пландарын бекитүү.

12.Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында кароо-сынактарды уюштуруу.

“Кой-Таш” орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысынын милдеттери:

*Мамлекеттик окуу планынын жана программа-ларынын аткарылышы.

*Окуу предметтеринин жүгүртмөсүн түзүү.

*Усулдук кеңештин ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө.

*Мектептеги предметтиик усулдук бирикмелердин ишин көзөмөлдөйт.

*Жазуу жана текшерүү иштерине коюлуучу бирдиктүү талаптардын аткарылышын козөмөлдөйт.

*Класстык журналдардын көрсөтмөгө ылайык толтурулушун көзөмөлдөйт.

*Окуучулардын айланма дептерлеринин өз учурунда текшерилишин көзомөлдөйт.

*Предметтик олимпиадалык топтордун ишин көзөмөлдөйт.

*Предметтик окуу кааналарынын иш аракеттерине көзөмөл жүргүзөт.

*Китепкананын иштерин,окуучулардын китеп менен камсыз болушуна көзөмөлдүк кылат.

*Мектептеги предметтик басма сөздөрдүн иштерин көзөмөлдөйт.

*Мамлекеттик бүтүрүү жана көчүрүү сынактарын уюштурат.

*Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүсүнө көзөмөл жүргүзөт.

*Билим өркүндөтүү күндөрүнө жетекчилик кылуу,курска жөнөтүү.

*Мугалимдердин өз ара сабакка катышуусун уюнтуруу.

*Окуу планындагы(өзүнүн адистигине жараша) кыргыз тили жана адабияты,орус тили жана адабияты,англис тили, тарых,адам жана коом адеп,информатика предметтерин көзөмөлдөйт.

*Жаш мугалимдерге усулдук жардамдарды уюштурат.

*Мектептин уставына ылайык окуу иштерин жүргүзөт.









Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысынын

ИШ ПЛАНЫ

Аткарылуучу иштин

мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткар.жөн.

белги

1

Мугалимдерди райондук

Сексия иштерине катыштыруу

20-28.08


2

Сабактарды бөлүштүрүү

25-30.08


3

Жадыбал түзүү

25-30.08


4

Календардык пландарды текш

25.08.-5


5

Жаңы окуу жылына карата кааналардын паспортторун даярдоо

1-5.09


6

Окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу

25-30.08


7

ОШ-1 отчетун даярдоо

5-10.09


8

Окуучулардын өздүк дел.так.

Ар дай.


9

Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдерди бөлүштүрүү

25-30.08


10

Жаш мугалимдерге жардам көрсөтүү

Ар

дайым


11

Окуучулардын окуу куралда-н текшерүү

Жума

сайын


12

Мугалимдерди курстан өткөрүү

График боюнча


13

Мугалимдерди аттест.өткөрүү

Гр.боюн


14

Айланма дептерлерди текш.

Ай ич.


15

Предметтер боюнча көрсөтмө дидактикалык даярд.жана колдонулушун көзөмөлдөө

Ай ичинде


16

Усулдук бирикмелердин иштерин көзөмөлдөө

Ай сайын


17

Класстык журналдардын толтурулушун көзөмөлдөө

Жума сайын


18

Предметтик олимпиадалык топтордун иштерине анализ

Ай сайын


19

Алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтуу

Жыл ичинде


20

Мугалимдерге колдоо жана тажрыйба алмашуу максатында кароо-сынак уюшт

Жыл ичинде


21

Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүсүн көзөмөлдөө

Жыл ичинде


22

Учурдун талабына ылайык медия сабактарды уюшт санариптик билим берүү тажрыйбасын жайылтуу

Ай сайын


23

Мугалимдердин өз ара сабактарга катышуусун көзөм.

Ар дайым


24

Көчүрүү сынактарын жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияларды уюштуруу

Өз учу-да


Мектептеги окуу -тарбия иштери жана класстан тышкаркы шитерди уюштуруу багытындагы иштер.

“Кой-Таш” орто мектеби 2019-2020-окуу жылында КР нын Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылдын 9-июлундагы № 709-1 буйругу менен бекитилген Базистик окуу планындагы кыргыз тилинде окутулуучу гимназиялардын окуу планынын негизинде иш алып барат.Окуу планында белгиленгендей быйылкы мамлекеттик окуу стандарты сакталат.

Мектепте ар бир предмет боюнча окуу планынын негизинде календардык пландар түзүлөт жана бекиттирилет.Окуу бөлүмүнүн башчысы тарабынан мамлекттик стандарттын аткарылышы боюнча усулдук жардамдар берилип турат.

Мектепте класс кааналардын жетишпестигинен кабинеттик системага өтүү көйгөйү уланып келет.Быйылкы окуу жылында “Алдыңкы тажрыйба жайылтуу”каанасы, “Санарип мугалим” болуу,окутуунун жаңы технологиясын өздөштүрүүдө мугалимдерге колдоо көрсөтүү,мектептин залын кайрадан жасалгалоо максат болуп турат.Мектепти техникалык жактан камсыз кылуу талап кылынат. Бардык профилдик предметтер боюнча ийримдер уюштурулган.Мектепте 8 предмет боюнча (кыргыз тили жана адабияты,орус тили жана адабияты,англис тили,тарых,биология, география,башталгыч класстар) бардык олимпиадалык топтор иш алып барат.”Жылдын мыкты мугалими”,”Мыкты окуу каанасы”,”Мыкты класс” жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештер жана конкурстар мектептик деңгээлде өткөрүлөт.

Окуучулардын билим -сапатын көтөрүү үчүн жана толук кандуу билим-тарбия алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Кой-Таш” орто мектебинин

2021-2022-окуу жылы үчүн түзүлгөн окуу бөлүмүнүн башчысынын жылдык