СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сабактын темасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

сабактын темасы

Просмотр содержимого документа
«Сабактын темасы»

Предмет. Кыргыз адабияты.

Класс. 6

Сабактын темасы. Аалы Токонбаев. «Акылмандын жообу»

Сабактын максаты.

А) Билим беруучулук. А. Токонбаев жонундо билишет. Омуру чыгармачылыгы жонундо айтып бере алышат.

Б) Онуктуруучулук жагы. «Акылмандын жообу» жомогу жонундо ойлорун айтып бере алышат. Маанисин чечмелей алышат.

В) Тарбия беруучулук: Биргелешип, мамилешип иштоо аркылуу отулгон тема жонундо билимдерин калыптандыра алышат. Кыргыз элинин улуттук колоритин урматтап, аздектей алышат.

Корсоткучтор. Сабак максатына жетти дейбиз, эгерде окуучулар:

А) Окуучулар А.Токонбаев жонундо билишсе, омуру чыгармачылыгы жонундо айтып бере алышса.

Б) окуучулар «Акылмандын жообу» жомогу жонундо ойлорун айтып бере алышса, маанисин чечмелей алышса.

В) Окуучулар биргелешип, мамилешип бири-бирине жардам бере алышса.

Сабактын тиби: Аралаш-конбинирленген сабак.

Сабактын туру: Сабак мелдеш, сабак саякат.

Сабактын усулу: Интерактивдуу ыкмалар.

Сабактын жабдылышы: Стикерлер.

Уюштуруу: Саламатсынарбы? Саламдашышат.

Жагымдуу маанай тузуп алуу: Бугун кун кандай? Жакшы, жарык.

Анда эмесе мен ойлоймун силердин да маанайынар ачык жакшы.

Уйго берилген тапшырманы текшерем: топ башчылар карап чыгышат.

Уй тапшырмасын баалаймын.

Балдар бугун сабакты баштоодон мурда силердин максатынар кандай, деги сабакка кандай максат менен келдинер?

Окуучулар максатын айтып андан сон сабакты баштоого киришем.

Алгач озум, бугунку сабагымдын максаты менен тааныштырам.

Жаны темага киришуу: Аалы Токонбаев. «Акылмандын жообу»

Демек, балдар, А.Токонбаевдин омуру чыгармачылыгы жонундо таанышып алдык.

«Акылмандын жообу» жомогун уйдон окуп келишкен болот.

Аалы Токонбаевдин «Акылмандын жообу» жомогун окуучулар уч топко болунуп сахналаштырышат. 1 топ 5ке окугандар, 2 топ 4о окугандар, 3у топ 3о окугандар.

Хандын ооруганына жылдан ашып кеткен эле. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады.

Биринчи топ аткарышат.

Хандын оорусуна дары табылбай, вазир элге кайрылат: « Хандын оорусунун дааарысы барбы?»

Эл: «Бул оорунун даарысы жок»

Вазир элдин арасынан билгичтерди жыйнап алып хандын сарайынын бир жагына киргизип бактырды да, сыртынан кароол коюп койду…

Билгичтердин бири: Кана, билгичтер! Хандын оорусу эмне менен бутот?

-Хандын оорусу олум менен бутот. Алар канчалык ойлонушса да, акылдуу жооп таба албады.

Эми биз олобуз деп армандарын…

-Менин жаны тили чыккан балам бар эле. Ошонун таттуу тилине…

-Менин жаны аялым бар эле. Анын суйлогон создору…

-Мен дуйнодон бир эле турдуу адам кордум. Анын бардыгы жакшы, же бардыгы жаман. Кандай акылсыз киши болсо да, акылы…

-Мен жандын кай жерде турганын коргум келет. Аны…

-Мен дуйнодо эмне кулук, ошону билгим келет. Муну…

-Мен ааламда биринчи баймын, бирок дуйного козум тое элек. Козум…

-Мен ойлоодон кыйналдым. Ойлоо мени…

Булардын созун тыншап отурган ойлуу, жупуну кийинген кара киши акырын гана:

-Силер токтогулачы! Бул кырк бир кишинин бардыгы оздорунун арманын айтып буткончо башыбыз дарга илинет. Андан коро жетооно мен жооп берейин.

















-Акыл байлыкка багынбайт, кучтууго сыйынбайт. Акыл ажалдан да куткарат. Убакыт аз калды , мен жооп берейин,-деп бир-бирден жооп бере баштады.

-Баланы бир кун, бир тун суйлотсон, ал сени тойдурбайт, ого бетер…

-Дуйнодо кундон ысык эчтеме жок. Кун кээде ысык тиет, кээде салкын. Адамдын омуру ошону туурайт…

Кемчиликсиз кишини кормокчу. Андай киши …

Жанды коргун келсе, этинди кычкач менен чымчы…

Адамдын оюнан кулук эчтеме болбойт..

Козду тойдуруу учун ОЗУ баткандай гана жер керек…

Убайымсыз , ойлобой турган кишини кормокчу болот. Андай киши жок эмес, кутурма жиндини корсон, анда убайым да жок ой да жок..

Бул кишинин жообу бардыгын ыраазы кылды. Ангыча хандын вазирлери келишип:

-Хан силерден жооп кутот. Таптынарбы, жокпу? –дешти.

Жупуну кара киши ордунан тура калып, кулдук кылды да:

-Жооп даяр, ханга айта бериниз,-деди.

-Дарысы табылдыбы? Жаныбыз калабы? –дешип чуулдашты.

Хандын жанына вазирлер билгичтерди алып келет.

Кана акылман табыптар! Таптынарбы, жокпу?-деди.

-Дуйнодогу бактылуу кишинин кир койногу –деп жооп берди акылман киши.

Вазирлер дуйнодогу бактылуу кишинин кир койногун издешет, таба алышпайт.

Жардын боорунан жыланач балдар ойноп чыгып, ойноп кирип жатканын корду. Кеч кирери менен ошонун ункурун тыншады.

-Кагылайын, кулундарым. Силер менин бактымсынар…вазир ункурго жугуруп кирди да:

-Сен бактылуусунбу, жанагы созду кайта айтчы?-деди.

-Мен бактылуумун.

-Кир койногунду чечип бер. Сенин кир койногун хандын оорусуна дары.

Каткырып кулуп.-Мен эмесе ботончо бактылуумун! Менин эч кандай койногум жок,-деп жаман тонун ыргытып жиберди. Вазир чалкасынан кетти.

-Сен айтчы деги…бактылуу киши азыр барбы?-деди.

Акылман катуу каткырып кулуп:

Бактылуу киши азыр жок, бирок болот,-деди.

-Айтчы бактылуу кишилер качан болот?

Акылман киши дагы ачыгыраак каткырды да:

-Бактылуу кишилерби? Хан олсо, сен зынданга кирсен, байдын казынасы чачылса, бактылуу кишилер ошондо жаралат. Бактылуу кишилерди силер корбойсунор!-деди.

Ошентип, хандын оорусуна дары табылган жок. Бактылуу кишилер алардан кийин жаралды.

Сабакты бышыктоо:

Окуучуларга тест беремин . 3 топко билим денгелине жараша тест берилет.