Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Саякбай-көркөм сөздүн улуу устаты аттуу Манастаануу боюнча өткөрүлгөн таймаштын сценарийи.
Уюштуруучулар: Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу бөлүмүнүн” кыргыз тили жана адабиятынын мугалимдери:А.Карымшакова, Э. Айдарова, Н.Дүйшеева жана 3-курстун студенттери.
Өткөрүлгөн күнү: -февраль. 2015-жыл.
1.Кыргыз республикасынын гимни.
Алып баруучунун сөзү: Улуттук маданияттын өзгөчө формадагы энциклопедиясы, доорлордун добушун каккан уюткулуу кыргыз элинин улуу мурасы, кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун мындан ары жайылтуу биздин милдетибиз болуп саналат.Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан “Саякбай-көркөм сөздүн улуу устаты” аттуу таймашка кош келиңиздер! Таймаш “башталгыч класстарда окутуу бөлүмүнүн 3-курстарынын ортосунда өтөт.
Кыргыз, кыргыз деген ким өзү,
Айбаты курч, ташты жарат мүнөзү-деп бекеринен айтылбаган сыңары жигити баатыр, кызы-гүл болгон кыргыз элибиздин мыкты улан-кыздары кызуу таймаш куралы деген ниетте бүгүнкү таймашка чогулуп олтурабыз.
Анда эмесе тайташка келген тараптар менен тааныштыра кетсек:
БК 32-группасынын “Айкөл” тобу
БК 34, БК 35-группаларынын “Манас” тобу
БК 36 группасынын “Каныкей” тобу.
Ошондой эле таймаштын серепчилери менен сиздерди тааныштырып өтөлү:
Окуу жайдын окуу бөлүмүнүн башчысы –Инназаров Сүйүнбек
Кыргыз тили жана окутуунун усулу ПЦКсынын мугалимдери.
Анда эмесе таймашыбызды баштоого уруксат этиңиздер.
1. Топ башчылары келип Чүчүкулак кармап, топтордун катар тартибин тактап кетсеңиздер.
а)Оюндун шарты боюнча биринчи тапшырма Саламдашуу, топ белги жана таанышуу болот.
Туулгандан шер болгон
Атагы чыгып далайга
Кабылан көкжал эр болгон
Биздин Манас атабыз –деген “Манас”тобун биринчи тапшырмага чакырабыз!
б)Асман менен жериңдин
тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айкөл Манас атабыз
Бүгүнкү бул таймаштан жеңиш менен кайтабыз деген- Айкөл тобун чакырабыз!
в) Атагы артык Манастын
Арбагы бизди колдосун.
Ааламда тынчтык орносун,
Ыйлаган эне болбосун,
Каныкей эне колдосун –деген аруу тилек менен биринчи тапшырмага Каныкей тобун чакырабыз.
2.Таймашыбыздын кийинки бөлүгү үй тапшырма.
Саякбай атабыз “Манас” айтканда асмандагы булутту ак олпок кылып алдына төшөй мандаш уруп, калпагын кайкалата, колун аалам чексиздигине карай шилтеп, төбөсүнөн кирген нур, оозунан Манас ыр болуп төгүлүп турган экен. Анда эмесе мына ушул “Манас” эпосубуздан бир көрүнүштү аткарып берүү үчүн алгач “Манас” тобун чакырабыз.
“Айкөл” тобу
“Каныкей” тобу
3.”Манастан” бир үзүнду айтып берүү үчүн алгач “Манас” тобун чакырабыз.
“Айкөл” тобу
“Каныкей” тобун сахнага чакырабыз.
4.Музыкалык тыныгууда башталгыч класстарда окутуу бөлүмүнүн 1-курсунун кыздары: бийлеп берет.
5. Таймашыбыздын кийинки бөлүгү сыр куржун
Ар бир топтон бирден катышуучу келип экиден макал, жер-суу аттарынан жана көөнө сөздөн алып ,ирети менен маанисин чечмелеп бересиздер.
6. Серепчиден бир собол.
Серепчи тараптан ар бир топко бирден суроо берилет.
7. Музыкалык тыныгуу
Анда эмесе серепчилердин топторго берген баасы такталды окшойт.
1-орунга-“Манас”тобу
2-орунга Айкөл тобу
3-орунга Каныкей тобу татыктуу болушту.Ар бир топко Мактоо баракчаларын тапшыруу үчүн Серепчилердин башчысы -Жыргал Тынчылыковнага сөз берилет.
Ушуну менен Саякбай атабызга арналган таймашыбыз аягына чыкты, келип катышып бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз.
Кыргыз барда “Манас”
Кылымдарга жашайт!!!
“Манас”тобу. БК34, БК 35-группалар
1)Команда өздөрүн тааныштырат
а)Саламдашуу
Баштапкы муун салып келген өз Мекен,
Өнөргө бай таланттарды издеген.
Манас таануу сынагына катышып
Баарыңарга салам айтып турабыз.
Салам айтам Ала-Тоонун кары болуп,
Салам айтам Ысык-Көлдүн буусу болуп.
Салам айтам жамгырдын суусу болуп,
Салам айтам кыргыздын кызы болуп.
Азгырып таңдын атышы,
Кызарып күндүн батышы.
Эзелтен келген салт экен
б) Урааныбыз “Манас”
Кыргыздын чырагысың эр Манас!
Кырк чоронун ураанысың эр Манас!
Манас Теңир улуу!
Манас Күн нуру!
Манас Кыргыз руху!
в) Топ белги.Боз үй жөнүндө айтып берүү
Үзүктөрүн кылдаган,
Ууктарын учтаган.
Түндүгүн алтын чаптаган,
Зымдар боодон тактырган,
Үзүгүнүн баарысын
Ак манат менен тыштаткан.
Көчкөн болсо бүктөгөн,
Күлүтөргө жүктөгөн.
Көрбөгөндүн баарысы
Көзүн салып тиктеген
Жеринен эле боз үйдүн эң мыктысын “Ак өргөө” дешчү.
“Манас” эпосунда да боз үйдүн бул түрү “хандын өргөөсү” же “хандын ордосу” деген ат менен аташкан.
2) “Манас” эпосунан үзүндү айтуу
Манастын туулушу.
Эркек төрөп Чыйырды
Калкыңда барбы мындай иш!
Жараткан мындай бала берет деп,
Жадыда барбы ушу иш.
Белгилуүү экен, бел экен
Белге таңуу шер экен.
Байланып жаткан бактынын
Багын аччу уул экен.
Кордукта жүрчү адамдын
Колун чечээр уул экен.
Муңканып жүргөн адамдын
Кайнап жаткан каапырга
Казат кылаар шер экен.
Алтайдагы карып журт
Аман болсо чоңойсо
Азат кылаар шер экен.
Ак балта айтып турган кеп,
Балалуу болдуң Жакып-деп
“Манас” эпосунан үзүндү коюу.
Манастын уулу Семетей драмасынан үзүндү.
Автор:Айкөл Манас душмандан жарадар болуп Чоң казатка жаралуу кайтып,Таласта каза болот.Ошондо анын туугандары Абыке,Көбөш Манастын тагын талашып,Каныкейди кордоп, алты айлык Семетейди жок кылгылары келет. 80ге чыккан Чыйырды эне Каныкей менен бирге хан Бакайдын кеңеши менен Семетейди алып төркүнүнө качат.Семетей эл-журт,ата-тегин билбей таятасы Темиркандын үйүндө жүрүп 12 жашка чыгат.Жаңыдан жетилип келаткан Семетей Сарытазга жолугуп “элиң-кыргыз,жериң-Талас,атаң-Манас”деп угуп,энесине ачуулуу келет.
Семетей:
Карааным-энем,энекем
Кааласам кадыр түн силер.
Кудагый,эже деп жүрсөм
Кимсиңер?
Айланайын энелер,
Ала-Тоо деген жер кайда?
Элим кайда мен кайда.
Каныкей:
Азап күн-ай,
Эмне деп турасың?
Жакшы жорук эмес,
Мындай суроону сурашың.
Семетей:
Айланайын энеке-ай,
Жашырып эмне кыласың?
Тентиткен жетим баламын,
Каякта менин Таласым?
Ар кимден бир сөз уккуча
Өзүң айтчы ырасын?
Чыйырды:
Бирөөлөр түзүк айтат,
Бирөөлөр бузуп айтат.
Андай жерге барбай жүр.
Андайга кулак салбай жүр!
Семетей:
Алдаган тилге киргидей
Эселек бала бекемин?
Апакем болсоң чыныңды айт,
Айтпасаң сенден кечемин!
Каныкей:
Эне!
Чыйырды:(Каныкейге)
Мүнөзүн көрчү балаңдын
Айтпасаң болбойт каралдым,
Айт!
3.Суроолор:
Көөнө сөздөр.
Каңгай-Батыш Монголиядагы тоолуу аймак.
Эпосто калмак өлкөс,кытай мамлекети катары айтылат.
Саякбай-кыргыздын кылымдык талантынын тирүү эстелиги.
Е.Лизунова (адабиятчы): “Күрпүлдөп, ашып-ташып, тоо суусундай алга умтулган, миллион сап “Манас” эпосун жат билген С.Каралаев күчтүү, шаңкылдаган үн менен ырдап , бүркүттүн шаңшыганын да, тулпардын жүгүргөнүн да жаңсап туурай кетет, акын жана жоокердин артист колу тынымсыз кыймылда болуп, баатырлардын ач-айкырыгы, кылычтардын шыңгыраганы, тулпарлардын дүбүртү аралаша угулган душманга каршы чабуулдун, жан аябас беттешүүлөрдүн поэтикалык жандуу картинасын тартып өткөнсүйт..
Козин (академик): Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын уккам. Бирок Каралаев сыяктуу укмуштай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган “Манасына” тил билбесек да түшүнүп катуу таасирлендик.”
Кажым Жумалиев (казак окумуштуусу): Саякбай-феномен. Ал кыргыз элинин таланттуулугунун айкын далили.
Ч.Айтматов: “Симфониялык оркестр сыяктанып, миң кубулуп, миң өзгөрүлүп, трагедиядан лирикага өтүп, санаттан драмага өтүп, бир заматтын ортосунда бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде үшкүрүп, бирде кайраттанып, бирде кылкылдаган сан колдой дүбүрттөп, бирде тыптынч колдой тынып, бирде суу, бирде шамал болуп дайрадай ташып турган Саякбай Каралаев акын гана эмес, ал ошону менен артист да, композитор да. Анын ар түркүн пластикасы, кыймыл-динамикасы, анын ар бир образга жараша тапкан обондору кара сөзгө канат берип, таасирин алда канча күчөткөн