СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сайт түзүү ыкмалары

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сайттын ар бир бетинин интернет глобалдык тармагынан жеткиликтүү болгон уникалдуу дареги болот. Сайттын беттери код саптарынан турат, аны программалоо тилдерин ж.б. инструменттерди пайдаланып, верстальщик жана программист жазат. Коддун жардамы менен сайттын беттерине (баракчаларына) жасалга, анын функционалдык элементтеринин жайгашуусу (кнопкалар, картинкалар ж.б.) жана түздөн-түз функционалдын өзү, мисалы, заявканын формасын жөнөтүү берилет.

Просмотр содержимого документа
«Сайт түзүү ыкмалары»

Сайт түзүү ыкмалары жана каражаттары

Сайт – бул жалпы тема менен бириктирилген жана өз-ара бири-бири менен шилтемелердин жардамында байланышкан веб-баракчалардан (документ) турган ресурс болуп эсептелет. Сайт бир физикалык, же юридикалык тарапка катталып, конкреттүү доменге улануусу зарыл.

Сайттын ар бир бетинин интернет глобалдык тармагынан жеткиликтүү болгон уникалдуу дареги болот. Сайттын беттери код саптарынан турат, аны программалоо тилдерин ж.б. инструменттерди пайдаланып, верстальщик жана программист жазат. Коддун жардамы менен сайттын беттерине (баракчаларына) жасалга, анын функционалдык элементтеринин жайгашуусу (кнопкалар, картинкалар ж.б.) жана түздөн-түз функционалдын өзү, мисалы, заявканын формасын жөнөтүү берилет.

Тимоти Джон Бернерс-Ли

Веб-сайт дүйнөдө биринчи жолу 1991-жылы август айында презентацияланган. Аны британиялык окумуштуу жана ойлоп табуучу Тимоти Джон Бернерс-Ли иштеп чыккан. Ал өзүнүн сайтында жарыялаган маалыматтардын алгачкыларынан World Wide Web эң жаңы технологиясынын түшүндүрмөсү жөнүндөгү маалымат болгон.

Сайт Интернет тармагындагы маалыматтык бирдик болуп эсептелет. Бир сайттын бир эле жалгыз баракчасы (бети), ошондой эле көптөгөн сандагы баракчалары (беттери) болушу мүмкүн.

Сайттын ар бир баракчасы (бети) — бул белгилөөлөр (разметка) же программалоо тилинде (php, html, css ж.б.) жазылган тексттик файл же алардын топтому. Ушундай форматтагы бардык файлдар биздин компьютерибизге жүктөлгөндөн кийин браузер тарабынан иштетүүдөн (обработка) өтөт, жана жыйынтыгында сайттын даяр баракчасы (бети) бизге көрүнөт.

Сайт төмөнкүлөрдөн турат:

  1. Проектинин домендик аты - сайттын дареги, мисалы, albatross.ru. Берилген домен – бул экинчи деңгээлдги домен. Үчүнчү, төртүнчү жана башкалары да бар.

  2. Хостинг же сервер – силердин сайтыңардын файлдары жайгашкан орун. Силердин бардык файлдарыңар булуттарда (в облаках) эмес, хостинг атайын бөлүп берген (сунуштаган) кандайдыр бир физикалык түзүлүштө сакталат.

  3. Сайттын файлдары жана проектти башкаруу системасы (cms) – пайдаланууга ыңгайлуу болушу үчүн азыркы кездеги көпчүлүк сайттар аныкталган башкаруу системасында курулган. Алардын эң популярдуулары wordpress, prestashop, opencart, drupal, joomla ж.б. болуп эсептелет. Алардын бардык файлдары белгилүү (аныкталган) серверде сакталат. Мындан тышкары сайттын ошол эле серверде сакталган берилгендер базасы (база данных), ар түрдүү файлдары (картинкалар, видеолор ж.б.) бар.

Сайттын түрлөрү жана классификациясы

Бардык сайттарды түзүү кандайдыр бир конкреттүү маселени чечүүгө жетишүүгө багытталган. Сайттарды коммерциялык, коммерциялык эмес жана маалыматтык деп бөлүшөт.

Өкмөттүк сайттар жана социалдык ресурстар, окуу жайларга же белгилүү бир инсандарга тиешелүү сайттар коммерциялык эмес сайттарга кирет. Эреже катары бул сайттарды түзүүнүн башкы максаты маалыматтарды элге өз убагында жеткирүү болуп эсептелет. Кайтарым байланышты уюштуруу иши экинчи даражадагы максаты болот.

Коммерциялык сайттар компаниянын бир нече максаттарын көздөйт, бирок ошону менен бирге көптөгөн маселелерди чечет. Мисалы, коммерциялык сайт компаниянын кардарларынын көбөйүүсүнө, сатуулардын жогорулоосуна өбөлгө түзөт (кээ бир фирмалар кызмат көрсөтүүлөрү же товарларды онлайн режимде сатуу үчүн атайын интернет-аянтчаларды уюштурат).

Маалыматтык сайттарды түзүүнүн максаты жөнөкөй – Интернет колдонуучуларды маалыматтар менен жабдуу. Сайттардын бул түрү чексиз көп темаларды камтыйт: саясаттагы жана коомдогу жаңылыктар, илимдеги акыркы жетишкендиктер жана көптөгөн башка моменттер жөнүндө кабарлашат. Маалыматтык веб-порталдарды бардык колдонуучулар окуй алышат.

Ушуну менен бирге, веб-баракчаларда көрсөтүлгөн маалыматтары боюнча сайттар бир нече түргө бөлүнөт:

  • Сайт-визитка – компаниянын иши жөнүндө түшүндүрмө берген сайт.

  • Промо-сайт, лендинг – сайттын бул түрү керектөөчүлөргө конкреттүү продукт же кызмат көрсөтүү боюнча кеңири жана пайдалуу маалыматтарды берет.

  • Өздүк сайт, блог – конкреттүү адам жөнүндөгү сайт. Сайтта анын биографиялык жана жеке маалыматтары көрсөтүлөт.

  • Интернет-магазин – для удобства пользователей (и, соответственно, для увеличения клиентской базы) многие компании располагают свою продукцию в Интернете. Интернет-магазины позволяют нам не только что-то купить, но и продать.

  • Сайты-услуг – бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн түшүндүрмөлөрү менен атайын түзүлгөн ресурстар. Сайт-визиталардан келип чыгат.

Мындан тышкары, башка максаттарды да көздөгөн сайттар бар:

  • Издегичтер (Поисковики)

  • Почталык порталдар

  • Форумдар

  • Файл алмашкычтар (Файлообменники)

  • Медиа-файлдарды сактоочу жайлар

  • Социалдык тармактар жана сервистер

  • Порталдар

Сайттарды түзүүнүн азыркы технологиялары (негизги)

  • HTML, CSS – разметкаларды (HTML) жана беттин сырткы көрүнүшүн (язык таблиц стилей CSS) түзүү үчүн керектелүүчү технологиялар;

  • PHP, JavaScript – баракчаны “жашап кетүүгө” (“ожить”) мажбурлоочу программалоо тилдери;

  • база данных MySQL – тексттик маалыматтардын сакталышы үчүн жооп берет;

  • Notepad++, Photoshop, Filezilla – хостингде жана башка иштеп жаткан тиркемелерде версткалоо, графиканы түзүү, файлдарды редактирлөө үчүн атайын инструменттер;

  • CMS – (сөзмө-сөз которгондо) контентти башкаруу системасы. Сайт жана блогдун “ичиндегилерди” ыңгайлуу башкаруу үчүн керек. Айрыкча WordPress, Joomla, OpenCart тибиндеги атайын системаларды көп пайдаланышат.

Белги коюу (разметка) жана дизайн

Биринчи этабында верстка жасоочу белгилер (разметка) тили HTMLдин жана CSS стилдер таблицасынын эсебинен документти разметкалайт (белгилерди коет). HTML тили көптөгөн тегдерди өз ичине алат. Сайттагы “ичиндегилерди” (содержимого) кантип чагылдыруу зарыл экендигин браузерге тег гана билдирет (айтып берет). Башкача айтканда, HTML документтин структурасын аныктайт, браузер бардык тегдерди жана инструкцияларды эсептейт, , андан кийин эранга акыркы жыйынтыкты – сайттын баракчасын (бетин) чыгарат. HTML программалоо тили болуп эсептелбейт. Бул гипертексттик белгилер (разметки) тили.

Пайдаланылган булактардын тизмеси

    1. Что такое сайт? - https://albakoff.ru/articles/chto-takoe-sayt/;

    2. Что такое сайт простыми словами - 5 основных понятий, которые нужно знать “чайнику” https://klientizdes24.ru/chto-takoe-sajt-prostymi-slovami-5-osnovnyx-ponyatij-kotorye-nuzhno-znat-chajniku/;

    3. Список основных технологий для создания сайта https://studiobit.ru/blog/sozdanie-web-saytov/tekhnologii-sozdaniya-saytov/;

    4. Видео https://yandex.ru/efir?stream_id=vcFA5N-LYwCQ.

2