7-8- класстар үчүн топтордо иштөө. Мугалим алдын ала мектеп жайгашкан аймакта өнүгө турган кластер тууралуу маалыматты даярдайт. “Аймактардын экономикасынын тармактык түзүлүшүн үйрөнүү төмөнкүдөй кластердин өнүгүүсүн көрсөттү: – билим берүүчүлүк (Бишкек жана Ош шаарлары); – куруучулук (Чүй, Ош облустары); – туристтик (Ысык-Көл облусу); – нефти- химиялык (Жалал-Абад облусу); – агрардык өнөр жай (көпчүлүк аймактарда, айрым шаарларды, райондорду кошпогондо); – мал чарбачылык (Чүй, Нарын облустары); – транспорттук-коммуникациялык (Нарын, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустары, Бишкек ш.); – медициналык – фармациялык ( Бишкек ш.).» Кененирирээк караңыз 2018 – 2022 -жылдарга Кыргыз Республикасынын аймактык саясатынын концепциясы Окуучуларга төмөнкү суроолорду топтордо талкуулоо сунушталат: Биздин райондо/ облуста кандай өндүрүштөр өнүгүүдө? Аймактарда өндүрүштү өнүктүрүү үчүн IT-технологияларын кантип колдонууга болот? Кандай кесипке ээ болгум келет (ал менин аймагымдын өнүгүүсү менен байланышта болобу)? |