Просмотр содержимого документа
«Сандардын бөлүнүүчүлүк белгиси.»
Натуралдык сандардын бөлүнүүчүлүгү.
Берилген сандын акыркы цифрасы 2 ге бөлүнсө, ал сан 2 ге бөлүнөт.
М: 8,12,1256,865416, ... сандар 2 ге бөлүнүшөт, себеби: акыркы цифралары−8,2,6 сандары 2 ге бөлүнүшөт.
Берилген сандын цифраларынын суммасы 3 кө бөлүнсө, ал сан 3 кө бөлүнөт.
М: 9,15,27,25671, ... садары 3 кө бөлүнүшөт, себеби: - 9,1+5,2+7, 2+5+6+7+1 сандары 3 кө бөлүнүшөт.
Берилген сандын акыркы эки цифрасынан пайда болгон сан 4 кө бөлүнсө, ал сан 4 кө бөлүнөт.
М: 24, 284,1234568 сандары 4 кө бөлүнүшөт, себеби: - 24,84,68 сандары 4 кө бөлүнүшөт.
Берилген сандын акыркы цифрасы 0 же 5 болсо, ал сан 5 ке бөлүнөт.
М: 125,12567890, 5685 сандары 5 ке бөлүнөт себеби: акыркы цифрасы 5,0,5.
Берилген сан бир эле учурда 2 ге жана 3 кө бөлүнсө, ал сан 6 га бөлүнөт.
М: 24,96,102, ... сандары 6 га бөлүнөт, себеби алар 2 ге да 3 кө да бөлүнүшөт.
Берилген сандын акыркы үч цифрасынан пайда болгон сан 8 ге бөлүнсө, ал сан 8 ге бөлүнөт.
М: 1256, 2000, 20856, ...
Берилген сандын цифраларынын суммасы 9 га бөлүнсө, ал сан 9 га бөлүнөт.
М: 954 9+5+4 = 18,
187263 1+8+7+2+6+3 = 27.
Берилген сандын акыркы цифрасы 0 болсо, ал сан 10 го бөлүнөт.
М: 2450, 20010,12345890 сандары 10 го бөлүнөт себеби акыркы цифрасы 0.
Эгерде бир сан 3 кө да 4 кө да бөлүнсө анда ал сан 12 ге бөлүнөт.
М: 144 саны 3 кө да 4 кө да бөлүнөт,демек 12 ге да бөлүнөт.
Эгерде бир сан 3 кө да 5 ке да бөлүнсө анда ал сан 15ке бөлүнөт.
М: 135 саны 3 кө да 5 ке да бөлүнөт,демек 15 ке да бөлүнөт.