Тема: Саптык чоңдуктар менен иштөө
Максаты: саптык чоңдуктарды жарыялоо, алардын үстүнөн тиешелүү
операцияларды аткарууну үйрөнүү;
Күтүлүүчү натыйжа: Паскальда литердик чоңдуктарды жарыялай алат;
Саптык чоңдыктардын үстүнөн бириктирүү, узундугун аныктоо,
копиялоо, өчүрүү, коюу амалдарын аткруучу функциялар менен
иштөөнү билишет
Паскалда литердик чоңдуктар string сапчасы менен берилет. String тибинин өзгөрмөсү 0дөн nге чейинки символдорду камтыйт. Мында n≤255 ашып кетпейт. Саптын узундугунун string кызматчф сөзү менен катар квадраттык кашаада көрсөтүүгө болот:
var st: string[30];
эгерде саптын узундугу көрсөтүлбөсө анда ал максималдуу болот, б.а. 256га барабар болуп эсептелет.
String тиби бир өлчөмдүү массивге окшош болот. башкача айтканда, индекс номерин көрсөтүү менен анын элементине кайрылууга болот.
Мисалы: st[2] st сапчасындагы 2-символ
st[i] st сапчасындагы i-символ
Саптардын үстүнөн төмөнкүдөй операцияларды аткарууга болот.
1). Саптарды бириктирүү: бул операция «+» белгиси менен белгиленет жана ал конкатенация операциясы деп аталат. Мында 1-сапчанын аягына 2-сапча уланып жазылат.
Мисалы:
2) Салыштыруу операциялары:
Башкача айтканда эки сапчанын кайсынысы чоң же кичине экендигин аныктоого болот. сапчаларды салыштыруу алардын узундугун жана символдордун кодун салыштырууга негизделген. Салыштыруу ASCII кодуна ылайык солдон оңду көздөй жүргүзүлөт.
Код | Символ |
33...47 | ! » # $ % & ’ ( ) * + - , / . |
48…57 | 0-9 |
58…64 | : ; ? @ |
65…90 | A…Z |
91…96 | [ \ ] ^ | |
97…122 | a…z |
123…126 | { | } `~ |
127…159 | А...Я |
160...175 | а...п |
224...239. | р... я |
Демек, символдорду салыштыруу алардын жайгашуу тартибине жараша болот. Мисалы, 'A'
Мисалы: Символдорду сорттоонун программасы.
Бул программанын жыйынтыгында 5 түрдүү аттар киргизилгенден кийин, алар өсүү тартибинде жайгаштырылат.
Ар бирибиз бул программаны компьютерге киргизип, башка түрдүү аттарды киргизип, алардын өсүү тартибиндеги жайгашын чыгарабыз.
3). Сапчаны өчүрүү, коюу жана бөлүп алуу:
а) сапчадагы символдорду жок кылуу жана өчүрүү үчүн
delete(, , );
мында берилген сапчанын көрсөтүлгөн индексинен баштап символдор өчүрүлөт.
б) сапчаны коюу үчүн
insert(, , );
мында сапча1дин индексте көрсөтүлгөн символунан баштап сапча2 коюлат.
в) сапчаны копиялоо үчүн
copy(, , );
мында берилген сапчанын көрсөтүлгөн индексинен баштап өлчөмдө көрсөтүлгөн смвол көчүрүлүп алынат.
г) узундук амалы: берилген чоңдук канча символду камтып тургнадыгын аныктоочу функция – length бул англис тилинен алынып «узундук» деген маанини түшүндүрөт.
Ал n:=length(a)
көрүнүшүндө жазылат.
д) издөө амалы: берилген в сөзү а сөзүнүн канчанчы позициясында кездеше тургандыгын аныктоо үчүн – pos функциясы колдонулат. Ал
n:=pos(b,a);
көрүнүшүндө жазылат.
Мисалы: Сапчаны копиялоо жана узундугун аныктоонун программасы.
Текшерүү үчүн суроолор:
Саптык чоңдуктарды салыштыруу кандай кодго негизделген.
Клавиатурадагы жалпы символдордун саны канчоо?
Саптык чоңдуктар үстүнөн кандай амалдарды аткарууга болот?
Сатык чоңдуктардын үстүнөн жүргүзүлүүчү ар бир операцияга карата мисалдар менен программа түзүп, жыйынтыгын алгыла.
Милдеттүү адабияттар:
Б.Баячарова Программалоонун негиздери.
Ддж