| 3)Жаңы тема. (10 мүнөт) «Сейтек» эпосу — «Манас» үчилтигинин үчүнчү бөлүмү, өзүнүн идеялык-тематикалык жүгүн, композициялык тутумун, көркөм образдар галереясын жыйнактай турган бөлүм. Бизге белгилүү толук варианттардын бардыгында «Манастагы» айрым окуяларды «Семетей» жөнгө салып, андан ары карай «Сейтек». улантылат. «Сейтек» эпосун кагаз бетине түшүрүү Совет бийлигинин мезгилинде, 20-жылдардын аягынан башталат. 1927 — 28-ж. семетейчи Жакшылык Сарык уулунан 27 миң ыр сап көлөмүндө «Сейтектин» толук делген варианттарынын бири жазылып алынган. «Сейтектин» ар башка мезгилдерде он үч варианты кагазга түшүрүлгөн (В. Радлов жазып калтырган версиясын кошо эсептегенде), 1936—38-ж. Тоголок Молдо өзү жазып берген «Сейтек» эпосунун көлөмү 2230 сап ырдан турса, Молдобасан Мусулманкул уулунан К. Кыдырбаева 1945-ж. жазып алган материал 4800 сап ыр. Ал эми Шапак Рысменде уулунан 1936-ж. жазылган вариант булардыкынан көлөмдүүрөөк (14718 сап), өзү 1948-ж. жазып тапшырган материал 7840 сап ырды түзөт. Булардан башка Багыш Сазан уулунан 1938— 41-ж. 5580 сап ыр, Мамбет Чокмор уулунан 1972-ж. 23340 сап ыр жазылган. Саякбай Карала уулунан 84697 сап материал 1940— 47-жылдарда К. Кыдырбаева тарабынан жазылып алынган. Кийинки аталган вариант жалпы эле үчилтикти толуктоо менен бирге «Сейтек.» эпосунун да көлөмдүү варианттарынын ичинде өзгөчө орунду ээлейт. Булардан башка Актан Тыныбек уулу, Алмабек Тойчубек уулу, Мамбеталы Ашымбай уулу, Шаабай Азиз уулунан жазылып алынган чакан материалдар бар. Кандай көлөмдө, канчалык көркөмдүк оош-кыйышта болбосун, бардык варианттарда «Сейтек.» эпосу «Манас» үчилтигинин корутундулоочу бөлүгү катары эсептелип, чыгарма башкы каармандын ысмын алып жүрөт. «Сейтек.» эпосунда элдин кийинки тарыхый турмушуна жакын, патриархалдык-феодалдык мамилеге таандык уруу ичиндеги жоолашуулар, өчөгүш, кек куу — салттык мотив катары терең орун алгандыктан, эпос атанын ишин уланта турган баатыр уулдун төрөлүшүн чыдамсыздык менен күтүүдөн башталып, утурумдук оор абалда калган элдин келечекке бел байлоосу, бардык күч-аракети да Сейтектин аман-эсен туулуп, өсүшүн ишке ашырууга багытталат. Ички чыккынчылыкка байланыштуу берилген элдин оор тагдыры, анын көрүнүктүү өкүлдөрү Бакай, Каныкей, Күлчоро сыяктуу негизги каармандардын он эки жыл бою көргөн кордуктары өтө деталдаштырылып сүрөттөлөт да, оор турмуштун жеңилдеши жалгыз гана Сейтектин эрезеге жетишине байланыштуу берилиши элдик баатырдын кадыр-баркын жогорулатат. Башкы каарман кайрат-күчкө толгондон баштап эле ички душмандардын бети ачылып, аларга каршы жүргүзүлгөн күрөштөр баскынчылык максатта эмес, ата-бабасы туулуп өскөн жерге жетүүгө, аны коргоого арналган. «Сейтек.» эпосунун негизги идеясы — ич арадан чыккан душмандарды жеңип, ыркы кеткен туугандарды бир ымалага келтирүү болсо да, сырткы баскынчыларга каршы жүргүзүлгөн согуштар мурунку бөлүмдөрдөн айырмаланып, анчалык салттуу сүрөттөлбөйт. Сейтектин эр жетип, Кыяс, Канчорону жок кылгандыгы туурасында дээрлик бардык вариантта айтылса, тышкы жоо Желмогуз уулу Сарыбай менен болгон урушу (Саякбай Карала уулу), Жакшылык Сарык уулу, Шапак Рысменде уулу, Ыбырайым Абдракман уулунда окуянын мүнөзү, максаты бирдей болгону менен башкы терс каармандын ысмы ар башка айтылат. «Сейтек.» эпосунн «Манас» үчилтигинин корутунду бөлүгү катары көрсөтө турган негизги окуянын бири — Сейтектин Коңурбайдын баласы Куялы менен (Багыш Сазан уулу, Шапак Рысменде уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу) же небереси Ките менен (Саякбай Карала уулу) согуш болушу керек эле. Бирок айрым варианттарда буга чейин кайып болгон Семетейдин элге кошулушу (Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулу), Желмогуз уулу Сарыбайдын согушу (Саякбай Карала уулу), Карадөөнүн Таласка жүрүшү (Жакшылык Сарык уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу) Сейтектин үйлөнүшү (Шапак Рысменде уулу, Жакшылык Сарык уулу, Саякбай Карала уулу жана башкалар) өңдүү айрым оригиналдуу окуялар орун алган. Саякбай Каралаевдин вариантындагы кайып болгон Семетейдин элге кошулушу тууралуу эпизоддо Семетейдин кандайча кайып болуп кеткени эле эмес, ал кандай машакат менен мурунку калыбына келип, элге кошулганы терип-тепчилип, өзгөчө ынтаа менен сүрөттөлөт. Мифтик-жомоктук мүнөзүнө карабастан бул эпизод угуучулар тарабынан кадимки эле турмуштук окуянын жаңырыгындай кубатталат да эпикалык чыгармаларда түрдүү доорлорго таандык көз караш, мамилелердин, жомок менен чындыктын бир идеяга кызмат этип, эриш-аркак жашоо мүмкүнчүлүгүнүн кеңирилиги дагы бир ирет далилденет. Манас согушкан дөө-перилерге караганда «Сейтектеги» фантастикалык кейипкер адамдай эле жол-жосунга ээ. Башка манасчыларда сакталбаган мындай жаңы окуялар бир караганда үчилтиктин идеялык-мазмунунда анча зарыл эмес сыяктанат. «Сейтек» эпосу корутунду бөлүм катары «Манас» менен «Семетейдеги» сюжеттерди улантуу менен алардагы башкы ойду жыйынтыктоого тийиш эле. Бирок, Сейтек да өз алдынча эл күтүп, алардын сүйгүнчүгүнө алынган чыныгы эпикалык баатыр катары анын да өзүнчө согуштары кеңири көркөм полотнодо көрсөтүлүүгө муктаж. Себеби «С.» э. корутунду бөлүмү эле болбостон элдин эстетикалык табитин канааттандыра алган өз алдынча толук кандуу чыгарма дагы. Бул планда алып караганда Сарыбай дөө менен Сейтектин согушу, андагы баатырлардын ролунун реалдуу талапка ылайык берилиши өтө орундуу. Саякбай бул өңдөнгөн жаңы согуштук эпизоддорду күчтөп-кыстап абстракттуу мүнөздө киргизбестен, мурдагы салттык эпикалык баатырлардын мамилеси, иш-аракети аркалаган идеялык жүгүнө баш ийдирет. Өтө каардуу душман Сарыбайды жеңе турган бирден бир баатыр катары Куялынын образы киргизилет. Ал эми Шапак Рысменде уулу менен Багыш Сазан уулунун варианттарында Коңурбайдын уулу Куялы Таласка чабуулдап келип, Сейтектен жеңилет. Куялы деген ысым Кызыл-Суу аймагындагы манасчылардын варианттарында алп кыз катары айтылып, Сейтектин ага үйлөнгөнү баяндалат. «Куялы» деген ысым бир кезде салттык каарман катары айтылып, бирок эпостун өнүгүү процессинде образдын калыптанышы бир калыпта жүзөгө ашпаган өңдөнөт. Саякбай Карала уулунун вариантындагы Айчүрөктүн Куялыны Сейтекке баш кошууга үгүттөшү, Сейтектин Куялыга үйлөнгөнү баяндалган сюжеттин ортосунда кандайдыр бир генетикалык байланыш болушу мүмкүн. Саякбай Каралаевдин вариантындагы өзгөчөлүк — ошол кыз Куялынын образын эпикалык монументтүүлүккө жеткире сүрөттөп, Семетей, Сейтек, Күлчоролорду майыштырган коркунучтуу душмандын каршысына чыныгы эр жүрөк алп катары алып чыккандыгында жана ушундан улам чыгармага баштан-аяк катышпаганы менен баатыр кыз Куялынын образы эпостун идеялык негизги мазмунуна чоң таасир тийгизген образдардын бири болуп калган. Элдик оозеки чыгармачылыктагы салттык темалардын бири баатырдык үйлөнүү «Сейтек» эпосунда да бар. Мурдагы бөлүмдөрдөн айырмаланып, Сейтектин колуктусунун теги перизаттан делип, үйлөнүү никенин байыркы түрү — кудалашуунун (белкуда) негизинде ишке ашат. Бирок баатырдын жарынын ысмы да бардык варианттарда бирдей эмес. Жакшылык Сарык уулунда Күлнар, Мамбет Чокмор уулунда Каракөз, Шапак Рысменде уулунда Сейилкан, Саякбай Карала уулунда Акбермет жана башкалар Албетте, үйлөнүү эпизодунун баяндалышы, көркөмдүк сапаты да ар кимде ар башкача. Саякбай Карала уулу Сейтектин үйлөнүшүнө кызыктуу жөө жомоктук мүнөз берет. Сейтек тууралуу Акберметтин мурдараак билиши, Сейтек, Акжолтойлордун Акберметтин айлына кыз көрүүгө келиши өңдүү турмуштук көрүнүштөр кандайдыр бир деңгээлде Семетей менен Айчүрөктүн окуясын эске салганы менен өзүнчө чыгарма катары «С.» э-нда ашыкча эпизод эмес. Теги перизат болгону менен Акбермет да 13 жашынан баштап жаа тарткан жоокер кыз. Эпикалык касиеттүү аялдардай эле Акбермет боло турган жакшылык-жамандыкты алдын ала туят. Сейтекке «кыргыз журту бир торго түшүп калган сыяктанат» деп Бээжинден Чоң Билгичтин келатканын кабардап, адаттагыдай эле баатырга ат-тон, курал берип узатат. «Сейтек» эпосундагы чечүүчү окуялардын бири — Сейтек баатырдын Коңурбайдын небереси Ките менен урушу. Демек, эпикалык кара кытайлар менен кыргыздардын небактан бери келаткан кеги үчүнчү бөлүмдө кайрадан тутанып, эми өткөн баатырлардын (Манас, Коңурбайдын) неберелери катышат. Бул согушта да мурдагы баатырдык салт, каармандардын эпикалык портреттеринин масштабы бир топ бийиктикке жеткире сүрөттөлөт. Бирок окуя муну менен эле бүтпөйт. Саякбай Карала уулу өч алуу мотивин дагы күчөтүп өөрчүтүп отуруп, акыры Сейтектин уулу Кенен менен Китенин баласы Чыңтемирдин жарыкка келишин, өсүшүн бирдей баяндап отуруп, аларды да салттык мотивдер менен кармашка даярдайт. «Сейтек» эпосунун чынында эле корутунду бөлүм экендигине көпчүлүк варианттарда бирдей орун алган идеялык-тематикалык жалпылык жана каармандын керт башына өмүр баяндык циклде жыйнакталган эпикалык салттуу окуялардын композициясы күбө. Манастын уулу Семетейден курсакта калган Сейтектин төрөлүшү, бөтөн эл, бөтөн жерде жетилип башын бошотушу, эли-жерине көчүп келиши, үйлөнүшү, атасынын өчүн алып, ички-тышкы душмандарды жеңиши — аны генеалогиялык принципте түзүлгөн оригиналдуу чыгарма деңгээлине көтөрүп турат. Ал үчилтиктин башынан бери келаткан негизги окуялардын логикалык корутундусу болуу менен бирге айрым каармандардын тагдырларын аягына жеткире көркөм чечет. Ошондуктан, бөлүмдөрдүн бардыгына бирдей жалпы сюжет, кырдаалдар, ал тургай өтмө кейипкерлердин болушу мыйзамдуу көрүнүш. Биринчи (Каныкей, Бакай), экинчи (Семетей, Айчүрөк, Күлчоро) муундагы каармандар «Сейтек» эпосуна атайылап ар кимиси өз милдеттери менен чебер алынып өтүлгөн. Алар алдыларындагы асыл максаттары иш жүзүнө ашканда, башкача айтканда эпикалык Таласты мекендеген кыргыз уруулары бейкуттукка жетишкенде гана турмуштун татаал жолун кийинки укум-тукумга, анын өкүлдөрү Сейтек, Акжолтойлорго тапшырып кулак уккус, көз көргүс жактарга түбөлүк жер кезип кетишет. Муну менен өзү өлсө да, элге сиңирген эмгеги өлбөгөн элдик баатырларга урпактардын тизе бүгүп, башын ийген аруу сезимдери чагылдырылган. Кыскасы «Сейтек.» эпосу — байыркы кыргыздардын нечен кылымдар бою башынан кечирген тарыхый-социалдык турмушун, бактылуу келечек, элдин биримдиги үчүн жүргүзгөн тынымсыз патриоттук күрөштөрүн көркөм иштеп, кийинки муундарга жеткирген эпикалык бөлүм. «Сейтек» эпосу «Манас» эпосунун масштабын кеңитип, арымын арттырып, жалпы чыгарманын үчилтиктик абалына жеткирип, «Манас» эпосунун идеялык-көркөмдүк тутумун жаңылап, толуктап, тереңдетип турат. «Сейтектин» сюжети — «Сейтектин » варианттарынын (12) ичинен көлөмдүү жана мазмунду толук камтыгандары Саякбай Карала уулу, Жакшылык Сарык уулу, Мамбет Чокмор уулу, Ыбырайым Абдыракман уулдарынан жыйналгандар. Академик В. В. Радлов жазып кеткен варианттан баштап, бүгүн колдо тургандардын баарында тең, дээрлик «Сейтек» «Манасты» корутундулаган бөлүм катары салттык сюжеттик канвага ээ. Алардын чоң тобу төмөнкүдөй окуяларды камтыйт: Сейтектин төрөлүшү, эр жетиши; Кыяс, Канчоролордон өч алышы; Үйлөнүшү; Сырткы душмандарды жеңиши; Сейтектин өлүмү. Бардык варианттын окуясы негизинен Семетей согушта дайынсыз жоголуп, кош бойлуу Айчүрөк менен [[Күлчоро|Күлчоронун]] Кыяска олжо болуп кетишинен башталат. Сейтектин чет жерде төрөлүшү, аны Айчүрөктүн аман-эсен асырап чоңойтушу, Кыясты жок кылуу, Сейтек, Күлчоролордун Таласка көчүп келип, Канчородон кеткен кекти алышы — варианттардын негизги салттык мазмунун түзөт. Айрым окуялар жана каармандардын ысымдары боюнча гана айырмачылыктар кездешет. Мисалы, В. В. Радлов жазып алган вариантта Канчоронун чыккынчылыгы башкалардагыдай эле белгилүү үч себепке байланыштырылат да бөлөк кырдаалда өөрчүтүлөт. Кийинчерээк жазылган материалдарда Канчоро Кыясты Семетейге каршы тукуруп, Семетейди алдап, курал-жараксыз ээрчитип чыкса, мында капыстан басып келген Кыястын колуна Семетейди салып берип, өзү душман тарапка өтүп кетет. Ошентип, Семетей өлтүрүлүп, ага байланышкан окуялар ушуну менен токтойт. Андан кийинки Айчүрөк, Күлчоролордун тагдырлары да белгилүү сюжеттик чийинден чыкпайт. Композициялык курулушунун татаал жана кызыктуулугу менен өзгөчөлөнгөн Саякбай Карала уулунун, «Сейтегинин» сюжети төмөнкү окуялардан турат: Сейтектин Кыястын сарайында туулуп, өсүшү; Карадөө Сейтекти издеп келип, ага ата-тегин айтышы; Күлчорону калыбына келтирүү, Кызылсартты чакыртуу; Тооторуну дубалап, Кыясты өлтүрүү, Таласка көчүү; Тайбуурулдун Сейтекти тосуп чыгышы; Сейтектин Каныкейге учураганы; [[Күлчоро|Күлчоронун]] Акбала, Каныкейлер менен көрүшкөнү. Карадөөнүн Семетейди көрүшү, Семетейдин калыбына келиши; Желмогуз уулу Сарыбайдын согушу; Айчүрөктүн Куялыны алып келиши; Куялынын Сарыбайды жеңиши; Сейтектин кан көтөрүлүшү, тулпар, жарактарды Олуя чалдын тапшырышы; Сейтек менен Акжолтойдун перинин кыздарына үйлөнүшү; Акберметтин түшү; Коңурбайдын баласы, Ките Кожожаштын баласы Чоң Билгич менен Сейтектин Таласта согушу; Сейтек менен Акжолтойдун өлүмү. Сейтектин төрөлүшү. Айчүрөк олжого кеткенде Сейтек үч айлык курсакта калат (Саякбай Каралаевдин варианты). Түшүнө Манас кирип, ичи болот, сабы алтын бир нерсе берип, курсактагы балаңа сак бол деп үйрөтөт (Мамбет Чокморовдун варианты). Шартка жараша, Айчүрөк Кыяс менен Канчорого катуу каршылык көрсөтө албай, болгону Күлчорону Канчорого кор кылбай өзү менен кошо ала кетүүнү Кыястан суранат. Кыяс көп олжо менен Жедигерге келип түшүп, Айчүрөккө нике кыйдырат (ШДВ). Сейтекти Айчүрөк он эки айдан ашык көтөрөт (Мамбет Чокморовдун варианты). Толгоо киргенден баштап, Кыяс элин жыйнап, төрөлө турган баланын кимдики экендигин эсептеп билгиле деп буйрат. Айды, күндү эсептеген көпчүлүк Кыястын баласы деп табышат, бирок Кыяс ишенбей, баланы төрөлөр замат жоготуу үчүн ууга сугарылган бирден устара берип, жети кемпирди жумшайт. Баланын көзүн ушунчасында тазалабасаңар, Манастын тукуму экен, чоңойсо бизге жакшылык кылбайт дейт Кыяс. Талабы аткарылса алдындагы Тоотору тулпарын баштатып каалагандарын берүүгө, ал турсун өлгөндө ар бирине алтындан күмбөз салдырарын убадалашат. Муну сезип калган Карачач (Кыястын денекүңү) Айчүрөккө кабар жеткизет. Айчүрөк дубалап кемпирлердин көздөрүн байлап, Карачач устараларды түбү жок кара кудукка салып жиберсе, уунун күчүнөн суу астындагы кара таш как жарылат. Айчүрөк Каныкей берген чык этпес деген уу дарыдан кымызга кошуп ичирип, жети кемпирди жайлайт да коломтонун чекесине көөмп коёт. Жакшылык Сарык уулунда Айчүрөккө толгоо киргенде Кыяс Акжигитин баш кылып, беш жигитти беш жакка чаптырып, беш желмогуз кемпир алдырат. Кыз төрөсө тим коюп, эркек төрөлсө ичин жарууга буйрат. Аларга ишенбей, Кыяс өзү да Жойболотун камдап турат. Айчүрөк кыраакылык менен жардамга өзүнүн Көй-Каптагы эжеси Көкмончокту чакыртат. Баланын киндигин Көкмончок кесмек болгондо Желмогуз кемпир бербейт. Айчүрөктүн өзгөчө касиетин белгилөө максатында Жакшылык Сарык уулу желмогуздун 40 амалы болсо, Айчүрөктүн 47 амалы бар эле дейт. Буга чейинки сүрөттөлгөн окуялардын бирдейлигине карабастан, бул вариантта баланын өмүрүнө кол салган коркунуч алда канча азайтылып берилет. Жакшылык Сарык уулунан айырмаланып Мамбет Чокмор уулу Сейтектин төрөлүшү, ат коюлушун кыскача баяндайт. Баланын Манас, Семетейге окшоштугу жедигер уруусун, Кыясты чочутат. Ушудан баштап Кыяс Сейтекти өлтүрүүгө көп аракеттенет. Айчүрөк баласынын киндигин кесип, кирин жууп, Кыяска өзү көтөрүп келет. Кыяс каарданып баланы өлтүрөрдө Куту деген акылдуу адам ортого түшүп, «Канды кудай ураарда катыны менен кабышат, калкы менен чабышат» деп, Кыясты жоошутат. Айчүрөк кекенчү болсо, Акунканга учуп барып калың кол алып келип, баштан аяк баарыбызды кырбасын дейт. Кыяс кепке келип, жедигерди чогултуп, тоюна токсон сойдуруп, балалуу болгондугун аргасыздан жарыялайт. Айчүрөккө чейин Кайыпкандын кызы Акбермет менен Күнжүттүн Караканынын кызы Карачачка үйлөнүп бала көрбөй зарыгып жүргөнүнө карабастан Кыяс кандай да болбосун Айчүрөктөн төрөлгөн баланы өлтүрүүнү оюнан чыгарбайт. Кыяс балага жамандык ойлоп жүргөндө Айчүрөк Таластан ала келген Актинтени камдап, эгер баланы зыян кылса Кыясты жайламакка камданат. Аккуу кебимди кийип, Акундун шаарынан аскер алып келип, шоруңду катырам деп коркутат. Айчүрөктүн айбатынан чочуган Кыяс калп эле күлгөн болуп, «сынап кантээр экен десем, балаңдан бетер тилдейсиң, Чүрөк, жалгызыма душмандык кылсам оңомбу! Андан көрө балага ылайыктуу ат койдуралы» — деп, алдап чоң той берип, уулума жакшы ат койсоңор көп сыйлык аласыңар дейт элге. Эч ким даап ат коё албай кысталып турганда түрү суук, кийгени жыртык бир думана (Кызыр) кайыптан пайда болот да Түгөйкан (Түмөнкан) — Акжолтой — Санколдой — Түмөнкан — Бөйөнкан — Жаянкан — Ногойкан — Каракан— Балакан — Жакыпкан — Манас деп, баланын ата-тегин бүт эскерип, аты Сейтек болсун деп көздөн кайым болот. В. В. Радловдо бул милдетти асмандан түшүп келген алтын сакал Айкожо аткарат. Ыбырайым Абдыракман уулунда кайыптан пайда болгон думана «Сайыт ак» деген ысым берет. Жакшылык Сарык уулунда балага ат коюуда аба бузулуп, жерди жөө туман басат. «Алтын асасы колунда, жакут таажысы башында, куу баштыгы ийининде» кызыл чийкил думана пайда болуп: Түп атасы Бөйөнкан, Бөйөнкандан Чаянкан, Чаянкандан Каракан, Каракандан төрөгөн, Жакыпкандын баласы — (Жакшылык Сарыковдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 53- инв.). Манастын уулу Семетей, анын баласынын аты Сейтек болсун дейт. Мында Сейтектин ата-бабасынын аты-жөнү Сагымбай Орозбак уулунукуна окшош. Мамбет Чокмор уулунун вариантында куудай аппак башы бар, токсон менен сексендин ортосунда жашы бар карып калган чал (Бозбаланын атасы) баланын аты Сейтек болсун деп бата берет. Муну уккан Чачыкей аты Семетейге окшош болуп калыптыр башкача койдурсун деп киши жиберет. Айчүрөк кабарчыга болгон ишти түшүндүрүп, Каныкейге аман-эсен эркек төрөгөндүгүмдү айтып кой деп тапшырат. В. В. Радлов жазган варианттагыдай эле Саякбай Карала уулунун, вариантында Сейтек өтө тез жана тентек өсөт. Анын аман-эсен төрөлгөндүгүн Күлчоро ар башка вариантта ар кайсы кишиден угат, жакшылыктын жышааны бар түштөр көрөт. Ыбырайым Абдыракман уулунда түш да көрүп, Момунжандан да угат. Кыяс Сейтекти өлтүрүүгө ар дайым далалаттанат. Сүннөткө отургузуу үчүн той бергенде да Айчүрөктүн кыраакылыгы менен Сейтек үчүнчү жолу өлүмдөн калат. Айчүрөк баланы мыктылап багат, Сейтек он үчкө чыкканда эле: Кирпиги жалын, көзү чок Кишиден мындай балаа жок, Жалаяк ооз, жар кабак Жана эрдигин сынап бак, Көзү жалын, кеби тик Мурун борчук сеңирдей, Бу карасат кутургур, Булкушканды жеңгидей, Чамынганы жолборстой, Чалынган тирүү болбостой. Эки көзү кыпкызыл Табылгынын чогундай, Шартылдашы баланын Чагылгандын огундай, Өткурлүгү баланын |