СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сен кандай окуучусуң?

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баланы таануу анкетасы

Просмотр содержимого документа
«Сен кандай окуучусуң?»

ТЕСТ

СЕН КАНДАЙ ОКУУЧУСУҢ?

Мектепте бир караганда баардыгы көзгө жакшы көрүнөт. Бирок, айрымдар үчүн мектепке баруу кубаныч болсо кээ бирөөлөр үчүн оор сыноо. Сен төмөндөгү тестти тапшыруу менен мугалимдериң сени кандай окуучу катары кабыл алат жана сен кандай окуучу экениңди биле аласың

1

Ойгонооруң менен мектепке бараарыңды эстеп сүйүнөсүңбү же сабакка барбай үйдө калгың келеби?

А

Ар кандай болот

Б

Ар дайым мектепке жакшы маанай менен барам

В

Ар кандай шылтоолорду айтып үйдө калууга аракет кылам.

2

Мектепте сенин досторуң көппү?

А

Классымда чогуу окуган 2-3 досум бар

Б

Ооба, досторум жетиштүү. Мен классташтарымдан тышкары мектептеги башка балдар менен да досмун

В

Мектепте эч ким менен дос болгум келбейт жана бир дагы досум жок.

3

Тыныгуудан кийин сабакка киргиң келбейби?

А

Чынын айтсам, билбейм. Бир жагынан алып карасам калтыргым келбеген кызыктуу сабактар да бар

Б

Жок, ар бир нерсенин убактысы бар. Андыктан жөнү жок сабакты калтырбай тыныгуу бүткөн соң сабакка кирүү керек.

В

Сабакка киргендин ордуна ашканага барып тамактанган соң тыныгуу убактысы угулбай турган жерге барып ойноп кетким келет.

4

Мугалимдер сага кандай мамиле жасашат?

А

Бир тараптуу мактайт деп деп айта албайм. Анткени кээде сөгүш алам

Б

Мугалимдер менен болгон мамилем аябай жакшы. Алар мени эң жакшы окуучу деп өзүнчө бөлүп турат

В

Менин оюмча мугалимдер мага тең карабайт. Алардан жакшы бааны эч качан күтпөйм

5

Сен үй тапшырманы кантип аткарасың?

А

Ата-энем “үй тапшырманы аткар”-деп урушмайынча жазбайм

Б

Мектептен келерим менен үй тапшырмаларды жазам. Эч убакта кечинде же анан аткарам дегенге калтырбайм

В

Үй тапшырманы кээде эле аткарып койбосом такыр жазбайм. Анын мага кызыгы жок.

6

Ата-энеңе мектепте болгон окуялар тууралуу күн сайын айтып бересиңби?

А

Кызыктуу окуя болсо гана айтып берем

Б

Мектепте эмне болгонун күн сайын айтып берем

В

Таптакыр айтпайм. Эгер өздөрү сурап калса, анда айтып коём

Эми эсепте. Кайсы тамга көп болсо ошол тамгадагы жоопту окуп чык.

Эгер А тамгасы көп болсо. Жашоодо мектеп сен үчүн биринчи орунда эмес. Сен мектепке билим алуу үчүн эмес дос балдар, классташ кыздар менен сүйлөшүп жолугушуу үчүн барасың. Бирок, сени кызыктырган сабактар да бар. Сен 4-5 деген бааларга окуйсуң. Бул бааларды ата-энеңдин арты менен аласың же сен жолдуусуң. Эң башкысы жалкоолонуп өзүңдү таштап койбо. Анткени жалкоолук сенин мойнуңа минип алган.

Эгер Б тамгасы көп болсо. Сен аракетчил тырышчаак окуучусуң. Себеби ар бир сабакта суралып жооп берип баа алганга аракеттенесиң. Ой жүгүртүүңдү билдирип, өзүңдүн оюңду так жана даана айта аласың. Сенин бул сапатың ата-энеңе жана мугалимдерге жагат. Ошол себептен мугалимдер сага жалаң “эң жакшы” деген бааларды коёт. Азаматсың! Ушул калыбыңдан жазба!

Эгер В тамгасы көп болсо. Мектепке баруу сен үчүн кыйын иш. Сен мектепте эң акыркы парталардын биринде олтуруп, мектептен башка баардыгын ойлойсуң. Бирок, оюңа мектеп, окуу таптакыр келбейт. 4 деген бааны сен ийгилик жылмайган күнү эле албасаң ал бааны сенин күндөлүгүңдөн көрүү мүмкүн эмес. Сен убактыңдын басымдуу бөлүгүн окууга арнап көп окушуң керек. Антпесең чоң окуу жайга барганда кыйналасың.