8-класс БИОЛОГИЯ СЕЗҮҮ ОРГАНДАРЫ
1.Рецепторлор кандай касиетке ээ?
А. Дүүлүгүүнү кабыл алат Б.Импульстарды өткөрөт
В.Импульстарды бир нейрондон экинчи нейронго өткөрүлөт.
Г.Дүүлүктүрүүлөрдү айырмалоо жүрөт Д.Сезүү органдардын ишин жөнгө салат
2. Сырткы чөйрөнүн факторлорунун таасирине карата организмдердин туруктуулугу…деп аталат
А.өзүн өзү жөнгө салуу Б.дүүлүгүү В. өрчүү Г.туюнуу
3.Бардык анализаторлордун иш аракеттерин координациялоочу ассоциативдик участоктору баш мээнин …жайгашкан. А.кежиге жана төбө бөлүгүндө Б.төбө жана мандай бөлүгүндө
В.төбө жана чыкый бөлүгүндө Г.көрүү,төбө,мандай жана чыкый бөлүгүндө.
4.Жарык нурлары каерде сынат? А.айнек челде Б.каректе В.чечекейде Г.килкилдек затта
5.Көздүн коргогуч катмары кайсы? А.тордомо чел Б.тамырлуу чел В.ак чел жана айнек чел Г.карек Д.чечекей
6.Көрүүнүн рецепторлору …орун алган А.тамырлуу челде Б.айнек челде В.түстүү челде Г.тордомо челде .
7.Сокур так деген бул … А.тордомо челден көрүү нервинин чыккан жери Б.колбочкалар орун алган жер В.таякчалар орун алган жер Г.жакшы көрүү зонасы
8.Катаракта деген бул… А.айнек челдин агарышы Б.ак челдин агарышы В.чечекейдин агарышы Г.түстүү челдин агарышы
9.Аккомодация бул… А.көрүү рецепторлорунун дүүлүгүүсү Б.нерсе капталда турганда көздүн айлануусу В.нерсенин аралыгынын өзгөрүшүнө карата чечекейдин формасынын өзгөрүшү Г.кыйшык көз
10.Угуу функциясын эмне аткарат? А.уктургуч сөөктөр Б.тарсылдак жаргагы В.жарты тегерек каналчалар Г.үлүл Д.уктургуч нерв
11.Үн толкундары тарсылдак жаргакчасына…берилет. А.балкачага Б.дөшүчөгө В.үзөнгүчөгө. Г.сүйрү терезенин мембранасына берилет
12.Сырткы чөйрө менен кулактын көндөйүнүн ортосундагы абанын басымынын тенделиши…тиешелүү А.ички кулакка Б.сырткы кулака В.ортонку кулака Г.сөөк лабиринтине
13.Дүүлүгүүнү сезүү органдарынан борбордук нерв системасына рефлектордук догонун кайсы нейрону өткөрөт? А.кыймылдаткыч Б.сездиргич В.аралык Г.рецептор.
14.Баш айлануу жана көнүл айнуу эмнеге байланыштуу? А.сезүү органдарындагы рецепторлор дүүлүккөндө. Б.тегерек каналчалардын рецепторлору алмак салмак дүүлүккөндө В.уктургуч сөөктөрү дирилдегенде Г.тарсылдак жаргагы дирилдегенде Д.үлүлдөгү рецепторлор дүүлүккөндө
15.Жыт билүү анализатору… дүүлүгөт. А.химиялык дүүлүктүргүчтөр аркылуу Б.механикалык жол менен В.жарык дүүлүктүргүчтөрү аркылуу Г.жылуулук дүүлүктүргүчтөрү аркылуу
16.Акробаттын денесинин мейкиндиктеги абалын …башкарат. А.ортонку мээ Б.вестибулярдык аппарат В.жүлүн Г.баш мээнин кыртышы.
17.Биринчи сигналдык система …анализдей алат. А.үндү ,жытты,көрүү дүүлүктүргүчтөрүн,температураны жб. Б.сөздүн жана тексттин маанисин В.Морзе алиппесин Г.дениз семафорунун сигналын
18.Сүрөтчүлөрдө эстин кайсы түрү күчтүү өрчүгөн? А.кыймыл аракеттик эс Б.образдык эс В.эмоциялык эс Г.көргөзгүчтүк Д.уктургуч.
19.Уйку мезгилинде мээ… А.ар кандай баскычтагы активдүүлүктү көрсөтөт. Б.активдүүлүктү көрсөтпөйт В.өтө күчтүү гана дүүлүктүргүчтөргө таасир этет . Г.ар дайым жогорку активдүүлүктү көрсөтөт
20.Түш көрүү…учурда жүрөт. А.жай уйку учурунда. Б.бат уйку учурунда. В.уйкунун бардык учурунда Г.маанилуу окуя болгон күнү гана