10-кл. тема: Шаар жана элет калкы
Үй тапшырмасын кайталоо:
Суроо-тапшырмалар:
- Эмне үчүн Батыш Европада улгайгандардын үлүшү жогору, ал эми балдардын үлүшү төмөн?
- «Эмгек ресурстары» жана «экономикалык активдүү калк» деген түшүнүктөрдүн айырмасы эмнеде?
- Калктын жер шары боюнча жайгашуусунун өзгөчөлүктөрү кандай?
- Калктын жайгашуусунун үч тиби кайсы?
- Миграция деген эмне? Миграциянын мезгил боюнча түрлөрү кайсы?
Жаңы темага киришүү.
Шаарлар администрациялык бийликтин, сооданын, кол өнөрүлүктүн борборлору жана согуштук чеп катары эзелтеден бери эле Нилдин куйган жеринде жана Евфрат менен Тигрдин бойлорунда пайда болгон. Капитализмдин , ири машина индустриясынын , транспорттун жана дүйнөлүк рыноктун өнүгүшү менен шарларда өнөр жай ишканалары топтолуп, алардын көбү транспорттун түйүнүнө жана соода борборлоруна айланып, администрациялык жана маданий борбор катары алардын мааниси жогорулай баштады. XX кылымдын аягында негизинен өндүрүшкө байланышпаган тармактардын өсүшүнүн натыйжасында шаарлардын мааниси андан ары өркүндөп өстү. Эреже катары ,шаарлар бир нече функцияларды аткарат. Бирок , бир гана тоо-кен өндүрүшү, курорттук же илимий жана борбордук функцияны аткарган шаарлар да бар. Кээ бир шаарлар атайын амлекет борбору катары курулат. Азыркы кездеги калктын жайгашуусу шаарлардын географиясы менен аныкталат. Шаарлар тегерегиндеги айыл-кыштактардын жана жаратылыш чөйрөсүнүн абалдарына да чоң таасирин тийгизет.
Алгачкы шаарлардын калыптанышы
2. Урбанизация жөнүндө түшүнүк.
Эң маанилүү социалдык-экономикалык процесстердин бири –урбанизация.
Урбанизация (латынча urbo-шаар)- өлкөдө, региондо, дүйнөдө шаар калкынын үлүшүнүн салыштырмалуу өсүшү, шаарлардын татаал тармагынын жана системасынын өнүгүшү.
Демек, урбанизация коомдук турмушта шаарлардын ролунун жогорулашын көрсөткөн эмгектин , турмуш-тиричиликтин жана маданияттын , өзгөчө өндүрүштүн шаардык мүнөзгө өткөнүн көрсөткөн тарыхый процесс.
Урбанизациянын үч жалпы бкелгиси:
1.Шаар калкынын тез арымы менен өсүшү
2.Калктын жана чарбанын көбү негизинен шаарларда топтолушу.
3. Шаардын ээлеп турган ордунун улам кеңейе берүүсү
3. Түшүнүктөр менен иштөө.
- Субурбанизация- шаарлардын чет жактарынын жана жандоочу –шаарлардын тез өскөнүнө байланыштуу , калктын борбордук бөлүктөн чет-жакты карай , эмгектенген жакка көчүшү.
- Рурбанизация – кээ бир шаардык жашоо образынын жана нормаларынын элет жерине кирүүсү.
- Агломерация – шаарлардын аянтынын кеңейүүсү, б.а. тегерегиндеги айыл-кыштактардын да камтылып кетүүсү.
Дүйнөдөгү кээ бир ири шаарлар.
Нью-Йорк (АКШ)
Токио шаары(Япония)
Сеул (Түштүк Корея)
Сан-Паулу (Түштүк Америка)
Мумбай (Индия)
Манила (Филиппиндер)
Шанхай (Кытай)
4. Элет (айыл-кыштак) калкы жөнүндө түшүнүк.
Шаарлардын тез өсүшүнө карабастан элетте калк көп жашайт. Айыл жеринде жашоонун эки түрү бар: топтошкон жана чачыранды жайгашкан. Мындай жашоо тарыхый жана экономикалык өнүгүү жолдоруна, о.э. табигый зоналдуулук өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу.
Топтошкон айыл –кыштактар Россияга, Чет өлкөлүк Европага, Кытайга, Японияга , өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү.
АКШда элет же айыл-кыштактагы жашоо шаардыктардын жашоосунан көп айырмаланбайт. АКШда элет калкы көбүнчө фермаларды иштетишет. Ошондуктан АКШда, Канадада ,Австралияда айыл-кыштак чачыранды топко кирет.
Төмөндөгү суроого жооп жазабыз.
Урбанизация айлана – чөйрөгө кандай таасирин тийгизет?
Негизги тыянак:
Азыркы кездеги калктын өсүшү , курамы жана жайгашуусу көп татаал маселелерди пайда кылат. Алардын кээ бирлери дүйнөлүк, кээ бирлери ошол өлкөгө гана тиешелүү; эң маанилүүлөрү – дүйнө калкынын тез өсүп жатышы, улуттар аралык мамиле, урбанизация.
Үйгө тапшырма:
§10. Окуу, дептерге негизги маалыматтар боюнча конспект жазуу. Карта менен иштөө. 46-47-беттеги кошумча маалыматтар менен таанышуу.