СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Шар окуу ылдамдыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

шар окуу

Просмотр содержимого документа
«Шар окуу ылдамдыгы»

«Шар окууга конуктуруу»

Шар окуу.


1 – кадам. Мугалим / мектеп китепканачысы ата – энелерге «Шар окуу деген эмне?» суроосун берип, жоопторду талкуулашат.


2 – кадам. Мугалим / мектеп китепканачысы шар окуу боюнча мини – лекция өткөрөт.


Шар окуу – бул сөздөрдүн маанисин түшүнүү менен эмоцияларды, сезимдерди жана логиканы чагылдырып, көркөм, ылдам окуу. Шар окуган окуучулардын жаңы сөздөрдү чечмелеп окуу, окуганын түшүнүү көндүмдөрү да жогорку деңгээлде болот. Шар окуу – толук кандуу окуу менен окуганын түшүнүүнү калыптандыруучу эң маанилүү көндүмдөрдүн бири. Окуп жаткан учурда окуучу көңүлүн төмөнкүлөргө топтошу зарыл:


туура окууга: бала сөздөрдү туура жана так айтуусу керек;


окуунун ылдамдыгына: ылдам окуу менен бала окуп жатканынын маанисин түшүнүүсү зарыл;


тыныш белгилерине көңүл буруп, тыным жасап окуу;


көркөм окуу бала жандуу, ыргак менен окуусу керек.


Окуунун бул компоненттери бири – бири менен тыгыз байланышта. Алардын бири жеткиликүү аткарылбай калса, шар окуунун деңгээли начарлайт.


Шар окуу китепти көп окуган шартта гана калыптанат. Балдарга жаш – курактарына, окуган класстарына (1 – 4 – класс) ылайык, тааныш сөздөр менен берилген жана чечмелеп окууга оңой тексттер сунушталуусу зарыл. Башкача айтканда, сунушталган текстте баланын китеп окуу көндүмдөрүнүн деңгээлине ылайык болуусу тийиш. Текст бала үчүн татаал болсо, ал сөздөрдү чечмелепокууга басым жасап, шар окуу көндүмүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү болбой калат.


Окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана шар окууну жеткиликтүү деңгээлде өркүндөтүү абдан маанилүү болуп эсептелет.












Класс


ꓬлгүлүү деңгээл


Базалык деңгээл (минималдык стандарттык деңгээл)


Төмөнкү деңгээл



1 – жарым жылдык


2 – жарым жылдык


1 – жарым жылдык


2 – жарым жылдык


1 – жарым жылдык


2 – жарым жылдык


1


20 сөздөн көп


25 сөздөн көп


15 – 20 сөз


20 – 25 сөз


15 сөздөн аз


20 сөздөн аз


2


30 сөздөн көп


40 сөздөн көп


30 – 35 сөз


35 – 40 сөз


30 сөздөн аз


35 сөздөн аз


3


50 сөздөн көп


60 сөздөн көп


45 – 50 сөз


55 – 60 сөз


45 сөздөн аз


55 сөздөн аз


4


70 сөздөн көп


80 сөздөн көп


65 – 70 сөз


70 – 80 сөз


65 сөздөн аз


70 сөздөн аз


Тексттерге карата негизги талаптар:


Тексттин татаалдыгы окуучунун окурмандык деңгээлине шайкеш болуусу тийиш.


1 – класстын окуучулары үчүн сунушталган китептердин тамгалары ири болуп, шрифтинин өлчөмү 16дан, ал – эми 2 – 4 – класстын окуучулары үчүн 14төн кем болбошу керек.


Тексти көп эмес, бир беттен турган чакан китептер.


Сүрөттөрү, жөнөкөй схемалары, таблицалары көп китептер.


Мугалим / мектеп китепканачысы төмөнкү суроону берип, жалпылайт:


- Баланын шар окуу көндүмүн калыптандыруу үчүн күнүнө канча убакыт китеп окуу керек?


- Баланын шар окуу көндүмүн калыптандыруу үчүн ким жооптуу?


4 – кадам. Мугалим / мектеп китепканачысы төмөнкү көнүгүүлөрдү аткарууну сунуштайт.


1 – көнүгүү. «Көп ирет кайталап окуу» ( Шар окуу)


2 – көнүгүү. «ꓬлгүлүү окуу» ( Шар окуу)


Эскертүү: Мугалим / мектеп китепканачысы ата – энелерге аудиокитептер жайгашкан ресурстар жөнүндө маалымат берүүсү мүмкүн.