СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соода......................

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Соода......................»

1-сүрөттө 7-10-кылымдар аралыгындагы Кыргыз Кагандыгынан калган Хакасиядагы Сулек аска сүрөттөрүндөгү, 2-сүрөттө 16-18-кылымдардагы бабаларыбыздан калган Баткен аска сүрөттөрүндөгү кербен. Ушуга байланыштуу "Кыргыз кагандыгы (VII-IX кк.) жазма эстеликтери II: тили жана тилдик дүйнө бейнеси" деген эмгегимдин "7.4.2. Соода" деген бөлүмүн бөлүшүүнү туура көрдүм.



7.4.2. Соода



Кыргыздардын чарбачылыктагы, кол өнөрчүлүктөгү жана соодадагы жетишкендиктерине С. В. Киселев мындай баа берген: Все приведенное о хозяйстве и торговле кыргыз показывает, что они отличались трудолюбием, талантливостью в ремеслах и предприимчивостью в торговых предприятиях (Киселев, 1951: 593). Соодадагы ишкердик Энесай жазма эстеликтеринен бир эстеликте орун алган. Урматына Бай-Булун II (Е 49) жазма эстелиги тургузулган Калыктык Ынал Өге аттуу адам мындай деп жазат: Алты баг бодуным күчлигин үчүн аркыш эл(т)дим (Алты бөлүк элим күчтүү болгон үчүн (ар кайсы жерге) кербен жөнөттүм) (Е 49, 4). Күбө болгонубуздай, бул сүйлөмдө аты аталган бабабыз алты уруулар биримдигинен турган эли күчтүү, бардар болгон үчүн соода кылуу, товар алып келүү максатында кербен жөнөткөнүн баса белгилеген. Жогоруда күбө болгонубуздай, жазма эстеликтерде көбүнесе согушка, баатырдыкка байланыштуу эрдиктер сүрөттөлөт. Ал эми бул жазма эстеликте Калыктык Ынал Өге согуштагы эрдиги менен бирге кербен жөнөткөнүн, соода кылганын мыкты иш катары жазган. Демек башка элдерден эле байыркы кыргыздарга кербен келбестен, кыргыздар да өздөрү өндүргөн мал-мүлкүн сатуу максатында кербен жөнөтүп турушкан.

Байыркы кыргыздардын соода ишмердиги алар колдонгон чет өлкөлүк буюмдар аркылуу да тастыкталат. Себеби байыркы кыргыздар жашаган аймактардан кытай күзгүлөрү, чынылары, иран жана согд вазалары, Дамаскта жасалган кылыч сыяктуу чет өлкөлүк буюмдар табылган (Бутанаев, 2016: 140). Ал эми кыргыздар сыртка темир буюмдарын, алтын жана аң терилерди чыгарып турушкан (Киселев, 1951: 591). Бул айтылгандар тарыхый булактар аркылуу да далилденет. Себеби кытай жана арап булактарында кыргыздардын соода иштери тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар берилген. “Тайпин Хуанюй Тзи (Тайпин Синго бийлиги өкүм сүргөн доордогу (976-984) бүткүл дүйнө баяны)” аттуу булакта “Аялдары кыл торко кездемеден, а байлары жибек менен кымкаптан кийим кийишет. Анткени ал өлкөдө аньси (Куча), бэйши жана даши (Фергана) товарларын алыш оңой” деп жазылса, “Худуд ал-алам” деген арапча булакта “Бул аймакта жыпар, түрлүү айбанаттардын терилерин, ак терек жана халаж жыгачын, бычак сап үчүн хуту мүйүзүн өндүрүшөт” деген маалымат бар (Жусаев жана башк., 2003: 42; Ромодин жана башк, 2002: 63).

Энесай жазма эстеликтеринде соодага байланыштуу дагы бир маалымат Хемчик-Чыргаакы (Е 41) жазма эстелигинде жайгашкан. Бул жазма эстеликтин ээси Йула аттуу адам “Сай тег сарыг алтыным, сегир г.. агы йүдер атаным, агышга атаным (Сай ташындай (көп) сары алтыным, тез жүргөн (кербенде жүргөн), жибек жүктөгөн атаным, (жортуулга, жолго) чыгууга атаным) (Е 41, 5)” деп атандарын белгилеп өткөн. Көңүл бурсак, бул сүйлөмдө агы йүдер атан (жибек жүктөгөн атан) жана агышка атан (жортуулга, жолго) чыгууга атан) деген эки сөз айкашы орун алып, төөнүн бычылган эркеги болгон атандын эки милдети берилген. Биринчиси – жибек ташыганы, жүктөлгөнү, экинчиси – жолго чыкканы. Ошондуктан бул атандардын кербенге чегилген атандар экендиги талашсыз чындык. Төөлөр суусуз жана чөпсүз көпкө жүргөндүгү, көбүрөөк жүк көтөргөндүгү үчүн узун жолго чыгууда, товар ташууда өтө маанилүү роль ойногон. Ошон үчүн Йула жазма эстелигинде атандарын айтып, аларга болгон жылуу мамилесин билдирген. Жазма эстеликтердеги бул маалымат аска сүрөттөрүндөгү көрүнүштөр менен да тастыкталат. Л. А. Евтюхова Сулек аска сүрөттөрүндөгү араба ташып бара жаткан төөлөрдөн улам байыркы кыргыздарда төөлөр кербенде, товар ташууда колдонулган деп эсептейт (Евтюхова, 1948: 87).

Жогоруда жазма эстеликтерден берилген эки сүйлөм: Калыктык Ынал Өгенин алты уруулар биримдигинен турган эли экономикалык-саясий өңүттөн күчтүү болгон үчүн кербен жөнөтүшү жана Йуланын жибек ташыган, кербенге чыккан атандарын айтышы Энесай кыргыздарынын өз алдынча башка өлкөлөргө кербен жөнөтүп, кызуу соода-сатык кылганын чагылдырып, С. В. Киселевдун кыргыздардын соодадагы мыкты ишкердиги тууралуу айтканын далилдеп турат.

М. А. Дэвлет азыркы күндө “Чыңгыз Хандын жолу” деп аталган Тувадагы байыркы жолдун тегерек четинде табылган төө аска сүрөттөрүн байыркы мезгилдеги кербендин изи деп эсептейт. Анткени Орто кылымдарда, байыркы кыргыз доорунда бул жол менен кербендер өтүп турган (Дэвлет, 1982: 100-102). Бизди кызыктырган маселе мына ушул аска сүрөттөрү табылган жерде Мугур-Саргол I (Е 136) жана Мугур-Саргол II (У 140) жазма эстеликтери табылган. Биздин оюбузча мына ушул жазма эстеликтерден Мугур-Саргол I (Е 136) жазма эстелиги башка бир өлкөгө соода кылып барып, үйүнө кайтып келген кербенчилерге таандык. Себеби аталган жазма эстелик “Биң-Бөкде, Аныда күйдемиз. Кем Өгүз (Биң-Бөктө, Аныда үйдөбүз. Кем Өгүз (Энесай дарыясы))” деп окулуп, үйүнө аман-эсен кайтып келген кишилердин үйлөрүнө, мекенине кайтып келгендеги сүйүнүчүн чагылдырат.