Сабактын темасы: СӨЗ АЙКАШЫ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК
Сабактын максаты:
Билим берүүүчүлүк: окуучулар сөз айкашы боюнча маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдүн өз ара байланышын, айырмачылыктарын билишет.
Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ... а) сүйлөмдөрдү сөз айкашына ажырата алса;
б) сөздө заттын аты гана аталарын, сөз айкашында ошол заттын кандайдыр бир белгиси (өңү, түсү, сапаты, саны ж. б.) ачык берилерин билсе;
Сүйлөм сөздөн жана сөз айкашынан жасаларын өздөштүрсө;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
-
сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдү ажырата алат;
-
толук маанилүү сөз менен кызматчы сөздүн тутуму сөз айкашы боло албай тургандыгын түшүнөт;
-
сөз айкашынын тутумунда багындыруучу жана багыныңкы сөздөрдүн болорун билет.
Кептик компетенттүүлүк:
-
сөз жана сөз айкаштарын катыштырып текст түзө алат;
-
жолдоштору менен сүйлөшүү этикетин сактайт;
-
кеп ишмердүүлүгүндө сөз жана сөз айкаштарын колдонот.
Маданий компетенттүүлүк:
Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.
Сабактын методу: айтып-берүүчүлүк, түшүндүрүүчүлүк метод.
Сабакта колдонулуучу ресурстар: таблица, ватман, маркер, методикалык колмонмо ж. б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу.
2. Үйгө берилген тапшырманы кайталоо:
-
биз буга чейин кайсы бөлүмдү окуп бүттүк?
-
эмне үчүн тилди пикир алышуунун куралы дейбиз?
-
тексттин кандай мүнөздүү белгилери бар?
-
тексттин планын түзүүнүн кандай мааниси бар деп ойлойсуң?
-
кептин түрлөрүнө кайсылар кирет?
-
расмий эмес иш кагаздарына кайсылар кирет?
Жаңы тема:
Сөз деген – маани берип турган тыбыштардын жыйындысы болот. Мисалы: китеп, окуучу, класс ж. б. сөздөрдө заттын аты гана аталат. Сөз ай- кашы толук маанилүү эки же андан көп сөздөрдөн болот. Сөз айкашында ошол заттын кандайдыр бир белгиси (саны, сыпаты, кыймыл-аракети ж. б.) ачыгыраак берилет. Мисалы: кызыктуу китеп, беш окуучу, чоң класс ж. б. Булар сөз айкашы болуп саналат, анткени толук маанилүү эки сөздөн турду жана китептин сапаты, окуучунун саны, класстын көлөмү жөнүндө маалы- мат алдык. Эгерде толук маанилүү сөздөрдүн бири маани берип, экинчиси маани бере албаса, анда сөз айкашы боло албайт. Мисалы: келечек тууралуу, үйдү көздөй, тартип жөнүндө ж. б. Булар сөз айкашы болуш үчүн дагы бир толук маанилүү сөздүн болушу талап кылынат. Мисалы: келечек тууралуу ойлонуу, үйдү көздөй басуу, тартип жөнүндө сүйлөшүү ж. б.
Сөз айкашынын тутумунда эки сөз болот: багындыруучу сөз жана багыныңкы сөз. Багындыруучу сөз ойдун негизин ээлеп турса, багыныңкы сөз ага көз каранды абалда турат. Мисалы: үлгүлүү окуучу, чоң бөлмө, кы- зыктуу сабак дегенде, багындыруучу сөздөр: окуучу, бөлмө, сабак – бул сөздөрдүн алды сызылып белгиленет.
Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар топторго бөлүнүп төмөнкү көнүгүүлөрдү аткарышат: 1-топ 83-көнүгүүдөн кайсынысы сөз, кайсыны- сы сөз айкашы болорун жана алар эмне үчүн ошондой аталарын; 2-топ 84-көнүгүүнү жазып иштеп, берилген сөз айкаштарынын кайсынысы багындыруучу жана кайсынысы багыныңкы сөз экендигин аныкташат; 3-топ 85-көнүгүүдөгү мисалдардан кайсынысы сөз, кайсынысы сөз айкашы экендигин бөлүп жазуу менен, анын эмне үчүн сөз, эмне үчүн сөз айкашы экендигин далилдеп беришет.
86-көнүгүүнү аткаруу менен окуучулар сүйлөмдөрдү сөз айкаштарына ажыратып, багындыруучу сөздү белгилешет. Ошону менен бирге ал сөздөрдүн эмне үчүн багындыруучу сөз экендигин түшүндүрүп беришет.
Биз силерди адам болууга тарбияладык.
-
Биз тарбияладык
-
силерди тарбияладык
-
адам болууга тарбияладык Санжар комуз чертти.
-
Санжар чертти
-
комуз чертти
Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар кайрадан топторго бөлүнүп, 87–88–89-көнүгүүлөр аткарылат. 87-көнүгүүдө берилген сөздөрдөн сөз айкашын түзүп, анын багындыруучу жана багыныңкы түгөйлөрүн анык- тап, кайсы сөз түркүмүнөн жасалгандыгына көңүл бурушат. 88-көнүгүүдө класстагы буюмдарды атап, ошол сөздөрдү катыштырып үлгү боюнча сөз айкаштарын түзүшөт. 89-көнүгүүдө берилген схема боюнча сөз айкашта- рына мисал келтиришет.
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт 90-көнүгүү
Үй тапшырмага берилет. Окуучулар сөз айкаштарын таап көчүрүп жазышат.