Просмотр содержимого документа
«Спид жөнүндө маалымат»
Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү
Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.
Тарыхы
1981-жылы АКШдан жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган.СССРде 1985-жылы чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин
иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана
маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен көз жумганы белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.
Ооруу тууралуу
БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдардын саны 2,1 миллионго жеткен.
17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылган. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир-Тоо жергесинде СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор. 2016-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзгөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар болгон. ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар. Өлкөдө ВИЧ-инфекцияны аныктоочу 46 лаборатория бар.
2016-жылдын 1-декабрына карата өлкө боюнча ретровируска каршы терапияны 2574 адам алган. Алардын ичинен 412си кичинекей балдар. Ал эми шприцти алмаштыруучу 37 пункт иштээри маалым болгон.
СПИД (кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) – (англ. Acquired Immunity Deficit Syndrome, AIDS) – иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал; өтө коркунучтуу жугуштуу оору – ВИЧ-инфекциянын (адамдын иммун таңсыктыгынын вирусу козгоочу дарт) акыркы чеги болуп саналат. Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири. Ал 1982-жылдан бери белгилүү, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. Жуктуруучусу – вирусту алып жүргөн адам. Анын жугуусу: көбүнесе жыныстык катнаш аркылуу (айрыкча гомосексуалдык катнашта); боюндагы же төрөт учурунда энеден түйүлдүккө жана ; эмчек эмизген учурда баладан энеге; кан куйганда, ийне сайганда, ж. б. д. у. с. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында билип туруп башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жугузуу коркунучуна дуушар кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.