№ 3 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ
ОРТО МЕКТЕБИ
КЫРГЫЗ ТИЛИ
6-КЛАСС
МУГАЛИМИ: МЫРЗАГЕЛДИЕВА Э.К.
КАРА-БАЛТА ШААРЫ №4 ОРТО МЕКТЕБИ
КЫРГЫЗ ТИЛИ
6-КЛАСС
МУГАЛИМИ: МЫРЗАГЕЛДИЕВА Э.К.
САБАКТЫН ТЕМАСЫ:
СТИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
Кыргыз тилинде канча стиль бар жана анын түрлөрү кандай экендигин билүү;
Стилдерди бири-биринен айырмалай алууга үйрөнүү.
ЖАҢЫ ТЕМА:
СТИЛЬ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮК.
Стиль деген латын (stylus), грек (stylos) сөзү, ал жазуу куралы дегенди маанини түшүндүрөт.
Стиль – кептин түзүлүшүндөгү жана сөздөрдү колдонуудагы, баяндоодогу өзгөчөлүктөрү, же жазуучунун, же адабий чыгарманын тилине мүнөздүү болгон тил каражаттарын пайдалануу ыкмалары.
Стилди кең мааниде алганда адабияттык агымдагы бөтөнчөлүктү атап көрсөтүү үчүн колдонулат. Алсак, романтикалык стиль, реалисттик стиль
Стиль жөнүндөгү илим стилистика деп аталат. Ал жалпы элдик тилдин стилдик табияты, түрлөрү жөнүндөгү окуу, оозеки жана жазма кепке мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү ичине камтыйт.
Стилистика – тилдеги көрүнүштөрдү мааниси жана көркөмдүгү жагынан кылдат карап, сөздөрдү өз орду менен маанисин бузбай, сөз айкаштарын туура, көрктүү колдонууга үйрөтөт.
СТИЛДИН ТҮРЛӨРҮ
Оозеки стили;
Иш кагаздарынын стили;
Илимий стиль;
Публицистикалык стиль;
Көркөм стиль
Оозеки стили
Оозеки кепте адабий тилдин нормасынан четтеп, диалектилер, говорлор, жаргондор көбүрөөк колдонулат.
Оозеки кептин стилинде турмуш-тиричиликке байланыштуу лексика көбүрөөк пайдаланылат.
Экспрессивдүү лексика колдонулат.
Мисалы: Сулууча, жөнөкөйүрөөк, булбулум, ардагым, тилегим, иничек, балакай ж.б.
Фразеологиялык бирдиктер : Кой оозунан чөп албоо; бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу ж.б пайдаланылат.
Кептин диалогдук формасы өзгөчө интонация менен айтылат – сырдык сөздөр менен тууранды сөздөр көбүрөөк орун алат.
Иш кагаздарынын стили
Кыргыз адабий тилинде иш кагаздарынын эки түрү бар:
- Расмий иш кагаздарынын стили;
- Расмий эмес иш кагаздарынын стили.
1. Мыйзам, указ, жарлык, устав, программа, өкмөттүк билдирүү жана мамлекеттер ортосундагы келишимдер кирет.
2. Арыз, өмүр баян, түшүнүк кат, ишеним кат, акт, келишим, токтом, кулактандыруу, чакыруу, тактама, мүнөздөмө ж.б. кирет.
Илимий стиль
Илимдин жана техниканын тармактарынын өзгөчөлүктөрүнө ылайык атайын терминдер менен жазылган эмгектердин тили илимий стиль деп аталат. Бул стиль көбүнчө илимий эмгектерде, окуу китептеринде, илимий темада жазылган докладдарда, лекцияларда ж.б. колдонулат.
Публицистикалык стиль
Учурдагы коом турмушунун актуалдуу маселелери менен көрүнүштөрү жөнүндөгү маалымат берген чыгарманын бир түрү публицистика деп аталат.
Көркөм стиль
Буга көркөм чыгармалардын (аңгеме, очерк, повесть, роман, поэзия, поэма, драма ж.б.) тили кирет. Анда улуттук тилдеги көркөмдүк каражаттар (метафора, метонимия, эпитет, кайталоо ж.б) кирет.
Бышыктоо:
85-көнүгүү.
Көнүгүүдөгү ыр саптарын окуп, кайсы стилине мүнөздүү экенин байкагыла.
87-көнүгүү.
Берилген текстти көчүрүп жазабыз, ал оозеки же жазма стилге киреби? Аныктагыла.
Жыйынтыктоо:
Балдар, бүгүнкү сабакта силер менен эмнени өттүк?
Стилдин кандай түрлөрү бар экен?
Үйгө ташырма:
87-көнүгүү.
Текстти окуп чыгып, ал кайсы стилге таандык экенин айтып бергиле. Интонация менен текстти окуп чыккыла.
Кийинки сабакта жолугушканча!