СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөм толуктоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөм толуктоо»

Сүйлөм толуктоо

1.Экономикасы ____ өлкөлөрдө билим берүү системасы _____ болбогондуктан, ал өлкөлөрдө жумушсуздук ______ көрүнүш.

а)жакшы өнүккөн/ жакшы эмес/мыйзам ченемдүү.

б) өнүгүп келе жаткан/күчтүү/туура эмес

в)такыр өнүкпөгөн/ бошоң/жийиркенерлик

г)начар өнүккөн/анчейин жакшы/кадимкидей эле

2. Абанын ____ мөңгүлөрдүн ээрип кетүүсүнө ______. Ошондуктан, абаны ____ чаралары көрсөтүлүш керек.

а) тазалануусу/түрткү болбойт/тазалоо

б) кирденүүсү/себеп болот/тазалоо

в) уулануусу/шарт түзөт/дизинфекциялоо

г) нымдуулугу/байланыштуу/туура пайдалануу

3. Бир өлкөдө китепке болгон суроо-талап ______ болсо, ал өлкөнүн элин сабаттуу деп _____.

а)көп/айтсак жанылышабыз

б)жок/эсептөө күмөндүү

в)аз/санасак болот

г)бар/санайбыз

4. Дүйнө жүзүнүн 3/4 бөлүгүн суу элейт. Ошондой болсо да, акыркы учурда суу ____ мамлекеттердин саны ____.

а)артыкчылык кылган/азаюуда

б) көбөйгөн/жетишсиз

в)жетпеген/көбөйүүдө

г)жете турчу/жогорулоодо

5. Кыргыздар жылкыны асыраганга, мингенге гана өзгөчө маани _____ , атка минүүдө керектелүүчү буюмдарга да өтө этият мамиле жасашкан.

а) бербестен

б) бергендиктен

в) берсе

г) бербегендиктен

6. Элеттик кыргыздарга атка байланыштуу улуттук оюндар арбын. Кээ бирлери аскердик машыгуулардан улам ____ , кээ бирлери согуш өнөрүнө __

а)пайда болсо/туура келбейт

б) келип чыкса/тиешеси жок

в) пайда болсо да/тиешелүү

г) келип чыккандыктан/туура келет

7. Адам, тамекини __ __чексе, никотинге ____ - тамеки чекпей калса __ .

а)аз убакытка/көпбөйт/кыйналышы мүмкүн

б)кээде гана/көнүшү мүмкүн/жүдөйт

в)узак убакытка/көнүп алат/кыйналат

г)күндө/муктаж болот/аябай жүдөйт

8. Фашисттик өлкөлөрдө ____ режим негизги болгондуктан, ал өлкөлөр демократияга ар дайым ____ келишкен.

а)монархиялык/терс көз-караш

б) коммунисттик/үндөп

в)гитлердик/колдоо көрсөтүп

г)диктаторлук/каршы болуп

9. Кыргыздарда кыз узатуу, уулун үйлөндүрүү ата-эненин __ __болуп __. Бул салтыбыз азыркы заманга чейин ___.

а)парзы/эсептелинген/сакталып келүүдө

б)милдети/эсептелген эмес/жетип келди колдонулуп

в)укугу/саналган/колдонулуп келүүдө

г)чечими/саналчу/сакталган жок

10. Айрым адамдар __ себептерден улам алкоголдук ичимдиктерди колдонот: айланасындагылар менен болгон чыр-чатактар, түшүнбөөчүлүк, жалгыздык ж.б.у.с. Мындай абал алкоголь таасири менен бираз __, бирок, __.



а)турмуштук/басаңдайт/көп өзгөрбөйт

б) ар кандай/бузулат/оңолбойт

в)туура эмес/оорлойт/дайыма эмес

г) психологиялык/жеңилдейт/пайда чыкпайт.

1 1. Казылып алынуучу отундун ашкере __ колдонулушу айлана-чөйрөнү __ зор таасирин тийгизет, абанын булганышы жана кислоталык жарандардын жаашы ___.

а)ашыкча/кирдетүүдө/күтүлбөйт

б)көп/булгоодо/коркунучтарды туудурууда

в)аз/бузууда/күтүлүүдө

г)жетишсиз/тазалоодо/алдына алууда

12. Улут өз эне тилинин кадыр баркына __ , башка жат тилдердин алдында __ болсо, улут катары ___ айдан ачык.

а)жетпей/тизе бүгө турган/жоюлуп кетери

б)татыбай/баш ийе турган/жашабагандыгы

в)жетип/моюн сунбай турган/жаралышы

г)татып/туруктуу боло турган/жөнгө салынбоосу

13. Экспорттун __ өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет. __ , импорттун санын __ , товарды эспорттоого __ .

а) көптүгү/бирок/кыскартып/да болбойт

б)жоктугу/демек/азайтпай/көңүл буруш керек

в)аздыгы/ошондуктан/азайтып/басым жасаш керек

г)жетишсиздиги/ошол себептүү /көбөйтүп/жалтоо болбош керек

14. Кээ бир өлкөлөрдө жергиликтүү жумушчу күчү __. __ ,ал өлкөлөр мигрант жумушчуларга ___.

а)ашыкча/андыктан/пайдасыз

б)жетишсиз/ошол себептүү/муктаж

в)арбын/демек/бай

г)аз/себеби/көз каранды

15. Дүйнөдө таланттуу, билимдүү адамдар көп экени __. __, ал адамдар өз талантын бир багытка __, алган билимин турмушта ___, алардын эч кимге пайдасы тийбейт.

а)талашсыз/Бирок/жумшабаса/колдонбосо

б) күмөндүү/Себеби/бурбайт/колдонбойт

в)калп/Анткени/жумшай бербейт/колдоно бербейт

г)чындык/Ошондуктан/бурса/колдонсо

16. Монополисттин чарба жүргүзүүдөгү башкы стратегиялык максаты -сатуудан __, ошондой эле, ___ алууу.

а)сапаттуу товар/минималдуу зыян

б)максималдуу киреше/максималдуу пайда

в)көп суроо-талап/үзүлбөгөн кардар

г)көп товар/

17. __ адам башкалардын, көңүл буруусуна, түшүнүүсүнө __.Себеби эч бир адам байкалбай, көмүскөдө калууну __.

а)бир да/маани бербейт/эңсебейт

б) кээбир/зарыл/туура көрбөйт

в)ар бир/муктаж/каалабайт

г)бардык/муктаж эмес/ойлобойт

18.балдардын бала бакчага барышы алардын интеллектин __ .Ошондуктан, билим берүү тармагын оңдойбуз десек, приоритет катары, мектепке чейинки билим алууну ___.

а) көбүрөөк арттырат/өнүктүрүү керек

б)эртерээк өстүрөт/тандаш керек

в)кыйла азайтат/токтотуш керек

г)бираз жакшыртат/ойлонуш керек

19. Биздин заманда көптөгөн улуттук баалуулуктар __ ,аларды элге жайылтуу, изилдөө иштери __ жүрүп, тескеринче сырттан кирген маданияттар, ___ , басымдуулук кылып келет

а) көмүскөдө калып/азыраак/тилекке каршы

б) баркталып/көбүрөөк/эмнегедир

в)баркын жоготуп/ийгиликсиз/бактыбызга жараша

г)чоң мааниге ээ болуп/бат-бат/элди сүйүнтүп

20. Кар жааганда аба _ турат. _ , кар көп жааган жерде, кар аз жааган жерлерге караганда, аба _.

А) нымдашып/ Себеби/суугураак

Б) тазаланып/ Демек/ тазараак

В) салкындап/ Ошондуктан/ нымдуураак

Г) кирден арылып/ Бирок/ кирсиз

21. Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү саясатчыларыбыздын гана _: аны өнүктүрүү биздин да _.

А) колунан келбейт/ максатыбыз

Б) иши эмес/ милдетибиз

В) парзы эмес/ тилегибиз

Г) милдети/ колубуздан келе бербейт.

22. Шекер организмибизге _ азыктардын бири. Бирок, анын _ колдонулушу ден-соолукка _.

А) зыян келтирчү/ аз/ пайда алып келет

Б) пайдасы жок/ көп/ жардамын тийгизет

В) пайда алып келчү/ жетишсиз/ терс таасир тийгизет

Г) эң керектүү/ ашыкча/ зыян келтирет

23. Дүйнө жүзүндө жети миңден ашуун тил бар. Бирок, эксперттердин билдирүүсү боюнча, ар бир эки жумада бирден тил _. Кыргыз тили да келечекте _.

А) жаралып турат/ жаңы тилдердин бири болот

Б) өнүгүп турат/ өнүгө турчулардын бири

В) жоголуп турат/ жоголуп кетүү коркунучунда

Г) унутулуп турат/ түшүнүксүз болуп калат

24. Таштандыны кайра иштетип чыгаруу экономикага _. Муну Япония, Австрия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө байкай алабыз

А) оң таасирин тийгизет

Б) көп зыян келтирет

В) өтө маанисиз нерсе

Г) туура эмес көрүнүш

25. Кыргызстанда жарандар _ менен камсыздалбагандыктан, алар чет өлкөлөргө кетип иштөөгө _ болушат.

А) ыңгайлуу жерлер/ макул

Б) жакшы жумуш/ аргасыз

В) жетишсиз иш/ мажбур

Г) завод-фабрикалар/ аргасыз

26. Мугалимдин окуучуга карата кылган _ __мамилеси окуучунун сабагына болгон ___ .

А) жаман/ сүйүүсүн эч жоготпойт

Б) адилеттүү/ адилетсиздигин жоготот

В) ийкемдүү/ кызыгуусун арттырат

Г) кайдыгер/ тырышчаактыгын көбөйтөт

27. _ __кызматкерлердин ордуна караганда командага эң таланттуу, ишенимдүү жана жалпы максатка кайдыгер карабаган ___ кишилерден турган команда топтогонуңуз оң.

А) көп сандагы/ аз гана

Б) .пайдасыз/ жалкоо

В) аз сандагы/ көп сандагы

Г) балит/ акылдуу

28. Таарынычты ___, ___ туура эмес. _ __таарыныч зыяндан башка эч нерсе алып келбейт.

А) ичке катпоо/ кек сактоо/ Бетке айтылган

Б) унутпоо/ өч алуу/ Унутулбаган

В) көңүлгө албоо/ көз жуумп коё берүү/ Бат жоюлган

Г) ичке катуу/ көпкө сактоо/ Ичке катылган

29. Ата-бабаларыбыздын бизге _ __таштап кеткен асыл тилибизди бизден кийинки урпактарга _ __- биздин _ __.

А) сактоого/ сактап калуу/ максатыбыз

Б) мурас катары/ жеткирип берүү/ милдетибиз

В) салт боюнча/ калтырып кетүү/ парзыбыз

Г) байыртадан/ жеткирүү/ салтыбыз

30. Агып жаткан булактын суусун ичүү _. _ ал сууда ден-соолукка _ бар болуп калышы ыктымал.

А) пайдалуу/ Анткени/ зыянсыз витаминдер

Б) коркунучтуу/ Себеби/ зыяндуу мителер

В) зыяндуу/ Балким/ пайдасыз заттар

Г) болбойт/ Демек/ коркунучтуу курттар

31. Мобилдик байланыш антенналары биздин үйлөрүбүздү _ нурлары менен каптап турат. Алар адамдардын жандуу клеткаларына _ тийгизет, акырында адам _.

А) көрүнгүс/ масштабдуу таасирин/ бу дүйнө менен коштошот

Б) зыяндуу/ терс таасирин/ оор илдеттерге чалдыгат

В) электромагниттик/ психологиялык таасирин/ нерв ооруларына кабылат

Г) пайдалуу/ пайда/ дени чың болуп калат

32. Антибиотиктер оору алып келчү бактерияларды жок кылууга көмөктөшөт. Бирок аларды көп колдонсок, алар бактерияларды өлтүрүү сыпатын _ да, ден-соолукка _ болуп калат.

А) өркүндөтүшөт/ өтө пайдалуу

Б) жоготот/пайдасыз

В) жакшыртышат/ зыянсыз

Г) калтырат/ зыян



33. Кээ бир жумуштарды _ аткаруу керектигин жана аны башка _ мүмкүн эместигин билсек деле, баары бир _. Жыйынтыгында ал үчүн өзүбүздү жемелейбиз.

А) тез/ бирөөгө жасатуу/ жалкоолукка алдырып коёбуз

Б) убактысында/ күнгө калтыруу/ тобокелге салабыз

В) өзүбүз/ бир адам жасашы / кичүүлөргө жасатабыз

Г) өз учурунда/ убакка жылдыруу/ эртеңки күнгө калтырабыз

34. Адам укугун жана эркиндигин улутуна, расасына, динине _ сактоо, коргоо _ маселе болуп саналат. _ ар бир коомдо дискриминация бекем орун алган

А) ылайык/ орчундуу/ Бирок

Б) карабай/ актуалдуу/ Ага карабастан

В) таянып/ масштабдуу/ Себеби

Г) бөлбөй/ пайдасыз/ Ошондуктан

35. Психикалык оорулар мээ ишинин бузулуусунан _. Бирок бардык эле бузулуу психикалык ооруларды _. Мисалы айрым _ ооруларында мээ жабыркаганы менен психиканын бузулуусу _.

А) келип чыгат/ пайда кылбайт/ нерв/ байкалбайт

Б) пайда болот/ жарата бербейт/ руханий/ боло бербейт

В) өркүндөйт/ күчөтпөйт/ психиканын/ өзгөрбөйт

Г) пайда боло бербейт/ пайда кылат/ мээ/ дайыма байкалат

36. Ар бир нерсенин өз нормасынан _ колдонулушу кандайдыр бир _ көрсөтөт. Ден-соолукка пайдалуу деген спорт менен да _ машыгуу көптөгөн ооруларды _ .

А) көбүрөөк/ терс таасирин/ көп/ айыктырбайт

Б) азыраак/ пайдасын/ аз/ жаратпайт

В) сырткары/ жакшы жерин/ дайыма/ жок кылат

Г) ашыгыраак/ зыянын/ ашыкча / пайда кылат

37. Төрт түлүк малдын кээ бир породаларынын туягы, териси өтө _ болот. Ал породалардагы мал атайын _ сарайларда багылганга _.

А) калың/ желдетилген/ көнүп калган

Б) оор/ курулган/ үйрөтүлгөн

В) жука/ жылууланган/ ылайыкталган

Г) жумшак/ оор шарттагы/ мажбур болушат

38. Акыркы учурда балдарга карата жасалган зордук-зомбулук _ жатат. Буга эң негизги себептердин бири - үй-бүлөлүк баалуулуктардын _ .

А) азайып/ туруктуу болгондугу

Б) чыңалып/ бош абалы

В) көбөйүп/ жоголуп баратканы

Г) жоголуп/ көңүлгө алынуусу

39. Жеке бюджетти _ пландап, аны _ пайдаланууну билген адамдар кайсы чөйрөдө иштебесин, анын майын чыгара иштей алары _

А) жакшы/ жакшы/ белгилүү

Б) туура эмес/ туура эмес/ мүмкүн эмес

В) туура/ туура/ шексиз

Г) чала/ чала/ мүмкүн

40. "Манас" эпосу - кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган _ чыгармасы. Бул эпос - кыргыз элинин дүйнөлүк _ казынасына кошкон эң зор _. 

А) тарыхый/ адабият/ эмгеги

Б) эпикалык/ маданият/ салымы

В) баатырдык/ баалуулуктар/жардамы

Г) оозеки/ искусство/ чыгармасы

41. Боз үй - жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл _ жерде : мейли _ , мейли _ болсун, жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үй.

А) үчүн ыңгайлуу/ суукта/ ысыкта

Б) туура көргөн/ жайлоодо/ кыштоодо

В) эркин жүргөн/ тоолуу/ токойлуу

Г) каалаган/ тоодо/ түздө



42. Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар _ кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок _ _ кургак учугу менен да жабыркашы _. 

А) дайыма/ эч качан/ башка жаныбарлардын/ мүмкүн эмес

Б) көбүнчө/ көп учурда/ канаттуулардын/ байкала бербейт

В) көбүнесе/ дайыма/ айбандардын/ боло бербейт

Г) негизинен/ кээде/ бодо малдын/ мүмкүн

43.Окуучунун жекече кызыгуусуна, шыгына, ден соолугуна жана коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн талаптарына _ аны аң-сезимдүү кесип тандап алууга даярдоого _ комплекстүү иш-чаралар көп - көптөн _ .

А) ылайык/ багытталган/ көрсөтүлүп турушу керек

Б) баш ийген/ көрсөтүлгөн иш чаралар/ түзүлүүдө.

В) жараша/ сарпталган/ ишке аша баштады

Г) карабай/ жумшалган/ жүргүзүлүшү зарыл

44. Адам коому жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөдө социологдор интуицияга, ишенимдерге же уккандарга _ , алар адам коомунун тиричилигин _ жолу менен алынган илимий маалыматтарга _ .А) көңүл бурбастан/ изилдөө/ гана таянышат

Б) гана эмес/ окуп үйрөнүү/ көңүл бурушат

В) эч таянбастан/ чагылдыруу/ басым жасашат

Г) көңүл бурушат/ көрсөтүү/ таянышат

45. Адам өзүнүн _ чектелүү экендигин _, ал ага тартылып баштаганда, _ болгон сүйүү – философия жаралат.

А) мүмкүнчүлүгү/ билгенде/ эмгекке

Б) акылы/ мойнуна албай/ акылмандыкка.

В) укугу/ ойлонуп/ жашоого

Г) билими/ түшүнгөндө/ даанышмандыкка

46. Билим берүү – билимдерди _ жана _ багытталган адамдардын аракеттеринин _.

А) алуу/ берүүгө/ системасы

Б) окуу/ үйрөнүүгө/ жыйындысы

В) билүү/ өздөштүрүүгө/ бири

Г) түшүнүү/ окууга/ стратегиясы

47. "Жамийла" повестиндеги окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар “кара сөздөгү _ же прозадагы _” деп да атап коюшат.

А) поэзия/ ыр

Б) чыгарма/ повесть

В) сүйүү/ тагдыр

Г) махабат/ турмуш

48. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен _ башка _ сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү _.

А) космомтогу/ кометалар/ тегеренет

Б) галактикадагы/ планеталар/ курчап турат

В) Күн системасындагы/ телолор/ айланат

Г) ааламдагы/ заттар/ тегеректейт

49. Адамдын _ активдүүлүгүнөн  табияттын булганышы айлана-чөйрөнү _ маселесине чоң көңүл бурууга жана Экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине _ .

А) таасирдүү/ сактоо/ себеп болду

Б) өндүрүштүк/ коргоо/ түрткү берди

В) табигый/ жакшыртуу/ шарт болду.

Г) күнүмдүк/ тазартуу/ таасир этти

50. Бардык адамдар өз беделинде жана укуктарында _ жана _ укуктуу болуп жаралат. Алардын аң-сезими менен абийири бар жана бири-бирине _ мамиле кылууга

А) азатту/ бирдей/ адилеттүү/ аргасыз

Б) эркин/ тең/ бир туугандык /тийиш

В) жөнөкөй/ эркин/ туура эмес/ мүмкүнчүлүк берилбейт

Г) эгемендүү/ туура / жаман/ тыюу салынат



51. Желбирөөч, сөйкө,  шакек,  билерик,  ж.б. _ кыздын _ буюмдарынын жалпы бир бүтүмүн түзөт да, алар кыз себинин _ .

А) күйөөгө аттануучу/ зер/ ичине кирет

Б) турмушка чыгуучу/ кымбат/ негизин түзөт

В) үйлөнүүгө даярдануучу/ баалуу/ түрлөрү болот.

Г) узатууга даярданган/ зергер/ арасында турат

52. Өрмөчүлүк (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарын узануудагы _ эски _ бири. Бул көркөм _ татаал түрүнө кирет.

А) маданий/ салттарынын/ чыгармачылыктын

Б) элдик/ ыкмаларынын/ кол өнөрчүлүгүнүн

В) салттык/ өнөрлөрдүн/ маданияттын

Г) турмуштук/ методдорунун/ эмгекчиликтин

53.Азия — Жер _ аянты жана калкынын _ боюнча _ дүйнө бөлүгү.

А) планетасындагы/ жыштыгы/ эң көп

Б) жүзүндөгү/ көптүгү/ эң алдыңкы

В) үстүндөгү/ популяциясы/ эң күчтүү

Г) шарындагы/ саны/ эң чоң

54. 2010-жылдагы 7-апрель окуясы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы _ өкүлдөрүнүн революциялык _ _ анын бийлигинин _ жана Убактылуу өкмөттүн _ алып келген.

А) парламент/ усулунун/ натыйжасында/ бузулушуна/ өнүгүүсүнө

Б) режимдин/ маанайынын/ себебинен/ жоголушуна/ пайда болушуна

В) оппозиция/ кадамдарынын/ жыйынтыгында/ кулашына/ орношуна

Г) элдик/ иштеринин/ айынан/ таркашына/ өрчүшүнө

55. Парламент — _ мамлекеттердеги өкүлчүлүк кылуучу жана мыйзам чыгаруучу жогорку _ жалпы аталышы.

А) бардык/ составдын

Б) буржуазиялык/ өкүлдүн

В) көпчүлүк/ палатанын

Г) демократиялык/ органдын

56. Жылына Жер шарында Жер титирөөлөрдүн саны жүз миңдеп саналат. Алардын көпчүлүгү _ катуу _, адамга _ .

А) бираз/ болгондуктан/ сезиле бербейт

Б) өтө / болбогондуктан/ көп байкалат

В) дайыма/ болгондуктан/ көп байкала бербейт

Г) анчалык/ болбогондуктан/ анча сезилбейт

57. Ислам дини пайда болгондон бери мусулмандар _ _ мамиле жасашат. _ ислам динин _ дин деп айтсак жаңылбайбыз.

А) динге/ жоопкерчилик менен/ Себеби/ эң туура

Б) тазалыкка/ карата туура мамиле/ Бали/ эң кирсиз

В) гигиенага/ өтө кылдаттык менен/ Ошондуктан/ эң таза

Г) дүйнөгө/ туура көз караш менен/ Ошол себептүү/ эң акылдуу

58. Вирустар ачык чөйрөдө _ . _ алар башка организмдин клеткаларынын ичинде _ , көбөйүшөт .

А) өтө тез көбөйөт/ Себеби/ жай өөрчүп

Б) өөрчүп-өнүгө албайт/ Ошондуктан/ гана жашап

В) аз жашашат/ Бирок/ эле жүрө алышат

Г) көпкө чейин жашашат/ Анткени/ да өмүр сүрүшөт

59. Мектептердин _ сабатсыз муундун _ жол берет. Бул, өз учурунда, кылмышкерлердин көбөйүүсүнө _ . Эгерде мындай болуп кетсе, абактардын санынын _ таң калаарлык болбой калат.

А) көбөйүүсү/ азаюусуна/ таасир этет/ азаюусу

Б) жабылышы/ өсүшүнө/ түрткү болот/ өнүгүүсү

В) аздыгы/ көбөйүүсүнө/ алып келет/ жогорулашы

Г) жыштыгы/ жоюлуусуна/ жол бербейт/ төмөндөшү

60. Интернеттин жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашыра алабыз . _ интернет - түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын _ байланыш айдыңы.

А) Ошондой эле/ виртуалдуу

Б) Анткени/ дүйнөлүк желе

В) Анын үстүнө/ коммуникациялык

Г) Негизи/ алыстан

61. Өсүмдүк менен азыктанган жаныбарларды _, жырткыч жаныбарлардын популяциясы кескин _. Жырткычтардын _ табигый балансты бузат. Ошондуктан адам баласы табигатка _ керек.

А) көбөйтсөк/ азаят/ жоктугу/ туура мамиле кылышы

Б) тукум курут кылсак/ жогорулайт/ көптүгү/ кол салбашы

В) көп жайылтсак/ көбөйөт/ көбөйүүсү/ аяр мамиле жасашы

Г) кырып салсак/ төмөндөйт/ аздыгы/ кийлигишпеши\

62. Ыр түрүндө жазылган «Манасты» башка эпостордон айырмалап турган өзгөчөлүк — ырды үн созуп _ зор күч, ички сезим, мимиканы кеңири _ аткарууга _ .

А) айтканга караганда/ пайдаланып/ ылайыкташкандыгы

Б) айткандын ордуна/ көрсөтүп/ болгон мүмкүнчүлүгү

В) айтканга окшоштуруп/ колдонуп/ болгон эркиндиги

Г) айтканы менен/ чыгарып/ жеңил болгондугу

63. _ ар бир ата-эне өз баласын нукура кыргыз тилинде сүйлөөгө _, кыргыз тилинин келечеги зор болмок. _ , биздин заманда руханий баалулуктарыбыз _ .

А) Дүйнөдө/ машыктырса/ Бирок/ каралбай жатат

Б) Эгерде/ умтулса/ Ошондуктан/ баркталышы керек

В) Балким/ үйрөтсө/ Тилекке каршы/ бааланбай келет

Г) Өлкөбүздө/ көндүрсө/ Андыктан/ эске алынмакчы

64. _ «Христостун туулган күнү» деп аталган учурдан башталат. Мындай жыл саноо бүгүнкү күндө дүйнөдөгү мамлекеттердин _ кабыл _ ,мусулман өлкөлөрүндөгү жыл саноо Мухаммед пайгамбардын (САВ) Меккеден Мединага көчкөн 622-жылдан _ .



А) Жаңы заман/ баарында/ алынган болсо/ гана башталат

Б) Биздин эра/ көпчүлүгүндө/ алынса да/ тарта эсептелет

В) Христиандардын доору/ көбүндө/ алынганы менен/ баштап саналат

Г) Азыркы убак/ бардыгы/ алган болсо да/ калып калган

65. Оптимист адамдар пессимисттерге караганда ийгиликке _ жетишишет. Себеби алар өз күчтөрүнө _ , башка адамдардын ойлору менен _ .

А) дайыма/ таянышат/ алек болушат

Б) азыраак/ ишенишпейт/ макул болушпайт

В) чанда/ таяна алышпайт/ жашашат

Г) көбүрөөк/ ишенишет/ чектелип калышпайт

66 _ биология — _ орто жана жогорку окуу жайларында окутулуучу стандарттык _ болуп саналат.

А) Негизи/ өнүккөн өлкөлөрдө/ илим

Б) Дүйнөдө/ бардык/ программа

В) Учурда/ дүйнө жүзүндө/ предмет

Г) Мектепте/ көпчүлүк/ сабак

67. Ар бир нерсенин өз нормасынан _ колдонулушу кандайдыр бир _ көрсөтөт. Ден-соолукка пайдалуу деген спорт менен да _ машыгуу көптөгөн ооруларды _ .

А) көбүрөөк/ терс таасирин/ көп/ айыктырбайт

Б) азыраак/ пайдасын/ аз/ жаратпайт

В) сырткары/ жакшы жерин/ дайыма/ жок кылат

Г) ашыгыраак/ зыянын/ ашыкча/ пайда кылат

68. Кыргыздар _ ылайык боз үйдүн _ түрүн кабыл алышкан. 

А) тоо-ташка/ жыйылма

Б) көчкөнгө/ кичинекей

В) суукка/ жылуу

Г) жашоо шартына/ жүктөмө





69. Адамдын экологияга тийгизген _ өтө кооптуу : адамдын айынан _ токойлор _, жаныбарлардын миңдеген түрлөрү _.

А) жамандыгы/ толтура/ жок болду/ кырылды

Б) залакасы/ бардык/ кырылды/ тим болду

В) кызматы/ миллиондогон/ өрттөлдү/ өлдү

Г) таасири/ көптөгөн/ кыйылды/ жоголду

70)___ ___ кошулуусу ___.

А)анархисттердин/ демократттарга/ адаттагы көрүнүш

Б)имамдардын / атеисттерге/ ажеп эмес

В)эркектердин/ феминисттерге/ таң калыштуу көрүнүш

Г)уурулардын / кылмышкерлерге/ адаттан тышкаркы көрүнүш

71)____ мезгил талаптарына жана убакытка, аймакка жана барчу жерге, окуялардын жана көрүнүштөрдүн мазмунуна жооп бериши керек.

А)Тамак-аш

Б)Кийим

В)Акча

Г)Дары-дармек

72. Жер бетинин 71 % океан _ ээлейт. Калган бөлүктөрү кургак _ жана _ турат.

А) жерлери/ жерлерден/ Антарктидадан

Б) мейкиндиги/ материктерден/ континенттерден

В) суулары/ континеттерден/ аралдардан

Г) алкагы/ топурактан/ жерлерден

73. Табигый кырсыктар — капысынан болуп, адам баласынын _ _ табияттын алаамат кубулуштары. _ _ табият кырсыктары адамдын иш-аракетинен да болушу мүмкүн.

А) оюна/ эч келбеген/ Демек/ көпчүлүк

Б) аракетине/ баш ийбеген/ Бирок/ айрым

В) тагдырына/ кол салган/ Ошондой эле/ кээ бир

Г) өмүрүнө/ коркунуч алып келген/ Андай болсо да/ бир да

74. Акыра - кургактыктагы эң _ жаныбар. _ , анын узун мойнундагы омурткаларынын саны өзүнөн бир канча эсе _ келген адамдыкы менен _ .

А) узун/ Ошндуктан/ кыскараак/ тең

Б) чоң/ Анткени менен/ кичине/ окшош

В) бийик/ Андай болсо да/ кыска/ барабар

Г) алп/ Ошентсе да/ алсыз/ бирдей

75. Биздин оюбуз боюнча, аюулар адамды тамак катары санашат. Бирок бул болгону _ . Аюу, адам анын _ киргенде гана, өз _ коргоо же аны _ максатында гана кол салат.

А) стереотип/ территориясына/ тукумун/ жеринен айдоо

Б) жаңылыштык/ үңкүрүнө/ балдарын/ коркутуу

В) калп/ аймагына/ мамалагын/ качыруу

Г) жомок/ айланасына/ үңкүрүн/ өлтүрүү

76. Биздин комуз _ арасында эң байыркы _ бири.

А) кыргыз калкынын/ салттуу аспаптардын

Б) Орто Азия элдеринин/ руханий мурастын

В) түрк элдеринин/ музыкалык аспаптардын

Г) жергиликтүү калктын/ маданий мурастын

77. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги көпчүлүккө кеңири _ болгону менен, ал шаар жакшы _ .

А) белгилүү/ изилденилген

Б) таанылбаган/ сакталган

В) белгисиз/ сакталган

Г) маалым/ изилденилбеген

78. Абанын температурасынын _ , кар катмарынын _, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүшү , негизинен, _ айында _.

А) төмөндөшү/ калыңдоосу/ күз/ башталат

Б) ысышы/ жоголуусу/ жай/ токтолот

В) муздашы/ топтолуусу/ кыш/ сакталат

Г) көтөрүлүшү/ эриши/ жаз/ байкалат

79. Кээ бир жайыттарда жаан-чачындын _ улам, пайда болгон нымдуулук _ болгондуктан, кошумча сугаруу _ .

А) көптүгүнөн/ ашыкча/ мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Б) жетишсиздигинен/ жок/ керек болот

В) аздыгынан/ жетишсиз/ муктаж болот

Г) молдугунан/ көп/ керектелет

80. Жаш келиндердин улууларга _ барып, кол берип, колун бекем кысканга караганда, эки колун _ , _ коюшу эмне деген сылыктык, назиктик!

А) кашкайып/ бооруна алып/ ийилип

Б) чуркап/ салаңдатып/ жүгүнүп

В) уялып/ артына алып/ баш ийип

Г) тартынбай/ көкүрөгүнө коюп/ урмат көрсөтүп

81. Адамдын популяциясынын _ , экологиянын _ , _ пайда болушу жан-жаныбарларга _ жаратууда.

А) азайышы/ оңолуусу/ ветеринарлардын/ жашоого мүмкүнчүлүк

Б) көбөйүшү/ бузулушу/ браконьерлердин/ жагымсыз жагдайларды

В) кыскарышы/ өркүндөшү/ зоопарктандын/ оң таасирин

Г) жогорулашы/ кирдеши/ уучулардын/ өлүм-житим

82. Капитализм 15-кылымда Италия менен Голландияда гана пайда _ , 16-кылымда ал бүткүл Европага орной баштаган. 

А) болгондугу үчүн

Б) болор замат

В) боло турса да

Г) болгону менен

83. Жаныбарларды _ жандыктар деп атоо _ . Көпчүлүк жаныбарлар, _ , ойношот, кайгырышат, эмоцияларын билдире алышат. Атүгүл, кээ бири ситуацияга жараша реакция көрсөтө алат.

А) жөндөмсүз/ туура эмес/ бизге окшоп эле

Б) акылсыз/ жаңылыштык/ адамдар сыяктуу эле

В) акылдуу/ туура болот/ адамдардан айырмаланып

Г) жөндөмдүү/ ката эмес/ бизден айырмаланып

84. Бир аалым : "Кооз кийимдерди көрдүм, _ адамы жок, кооз адамдарды көрдүм, _ кийими жок",- деп айткандай, кийим адамда негизги эмес экенин _ .

А) кийинген/ кийерге/ барктап билели

Б) бирок/ бирок/ унутуп баратабыз.

В) ичинде/ сыртында/ эстен чыгарбайлы

Г) кадырлуу/ жакшынакай/ билбей калбайлы

85. Эгерде соода түйүнү талапка жооп бере тургандай деңгээлде _ , ага чейинки рекламалык иш-чаралар максатына _ .

А) уюштурулса/ калып калат

Б) өткөрүлбөсө/ ашпай калат

В) уюштурулбаса/ жетпей калат

Г) өткөрүлсө/ жетип калат

86. Америкалык _ _ боюнча, бир күндө океан бетинен атмосферага 1 000 000 тоннадан ашык суу _ .

А) метеорологдордун/ эсептөөлөрү/ буу түрүндө көтөрүлөт

Б) океанологдордун/ айтышы/ жаан түрүндө түшөт

В) окумуштуулардын/ далилдери/ булут сымал жогорулайт

Г) спутниктердин/ көрсөтүшү/ куюлуп түшөт

87. Кийим текчеси толтура болсо да, кийимим _ деп _ аз эмес. Аларды ысырапкор деп айтсак _ .

А) аз/ ойлогондор/ туура болбойт

Б) кир/ кийбегендер/ жаңылышпайбыз

В) көп/ араздангандар/ да болот

Г) жок/ наалыгандар/ ашыкча болбос

88. Экономикалык кризистин _. Себеби андан чыгуу үчүн жаңы технологияны, жаңы уюштуруу иштерин ойлоп чыгаруу зарылдыгы _ .

А) зыяны көп/ жок болот

Б) пайдасы да бар/ пайда болот

В) зыяны да бар/ жаралат

Г) пайдасы көп/ жоголбойт

89. Эл арасында бака-жылан жеп, эмчи-домчуга көрүнүп шыпаа издегендер _. _ кээде мындай аракеттин арты кайгылуу бүткөн учурлар да _ .

А) арбын/ Бирок/ аз

Б) аз/ Себеби/ көп эмес

В) көп/ Бирок/ жок эмес

Г) бар/ Себеби/ жок











Суйлом толуктоо(Жооптору)

1-Г

2-Б

3-Б

4-В

5-А

6-Б

7-в

8-г

9-а

10-а

11- б

12-а

13-в

14-б

15-а

16-б

17-в

18-а

19-а

20-б

21-б

22-а

23-в

24-а

25-б

26)в

27)а

28)г

29) б

30)б

31)б

32) б

33)г

34)б

35)а

36)г

37)в

38)в

39)в

40)а

41)а

42)г

43)а

44)а

45)г

46)а

47)а

48)в

49)б

50)б

51)а

52)б

53)г

54)в

55)г

56)г

57)в

58)б

59)В

60)а

61)г

62)а

63)а

64)б

65)г

66)в

67)г

68)г

69)г

70)в

71)б

72)в

73)б

74)в

75)а

76)в

77)г

78)г

79)в

80)а

81)б

82)г

83)б

84)в

85в

86)а

87)г

88)б

89)в


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!